Загрузка документа…
| 4-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 760 токтому менен бекитилди) |
Транспорт каражаттарынын электрондук
паспортторун (транспорт каражаттарынын
шассисинин паспортторун) жана өзү жүрүүчү
машиналардын жана техниканын башка
түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө
тартиби
1. Жалпы жоболор
2. Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө
3. Улуттук оператордун компетенциясы
1-тиркеме
2-тиркеме
3-тиркеме
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартиби (мындан ары – Тартип) Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 122 “Транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспорттору) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору системаларын иштетүү тартибин бекитүү жөнүндө” чечимине ылайык иштелип чыккан жана транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартибин аныктайт.
2. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин паспорттору) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору системаларынын администратору (мындан ары – электрондук паспорттор системасынын администратору) – Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан аныкталган уюм, ага транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин паспорттору) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору системаларын долбоорлоо боюнча иш-аракеттерди координациялоо, анын ичинде эксплуатацияга киргизүү, эксплуатациялоо, өндүрүмдүүлүгүн оптималдаштыруу, жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана контролдоо, коопсуздукту камсыз кылуу, бул системаларды техникалык камсыздоо маселелерин көзөмөлдөө, системалардын катышуучулары жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү, бул системаларга жаңы катышуучуларды киргизүү, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бул системалардын функциялары жаатындагы мыйзамдарын шайкеш келтирүү үчүн зарыл болгон чараларды демилгелөө функциялары жүктөлгөн;
2) транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин паспорттору) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору системасы (мындан ары – электрондук паспорттор системасы) – эсептөө жана коммуникациялык жабдууларды, программалык камсыздоону, лингвистикалык каражаттарды, маалыматтык ресурстарды, системалык персоналды жана бул системада белгиленген эрежелер боюнча өз ара аракеттенүүчү катышуучуларды жана колдонуучуларды камтыган, ошондой эле бул системанын белгиленген функцияларын аткаруунун маалыматтык технологиясын ишке ашыруучу түзүмдөлгөн комплекс;
3) транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин паспорттору) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору системасынын улуттук оператору (мындан ары – электрондук паспорттор системасынын улуттук оператору) – Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасынын катышуучуларынын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуучу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасынын үзгүлтүксүз жана туруктуу иштешин камсыз кылуучу юридикалык жак;
4) транспорт каражатынын паспорту (транспорт каражатынын шассисинин паспорту) – жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө арналган, элүү куб сантиметрден жогорку жумушчу көлөмү менен ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же төрт киловаттан ашык максималдуу (суммалык) кубаттуулуктагы электр кыймылдаткычы (электр кыймылдаткычтары) бар жана (же) саатына элүү километрден ашык максималдуу конструктивдик ылдамдыктагы автомототранспорт каражаттарына жана анын чиркегичтерине берилүүчү паспорт (керектөөчүлөргө шасси жеткирилген учурда транспорт каражаттарынын шассисине берилүүчү паспорт);
5) транспорт каражатынын электрондук паспорту (транспорт каражаттарынын шассисинин электрондук паспорту) – транспорт каражатынын электрондук паспорттор системасында таризделген паспорту (транспорт каражатынын шассисинин паспорту);
6) өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспорту – 50см3 жогору болгон жумушчу көлөмү менен ичинен күйүүчү кыймылдаткычы же 4 кВттан ашык максималдуу (суммалык) кубаттуулуктагы электр кыймылдаткычы (электр кыймылдаткычтары) бар тракторлорго, өзү жүрүүчү жол-курулуш, коммуналдык, айыл чарба машиналарына жана жерде жүрүүчү рельси жок башка механикалык транспорт каражаттарына (жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө арналган максималдуу конструктивдик ылдамдыгы 50 км/с ашык автомототранспорт каражаттарынан тышкары) жана анын чиркегичтерине берилүүчү паспорт;
7) өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорту – өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттор системасында таризделген паспорту;
8) транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган – транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөөнү жүргүзгөн, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын (уюмдарынын), транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассисинин), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортторун (электрондук паспортторун) тариздөөнү жүргүзгөн транспорт каражаттарын (транспорт каражаттарынын шассисин), өзү жүрүүчү машиналарды жана техниканын башка түрлөрүн даярдоочу уюмдардын бирдиктүү реестрине киргизилген транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик мекеме;
9) маалыматтык өз ара аракеттенүү – Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасынын катышуучуларынын ортосунда электрондук формада берилген жана санариптик кол тамга аркылуу кол коюлган маалымат алмашуу;
10) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарынын, транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассисинин) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн паспортторун (электрондук паспортторун) тариздеген транспорт каражаттарын (транспорт каражаттарынын шассисин), өзү жүрүүчү машиналарды жана техниканын башка түрлөрүн даярдоочу уюмдардын бирдиктүү реестри (мындан ары – бирдиктүү реестр) – Евразия экономикалык комиссиясы тарабынан бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүктөрүнүн негизинде электрондук түрдө түзүлөт жана жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү реестрдин улуттук бөлүгүн транспорт каражаттарын каттоо жана кайра каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган түзөт жана жүргүзөт.
2. Транспорт каражаттарынын электрондук
паспортторун (транспорт каражаттарынын
шассисинин паспортторун) жана өзү жүрүүчү
машиналардын жана техниканын башка
түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө
3. Транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин паспорттору) Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарына, чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактарга, ошондой эле жарандыгы жок адамдарга таандык болгон электрондук паспорттор системасында таризделет:
1) мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча жүрүүгө арналган транспорт каражаттары;
2) транспорт каражаттарынын шассиси;
3) мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш болгон өзү жүрүүчү машиналар жана техниканын башка түрлөрү.
4. Транспорт каражаттарынын электрондук паспорттор системасынын иштөө тартиби жана транспорт каражатынын электрондук паспортунда (транспорт каражатынын шассисинин паспортунда) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортунда көрсөтүлүүчү маалыматтардын тизмеги Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 122 чечими менен бекитилген (мындан ары – ЕЭКтин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 122 чечими).
5. Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасынын катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) электрондук паспорттор системасынын администратору;
2) электрондук паспорттор системасынын улуттук оператору;
3) транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган;
4) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган);
5) республикалык бюджетке салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка төлөмдөрдү жыйноо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – салыктарды жыйноо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган);
6) жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
7) транспорт каражатынын, өзү жүрүүчү машинанын же техниканын башка түрүнүн менчик ээси;
8) бирдиктүү реестрге киргизилген транспорт каражаттарын (транспорт каражаттарынын шассисин), өзү жүрүүчү машиналарды жана техниканын башка түрлөрүн даярдоочу уюмдар, анын ичинде даярдоочу уюмдун продукцияларын куроо өндүрүшүн жүргүзгөн жана алар кураган продукцияга электрондук паспортторду тариздөөгө ошол даярдоочу уюм тарабынан ыйгарым укук берилген уюмдар, алар жөнүндө маалыматтар куралган продукцияга транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун) тариздөөгө ыйгарым укуктуу уюмдар (мындан ары – даярдоочу уюмдар) жөнүндө маалымат катары даярдоочу уюм тарабынан бирдиктүү реестрге киргизилет;
9) транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун) тариздөөгө ыйгарым укуктуу уюмдар транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүк берген жана Евразия экономикалык бирлигинин шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдарынын бирдиктүү реестрине киргизилген шайкештикти баалоо боюнча аккредитацияланган органдар.
6. Транспорт каражаттарынын электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин паспорттору) Кыргыз Республикасынын аймагындагы электрондук паспорттор системасында төмөнкүлөр тарабынан таризделет:
1) даярдоочу уюм тарабынан – электрондук паспорттор колдонула баштаган күндөн тартып даярдоочу уюм тарабынан даярдалган транспорт каражаттарына (транспорт каражаттарынын шассисине), өзү жүрүүчү машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө карата;
2) транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан төмөнкүлөргө карата:
– Кыргыз Республикасында сериялык өндүрүш шарттарында даярдалган, колдонууга чыгарылганга чейин конструкциясына жеке тартипте өзгөртүүлөр киргизилген же Кыргыз Республикасында жекече тартипте куроочу комплекттен даярдалган транспорт каражаттарына;
– жеке техникалык чыгармачылыктын натыйжасы болуп саналган же жеке адам тарабынан Кыргыз Республикасына өзүнүн муктаждыктары үчүн алып келинген же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде жол кыймылына катышуу үчүн мурда жол берилгендердин ичинен Кыргыз Республикасына алып келинген транспорт каражаттарына;
– жеке же юридикалык жак тарабынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына 12 айдан ашык мөөнөткө алып келинген транспорт каражаттарына (транспорт каражаттарынын шассисине), өзү жүрүүчү машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө;
– Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык мамлекеттин менчигине алынган транспорт каражаттарына (транспорт каражаттарынын шассисине), өзү жүрүүчү машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө;
– бирдиктүү реестрге киргизилбеген, Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында даярдоочу уюм тарабынан даярдалган транспорт каражаттарына (транспорт каражаттарынын шассисине), өзү жүрүүчү машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө;
– Кыргыз Республикасынын аймагында колдонууга чыгарылган жана менчик ээсинин каалоосу боюнча электрондук паспорттор колдонула баштаган күнгө чейин катталган транспорт каражаттарына (транспорт каражаттарынын шассисине), өзү жүрүүчү машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө;
– мурда транспорт каражатынын электрондук паспорту таризделбеген Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына алып келинген транспорт каражаттарына (транспорт каражаттарынын шассисине), өзү жүрүүчү машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө;
3) транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассисинин) электрондук паспортторун тариздөөгө ыйгарым укуктуу органдардын улуттук реестрине киргизилген транспорт каражаттарынын (транспорт каражаттарынын шассисинин) электрондук паспортторун тариздөөгө ыйгарым укуктуу уюмдар тарабынан.
7. Электрондук паспорттун уникалдуу номери электрондук паспорттор системасында түзүлөт жана 15 белгиден турат:
1-белги – электрондук паспорттун түрү:
1 – транспорт каражатынын электрондук паспорту;
2 – шассинин электрондук паспорту;
3 – машинанын электрондук паспорту;
2 – 4-белгилер – аймагында транспорт каражаты (шасси, машина) колдонууга чыгарылган же транспорт каражаты (машина) ISO 3166-1 (numeric-3) маалымдамасына ылайык катталган Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекетинин үч орундуу санарип коду;
5-белги – резервдик, администратор тарабынан башка чечим кабыл алынганга чейин “0” белгиси колдонулат;
6-белги – электрондук паспортту тариздөө негизинин коду:
1 – транспорт каражатын (шассини, машинаны) даярдоо;
2 – Евразия экономикалык бирлигинин мүчөсү болбогон мамлекеттен Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына транспорт каражатын (шасси, машина) алып келүү;
3 – каттоо органы тарабынан катталган транспорт каражатынын (машинанын) электрондук паспортун тариздөө;
4 – транспорт каражатына (шассиге, машинага) электрондук паспортту башка негиздерде тариздөө;
7 – 14-белгилер – Евразия экономикалык бирлигинин ар бир мүчө мамлекети үчүн өзүнчө түзүлгөн электрондук паспорттун катар номери (1 – 4-белгилерди эске алуу менен);
15-белги – 1 – 14-белгилердин цифраларынан турган санды 11ге бөлүүнүн калдыгы катары түзүлгөн контролдук сан. Эгерде бөлүүнүн калдыгы 10 болсо, контролдук разряд 0 болот.
8. Электрондук паспорттун уникалдуу номери ыйгарым укуктуу орган тарабынан толтурулуучу электрондук паспорттун бөлүктөрүнүн бардык талаалары толтурулгандан жана транспорт каражаттарынын электрондук паспортунда (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторунда) камтылган маалыматтар санарип кол тамга аркылуу ырасталгандан кийин ыйгарылат. Дал келбестиктер табылган учурда транспорт каражатынын электрондук паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортунун уникалдуу номери ыйгарылбайт.
9. Транспорт каражатынын электрондук паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортунун уникалдуу номерин ыйгаруунун мөөнөтү транспорт каражатынын электрондук паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) бөлүктөрүнүн бардык талаалары ыйгарым укуктуу орган тарабынан толтурулгандан жана транспорт каражатынын электрондук паспортунда (транспорт каражатынын шассисинин паспортунда) камтылган маалыматтар санариптик кол тамганы колдонуу аркылуу ырасталгандан кийин 24 сааттан ашпоого тийиш.
10. Кыргыз Республикасында транспорт каражаттарына, өзү жүрүүчү машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө карата каттоо иш-аракеттерин жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан транспорт каражаттарынын электрондук паспортторуна (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторуна) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыздарды электрондук паспорттор системасынын администраторуна каттоо иш-аракети жүргүзүлгөндөн кийин 24 сааттан ашпоого тийиш.
11. Транспорт каражатынын электрондук паспортунун (транспорт каражатынын шассисинин паспортунун) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортунун уникалдуу номери ыйгарылгандан кийин транспорт каражатынын электрондук паспортуна (транспорт каражатынын шассисинин паспортуна) автоматтык түрдө “жарактуу” статусу ыйгарылат.
Электрондук паспорттор системасынын алкагында электрондук паспортторду тариздөө аяктагандан кийин транспорт каражатынын (шассинин, машинанын) ээсине электрондук паспорттон көчүрмө түрүндө тизмектер боюнча маалыматтар ушул Тартиптин 1 жана 2-тиркемелерине, ЕЭКтин 2015-жылдын 22-сентябрындагы № 122 чечимине ылайык тиешелүү түрдө көрсөтүлгөн көчүрмөнү андан ары басып чыгаруу мүмкүнчүлүгү менен жөнөтүлөт.
12. Транспорт каражаттарынын, ошондой эле өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттору (транспорт каражаттарынын шассисинин паспорту) алар жөнүндө маалыматтар бирдиктүү реестрге киргизилген ыйгарым укуктарга ылайык транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан таризделет.
13. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
– транспорт каражатынын электрондук паспортун (транспорт каражатынын шассисинин паспортун), өзү жүрүүчү машинанын, техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортун тариздөөдө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы менен макулдашуу боюнча аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн тарифтерин жана тартибин аныктайт;
– жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча, бажы иши чөйрөсүндөгү, салыктарды чогултуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын, укук коргоо органдарынын суроо-талаптары боюнча транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунда (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторунда) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунда ар кандай статустагы маалыматтарды толук көлөмдө жана акы албастан өзүнүн милдеттерин жана функцияларын ишке ашыруу максатында гана пайдалануу үчүн берет;
– ушул Тартиптин 1-тиркемесинде каралган тизмекке ылайык электрондук паспорттор системасынын катышуучулары жиберүүчү, ошондой эле башка маалыматтык системалар менен маалыматтык өз ара аракеттенүү жолу менен алынган “Маалыматтык мүнөздөгү маалыматтар” бөлүмүнө электрондук паспорттун маалыматтык мүнөздөгү кошумча маалыматтарын киргизет;
– транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин), өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн – жеке жак жөнүндө кошумча маалыматтарды “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык электрондук паспортторго ал адамдын жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдугу менен ыктыярдуу негизде киргизет. Аталган макулдук транспорт каражаттары, өзү жүрүүчү машиналар жана техниканын башка түрлөрү менен каттоо иш-аракеттерин жүзөгө ашырууда ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча жазуу жүзүндө же электрондук түрдө таризделет;
– электрондук паспортторго транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин), өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн биринчи ээси жөнүндө кошумча маалыматтарды киргизет;
– электрондук паспортторго ушул Тартипке ылайык жана катышуучулар менен келишимдик мамилелердин негизинде берилүүчү транспорт каражатынын (транспорт каражатынын шассисинин), өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн экинчи жана кийинки менчик ээлери жөнүндө кошумча маалыматтарды киргизет;
– милдеттүү техникалык кароонун бирдиктүү маалыматтык системасы менен маалыматтык өз ара аракеттенүү жолу менен алынган транспорт каражатын техникалык кароо жөнүндө кошумча маалыматтарды киргизет;
– электрондук паспортторго транспорт каражатына (транспорт каражатынын шассисине), өзү жүрүүчү машиналарга жана техниканын башка түрлөрүнө карата чектөөлөр (оорчулуктар) жөнүндө кошумча маалыматтарды киргизет;
– жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалыматтык системасы менен маалыматтык өз ара аракеттенүү жолу менен алынган транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн катышуусундагы жол-транспорт кырсыктары жөнүндө кошумча маалыматтарды киргизет.
14. Электрондук паспорттор системасынын улуттук оператору транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунда (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторунда) жана өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунда, ошондой эле электрондук паспорттор системасынын сервистеринде камтылган маалыматтарга (кошумча маалыматтарды кошкондо) Кыргыз Республикасынын аймагындагы электрондук паспорттор системасынын катышуучуларына ушул Тартипте каралган көлөмдө, тартипте жана шарттарда жеткиликтүүлүктү берет.
15. Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунда (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторунда) “Жокко чыгарылган” жана “жоюлган” деген статустар менен кошумча маалыматтарды түзүүгө жол берилбейт.
16. Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жумуш үчүн транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттор системасына толук кире алат, ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн электрондук паспорттор системасынын башка катышуучулары кароо режиминде иштөө үчүн ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча жазуу жүзүндө арыздарды улуттук операторго жиберет.
Транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган транспорт каражаттарынын, транспорт каражаттарынын шассисинин, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөөгө ыйгарым укуктуу уюмдардын жана даярдоочу уюмдардын реестрин жүргүзөт.
17. Өтүнмөлөрдү алгандан кийин улуттук оператор транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттор системасында иштөө үчүн зарыл болгон логиндерди жана паролдорду электрондук паспорттор системасынын катышуучуларына кароо режиминде арыздар келип түшкөн күндөн тартып 5 (беш) жумуш күндүн ичинде түзүүнү камсыз кылат.
18. Транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторунун системасын ар бир жеке пайдалануучу берилген логинди/паролду пайдалануу менен гана иштөөгө милдеттүү жана өзүнүн функциялык милдеттерин аткарууда өзүнө белгилүү болгон маалыматтын купуялуулугун, ачыкка чыкпоосун жана корголушун камсыз кылууга милдеттүү.
3. Улуттук оператордун компетенциясы
19. Улуттук оператордун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– Кыргыз Республикасынын аймагында транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун (мындан ары – электрондук паспорттор) тариздөө менен байланышкан процесстерди техникалык жана маалыматтык камсыздоо;
– Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспортторду толук ишке киргизүүгө жана колдонууга катышуу.
20. Улуттук оператордун функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
– электрондук паспорттор системасынын бөлүгүн уюштуруу жана анын иштешин камсыз кылуу;
– Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасынын бөлүгүн эксплуатациялоо;
– электрондук паспорттор системасынын аппараттык-программалык комплексин техникалык тейлөө;
– Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасындагы маалыматтарды коргоону камсыз кылуу;
– электрондук паспорттор системасынын бөлүгүн мамлекеттик маалыматтык системалар, ошондой эле чет мамлекеттердин ушундай багыттагы маалыматтык системалары менен техникалык интеграциялоону камсыз кылуу;
– Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасынын администратору менен электрондук паспорттор системасынын катышуучуларынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
– Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасында электрондук паспорттор системасынын катышуучуларынын ортосундагы функцияларды бөлүштүрүү.
21. Улуттук оператор төмөнкүдөй укуктарга ээ:
– электрондук паспорттор системасынын администраторунан Кыргыз Республикасынын аймагында электрондук паспорттор системасынын бөлүгүн иштетүү маселелери боюнча маалыматтарды суроого жана алууга;
– электрондук паспорттор системасында катышуучулардын ортосундагы функцияларды бөлүштүрүү үчүн зарыл маалыматтарды Кыргыз Республикасынын аймагындагы электрондук паспорттор системасынын катышуучуларынан суроого жана алууга;
– Кыргыз Республикасынын аймагындагы электрондук паспорттор системасында катышуучулардын иштерине мониторинг жүргүзүүгө.
| Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартибине 1-тиркеме |
Транспорт каражатынын электрондук
паспортунун, транспорт каражатынын шассисинин
электрондук паспортунун жана өзү жүрүүчү
машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн
электрондук паспортунун “Маалыматтык мүнөздөгү
маалыматтар” бөлүмүндө көрсөтүлгөн маалыматтык
мүнөздөгү кошумча маалыматтардын
тизмеги
1. Транспорт каражатынын электрондук паспорту (транспорт каражаттарынын шассисинин паспорттору) жана транспорт каражатынын шассисинин электрондук паспорту үчүн:
1) транспорт каражатынын менчик ээси жөнүндө маалыматтар:
юридикалык жак (жеке ишкер):
– юридикалык жактын толук аталышы (жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болгондо);
– юридикалык жактын банктык идентификациялык коду (БИК),
– жеке ишкердин салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери (ИСН);
– юридикалык жактын (жеке ишкердин) мобилдүү телефонунун номери;
– юридикалык жактын (жеке ишкердин) электрондук почтасынын дареги;
жеке адам:
– жеке адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болгондо);
– жеке адамдын туулган датасы;
– жеке адамдын идентификациялык жеке номери (ИЖН);
– жеке адамдын инсандыгын ырастоочу документтин аталышы;
– жеке адамдын инсандыгын ырастоочу документтин номери;
– жеке адамдын инсандыгын ырастоочу документтин берилген датасы;
– жеке адамдын мобилдүү телефонунун номери;
– жеке адамдын электрондук почтасынын дареги;
– транспорт каражатына болгон менчик укугун күбөлөндүрүүчү документ:
транспорт каражатына болгон менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтин аталышы;
транспорт каражатына болгон менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтин номери;
транспорт каражатына болгон менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтин берилген датасы;
транспорт каражатына менчик укугу өткөрүлгөн дата;
транспорт каражатынын наркы;
транспорт каражатынын одометринин көрсөткүчү;
2) транспорт каражатын техникалык кароо жөнүндө маалыматтар:
транспорт каражатын техникалык кароону жүргүзгөн техникалык кароо оператору:
– аталышы (юридикалык жактын аталышы же жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болгондо);
– юридикалык жактын банктык идентификациялык коду;
– жеке ишкердин салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери;
– техникалык кароо жүргүзүлгөн дата;
– диагностикалык картанын каттоо номери;
– транспорт каражатынын одометринин көрсөткүчү;
– транспорт каражатын техникалык кароонун жыйынтыгы;
3) транспорт каражатына карата чектөөлөр (оорлотуулар) жөнүндө маалыматтар:
– чектөө (оорлотуу) койгон (алып салган) органдын (уюмдун) аталышы;
– чектөөнүн (оорлотуунун) түрү;
– чектөө (оорлотуу) коюлган (алып салынган) документтин аталышы;
– чектөө (оорлотуу) коюлган (алып салынган) документтин номери;
– чектөө (оорлотуу) коюлган (алып салынган) документтин таризделген (бекитилген) датасы;
– чектөөнүн (оорлотуунун) мөөнөтү жана чектөө (оорлотуу) коюлган (алып салынган) дата;
4) транспорт каражаты менен болгон жол-транспорттук окуялар жөнүндө маалыматтар:
– окуянын күнү, убактысы жана орду (дареги);
– бузулган жерлерин сыпаттоо;
– одометрдин көрсөткүчтөрү.
2. Өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорту үчүн:
1) өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн менчик ээси жөнүндө маалыматтар:
юридикалык жак (жеке ишкер):
– юридикалык жактын толук аталышы (жеке ишкердин фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болгондо);
– юридикалык жактын банктык идентификациялык коду (БИК);
– жеке ишкердин салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери;
– юридикалык жактын (жеке ишкердин) мобилдүү телефонунун номери;
– юридикалык жактын (жеке ишкердин) электрондук почтасынын дареги;
жеке адам:
– жеке адамдын фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болгондо);
– жеке адамдын туулган датасы;
– жеке адамдын идентификациялык жеке номери;
– жеке адамдын инсандыгын ырастоочу документтин аталышы;
– жеке адамдын инсандыгын ырастоочу документтин номери;
– жеке адамдын инсандыгын ырастоочу документтин берилген күнү;
– жеке адамдын мобилдүү телефонунун номери;
– жеке адамдын электрондук почтасынын дареги;
– өзү жүрүүчү машинага жана техниканын башка түрлөрүнө болгон менчик укугун күбөлөндүрүүчү документ:
өзү жүрүүчү машинага жана техниканын башка түрлөрүнө болгон менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтин аталышы;
өзү жүрүүчү машинага жана техниканын башка түрлөрүнө болгон менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтин номери;
өзү жүрүүчү машинага жана техниканын башка түрлөрүнө болгон менчик укугун күбөлөндүрүүчү документтин берилген датасы;
өзү жүрүүчү машинага жана техниканын башка түрлөрүнө менчик өткөрүлгөн дата;
өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн наркы;
өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн одометринин (бар болгондо) жана (же) мотосаатынын (бар болгондо) иштетилген убактысынын эсептегичинин көрсөткүчү;
2) өзү жүрүүчү машинага жана техниканын башка түрлөрүнө карата чектөөлөр (оорлотуулар) жөнүндө маалыматтар:
– чектөө (оорлотуу) койгон (алып салган) органдын (уюмдун) аталышы;
– чектөөнүн (оорлотуунун) түрү;
– чектөө (оорлотуу) коюлган (алып салынган) документтин аталышы;
– чектөө (оорлотуу) коюлган (алып салынган) документтин номери;
– чектөө (оорлотуу) коюлган (алып салынган) документтин таризделген (бекитилген) датасы;
– чектөөнүн (оорлотуунун) мөөнөтү жана чектөө (оорлотуу) коюлган (алып салынган) дата;
3) өзү жүрүүчү машина жана техниканын башка түрлөрү менен болгон жол-транспорттук окуялар жөнүндө маалыматтар:
– өзү жүрүүчү машина жана техниканын башка түрлөрү менен болгон окуянын датасы, убактысы жана орду (дареги);
– өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн бузулган жерлерин сыпаттоо;
– өзү жүрүүчү машинанын жана техниканын башка түрлөрүнүн одометринин (бар болгондо) жана (же) мотосаатынын (бар болгондо) иштетилген убактысынын эсептегичинин көрсөткүчтөрү.
| Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартибине 2-тиркеме |
Жеке маалыматтарын топтоого жана
иштеп чыгууга жеке маалыматтардын субъектисинин макулдугунун
ТИПТҮҮ ФОРМАСЫ
Калктуу конуш, датасы: ______________________________________ Мен, ____________________________________________________________ ____________________________________________________________ (фамилиясы, аты, атасынын аты) ___________________________________________________________ ___________________________________________________________ _________________ дарегинде жашаймын. Инсандыгын ырастоочу документ: ________________________ сериясы__________№_________________________________________ (документтин түрү) ____________________________________________________________ (берилген күн, ким тарабынан берилген) _________________________________ берилген (ишеним берилген адамдар үчүн) ____________________________________________________________ (аты-жөнү) _____________________________________________ атынан иштейм Инсандыгын ырастоочу документ: ________________________ сериясы__________№_________________________________________ (документтин түрү) ____________________________________________________________ (берилген күн, ким тарабынан берилген) ___________________________________________________ берилген ___________________________________________________ негизинде (ишеним каттын, мыйзамдын, башка укуктук актынын) ___________________________________________________________ ____________________________________________________________ (маалыматтык системанын менчик ээсинин же ээсинин аталышы, дареги, иштеп чыгуучунун Ф.А.А.) _____________________ эркин, түшүнүү менен, өз ыктыярым менен төмөнкүлөргө макулдук берем: □ иштеп чыгууга (жеке маалыматтарды жыйноо, жазуу, сактоо, актуалдаштыруу, топтоо, блоктоо, өчүрүү жана бузуу максатында жеке маалыматтардын кармоочусу (ээси) тарабынан же анын тапшырмасы боюнча автоматтык каражаттар менен же аларсыз, ыкмаларга карабастан аткарылуучу кандай болбосун операция же операциялардын топтому), ошондой эле: □ жеке маалыматтарды берүүгө (“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана эл аралык келишимдерге ылайык жеке маалыматтардын кармоочусу (ээси) тарабынан үчүнчү жактарга берүүгө); □ жеке маалыматтарды трансчек аралык берүүгө (жеке маалыматтардын кармоочусу (ээси) тарабынан башка мамлекеттердин юрисдикциясында турган кармоочуларга төмөнкүдөй жеке маалыматтарды берүүгө):
1. Ф.А.А. 2. Туулган күнү жана жери. 3. Жарандыгы жөнүндө маалыматтар (анын ичинде мурунку жарандыгы, башка жарандыктары). 4. Жашаган жеринин дареги (турган жери). 5. Билими тууралуу маалыматтар (билим берүү уюмунун аталышы жана аяктаган жылы, билими тууралуу документтин аталышы жана реквизиттери, квалификациясы, даярдоо багыты же билими тууралуу документ боюнча адистиги). 6. Чет тилдерди билүүсү, билүү деңгээли жөнүндө маалымат. 7. Класстык чени (анын ичинде наамы жана илимий даражасы) жөнүндө маалымат. 8. Персоналдык компьютерди өздөштүрүү жөнүндө маалыматтар (анын ичинде Майкрософт Офисинин тиркемелери жана мамлекеттик кызматта керектүү башка офистик тиркемелер жөнүндө). 9. Байланыш телефонунун номери же байланыштын башка ыкмалары жөнүндө маалымат. 10. Инсандыгын ырастоочу документтин түрү, сериясы, номери, аны берген органдын аталышы, берилген датасы. 11. Жеке фотосүрөттөр. 12. Үй-бүлөлүк абалы (үй-бүлө курамы). 13. Эмгек иши жөнүндө маалыматтар (анын ичинде аскердик кызмат, айкалыштырган иши, ишкердик иши ж.б.). 14. Мамлекеттик сыйлыктар, башка сыйлыктар жана айырмалоо белгилери (ким тарабынан жана качан сыйланган). 15. Жеке иштеп чыгуулар, илимий эмгектер, ойлоп табуулар, жарыялоолор жана патенттер жөнүндө маалыматтар. 16. Соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтар. 17. Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалыматтар.
Жогоруда көрсөтүлгөн жеке маалыматтарды мага мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүү _____________________________________ ______________________________________ максатында иштеп чыгуу үчүн берем. (кызмат көрсөтүүнүн аталышы көрсөтүү керек) Мен төмөнкүлөр менен тааныштым: 1) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук ушул макулдукка кол коюлган датадан тартып мага мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүнүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн кызмат жөнүндө маалыматтарды сактоонун бардык мөөнөтүнүн ичинде колдонулат; 2) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук эркин формадагы жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде кайра алынышы мүмкүн; 3) жеке маалыматтарды иштеп чыгууга макулдук кайтарып алынган учурда менин жеке маалыматтарымды иштеп чыгуу толугу менен же жарым-жартылай “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 15-беренелерине ылайык улантылышы мүмкүн.
Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу башталган дата:_______________________________ (күнү, айы, жылы)
“___” __________________ 20__-ж.
|
| Транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун (транспорт каражаттарынын шассисинин паспортторун), өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспортторун тариздөө тартибине 3-тиркеме |
Уруксаттын формасы
Кызматкердин жеке маалыматтары:
Фамилиясы |
|
Аты |
|
Атасынын аты |
|
ИЖН |
|
Мамлекеттик органдын аталышы |
|
Бөлүмү |
|
Кызмат орду |
|
Жумуш телефону |
|
Мобилдүү телефону |
|
Электрондук почтасы |
|
Датасы |
|
Колу |
|
Транспорт каражаттарынын, өзү жүрүүчү машиналардын жана техниканын башка түрлөрүнүн электрондук паспорттор системасына уруксаттын деңгээли | ||
№ | Уруксаттын деңгээли |
|
1 |
| □ |
Эскертүү. Уруксат алуу үчүн зарыл документтердин тизмеги: – кызматкердин паспортунун көчүрмөсү (ID-карта); – кызматкерди дайындоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсү. (Саналып өткөн документтер коштомо кат менен улуттук операторго жиберилет). | ||