Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 10-декабры ПЖ № 355
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын
19-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Президентине
караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын
маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү
киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 78 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия жөнүндө жободо:
- 3-пункттун үчүнчү абзацынын биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Комиссия төрагадан, төраганын орун басарынан, жооптуу катчыдан жана сегиз мүчөдөн турат.";
- 7-пункт төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого жана ардак наамдарын ыйгарууга сунуштамалардын ыйгарым укуктуу субъекттери тарабынан жөнөтүлүүчү сыйлоо материалдарынын санын аныктайт;";
- 8-пункттагы "мамлекеттик" деген сөз алып салынсын;
- 9-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Комиссиянын жыйналыштары зарылчылыгына жараша, бирок бир жылда үч жолудан кем эмес, Комиссиянын төрагасынын, ал жокто төраганын орун басарынын жетекчилиги менен өткөрүлөт.";
- 10-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасын, "Ата Мекен Баатыры" жана "Эмгек Баатыры" Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражаларын берүү жөнүндө маселелер Комиссиянын жыйналышында гана каралышы мүмкүн.";
- 11, 12-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"11. Комиссиянын жыйналышынын жыйынтыктары боюнча протокол түзүлөт, ага төрагалык кылуучу жана Комиссиянын жооптуу катчысы кол коёт.
Сурамжылоо барактары Комиссиянын жыйналышынын протоколунун бөлүгү болуп саналат.
12. Комиссиянын протоколдору туруктуу сакталат.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 12-декабрындагы № 98 (3755) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |