Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
|
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы ПЖ № 78 Жарлыгы менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия жөнүндө жобо
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-декабрындагы ПЖ № 539, 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34, 2025-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 355 , 2026-жылдын 9-июнундагы № 201 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия (мындан ары - Комиссия) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу маселелери боюнча анын конституциялык ыйгарым укуктарын ишке ашырууну камсыз кылуучу Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп саналат.
2. Комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар чөйрөсүндөгү маселелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
Комиссия жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
II. Комиссиянын түзүүнүн тартиби жана курамы
3. Комиссия Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан сыйлоо маселелери боюнча сунуштарды алдын ала кароо жана даярдоо, сыйлоо мыйзамдарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын, маданият өкүлдөрүнүн жана коомдук ишмерлеринин арасынан түзүлөт.
Комиссиянын курамын түзүүдө гендердик теңдиктин, улуттук курамдын жана региондордун өкүлчүлүктөрүнүн маселелери эске алынышы керек.
Комиссия төрагадан, төраганын орун басарынан, жооптуу катчыдан жана сегиз мүчөдөн турат. Комиссиянын төрагасы кызмат орду боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 1-декабрындагы ПЖ № 539, 2025-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 355 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
4. Комиссиянын мүчөлөрү өзүнүн ишин коомдук башталышта жүргүзөт.
5. Комиссиянын мүчөсү Комиссиянын курамынан каалаган убакта чыга алат. Комиссиянын мүчөсү Комиссиянын курамынан чыккан учурда жаны мүчөсү ушул Жобонун 3-пунктунун экинчи абзацынын ченемдеринин талаптарын эске алуу менен дайындалат.
6. Комиссиянын мүчөлөрү, Комиссиянын жыйналышын өткөрүү орду жана убактысы жөнүндө маалымат купуя болуп саналат жана ачыкка чыгарылууга жатпайт.
III. Комиссиянын ыйгарым укуктары
7. Комиссия төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
- мамлекеттик сыйлыктарга, ардак наамдарга сунуштамаларды карайт жана баа берет жана Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө корутунду берет;
- сыйлоо материалдарын тапшыруу мөөнөттөрүн белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар маселелери менен байланышкан тапшырмаларын аткарат;
- Кыргыз Республикасынын Президентине мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар жөнүндө мыйзамдардын колдонуу тажрыйбасын өркүндөтүү тууралуу сунуштарды киргизет;
- мамлекеттик сыйлыктарга жана ардак наамдарга тиешеси бар мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле жарандарды сыйлоо маселелери, сыйлык берүү тажрыйбасы боюнча корутундуларды берет;
- мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ошондой эле ишканалардан, мекемелерден, коомдук уюмдардан жана кызмат адамдарынан каралып жаткан маселелер боюнча кошумча материалдарды жана документтерди сурайт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого жана ардак наамдарын ыйгарууга сунуштамалардын ыйгарым укуктуу субъекттери тарабынан жөнөтүлүүчү сыйлоо материалдарынын санын аныктайт;
- сыйлоо материалдарында анык эмес маалымат берилген же анын мазмунунда ырасталбаган жана (же) жалган маалымат аныкталган учурда Комиссия күнөөлүү адамдарды тиешелүү жоопкерчиликке тартуу үчүн укук коргоо органдарына материалдарды берет.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 355 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
8. Комиссиянын катчылыгынын функциялары Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын сыйлыктар маселелерин тейлеген түзүмдүк бөлүмү (мындан ары - Комиссиянын катчылыгы) тарабынан аткарылат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34, 2025-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 355 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
IV. Комиссиянын ишин уюштуруу
9. Комиссия өз ишин жыйналыштарды өткөрүү жолу менен уюштурат.
Комиссиянын жыйналыштары зарылчылыгына жараша, бирок бир жылда үч жолудан кем эмес, Комиссиянын төрагасынын, ал жокто төраганын орун басарынын жетекчилиги менен өткөрүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 355 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
10. Комиссиянын жыйналышы анын мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышкан шартта укук ченемдүү болот. Комиссия чечимди Комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алат. Добуштар тең чыккан учурда Комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
Комиссиянын чечимдери зарылчылык болсо, сурамжылоо тартибинде кабыл алынышы мүмкүн. Комиссиянын мүчөлөрүн сурамжылоо жүргүзүп жаткан адам Комиссиянын мүчөсүнүн аты-жөнүн, байланыш телефонунун номерин, анын позициясын, кол тамгасын көрсөтүү менен атайын формулярды (сурамжылоо барагын) толтуруп, аны өз колун коюу менен тастыктайт. Бул сурамжылоо барагы Комиссиянын төрагасы тарабынан бекитилет (формасы тиркелет).
Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры" Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасын жана "Эмгек Баатыры" Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө маселелер Комиссиянын жыйналышында гана каралышы мүмкүн.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 355, 2026-жылдын 9-июнундагы № 201 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
11. Комиссиянын жыйналышынын жыйынтыктары боюнча протокол түзүлөт, ага төрагалык кылуучу жана Комиссиянын жооптуу катчысы кол коёт.
Сурамжылоо барактары Комиссиянын жыйналышынын протоколунун бөлүгү болуп саналат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 355 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
12. Комиссиянын протоколдору туруктуу сакталат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 10-декабрындагы ПЖ № 355 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
13. Комиссиянын жыйналышына мамлекеттик сыйлыктар жана ардак наамдар маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык таризделген сыйлоо материалдары сунушталууга тийиш.
14. Жыйналышта четке кагылган талапкерлер боюнча Комиссия түшүндүрмө бербейт.
15. Кабыл алынган чечимдердин өз убагында аткарылышын контролдоону комиссиянын катчылыгы жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
| БЕКИТЕМ Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын төрагасы ______ ________________________ |
|
| (Аты-жөнү) 20___-жылдын ___- __________ |
Сурамжылоо барагы
Мен ,______________________________________________, Кыргыз Республикасынын
(Аты-жөнү)
Президентине караштуу Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөлөрүнө
төмөнкү маселе боюнча сурамжылоо өткөрдүм
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________
байланыш номери 0 ______________________.
№ | Аты-жөнү | Байланыш номери | Позициясы | Кол тамгасы |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
__________________________________
Сурамжылоо өткөргөндүн аты-жөнү
__________________________________
Сурамжылоо өткөргөн күнү
__________________________________
Кол тамгасы