Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-ноябры № 758
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 12-августундагы № 449 “Жер казынасын
пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн
жыйымдын ставкаларын жана жыйымды эсептөө,
төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибин
бекитүү жөнүндө ” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексинин 14, 16, 22, 26, 29 жана 39-беренелерин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 449 “Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкаларын жана жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартиби ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып бир айдын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматына 2025-жылдын 31-декабрына карата абалы боюнча жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды төлөөчүлөрдүн тизмесин сальдону (ашыкча төлөмүн, карызын) жана 2025-жыл үчүн милдеттенмелеринин суммасын көрсөтүү менен берсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 28-ноябрындагы № 94 (3751) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |
| Тиркеме |
"Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды
кармоо үчүн жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым
боюнча карызды өндүрүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартиби (мындан ары - Тартип) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн төлөмдөр, отчеттор, жыйымдарды төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүүнү эсептөөнүн шарттарын, толтуруу жана берүү тартибин аныктайт.
2. Бул Тартипте төмөнкүдөй терминдер колдонулат:
1) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүү - "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында же сот органынын чечими менен жер казынасын пайдалануу укугун токтотууну (жокко чыгарууну) жараксыз деп таануунун негизинде жер казынасын пайдалануу укугуна мурда жокко чыгарылган лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүү боюнча жол-жобо;
2) төлөөчү - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясы бар жана аны пайдаланууну жүзөгө ашырган юридикалык же жеке жак;
3) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым (мындан ары - жыйым) - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ээси (төлөөчү) төлөөгө тийиш болгон төгүм;
4) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымды эсептөө - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын суммасын эсептөө жана/же кайра эсептөө;
5) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны пайдалануу - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга ээлик кылуу жана пайдалануу, техногендик түзүлүштөрдөн пайдалуу кендерди алуу боюнча иштерди кошуп алганда, анын ичинде техникалык документтерди түзүү, ал боюнча экспертиза жүргүзүү жана экологиялык, өнөр жай коопсуздугу, жер казынасын коргоо бөлүгүндө эксперттик корутундуларды алуу, жерге укуктардын ээсинен макулдук алуу же бөлүнгөн жерди алуу жана жер казынасынын белгилүү бир тилкесин пайдалануу мезгили;
6) ал жеткис күчтүн (форс-мажор) жагдайы - жер титирөө, суу ташкыны же блокада, согуш, иш таштоо сыяктуу табигый кырсыктардын жана алдын алууга же болтурбай коюуга мүмкүн болбогон же алдын алууга мүмкүн болгон, бирок токтотуп калууга мүмкүн эмес башка жагдайлардын жыйынтыгында өзгөчө жана токтотуу мүмкүн болбогон жагдайлардын пайда болушу.
2-глава. Жыйымдын негиздери
3. Жыйым Кыргыз Республикасында пайдалуу кен чыккан жерлерди издөө жана/же чалгындоо жана/же иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясы бар төлөөчү тарабынан төлөнүүгө тийиш.
4. Жыйымды төлөө объекти болуп пайдалуу кендердин белгилүү бир түрлөрү боюнча лицензиялык аянттын чегинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны пайдалануу саналат.
3-глава. Жыйымды эсептөө, эсептешүү, кайра эсептөө
тартиби
5. Пайдалуу кен чыккан жерлерди издөөдө жана/же чалгындоодо жана/же иштетүүдө жыйымды эсептөө базасы болуп лицензиялык аянттын өлчөмү саналат.
Эсептешүү жана отчетту эсептөөнүн, ошондой эле лицензияны кармоо үчүн жыйымды кайра эсептөөнүн тууралыгы жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (мындан ары - жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО) жүктөлөт.
Жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО милдеттенменин суммасынын өзгөрүшүнө алып келген чечим кабыл алган учурда жыйымды төлөөчү такталган отчетту/эсептешүүнү салык төлөөчүнүн кабинети (мындан ары - СК) аркылуу лицензиялык аянт жайгашкан жердеги аймактык салык органына берүүгө милдеттүү.
6. Жер казынасын иштетүү максатында пайдаланууда долбоордук кубаттуулукка жеткенден кийин, лицензиялык макулдашуу менен белгиленген пайдалуу кенди казып алуунун жылдык көлөмү 90 пайызга аткарылса жыйымдар төлөнбөйт.
7. Жыйымды эсептөө төлөөчү тарабынан лицензиялык аянттын өлчөмүнө, пайдалуу кендин түрү боюнча ставкага, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берилген датага жана жер казынасын пайдалануу мезгилине ылайык өз алдынча жүргүзүлөт жана жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО менен макулдашылат.
Төлөөчү пайдалуу кен чыккан жерлерди издөөдө, чалгындоодо жана иштетүүдө (долбоорлоо баскычында) ушул жыл үчүн жыйымдын эсебин жүргүзөт жана жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО менен форма боюнча (ушул Тартиптин 1-тиркемеси) ушул жылдын 1-мартынан кечиктирбестен макулдашат.
Жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО менен макулдашылган ушул жыл үчүн жыйымдын эсеби СК аркылуу лицензиялык аянттын жайгашкан жери боюнча аймактык салык органына форма боюнча (ушул Тартиптин 2-тиркемеси) жана толтуруу тартибинде (ушул Тартиптин 6-главасы) 30 календардык күндөн кечиктирбестен берилет.
Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө (иш жүргүзүү баскычында) отчеттук жыл үчүн жыйымдын отчету түзүлөт жана жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО менен форма боюнча (ушул Тартиптин 3-тиркемеси) учурдагы жылдын 31-январына чейин макулдашылат.
Жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО менен макулдашылган жыйымдын отчету СК аркылуу лицензиялык аянттын жайгашкан жери боюнча аймактык салык органына форма боюнча (ушул Тартиптин 4-тиркемеси) жана толтуруу тартибинде (ушул Тартиптин 7-главасы) 30 календардык күндөн кечиктирбестен берилет.
8. Жыйымдын эсеби аймагында лицензиялык аянт жайгашкан ар бир административдик-аймактык бирдик боюнча жүргүзүлөт.
9. Эгерде төлөөчү бир лицензиялык аянтта пайдалуу кендердин эки же андан көп түрүн издөө жана/же чалгындоо жана/же иштетүү менен алектенсе, жыйымдын өлчөмү пайдалуу кендин бир түрү боюнча гана аныкталат, ал боюнча жыйымдын өлчөмү эсептөөлөрдү жүргүзүүдө пайдалуу кендердин башка түрлөрүнө карата көбүрөөк болот.
10. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алгандан кийин төлөөчү 30 календардык күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМОго жерге жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензиялык аянттын курамына кирген айыл аймактарынын так чек аралары жана аянттары жөнүндө маалымкатты берүүгө милдеттүү.
Эгерде лицензиялык аянттын курамына кирген айыл аймактарынын так чек аралары жана аянттары белгиленген мөөнөттө жерге жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленбесе, анда жыйым айыл аймактарынын так чек аралары жана аянттары боюнча жогоруда аталган орган тарабынан жооп берүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде республикалык бюджетке төлөнөт.
11. Төлөөчү жерге жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маалымкатын алгандан кийин 15 календардык күндүн ичинде лицензиялык аянттардын жайгашкан жери боюнча аймактык салык органында эсептик каттоодон өтүүгө жана жыйымдын эсебин (4 нускада) жүргүзүүгө жана төмөнкүлөргө жиберүүгө тийиш:
- бир нускасын - жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга;
- экинчи нускасын - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштүү органына;
- үчүнчү нускасын - салык кызматынын органдарына;
- төртүнчү нускасы - төлөөчүдө калат.
12. Төлөөчү ушул Тартиптин 7 жана 11-пункттарына ылайык кийинки календардык жылдарга жыйымдын эсебин жана отчетун жүргүзүүгө жана тиешелүү органдарга жөнөтүүгө милдеттүү.
13. Жыйымдын эсеби жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМОнун чечиминде көрсөтүлгөн датадан тартып кайра эсептелүүгө тийиш. Такталган отчет ушул Тартиптин 7-пунктуна ылайык СК аркылуу лицензиялык аянттын жайгашкан жери боюнча аймактык салык органына жыйымдын эсебин жүргүзүүдө пайдаланылуучу маалыматтар өзгөргөн учурда берилет, атап айтканда:
1) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны колдонууну калыбына келтирүүдө, колдонууну токтотууда (жокко чыгаруу);
2) лицензиялык аянттын жайгашкан жери жана/же өлчөмү өзгөргөндө;
3) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия трансформацияланганда;
4) ал жеткис күчтүн жагдайларында (форс-мажор);
5) жыйымды эсептөөдө, кайра эсептөөдө пайдаланылган маалыматтардын анык эместиги, фактылардын бурмаланышы белгиленгенде;
6) эсеп жана/же эсептешүү жүргүзүлгөн негиздер соттун чечими боюнча жараксыз деп таанылганда;
7) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде.
Жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМОнун милдеттенмелери өзгөргөн учурда жыйымды кайра эсептөөдө квартал сайын отчеттук кварталдан кийинки айдын 5ине чейин салык органына ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык маалыматты жиберет.
14. Милдеттенменин суммасынын өзгөрүшүнө алып келүүчү жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кайра жаңыртууда, калыбына келтирүүдө, токтотууда (жокко чыгарууда) трансформациялоодо, берүүдө жыйымды эсептөө жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМОнун чечиминде көрсөтүлгөн датадан тартып жүргүзүлөт. Такталган отчет СК аркылуу салык кызматынын органдарына берилет.
Лицензиялык аянттын жайгашкан орду жана/же өлчөмү өзгөргөндө жыйымды эсептөө ушул Тартиптин 20-пунктуна ылайык жүргүзүлөт.
15. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечим белгиленген тартипте же соттун чечими боюнча жараксыз деп таанылган учурда жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечим чыгарылган учурдан тартып жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алынган учурга чейинки мезгил жер казынасын пайдалануу мезгили катары жыйымды эсептөөгө киргизилбейт жана ставканы аныктоого таасирин тийгизбейт.
16. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиядан баш тартылган учурда төлөөчү жыйымды эсептөөнү токтотуу үчүн СК аркылуу такталган эсепти/отчетту төмөнкү учурдан тартып тапшырат:
- жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМОнун жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу (жокко чыгаруу) жөнүндө чечиминде көрсөтүлгөн датадан тартып;
- мындай чечим жок болсо төлөөчүнүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиядан баш тартуусу жөнүндө арыз берилген күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин.
17. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялардын колдонулушу токтотулган (жокко чыгарылган) учурда жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО ыйгарым укуктуу салык органына ушул Тартиптин 13-пунктуна ылайык маалымат жиберет.
18. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушу токтотулуп турган учурда төлөөчүнүн өтүнмөсү боюнча ал жеткис күчтүн жагдайларына (форс-мажор) байланыштуу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушу токтотулуп турган учурларды кошпогондо, токтотуп туруу мезгили жыйымды эсептөөдө жер казынасын пайдалануу мезгили катары кошулат.
19. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоодо төлөөчү жерге жайгаштыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, жер казынасын пайдалануунун жаңы түрдөгү лицензиясынын лицензиялык аянтына жана трансформацияланбаган лицензиялык аянттын бөлүгүнө кирген айыл аймактарынын так чек аралары жана аянттары жөнүндө маалымкаттарды берүүгө милдеттүү.
Төлөөчү жыйымды кайра эсептөөнү жүргүзөт, жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО менен макулдашат, СК аркылуу эсептик катталган жери боюнча аймактык салык органына трансформацияланбаган лицензия боюнча такталган эсепти/отчетту ушул Тартипте белгиленген жер казынасын пайдалануунун жаңы түрүнө лицензия боюнча жыйымды эсептөөдөн чыгарылган лицензиялык аянтты эске алуу менен берет.
Жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО ушул Тартиптин 13-пунктуна ылайык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясы трансформацияланган төлөөчүлөр жөнүндө маалыматты салык кызматынын органдарына жиберет.
20. Лицензиялык аянттын жайгашкан орду жана/же өлчөмү өзгөргөн учурда төлөөчү кабыл алынган өзгөртүүлөргө ылайык жыйымды кайра эсептөөнү өз алдынча жүргүзүүгө тийиш.
Лицензиялык аянттын өлчөмү өзгөргөндө эсептелген жыйым жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМОнун лицензиялык аянттын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө чечиминде көрсөтүлгөн датадан тартып кайра эсептелүүгө тийиш.
Лицензиялык аянттын жайгашкан орду жана/же өлчөмү өзгөргөндө төлөөчү ушул Тартиптин 11-пунктуна ылайык жерге жайгаштыруу боюнча ЫМО тарабынан берилүүчү лицензиялык аянттарга кирген айыл аймактарынын так чек аралары жана аянттары жөнүндө маалымкатты берүүгө милдеттүү.
21. Төлөөчүнүн лицензиялоонун шарттарында каралган милдеттенмелерди аткаруусуна тоскоол болгон ал жеткис күчтүн жагдайлары (форс-мажор) орун алган мезгилде жыйым эсептелбейт.
Ал жеткис күчтүн жагдайлары (форс-мажор) пайда болгондо төлөөчү мындай жагдайлар келип чыккан күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде бул жөнүндө жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кабарлоого милдеттүү. Арызда ал жеткис күчтүн жагдайларынын (форс-мажор) мүнөзү, алардын жарактуулук жана жер казынасын пайдалануунун мүмкүн эместигинин негиздемеси көрсөтүлүүгө тийиш.
Мындай арыз жок болсо ал жеткис күчтүн жагдайлары (форс-мажор) жана алардын мезгилинин узактыгы ырасталбаган болуп эсептелет, мезгил жер казынасын пайдалануу катары жыйымдын эсебине киргизилет.
22. Ал жеткис күчтүн жагдайларынын (форс-мажор) болушу жана алардын жарактуулук мөөнөтү ал жеткис күчтүн жагдайларынын (форс-мажор) мүнөзүнө кирген маселелерди жөнгө салуу боюнча ыйгарым укугу бар компетенттүү мамлекеттик органдардын расмий документтери менен ырасталууга тийиш. Расмий документтерде ал жеткис күчтүн жагдайлары (форс-мажор) башталган жана аяктаган (мындай жагдайлар арыз берилген учурда бүтсө) так даталар камтылууга тийиш.
23. Жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО ал жеткис күчтүн жагдайлары (форс-мажор) жөнүндө арыз берилген күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде ал жеткис күчтүн жагдайларын (форс-мажор) кабыл алуудан баш тартуу же кабыл алуу жөнүндө чечим чыгарат жана ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген мөөнөттө ыйгарым укуктуу салык органына кабарлайт.
24. Эгерде төлөөчү берген ал жеткис күчтүн жагдайлары (форс-мажор) жөнүндө арыз ушул Тартиптин 21 жана 22-пункттарында белгиленген талаптарга жооп бербесе, жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО баш тартуунун жүйөсүн көрсөтүү менен жыйымды эсептөөдө ал жеткис күчтүн мындай жагдайын (форс-мажор) эсепке кабыл алуудан баш тартат. Ал жеткис күчтүн жагдайларынын (форс-мажор) жыйымдарын эсептөөдө эсепке алууга кабыл алуудан баш тартуу жазуу жүзүндө таризделет жана төлөөчүнүн акыркы белгилүү дарегине 30 календардык күндүн ичинде төлөөчүгө жиберилет.
25. Төлөөчү берген эсептөөлөрдө жана отчеттордо жыйымды эсептөөдө каталар же так эместиктер табылган учурда жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО жыйымдын эсебин оңдоп-түзөйт жана аны электрондук почта же заказ кат менен төлөөчүнүн акыркы белгилүү дарегине же болбосо төлөөчүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө жиберет, ошондой эле ушул Тартиптин 13-пунктунда белгиленген мөөнөттө салык органына маалымат жиберет.
Оңдоп-түзөлгөн отчеттун жана жыйымдын эсебинин негизинде төлөөчү катты алганда 10 календардык күндүн ичинде ушул Тартиптин 13-пунктуна ылайык эсептик катталган жери боюнча СК аркылуу такталган эсепти/отчетту берет.
Эгерде төлөөчү оңдоп-түзөлгөн эсептөөгө макул болбосо, анда ал "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте даттанууга укуктуу.
26. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун узартууга өтүнмө жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген мөөнөттө каралбаса, мындай мөөнөт аяктаган күндөн тартып өтүнмө боюнча чечимди кабыл алуу учуруна чейинки мезгилде лицензия жарактуу деп эсептелет жана жер казынасын пайдалануу мезгили катары жыйымдын эсебине киргизилет.
27. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия жаңы төлөөчүгө өткөрүп берилген учурда жыйымды эсептөө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия өткөрүп берилгенге чейинки тартипте жана ошол эле ставка боюнча жүргүзүлөт.
4-глава. Жыйымды төлөө тартиби
28. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууда жыйымды төлөөчү ушул Тартиптин 11-пунктуна ылайык эсептөөлөрдү жибергенден кийин 30 (отуз) календардык күндүн ичинде жер казынасын пайдалануунун биринчи жылы (кийинки 12 ай) үчүн жыйымды төлөөгө милдеттүү. Мөөнөтүндө төлөнбөгөн учурда жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык чараларды көрөт. Уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экиден кем эмес үлүшү бар мамлекеттик ишканаларга жана чарбакер субъекттерге жер казынасынын участогун өнөр жайлык иштеп чыгууга жана долбоордук кубаттуулукка чыкканга чейин жыйымды төлөөнү кийинкиге жылдыруу мөөнөтү берилет.
29. Кийинки жылдар үчүн геологиялык-издөө жана геологиялык-чалгындоо иштерине, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө (долбоорлоо баскычында) лицензиялар боюнча бир жылдагы жыйымдын жалпы суммасы айлар боюнча пропорциялуу бөлүштүрүлөт жана төлөөчү отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен төлөйт.
30. Жер казынасын иштеп чыгуу максатында (иштерди жүргүзүү баскычында) пайдаланууда пайдалуу кендерди казып алуунун жылдык көлөмү 90 пайыздан аз аткарылган учурда төлөөчү ушул жылдын 1-мартына чейин жыйымды отчеттук жыл үчүн пайдалуу кендерди казып алуу планынын аткарылбагандыгынын көлөмүнө пропорциялуу суммада төлөөгө милдеттүү.
Жыл сайын 1-апрелге чейин жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО ушул Тартиптин 6-тиркемесине ылайык төлөөчүлөр тарабынан өткөн календардык жыл үчүн пайдалуу кендерди казып алуунун жылдык көлөмүнүн аткарылышы жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына жиберет.
31. Эгерде жыйымды кайра эсептөөдөн кийин ашыкча төлөнгөндүгү аныкталса, анда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жана аймактык салык органы тарабынан ашыкча төлөнгөн сумма бул төлөөчүнүн кийинки жылдагы эсебине кошулат же анын арызы боюнча төлөөчүгө кайтарылат.
32. Өзүнүн дарегин өзгөрткөн жана бул жөнүндө салык кызматынын тийиштүү органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кабарлабаган төлөөчү жер казынасын пайдалануу, салыктык эмес кирешелер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде белгиленген жыйымды өз убагында төлөбөгөндүгүнүн кесепеттери үчүн жоопкерчилик тартат.
33. Жыйым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттерине төлөнөт. Ошол эле учурда эгерде лицензиялык аянт бир нече административдик-аймактык бирдиктин аймагында болсо, жыйым тигил же бул административдик-аймактык бирдиктин аймагындагы аянтка пропорциялуу ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эсебине төлөнөт.
34. Эгерде лицензиялык аянт же анын бир бөлүгү айыл аймагынын, шаардын чек арасына кирбесе, анда мындай лицензиялык аянт боюнча жыйымдар республикалык бюджетке багытталат.
Ушул пункттун ченемдери аймагында лицензиялык аянттар жайгашкан жер участокторунун менчигинин түрүнө карабастан колдонулат.
35. Ыйгарым укуктуу салык органынын аймактык жана/же функционалдык бөлүмү лицензиялык аянттар жайгашкан жер боюнча жыйым боюнча жеке эсеп карточкаларын ачат. Жеке эсеп карточкасында жыйымдын чегерилген суммасы жана жыйымдын иш жүзүндө төлөнгөн суммасы, ошондой эле чегерилген туум көрсөтүлөт.
Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу (жокко чыгаруу) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо мезгили үчүн жыйымды төлөөдөн бошотуу үчүн негиз болуп саналбайт.
5-глава. Жыйым боюнча карызды өндүрүү тартиби
36. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым боюнча карызды өндүрүү бөлүгүн башкаруу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Төлөм толук же жарым-жартылай төлөнбөгөн жана/же төлөмдү төлөө мөөнөтү бузулган учурда тиешелүү аймактык салык органы жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМОго салык төлөөчү тааныган салыктар, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын аткарылышын камсыз кылуу жөнүндө кабарлоонун көчүрмөсүн (мындан ары - кабарлоо) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуп туруу үчүн кабарлоону чыгарган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жиберүүгө милдеттүү.
37. Жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО тиешелүү аймактык салык органынан кабарлоонун көчүрмөсүн алган күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун жыйноо боюнча карызын толугу менен төлөгөнгө чейин токтотуп турат. Мында, жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде тиешелүү аймактык салык органына жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуп туруу жөнүндө чечимдин көчүрмөсүн жиберет.
38. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуп туруу мөөнөтүнүн ичинде төлөөчү жыйым боюнча карызын төлөбөгөн учурда, жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык 5 жумуш күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотот (жокко чыгарат). Жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган датадан тартып 10 жумуш күндүн ичинде төлөөчүгө жана салык кызматынын органдарына мындай чечим кабыл алуунун негиздерин көрсөтүү менен чечимдин көчүрмөсүн жиберет.
Ушул главада көрсөтүлгөн маалыматтарды алмашуу боюнча документтер кагаз жүзүндө же электрондук форматта жиберилет.
6-глава. Издөө, чалгындоо жана иштеп чыгууда
(долбоорлоо баскычында) жер казынасын пайдалануу
укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым боюнча
эсепти толтуруу жана берүү тартиби
39. Издөө, чалгындоо жана иштеп чыгууда жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым боюнча эсептөө (мындан ары - жыйымды эсептөө) СК аркылуу берилет. Электрондук документ төлөөчүнүн электрондук колтамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Салык органы жыйымды эсептөөнү алгандыгы жөнүндө маалыматты төлөөчү СК аркылуу алат. Жыйымдын эсебин электрондук түрдө берүү тартиби жөнүндө маалымат ыйгарым укуктуу салык органынын www.sti.gov.kg сайтында жайгаштырылган.
40. Ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык FORM STI-176 формасы боюнча издөө, чалгындоо жана иштеп чыгууда (долбоорлоо баскычында) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым боюнча эсептешүүдө төлөөчүлөр тарабынан толтурулуучу бөлүмдөр:
1) 001-уячада:
- "алгачкы" отчет биринчи жолу тапшырылганда "Х" белгиси менен көрсөтүлөт;
- "такталган" мурда берилген алгачкы эсептөөгө өзгөртүүлөр киргизилгенде, операциялар чагылдырылбаган же толук чагылдырылбаган фактылар аныкталган учурда, ошондой эле лицензияга календардык жылдан аз ээлик кылган учурда, каталар жана жыйымдын суммасынын өзгөрүшүнө алып келген учурларда "Х" белгиси менен көрсөтүлөт;
- отчет төлөөчүнүн жоюлушуна байланыштуу тапшырылган учурда, "жоюлган" уячасына "Х" түрүндөгү белги коюлат;
- отчеттун төмөнкү бөлүгүндө отчетко кол койгон адамдын толук аты-жөнү көрсөтүлөт;
- 901-уячада салык органы отчетту кабыл алган дата көрсөтүлөт;
- 902-уячада салык органынын отчетту кабыл алган кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.
41. I бөлүм. Салык төлөөчү жөнүндө маалымат:
- 102-уячада салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери көрсөтүлөт;
- 103-уячада жер казынасын пайдалануу объектинин аталышы көрсөтүлөт;
- 104-уячада салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;
- 105-уячада лицензиянын номери көрсөтүлөт;
- 107-уячада төлөөчүнү каттоодо статистика органы тарабынан ыйгарылган ИУРК коду көрсөтүлөт;
- 112-уячада төлөөчүнүн иш жүзүндө турган жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;
- 113-уячада төлөөчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы көрсөтүлөт (облус, район, шаар, айыл);
- 114-уячада көчө, кичи район, үйдүн, кеңсенин, батирдин № көрсөтүлөт;
- 115-уячада байланыш телефону көрсөтүлөт;
- 116-уячада электрондук почтасынын дареги көрсөтүлөт;
- 117-уячада республикалык, жергиликтүү бюджеттин түрү көрсөтүлөт;
- 201-уячада эсеп берилүүчү отчеттук мезгил башталган дата көрсөтүлөт (күнү, айы жана жылы);
- 202-уячада отчет берилүүчү отчеттук мезгилдин акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт (күнү, айы жана жылы);
- 203-уячада лицензияны пайдалануу мөөнөтү башталган дата (күнү, айы жана жылы) көрсөтүлөт;
- 204-уячада лицензияны пайдалануу мөөнөтүнүн акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт (күнү, айы жана жылы).
42. II бөлүм. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымды эсептөө:
- 1-графада жер казынасын пайдалануунун түрү көрсөтүлөт (издөө, чалгындоо);
- 2-графада республикалык же жергиликтүү бюджеттин түрү көрсөтүлөт;
- 3-графада жер тилкеси жайгашкан орду (шаар, айыл аймагы) көрсөтүлөт;
- 4-графада пайдалуу кендердин түрлөрү көрүнүп калуучу тизме аркылуу көрсөтүлөт;
- 5-графада лицензияга ээлик кылуу мөөнөтү жылдар боюнча саны көрсөтүлөт;
- 6-графада лицензияга ээлик кылуу мөөнөтү айлар боюнча, учурдагы жылга лицензияга ээлик кылуу көрсөтүлөт;
- 7-графада жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын аянтынын өлчөмү (квадрат метр менен) көрсөтүлөт;
- 8-графада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 449 "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкаларын жана жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун 2-тиркемесине ылайык пайдалуу кендерди издөөдө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкалары, 3-тиркемесине ылайык пайдалуу кендерди чалгындоодо жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкалары көрсөтүлөт;
- 9-графада төмөнкү эсептешүү көрсөткүчү (МЭК), атап айтканда "Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ЭК - эсептешүү көрсөткүчү - 100 сом көрсөтүлөт;
- 10-графада жыйымдын суммасы (7-графа х 8-графа х 9-графа) формуласы боюнча көрсөтүлөт;
- 11-графада жыйымдын суммасы ай үчүн (10-графа/12 айга) формуласына ылайык көрсөтүлөт, атап айтканда жылдык сумма 12 айга бөлүнөт (жылы бою төлөнүүчү сумма айлар боюнча бөлүштүрүлөт);
- 12-графада (11-графа х 12-графа) формуласына ылайык жыйымдын иш жүзүндөгү суммасы көрсөтүлөт, атап айтканда алынган маани ээлик кылуу айларынын иш жүзүндөгү санына көбөйтүлөт жана тиешелүү айлар боюнча бөлүштүрүлөт;
- 512-уячада 12-графадагы жыйымдын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт, андан кийин төлөм милдеттенмесинин өзгөрүүлөрүн эске алуу менен ээлик кылган айлары боюнча жыйымдын суммасы коюлат;
- 500-511-уячаларга учурдагы төлөм мезгилинин ичинде лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын суммасы бирдей үлүштөр менен толтурулат жана отчеттук айдан кийинки айдын 20сынан кечиктирилбеген мөөнөттө ай сайын төлөнөт.
43. Лицензияга календардык жылдан аз ээлик кылынган учурда лицензияга иш жүзүндө ээлик кылуу жыйымынын суммасы, башкача айтканда жыйымдын жылдык суммасы 12 айга бөлүнөт, андан кийин алынган маани лицензияга ээлик кылуу айларынын иш жүзүндөгү санына көбөйтүлөт.
Оңдоо же кайра эсептөө учурунда такталган эсеп берилет, төлөөчүнүн милдеттенмесинин өзгөрүүлөрүн эске алуу менен ээлик кылуу айлары боюнча жыйымдын суммасы коюлат.
7-глава. Иштеп чыгууда (иштерди жүргүзүү
баскычында) жер казынасын пайдалануу укугуна
лицензияларды кармоо үчүн жыйым боюнча отчетту
толтуруу жана берүү тартиби
44. Жыйымдын отчету СК аркылуу берилет, электрондук документ төлөөчүнүн электрондук колтамгасы менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Төлөөчү жыйым боюнча отчеттун салык органы тарабынан алынганы жөнүндө маалыматты СК аркылуу алат. Жыйымдын отчетун берүү тартиби жөнүндө толук маалымат электрондук түрдө ыйгарым укуктуу салык органынын сайтында www.sti.gov.kg жайгаштырылат.
45. Иштеп чыгууда (иштерди жүргүзүү баскычында) жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйым боюнча отчетто - FORM STI-177 ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулуучу бөлүмдөр:
- 001 уячасында - "алгачкы" "X" белгиси менен көрсөтүлөт, отчет биринчи жолу тапшырылып жатса;
- "такталган" "X" белгиси менен көрсөтүлөт, операциялар көрсөтүлбөгөн же толук эмес көрсөтүлгөн факт аныкталган учурда, ошондой эле мүлк объектине календардык жылдан аз ээлик кылынган, каталар болгон учурда жана төлөмдүн суммасынын өзгөрүшүнө алып келүүчү учурларда мурда берилген алгачкы эсептөөгө өзгөртүүлөр киргизилсе;
- эгерде отчет төлөөчү жоюлгандыгына байланыштуу тапшырылган учурда "X" белгиси түрүндөгү белги "жоюлуучу" уячасына коюлат;
- отчеттун төмөнкү бөлүгүндө отчетко кол койгон адамдын толук аты, фамилиясы, атасынын аты көрсөтүлөт;
- 901-уячада салык органы отчетту кабыл алган дата көрсөтүлөт;
- 902-уячада отчетту кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.
46. I бөлүм. Төлөөчү жөнүндө маалымат:
- 102-уячада төлөөчүнүн идентификациялык салык номери көрсөтүлөт;
- 103-уячада жер казынасын пайдалануу объектинин аталышы көрсөтүлөт;
- 104-уячада салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;
- 105-уячада лицензиянын номери көрсөтүлөт;
- 107-уячада төлөөчүнү каттоо учурунда статистика органы тарабынан ыйгарылган ИУРК коду көрсөтүлөт;
- 112-уячада төлөөчүнүн иш жүзүндө жайгашкан жери боюнча почта бөлүмүнүн индекси көрсөтүлөт;
- 113-уячада төлөөчү иш жүзүндө турган калктуу конуштун аталышы (облус, район, шаар, айыл) көрсөтүлөт;
- 114-уячада көчө, кичи район, үйдүн, офистин, батирдин №) көрсөтүлөт;
- 115-уячада байланыш телефону көрсөтүлөт;
- 116-уячада электрондук почта дареги көрсөтүлөт;
- 117-уячада бюджеттин түрү көрсөтүлөт: республикалык, жергиликтүү;
- 201-уячада жыйымдын отчету бериле турган отчеттук мезгилдин башталган датасы көрсөтүлөт (күнү, айы жана жылы);
- 202-уячада отчет бериле турган отчеттук мезгилдин акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт (күнү, айы жана жылы);
- 203-уячада лицензиянын колдонуу мөөнөтүнүн башталган датасы (күнү, айы жана жылы) көрсөтүлөт;
- 204-уячада лицензиянын колдонуу мөөнөтүнүн акыркы күнүнүн датасы көрсөтүлөт (күнү, айы жана жылы).
47. II бөлүм. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөө:
- 1-графада пайдалуу кендердин түрлөрү көрүнүп калуучу тизме аркылуу көрсөтүлөт;
- 2-графада бюджеттин түрү көрсөтүлөт - республикалык же жергиликтүү;
- 3-графада жер тилкесинин жайгашкан жери (шаар, айыл аймагы) көрсөтүлөт;
- 4-графада лицензияга ээлик кылуу мөөнөттөрү (жыл) көрсөтүлөт;
- 5-графада уячаларда лицензияда көрсөтүлгөн аянттын өлчөмү квадрат метр менен көрсөтүлөт;
- 6-графада Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 449 "Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын ставкаларын жана жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомунун 4-тиркемесине ылайык квадрат метр үчүн жана жылдар боюнча жыйымдын ставкасы көрсөтүлөт;
- 7-графада эсептешүү көрсөткүчү (МЭК), тактап айтканда ЭК - "Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эсептешүү көрсөткүчү - 100 сом көрсөтүлөт;
- 8-графада жыйымдын суммасы (5-графа х 6-графа х 7-графа) көрсөтүлөт;
- 9-графада лицензиялык макулдашуунун шарттары боюнча пайдалуу кенди бир жылдык казып алуу көрсөтүлөт;
- 10-графада бир жылда иш жүзүндөгү казып алуу көрсөтүлөт;
- 11-графада лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткаруу % менен (10-графа / 9-графа х 100%) көрсөтүлөт;
- 12-графада лицензиялык макулдашуунун шарттары аткарылбагандыгы % менен (9-графа - 10-графа) көрсөтүлөт;
- 13-графада жыйымдын суммасы (8-графа х 12-графа) көрсөтүлөт;
- 512-уячада жыйымдын жыйынтык суммасы көрсөтүлөт;
- 500-511-уячаларга иштетүүдө (иштерди жүргүзүү баскычында) лицензияларды кармоо үчүн жыйымдын суммасы учурдагы төлөм мезгилинин ичинде бирдей үлүштөр менен толтурулат.
| Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибине 1-тиркеме |
20___-жылга пайдалуу кен чыккан жерлерди издөөдө,
чалгындоодо жана иштетүүдө (долбоорлоо
баскычында) лицензияны кармоо үчүн жыйымды
эсептөө (кайра эсептөө/корректировка)
Жыйымды эсептөөнү түзүү датасы 20___-жылдын "___" ______________
Лицензиянын номери |
| ||||||||||||
Лицензиянын берилген датасы |
| ||||||||||||
Төлөөчүнүн (жер казынасын пайдалануучунун) аталышы |
| ||||||||||||
Идентификациялык салык номери |
| ||||||||||||
Эсептик каттоосу боюнча аймактык салык органынын коду |
| ||||||||||||
Жер казынасын пайдалануу объекттин аталышы |
| ||||||||||||
Пайдалуу кендин түрү |
| ||||||||||||
Жер казынасын пайдалануунун түрү (издөө, чалгындоо) |
| ||||||||||||
Аянттын өлчөмү (га, км2) |
| ||||||||||||
Лицензиянын статусу (жаңылоо, калыбына келтирүү, токтотуу (жокко чыгаруу), трансформациялоо, лицензияны өткөрүп берүү) |
| ||||||||||||
Жер казынасын пайдалануу объектти жайгашкан ордунун административдик орду ("Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык) | Облус |
| |||||||||||
Район |
| ||||||||||||
Айыл аймагы |
| ||||||||||||
Бюджеттин түрү | Республикалык |
| |||||||||||
Жергиликтүү |
| ||||||||||||
Лицензияны кармоо мөөнөтү | жыл | ||||||||||||
1 (га, км2) үчүн кармоонун ставкасы |
| ||||||||||||
____-жылга лицензияны кармоо үчүн жыйым |
| жыл | |||||||||||
____-жылдан ____-жылга чейинки мезгил үчүн эсептелет |
| ЭК(*) | |||||||||||
Лицензияны кармоонун бардык мөөнөтүндөгү айлардын саны |
| ай | |||||||||||
Ар бир ай үчүн төлөм |
| сом | |||||||||||
Лицензияны кармоо үчүн сумма |
| жыл | |||||||||||
Лицензияны кармоонун бардык мөөнөтү үчүн лицензияны кармоонун суммасы |
| сом | |||||||||||
20___- жылга лицензияны кармоо үчүн сумма | Айы | Январь | Февраль | Март | Апрель | Май | Июнь | Июль | Август | Сентябрь | Октябрь | Ноябрь | Декабрь |
Төлөмдүн суммасы (сом) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |
Түзүлдү: | |||||||||||||
Ээлеген кызмат орду: | колу | аты-жөнү | |||||||||||
|
|
| |||||||||||
М.О. |
|
| |||||||||||
|
|
| |||||||||||
Байланыш телефону |
|
| |||||||||||
|
|
| |||||||||||
Макулдашылды: |
|
| |||||||||||
Ээлеген кызмат орду | колу | аты-жөнү | |||||||||||
Жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО |
|
| |||||||||||
|
|
| |||||||||||
Эскертүү: *. Пайдалуу кен чыккан жерлерди издөөдө, чалгындоодо жана иштетүүдө (долбоорлоо баскычында) лицензияны кармоо үчүн жыйымдын эсеби салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу учурдагы жылдын 1-апрелине чейин тапшырылат. Жер казынасын пайдалануу боюнча ЫМО милдеттенменин суммасынын өзгөрүшүнө алып келген чечим кабыл алган учурларда салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу такталган эсеп тапшырылат. (*) ЭК - "Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эсептешүү көрсөткүчү. Жыйым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине түздөн-түз төлөнөт. Мында: 1) эгерде лицензиялык аянт бир нече административдик-аймактык бирдиктин аймагында жайгашса, жыйым ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эсебине тигил же бул административдик-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан аянтка пропорциялуу төлөнөт; 2) эгерде лицензиялык аянт же анын бир бөлүгү айыл аймагынын, шаардын чек араларына кирбесе, анда мындай лицензиялык аянт боюнча жыйымдар республикалык бюджетке жиберилет | |||||||||||||
| 2-тиркеме |
| Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибине 3-тиркеме |
Отчеттук 20___-жылга пайдалуу кен чыккан
жерлерди иштетүүдө (иштерди жүргүзүү баскычында)
лицензияны кармоо үчүн жыйымдын
отчету (оңдоо)
Жыйымдын отчетун түзүү датасы 20___-жылдын "___" ______________
Лицензиянын номери |
| |||||||||||||||
Лицензиянын берилген датасы |
| |||||||||||||||
Төлөөчүнүн (жер казынасын пайдалануучунун) аталышы |
| |||||||||||||||
Идентификациялык салык номери |
| |||||||||||||||
Эсептик каттоо боюнча аймактык салык органынын коду |
| |||||||||||||||
Объекттин аталышы |
| |||||||||||||||
Жер казынасын пайдалануу түрү | Иштетүү | |||||||||||||||
Аянттын өлчөмү (га, км2) |
| |||||||||||||||
Жер казынасын пайдалануу объектинин административдик жайгашкан жери ("Кыргызмамжердолбоорлоо" жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын маалыматына ылайык) | Облус |
| ||||||||||||||
Район |
| |||||||||||||||
Айыл аймагы |
| |||||||||||||||
Лицензияны кармоо мөөнөтү |
| жыл | ||||||||||||||
1 га үчүн кармоо ставкасы |
| ЭК(*) | ||||||||||||||
20___-жылга лицензияны кармоо үчүн жыйым түзөт: |
| сом | ||||||||||||||
Лицензиялык макулдашуунун шарттары боюнча пайдалуу кендерди бир жылдык казып алуу |
| м3 | ||||||||||||||
20___-жылга пайдалуу кенди иш жүзүндө казып алуу |
| м3 | ||||||||||||||
Лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткаруу |
| % | ||||||||||||||
Лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткарбоо |
| % | ||||||||||||||
Жалпы: |
| сом | ||||||||||||||
20___- жылга лицензияны кармоо үчүн сумма | Айы | Январь | Февраль | Март | Апрель | Май | Июнь | Июль | Август | Сентябрь | Октябрь | Ноябрь | Декабрь | |||
| Төлөмдүн суммасы (сом) |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||
Түзүлдү: | ||||||||||||||||
Ээлеген кызмат орду | колу | аты-жөнү | ||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||
| М.О. |
|
| |||||||||||||
|
|
|
| |||||||||||||
| Байланыш телефону |
|
| |||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||
Макулдашылды: |
|
| ||||||||||||||
Ээлеген кызмат орду | колу | аты-жөнү | ||||||||||||||
Жер казынасын пайдалануу боюнча УМО |
|
| ||||||||||||||
|
|
| ||||||||||||||
Эскертүү: | ||||||||||||||||
Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө (иштерди жүргүзүү баскычында) жыйымдын отчету салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу берилет жана жыйымды төлөө 1-мартка чейин жүргүзүлөт. Милдеттенменин суммасынын өзгөрүшүнө алып келген жер казынасын пайдалануу боюнча УМО чечими кабыл алынган учурда салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу такталган отчет берилет. (*) ЭК - "Эсептешүү көрсөткүчү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык эсептешүү көрсөткүчү. Жыйымды төлөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетине түздөн-түз жүргүзүлөт. Мында: 1) эгерде лицензиялык аянт бир нече административдик-аймактык бирдиктердин аймагында жайгашкан болсо, жыйымды төлөө ар бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын эсебине тигил же бул административдик-аймактык бирдиктин аймагында жайгашкан аянтка пропорциялуу түрдө жүргүзүлөт; 2) эгерде лицензиялык аянт же анын бөлүгү айылдык аймактын, шаардын чек араларына кирбесе, анда мындай лицензиялык аянт боюнча жыйымдар республикалык бюджетке жөнөтүлөт | ||||||||||||||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| 4-тиркеме |
| Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибине 5-тиркеме |
20___-жылдын _____ айы үчүн пайдалуу кен чыккан жерлерди издөөдө, чалгындоодо жана
иштетүүдө (долбоорлоо стадиясында) лицензияны кармоо үчүн жыйымды төлөөчүлөр
жөнүндө кварталдык маалымат
№ | Төлөөчүнүн (жер казынасын пайдалануучунун) аталышы | ИСН | Эсептик каттоо боюнча аймактык салык органынын коду | Айыл өкмөтүнүн аталышы | Жер казынасын пайдалануунун түрү (издөө, чалгындоо, иштетүү) | Пайдалуу кендин түрү | Лицензиянын баштапкы, жаңыртуу, калыбына келтирүү, токтотуу (жокко чыгаруу), трансформациялоо статусу, лицензияны өткөрүп берүү | Лицензиянын номери | Лицензияны колдонуу мөөнөтү | Аянттын өлчөмү км² | Жылдар боюнча квадрат км, га үчүн жыйымдын ставкасы | МЭК | Жыл үчүн жыйымдын жалпы суммасы = (11-гр. * 12-гр. * 13-гр.) | Бир ай үчүн жыйымдын суммасы = (14-гр. / 12 ай) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ээлеген кызмат орду |
| Кызмат адамынын аты-жөнү |
|
|
|
МО. |
|
|
|
|
|
Байланыш телефон номери |
|
|
| Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды кармоо үчүн жыйымды эсептөө, төлөө жана жыйым боюнча карызды өндүрүү тартибине 6-тиркеме |
Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө (иш жүргүзүү баскычында) лицензияларды кармоо үчүн
жыйымды төлөөчүлөр боюнча 20____-жылдын _____ айы үчүн маалымат
№ | Төлөөчүнүн (жер казынасын пайдалануучунун) аталышы | ИСН | Эсептик каттоо боюнча аймактык салык органынын | Бюджеттин түрү (республикалык, жергиликтүү) | Жер пайдалануунун түрү (издөө, чалгындоо, иштетүү) | Пайдалуу кендин түрү | Лицензиянын номери | Лицензияны колдонуу мөөнөтү (айлардын жалпы | Айыл өкмөтүнүн аталышы | Аянттын өлчөмү, км2 | Жыйымдын ставкасы кв. км, га, жылдар боюнча | МЭК | Лицензияны кармоо жана отчеттук жыл үчүн жыйым = (11-гр. * 12-гр. * 13-гр.) | Жыйымдын айлык суммасы = (14-гр. / 12 ай) | Отчеттук жыл үчүн жылдык казып алуу | Отчеттук жыл үчүн иш жүзүндө казып алуу | Лицензиялык макулдашуунун шарттарынын аткарылышы % менен | Лицензиялык макулдашуунун шарттарынын аткарылбаганы % менен | Шарттар боюнча лицензияны кармоо үчүн жыйымдын суммасы | Жыйымдын иш жүзүндөгү суммасы бир айга |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | 13 | 14 | 15 | 16 | 17 | 18 | 19 | 20 | 21 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Ээлеген кызмат орду |
| Кызмат адамынын аты-жөнү |
|
|
|
МО. |
|
|
Байланыш телефон номери |
| ". |