Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САНАРИПТИК ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 29-октябры № 3-д
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык
технологиялар министрлигинин системасында коррупциянын келип
чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин
бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-майындагы № 293 “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча айрым чаралар тууралуу” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын берүү жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2016-жылдын 18-майындагы № 281 буйругу менен бекитилген Коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу боюнча методикалык колдонмону жетекчиликке алуу менен буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин системасындагы коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрү коррупциялык схемаларды ишке ашырууну кыйындаткан тоскоолдуктарды киргизүү максатында бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин тиешелүү планын иштеп чыгуу үчүн коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин Корпоративдик коопсуздук жана коррупцияны алдын алуу башкармалыгына киргизишсин.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин басма сөз кызматы үч күндүк мөөнөттө ичинде ушул буйрук менен бекитилген Тизмекти Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин ведомстволук сайтына жайгаштырсын.
4. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин Корпоративдик коопсуздук жана коррупцияны алдын алуу башкармалыгынын коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуусу:
- эки айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин системасындагы коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу боюнча пландын долбоорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча комиссиясынын кароосуна киргизсин.
- ушул буйруктун көчүрмөсүн төмөнкүлөргө жиберсин:
расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде эки нускадагы көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн;
расмий жарыяланган күндөн тартып үч иш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн.
5. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин 2024-жылдын 12-сентябрындагы № 4-д “Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министринин орун басары А. Омор уулуна жана Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин Чечимдерди аткарууну контролдоо жана инспекциялык иштер башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2025-жылдын 30-октябрында https://digital.gov.kg/wp-content/uploads/2025/10/bujruk.pdf расмий сайтында жарыяланды
Министри | А.С. Жамангулов |