Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 21-ноябрындагы № 10-1/323 буйругу менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын мелиорацияланган
жерлеринин туздуулугун изилдөөнү жүргүзүү жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 107-т тескемеси менен бекитилген 2024-2028–жылдарга карата Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасына, ошондой эле жерди рационалдуу пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан.
2. Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, “Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында жерлердин абалына жана асылдуулугуна таасир этүүчү терс процесстердин кесепеттерин өз убагында аныктоого, алдын алууга жана жоюуга багытталган кыртыштын туздуулугун жана шордуулугун изилдөө боюнча иш-чаралар жүзөгө ашырылууда.
3. Бул Жобо Кыргыз Республикасындагы мелиорацияланган жерлеринин туздуулугун изилдөө боюнча максаттарын, милдеттерин, объекттерин, уюштурууну жана бул процесстин катышуучуларынын укуктары менен милдеттерин аныктайт.
4. Туздуулукту изилдөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кыргызмамжердолбоорлоо” жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын топурак жана агрохимиялык станциялары (ыйгарым укуктуу орган), ошондой эле илимий-изилдөө, билим берүү мекемелери жана адистештирилген уюмдар тарабынан уюштурулат жана жүргүзүлөт.
Зарыл болгон учурда туздуулукту изилдөө Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматы менен өз ара байланышта жүзөгө ашырылат.
2. Бул Жободо колдонулган түшүнүктөр:
5. Ушул Жободо колдонулган түшүнүктөр төмөнкүлөр:
- туздуулукту изилдөө – жерди сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну жана мелиорациялык иш-чараларды пландаштырууну камсыз кылуу максатында туздуу жана шордуу кыртыштарды аныктоого, каттоого жана картага түшүрүүгө, ошондой эле алардын абалын байкоого (көзөмөлдөөгө) багытталган иш чаралардын системасы;
- туздуулукту изилдөө – кыртыштагы курамды аныктоо:
1) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшүнө, өнүгүшүнө жана түшүмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизген жеңил эрүүчү туздар (суу тундурмасынын анализинин жыйынтыктары боюнча);
2) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн өсүшүнө, өнүгүшүнө жана түшүмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизген алмашуучу натрий (сиңирүү сыйымдуулугунун жана сиңирилген натрийди анализдеринин жыйынтыктары боюнча);
- туздуулуктун картограммасы – изилденген аймакта туздардын таралышын визуалдык баалоо жана мелиорациялык, агротехникалык иш-чараларды пландаштырууда колдонууга мүмкүндүк берүүчү, кыртыштын туздуулугунун деңгээлин түстүү градацияда чагылдырган карта;
- шордуулуктун картограммасы–изилденүүчү аймакта кыртыштын туздуулугунун таралышын жана даражасын чагылдыруучу, алардын касиеттерин көрүп баалоого жана мелиорацияланган жана агротехникалык иш-чараларды пландоодо пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү карта;
- кыртыш геомаалыматтык система – маалыматтарды чогултуу, иштетүү, талдоо, моделдөө жана чагылдыруу, ошондой эле санарип картографиялык, аналогдук жана тексттик маалыматты колдонуу менен маалыматтык жана эсептөө маселелерин чечүү үчүн багытталган автоматташтырылган система;
- айдоо жери – айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлүүчү жерлер;
- көп жылдык мөмөлүү өсүмдүктөр – мөмө-жемиш, жүзүм, техникалык жана башка көп жылдык өсүмдүктөр өскөн аянттар;
- кысыр аңыз жерлери – мурда айдоо катары пайдаланылган жана бир жылдан ашык убакыт бою пайдаланылбаган жери;
- жайыт – мал жаюуда тоют түрүндө жана башка максаттар үчүн пайдаланылуучу чөп баскан айыл чарба жерлеринин түрү;
- кыртыш-жандуу жана жансыз жаратылышка мүнөздүү бир катар касиеттерге ээ болгон, суунун, абанын жана организмдердин биргелешкен таасиринин астында литосферанын үстүңкү катмарларынын кайра түзүлүшүнүн натыйжасында пайда болуучу генетикалык жактан байланышкан горизонттордон (кыртыш профилин түзөт) турган өзгөчө жаратылыштык түзүлүш.
3. Туздуулукту изилдөөнүн максаттары жана милдеттери
6. Туздуулукту изилдөөнүн негизги максаттары сапаттык жана сандык эсепке алуу болуп саналат:
- туздуу жана шор кыртыштын химиялык курамын, деңгээлин жана даражасын аныктоо;
- туздуу жана шорлуу жерлердин мүнөзүн, аянтын жана мейкиндиктеги таралышын (инвентаризациясын) аныктоо;
- туздуулук менен шордуулуктун өзгөрүү динамикасын аныктоо;
- туздардын терс таасирин жок кылууга жана жер ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылууга багытталган илимий негизделген агромелиорациялык иш-чараларды иштеп чыгуу.
7. Туздуулукту изилдөөнүн негизги милдеттери:
- туздуулуктун жана шордуулуктун белгилери бар жерлерди изилдөө жана эсепке алуу;
- туздуу жана шордуулуктун картограммаларын түзүү;
- кыртыш үлгүлөрүнүн лабораториялык анализин жүргүзүү;
- мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүү жана мелиорациялык иш-чараларды пландаштыруу үчүн маалыматтарды берүү.
4. Туздуулукту изилдөөнүн объекттери
8. Туздуулукту изилдөөнүн объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- айдоо жерлери;
- көп жылдык мөмөлүү өсүмдүктөр ээлеген жерлер;
- кысыр аңыз жерлери;
- жайыт жерлери.
9. Туздуулукту изилдөөнүн жер менчигинин формасына, ведомстволук таандыктыгына жана башкаруу түзүмүнө карабастан жүргүзүлөт.
5. Уюштуруу жана өткөрүү тартиби
10. Туздуулукту изилдөө пландуу негизде, бекитилген мамлекеттик жана региондук программаларга, ыйгарым укуктуу органдардын атайын тапшырмаларына жана чарба жүргүзүүчү субъекттердин кайрылууларына ылайык жүргүзүлөт.
11. Иштерди жүргүзүү төмөнкү этаптарды камтыйт:
- даярдоо жумуштары (мурунку изилдөө маалыматтарын чогултуу жана талдоо, иштердин программасын иштеп чыгуу, изилдөө тилкелерин аныктоо);
- талаа жумуштары (кыртыштын үлгүлөрүн алуу, туздуулук белгилерин аныктоо, инструменталдык өлчөөлөр);
- кыртыштын үлгүлөрүн лабораториялык талдоо;
- камералдык иштери (талаа жана лабораториялык изилдөө маалыматтарын иштеп чыгуу, туздуулук жана шордуулук картограммаларын, аналитикалык отчетторду түзүү).
12. Туздуулукту изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча төмөнкүлөр түзүлөт:
- кыртыштын туздуулугу жана шордуулугунун картограммалары;
- аналитикалык таблицалар жана түшүндүрмө жазуулар;
- мелиорациялык иш-чаралар боюнча сунуштар.
13. Туздуулукту изилдөөнүн материалдары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга берилүүгө тийиш жана мамлекеттик жер кадастрын жүргүзүү, жерлердин мониторинги жана жерди сарамжалдуу пайдалануу программаларын иштеп чыгуу үчүн пайдаланылат.
6. Катышуучулардын укуктары жана милдеттери
14. Туздуулукту изилдөөнү жүргүзгөн уюмдар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- иштерди колдонуудагы ыкмаларга жана стандарттарга ылайык жүргүзүүгө;
- алынган маалыматтардын тактыгын камсыз кылууга;
- жыйынтыктарды белгиленген мөөнөттө ыйгарым укуктуу органдарга берүүгө.
15. Жер пайдалануучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- изилденген жер тилкелерине кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга;
- талаа иштерин жүргүзүүгө жана кыртыштын үлгүлөрүн алууга тоскоолдук кылбоого;
- чарбалык иш-аракеттерди жүргүзүүдө изилдөөнүн жыйынтыктарын эске алууга.
16. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар төмөнкүлөргө укуктуу:
-Туздуулукту изилдөөнү жүргүзүү үчүн контролду жүзөгө ашырууга;
- анын жыйынтыктарын жерлердин мамлекеттик мониторингин жүргүзүү, мелиоративдик иш-чараларды жана жерди сарамжалдуу пайдалануу программаларын иштеп чыгуу үчүн колдонуу.
7. Корутунду жоболор
17. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын мелиорацияланган жерлеринде иш жүргүзгөн бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар үчүн милдеттүү.
18. Ушул Жобонун аткарылышын контролдоо жер ресурстары жаатындагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына жүктөлөт.
8. Талаш-тартыштарды чечүү тартиби
19. Ыйгарым укуктуу орган менен жер тилкесинин ээси жана (же) жер пайдаланууучулардын ортосундагы талаш-тартыштарды чечүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.