Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖЕР РЕСУРСТАРЫ, КАДАСТР, ГЕОДЕЗИЯ ЖАНА КАРТОГРАФИЯ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК
БУЙРУК
2025-жылдын 21-ноябры № 10-1/323
Кыргыз Республикасынын мелиорацияланган
жерлерине туздуулукту изилдөөнү жүргүзүү боюнча жобону жана
Методикалык көрсөтмөлөрдү бекитүү жөнүндө
“Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-февралындагы № 53 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик жөнүндө жобонун 18-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Кыргыз Республикасынын мелиорацияланган жерлеринин туздуулугун изилдөөнү жүргүзүү жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
– Кыргыз Республикасынын мелиорацияланган жерлеринин туздуулугун изилдөөнү жүргүзүү боюнча методикалык көрсөтмөлөр 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары – Жер агенттиги) санариптик трансформация башкармалыгы ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө” токтомуна ылайык, анын расмий жарыяланышын камсыз кылсын.
3. Жер агенттигинин жер кадастры, каттоо жана чечимдерди даярдоо башкармалыгы ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде, анын мамлекеттик жана расмий тилдердеги көчүрмөсүн электрондук алып жүрүүчүдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын укуктук маалыматтын борборлоштурулган банкына киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Ушул буйрук кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
2025-жылдын 24-ноябрында https://gosreg.gov.kg/wp-content/uploads/2025/11/bujruk24.pdf расмий сайтында жарыяланды
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Жер агенттигинин директорунун орун басары Т.Дж. Джеембаевге жүктөлсүн.
Директор | Э.Ж. Зарнаев |