Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 8-декабрындагы № 787
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2011-жылдын 15-августундагы № 467 токтому менен бекитилген |
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 334, 2014-жылдын 22-августу № 478, 2014-жылдын 26-августундагы № 485, 2023-жылдын 13-январындагы № 9 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана ал өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдерин баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын милдеттүү түрдө сакташын белгилейт.
2. Өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдерин төмөнкүдөй максаттарда сактоо керек:
- базанын кирешелүү жана туруктуу өсүшүн камсыз кылуу;
- баалуу кагаздар менен жасалган операциялардын кооптуулугун азайтуу;
- кесипкөй катышуучулардын иши менен байланышкан чыгымдарды жана жоготууларды өз учурунда жаап туруу;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына карата болгон инвесторлордун ишеничин жогорулатуу.
3. Өздүк каражаттардын реалдуу жетиштүүлүгүн баалоо учурунда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Жободо белгиленген нормативдик көрсөткүчтөрдөн тышкары төмөнкүдөй башка көрсөткүчтөрдү да эске алат:
- башкаруунун сапаты;
- баалуу кагаздар боюнча мыйзамдардын сакталышы;
- тындыруучулугу;
- экономикалык жалпы жагдайлар.
4. Өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдерин эсептөө бухгалтердик эсептин белгиленген нормалары боюнча түзүлгөн бухгалтердик отчеттун маалыматтарынын негизинде кесипкөй катышуучулар тарабынан жүргүзүлөт жана ар бир квартал сайын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет.
2. Өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү
(Бөлүм КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 334 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Баалуу кагаздар рыногундагы кесипкөй иштин тиешелүү түрү үчүн баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун өздүк каражаттары ушул Жобонун 6 жана 8-пункттарында белгиленген уставдык капиталдын эң аз өлчөмүнөн кем болбошу керек.
6. Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун уставдык капиталынын эң аз өлчөмү төмөнкү чоңдуктардан кем болбошу керек:
депозиттик иштики - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген 200000 эсептик көрсөткүчтөн;
баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруу боюнча иштики - 500000 эсептик көрсөткүчтөн;
инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча иштики - 50000 эсептик көрсөткүчтөн;
дилердик иштики - 15000 эсептик көрсөткүчтөн;
брокердик иштики - 80000 эсептик көрсөткүчтөн;
баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жүргүзүү боюнча иштики 20000 эсептик көрсөткүчтөн;
инвестициялык фонддун ишиники - 10000 эсептик көрсөткүчтөн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 9 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Топтомо пенсиялык фонддун башкаруучу компаниясынын өздүк каражаттарынын эң аз өлчөмү төмөнкүлөрдү түзөт:
┌─────────────────────────────────────┬───────────────────────────────┐
│ Башкаруучу компанияда ишенимдүү │ Башкаруучу компаниянын өздүк │
│ башкарууда турган активдердин │ каражаттарынын эң аз өлчөмү │
│ жалпы суммасы │ │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│100 млн. сомго чейин │100000 эсептик көрсөткүч │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│100 млн. сомдон 300 млн. сомго чейин │300000 эсептик көрсөткүч │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│300 млн сомдон 600 млн. сомго чейин │400000 эсептик көрсөткүч │
├─────────────────────────────────────┼───────────────────────────────┤
│600 млн. сомдон жогору │500000 эсептик көрсөткүч │
└─────────────────────────────────────┴───────────────────────────────┘
Башкаруучу компанияда ишенимдүү башкарууда турган активдердин жалпы суммасы ага ишенимдүү башкарууга берилген топтолгон пенсиялык каражаттар инвестицияланган активдердин учурдагы рыноктук наркы катары аныкталат. Активдердин учурдагы рыноктук наркы рыноктук котировканын негизинде же рыноктогу баалардын (котировканын) деңгээлинде активдерди салыштырып баалоо ыкмасы боюнча көз каранды эмес баалоочулардын корутундуларынын негизинде аныкталат.
Башкаруучу компания тейлеген активдердин көлөмүнө (наркына) карата алардын өздүк каражаттарынын жетиштүүлүгү, ошондой эле башкаруучу компанияда ишенимдүү башкарууда турган активдердин жалпы суммасына карата башкаруучу компаниянын өздүк каражаттарынын жетиштүүлүгү аныктала турган отчеттук күн болуп кварталдын акыркы календарлык күнү саналат.
8. Баалуу кагаздар боюнча кесипкөй иштердин бир нече түрлөрүн айкаштыруу шартында иш жүргүзүлгөндө баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун уставдык капиталынын эң аз өлчөмү иштин кайсыл түрүндө уставдык капиталдын эң аз өлчөмү кыйла жогору белгиленсе, ошого коюлуучу талаптарга жараша аныкталат.
9. Финансылык туруктуулукту камсыздоо, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусундагы өтүмдүү активдерди баалоо максатында учурдагы өтүмдүүлүк коэффициенти белгиленген.
Учурдагы өтүмдүүлүк коэффициенти жогорку өтүмдүү активдердин учурдагы милдеттенмелердин суммасына карата катышы менен аныкталат жана төмөнкү формула менен туюндурулат:
К = ЖА / Ум, мында:
ЖА - жогорку өтүмдүү активдердин суммасы, ага төмөнкүлөр кирет:
1) кассадагы акчалар;
2) коммерциялык банктардын алыш-бериш эсептериндеги акча каражаттар;
3) депозиттер;
4) мамлекеттик баалуу кагаздар.
Ум - учурдагы милдеттенме, тактап айтканда баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу ишкананын кадыресе операциялык циклинин алкагында төлөйм деп болжолдогон, же отчеттук мезгил бүткөндөн кийин он эки айдын ичинде төлөнүүгө тийиш болгон кыска мөөнөттүү милдеттенмелер.
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын учурдагы өтүмдүүлүк коэффициенти 0,5тен кем болбошу керек.
10. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун өздүк каражаттарынын жетиштүүлүк коэффициенти баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун финансылык туруктуулугун камсыздоо максатында белгиленет.
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун өздүк каражаттарынын жетиштүүлүк коэффициенти төмөнкү формула менен эсептелет:
К = (ӨА-Жм) / УКЭӨ, мында:
ӨА - өтүмдүү активдер;
Жм - жыйынды милдеттенмелер;
УКЭӨ - баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун уставдык капиталынын эң аз өлчөмү.
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун өздүк каражаттарынын жетиштүүлүк коэффициенти 1 (бирден) кем болбоого тийиш.
11. ушул Жобонун максаттары үчүн жана анын алкагында баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун өтүмдүү активдери (ӨА) катары төмөнкү активдер таанылат:
1) акча, анын ичинде:
кассадагы акча, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун балансындагы активдердин суммасынын он пайызынан ашык эмес;
Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын учурдагы эсептериндеги акчалар;
баалуу кагаздардын депозитарий эсептериндеги акчалар;
"Standard & Poor's" агенттигинин эл аралык шкаласы боюнча узак мөөнөттүү жана/же кыска мөөнөттүү жеке рейтинги "ВВВ-" категориясынан төмөн болбогон, же "Moody's Investors Service", же "Fitch Ratings" рейтингдик агенттиктеринин ошондой деңгээлине барабар рейтингдеги резидент эмес банктардын учурдагы эсептериндеги акчалар;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздары (башка мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык эмиссиялангандар менен кошо) негизги карыздын жана чегерилген сыйлыктардын суммаларын эске алуу менен;
3) фондулук биржанын расмий тизмесине эң жогорку же эң жогоркудан кийинки категория боюнча киргизилген, баасы (наркы) таанылган рыноктук котировкалардын же мүлктү көз каранды эмес баалоочулардын корутундуларынын негизинде аныкталган юридикалык жактардын баалуу кагаздары;
4) аффинаждалган баалуу металлдар жана металлдык депозиттер;
5) баалуу кагаздар менен сооданы лицензиялуу уюштуруучулардын жана депозитарийдин баасы (наркы) таанылган рыноктук котировкалардын же мүлктү көз каранды эмес баалоочулардын корутундуларынын негизинде аныкталган акциялары;
6) дебитордук карыздар;
7) эсептешүү күнүнө карата баалоочунун обьектти рынок баасынын (котировканын) деңгээлинде салыштыруу ыкмасы менен баалоо жөнүндө бир жылдан ашык эмес убакыттагы отчету болгон шартта, бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча (чегерилген амортизацияны эсептеп чыгарып салгандан кийин) бааланып, бухгалтердик эсептин эрежелери боюнча уюм тарабынан негизги каражаттар катары кабыл алынган кыймылсыз мүлктөр жана транспорттук каражаттар.
Эгерде транспорт каражаттары уюм тарабынан ижарага же акысыз пайдаланууга берилбесе, анда өтүмдүү активдердин өлчөмүнүн эсебине киргизилиши мүмкүн.
11-1. Ушул Жобонун максаттары үчүн жана анын алкагында баалуу кагаздарды сатууну жана депозитардык ишти уюштуруу боюнча ишти жүзөгө ашыруучу баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын өтүмдүү активдери (ӨА) катары эсептелген амортизацияны эске алуу менен алардын негизги ишинде пайдаланылган программалык камсыздоо түрүндөгү материалдык эмес активдер таанылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-августундагы № 478 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун өтүмдүү активдеринин эсебине кабыл алынуучу финансылык салымдардын курамында төмөнкүлөр эске алынбайт:
1) эсептешүү күнүнө карата абал боюнча жоюлган же кудуретсиз (банкрот) деп таанылган, же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте банкроттук жол-жоболору киргизилген уюмдун финансылык салымдары;
2) өзүндө чыгарылган, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу сатып алган акциялар (үлүштөр);
3) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун аффилирленген жактары чыгарган акциялар (үлүштөр).
13. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун өтүмдүү активдеринин эсебине кабыл алынуучу дебитордук карыздын курамында төмөнкүлөр эске алынбайт:
1) эсептешүү күнүнө карата абал боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоюлган же кудуретсиз (банкрот) деп таанылган, же банкроттук жол-жоболору киргизилген жактардын карыздары;
2) акысыз берилген мүлктүн наркынан ашпаган суммадагы мүлктү баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусуна бекер берген жактардын карыздары, эгерде бекер берүү күнүнөн бери бир жылдан аз убакыт өтсө, ошондой эле уставдык (жыйналуучу) капиталдык салымдар боюнча же уюмдун мүлкүнө кошуучу салымдар боюнча уюштуруучулардын (акционерлердин, мүчөлөрдүн, катышуучулардын) карыздары;
3) мөөнөтү кечиккен же мөөнөтү узартылган карыздар;
4) дебитордук карыздар, эгерде милдеттенмени аткаруунун мөөнөтү аныкталбаса же талап кылуу учуру менен аныкталса;
5) баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун акционерлеринин, катышуучуларынын, аффилирленген жактарынын жана кызматкерлеринин карыздары;
6) чегинүү же новация келишиминин натыйжасында келип чыккан дебитордук карыздар.
14. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары топтолгон милдеттенмелердин өлчөмүн өздүк каражаттардын беш эсе көлөмүнөн ашпаган деңгээлде кармап турушу керек.
Топтолгон милдеттенмелерге төмөнкүлөр кирет:
- банктардын насыялары;
- алынган карыздар;
- бюджеттик эсептешүүлөр;
- социалдык камсыздандыруу боюнча эсептешүүлөр;
- эмгек акы боюнча эсептешүүлөр;
- сатып алуучулардан жана тапшырыкчылардан алынган аванстар;
- дивиденддер боюнча эсептешүүлөр;
- насыялык башка карыздар.
15. Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары чоңдугу дебитордук карыздардын жыйындысынын 5 пайызынан кем эмести түзгөн резервдик фондду түзүшү керек.
16. Бул Жобонун 14-15-пункттарынын талаптары баалуу кагаздар рыногунун коммерциялык банк болуп саналган кесипкөй катышуучуларына карата колдонулбайт.