Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2026-жылдын 22-январындагы № 10 тескемеси менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу
академиясынын Камкорчулар кеңеши жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Камкорчулар кеңешинин максаты жана милдеттери
3-глава. Камкорчулар кеңешинин компетенциялары
4-глава. Камкорчулар кеңешин түзүү
5-глава. Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги
6-глава. Камкорчулар кеңешинин ишин уюштуруу
7-глава. Камкорчулар кеңешинин жыйналыштары
8-глава. Камкорчулар кеңешинин өз ара аракеттенүүсү
9-глава. Камкорчулар кеңешинин ишин токтотуу
10-глава. Корутунду жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын (мындан ары – Академия) Камкорчулар кеңеши жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Академиянын уставына, башка ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыккан жана Академиянын Камкорчулар кеңешин түзүү, анын ишин жүргүзүү тартибин аныктайт.
2. Академиянын Камкорчулар кеңеши (мындан ары – Камкорчулар кеңеши) – юридикалык жактын статусуна ээ болбогон, “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте түзүлүүчү, Академиянын коллегиялуу башкаруу органы.
3. Камкорчулар кеңеши өз ишин үзгүлтүксүз негизде, анын курамына кирген бардык мүчөлөрдүн ишине ыктыярдуу жана акысыз катышуусу принциптеринде жүргүзөт.
4. Камкорчулар кеңеши коомдук башталышта иш алып барат жана Академиянын оперативдүү ишине кийлигишпейт.
2-глава. Камкорчулар кеңешинин максаты жана милдеттери
5. Камкорчулар кеңешинин максаттары Академиянын ишинин стратегиялык багыттарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү, ошондой эле Академиянын бюджеттен тышкаркы каражаттарын башкаруунун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана аларды пайдалануунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү болуп саналат.
6. Камкорчулар кеңешинин милдеттери төмөнкүлөргө көмөк көрсөтүү болуп саналат:
1) Академияны эл аралык деңгээлдеги билим берүү, илимий жана маданий борбор катары комплекстүү өнүктүрүүгө;
2) Академиянын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коом, бизнес-түзүмдөр жана эл аралык уюмдар менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнө;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген инвестицияларды жана кошумча каржылоо булактарын тартууга;
4) Академияны өнүктүрүү үчүн кошумча финансылык жана материалдык каражаттарды тартууга, анын ичинде Академиянын эндаумент-фондун толуктоого, ошондой эле аларды максаттуу пайдаланууга.
3-глава. Камкорчулар кеңешинин компетенциялары
7. Камкорчулар кеңеши:
1) Академиянын өнүгүүсүнүн стратегиялык программаларын иштеп чыгууга жана кабыл алууга көмөк көрсөтөт;
2) Академияны өнүктүрүү үчүн донорлорду (инвесторлорду, меценаттарды) жана каржылоонун башка булактарын издейт жана тартат;
3) Академияны өнүктүрүү үчүн тартылган бюджеттен тышкаркы каражаттардын чыгымдар сметасынын аткарылышын карайт;
4) Академиянын эндаумент-фондунун иши боюнча сунуштамаларды берет;
5) Академияны өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү финансылык моделин түзүүгө катышат;
6) Академиянын позитивдүү имиджин калыптандырууга көмөк көрсөтөт.
8. Камкорчулар кеңеши төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Академиянын ишин жакшыртуу жана анын уставдык иши жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө;
2) Камкорчулар кеңешинин жыйналышына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле башка кызыкдар уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди жана эксперттерди чакырууга;
3) Академиянын ректорунан мамлекеттик жана мыйзам менен корголуучу башка сырга тиешелүү маалыматты кошпогондо, ишти жүргүзүүгө байланышкан документтерди же башка маалыматты суроого;
4) зарыл болгон учурда Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен туруктуу жана/же убактылуу комиссияларды түзүүгө;
5) келишимдик негизде Академиянын ишине мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн консультанттарды, аудиторлорду, эксперттерди тартууга жана жумушчу топторду түзүүгө;
6) Академиянын эндаумент-фонду үчүн башкаруучуну/башкаруучу компанияны жалдоого;
7) аудитордук, фискалдык жана башка контролдоо органдары тарабынан Академияны текшерүүнүн жыйынтыктары менен таанышууга;
8) Академиянын эндаумент-фондунун байкоочу органдарына өзүнүн өкүлдөрүн жиберүүгө.
9. Камкорчулар кеңеши: 1) Камкорчулар кеңешинин бир жылга иш планын иштеп чыгат жана бекитет;
2) узак мөөнөттүү мезгилге Академияны өнүктүрүү программасын бекитет;
3) Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө жобону бекитет;
4) Академиянын бюджеттик чыгымдарынын орто мөөнөттүү стратегиясынын долбоорун карайт;
5) өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Академия менен тыгыз өз ара аракеттенүүдө жүргүзөт;
6) Академиянын иши жөнүндө коомчулукка маалымдоого көмөк көрсөтөт;
7) өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчетторду даярдайт;
8) Академиянын өнүгүүсү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген кошумча каржылоо булактарын тартууга көмөк көрсөтөт;
9) Академиянын уюштуруучусунун талабы боюнча өз иши жөнүндө отчетторду берет;
10) этика, купуялуулук жана кызыкчылыктардын кагылышынын жоктугу принциптерин сактайт;
11) Академиянын ректорунун сунуштарын карайт жана төмөнкүлөргө макулдук берет:
– Академиянын кызматкерлеринин жана тартылган адистердин эмгек акысын төлөөгө багытталган атайын эсептин каражаттарынын көлөмү, ошондой эле эмгек акы төлөө, материалдык дем берүү жана материалдык жардам көрсөтүү механизмдери жана өлчөмү жөнүндө;
– атайын жана донордук каражаттардын эсебинен сатып алынган Академиянын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн тескөөгө, ошондой эле мындай кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн алынган каражаттарды тескөөгө;
– товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга;
– юридикалык жактын укуктары менен түзүмдүк жана ведомстволук бөлүмдөрдү уюштурууга жана алардын уставдарын бекитүүгө;
12) Академиянын ректорунун жылдык отчетун кабыл алат.
4-глава. Камкорчулар кеңешин түзүү
10. Камкорчулар кеңеши 7 адамдан кем эмес санда жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, ата мекендик жана чет өлкөлүк илимий, билим берүү жана бизнес коомчулуктардын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн ичинен түзүлөт.
11. Камкорчулар кеңешинин курамы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин чечими менен бекитилет.
12. Камкорчулар кеңешинин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал бекитилген учурдан тартып 3 жылды түзөт. Бир эле адам чектөөсүз бир нече жолу Камкорчулар кеңешинин мүчөсү болууга укуктуу.
13. Камкорчулар кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөнкүдөй учурларда токтотулат:
1) ал шайланган мөөнөт аяктаганда;
2) өз каалоосу боюнча ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;
3) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашоочу жерге чыгып кеткенде;
4) ага карата соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
5) сот тартибинде аракетке жөндөмсүз, ошондой эле дайынсыз жоголгон же каза болгон деп таанылганда;
6) Академиянын же Камкорчулар кеңешинин имиджине шек келтирген этиканы бузганда;
7) медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогондо;
8) жүйөлүү себептерсиз Камкорчулар кеңешинин жыйналыштарына катары менен бештен ашык катышпаганда.
14. Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрүн мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынан үчтөн экисинин добушу менен кабыл алынат.
5-глава. Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрүнүн укуктары,
милдеттери жана жоопкерчилиги
15. Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) Академияда өткөрүлүүчү чогулуштарга жана жыйналыштарга келүүгө;
2) Камкорчулар кеңеши жана Академия түзгөн комиссиялардын, жумушчу топтордун ишине катышууга;
3) Камкорчулар кеңешинин төрагасынын жана башка мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотууну демилгелөөгө;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Академиянын уставында каралган башка укуктарга.
16. Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Камкорчулар кеңешинин жыйналышына келүүгө;
2) этика ченемдерин сактоого;
3) Камкорчулар кеңешинин чечимдерин аткарууга;
4) Камкорчулар кеңешиндеги ишин жеке коммерциялык кызыкчылыктарда колдонбоого;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Академиянын уставында белгиленген башка милдеттерди аткарууга.
17. Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү өзүнүн укуктарын жүргүзүүдө жана милдеттерин аткарууда Академиянын кызыкчылыгында иш алып барууга тийиш.
18. Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү алардын аракеттеринен (аракетсиздигинен) келтирилген зыян үчүн Академиянын алдында жоопкерчилик тартат. Ошол эле учурда зыян келтирген чечимге каршы добуш берген же добуш берүүгө катышпаган Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү жоопкерчилик тартпайт.
19. Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү ушул Жобонун ченемдерин жана башка ченемдик укуктук актыларды бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.
6-глава. Камкорчулар кеңешинин ишин уюштуруу
20. Камкорчулар кеңеши өз ишин көз карандысыздык, ачыктык, коллегиялуулук, ак ниеттүүлүк жана мыйзамдуулук принциптеринде жүргүзөт.
21. Камкорчулар кеңешинин төрагасы Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу шайланат.
Камкорчулар кеңешинин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлер Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү же өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде көрсөтүлөт.
22. Камкорчулар кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал шайланган күндөн тартып башталат жана Камкорчулар кеңешинин жаңы төрагасы шайланган күнгө чейинки күнү токтойт.
23. Камкорчулар кеңешинин жаңы төрагасын шайлоо Камкорчулар кеңешинин учурдагы төрагасынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн акыркы айында өткөрүлөт. Эгерде Камкорчулар кеңешинин жаңы төрагасын шайлоо ушул пунктта белгиленген мөөнөттө өткөрүлбөсө, Камкорчулар кеңешинин учурдагы төрагасы Камкорчулар кеңешинин жаңы төрагасы шайланганга чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын жүргүзүүнү улантат.
24. Камкорчулар кеңешинин төрагасы жок болгон учурда анын милдеттерин аткаруу Камкорчулар кеңешинин төрагасынын чечими, ал эми мындай чечимди кабыл алуу мүмкүн болбосо – Камкорчулар кеңешинин жалпы курамынын көпчүлүк добушу менен Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт.
25. Камкорчулар кеңешинин төрагасы:
1) Камкорчулар кеңешинин ишин уюштурат, ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде Камкорчулар кеңешинин атынан чыгат;
2) жыйналыштарды чакырат, Камкорчулар кеңешинин жыйналыштарында кароо үчүн чыгарылуучу маселелерди аныктайт;
3) Камкорчулар кеңешинин жыйналыштарына төрагалык кылат;
4) Камкорчулар кеңешине берилген материалдарды текшерүүнү уюштурат;
5) Камкорчулар кеңешинин ишинин жыйынтыктарын жалпылоону уюштурат жана анын ишин уюштурууну жакшыртууга багытталган чараларды көрөт;
6) Камкорчулар кеңешинин чечимдерине ылайык башка функцияларды аткарат.
26. Камкорчулар кеңешинин төрагасы функциялык милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, анын ыйгарым укуктары Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмесинин чечими менен мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
27. Камкорчулар кеңеши Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын же Академиянын кызматкерлеринин арасынан Камкорчулар кеңешинин катчысын дайындайт.
28. Камкорчулар кеңешинин катчысы:
1) Камкорчулар кеңешинин жыйналыштарын даярдоону камсыз кылат;
2) Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрүнө жыйналышты өткөрүү датасы, убактысы жана орду жөнүндө маалымдайт, Камкорчулар кеңешинин жыйналышынын протоколун жүргүзөт;
3) Камкорчулар кеңешинде иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштурат жана жүргүзөт, ошондой эле анын чечимдерин аткаруу мөөнөттөрүн контролдойт;
4) Камкорчулар кеңешинин жана анын төрагасынын тапшырмаларына ылайык башка функцияларды аткарат.
7-глава. Камкорчулар кеңешинин жыйналыштары
29. Камкорчулар кеңешинин биринчи жыйналышын Камкорчулар кеңешинин жашы боюнча эң улуу мүчөсү ачат.
Камкорчулар кеңешинин биринчи жыйналышында ачык добуш берүү менен Камкорчулар кеңешинин төрагасы шайланат жана Камкорчулар кеңешинин чечими менен Камкорчулар кеңешинин катчысы дайындалат.
30. Камкорчулар кеңешинин жыйналышында Камкорчулар кеңешинин ар бир мүчөсү бир добушка ээ болот.
31. Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси ага катышса Камкорчулар кеңешинин жыйналышы мыйзамдуу болот.
32. Камкорчулар кеңешинин жыйналышы кварталына бир жолудан кем эмес ачык өткөрүлөт. Камкорчулар кеңешинин жыйналыштарын өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү Камкорчулар кеңешинин бир жылга иш планы менен аныкталат.
Камкорчулар кеңешинин чечими боюнча анын жыйналышына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, илимий, кесиптик бирликтердин жана башка уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле Академиянын иши жаатында адистештирилген эксперттер жана башка консультанттар чакырылышы мүмкүн.
Камкорчулар кеңешинин жыйналыштарына Академиянын өкүлдөрү, жарандар, жарандык коомдун уюмдарынын, бизнес-коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катыша алат.
33. Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин талабы боюнча Камкорчулар кеңешинин кезексиз жыйналыштарын чакыруу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
34. Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрү анын жыйналыштарына жеке өздөрү катышат. Камкорчулар кеңешинин жыйналышына катышууга мүмкүн болбогон учурда Камкорчулар кеңешинин мүчөсү күн тартибине киргизилген маселе боюнча өз пикирин жазуу жүзүндө жиберүүгө укуктуу. Аталган пикир Камкорчулар кеңешинин жыйналышында каралууга тийиш жана добуш берүүдө эске алынат.
35. Камкорчулар кеңешинин чечимдери Камкорчулар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен таризделет, ага Камкорчулар кеңешинин төрагасы жана Камкорчулар кеңешинин катчысы кол коет.
Камкорчулар кеңешинин мүчөсүнүн өзгөчө пикири жазуу жүзүндө таризделет жана Камкорчулар кеңешинин чечимине тиркелет.
36. Камкорчулар кеңешинин чечими боюнча каралган маселелер электрондук почта аркылуу же онлайн режимде добушка коюлушу мүмкүн.
37. Эгер алар Камкорчулар кеңеши тарабынан кабыл алынбаса же бекитилбесе же болбосо белгиленген тартипте алар менен макулдашылбаса, Камкорчулар кеңешинин мүчөсү Камкорчулар кеңешинин атынан документтерди, чечимдерди, сунуштамаларды же башка маалыматты жарыялоого, мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же башка уюмдарга жана жактарга берүүгө укугу жок.
8-глава. Камкорчулар кеңешинин өз ара аракеттенүүсү
38. Камкорчулар кеңеши мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий жана билим берүү мекемелери, жарандык коомдун уюмдары, бизнес-түзүмдөр жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.
39. Камкорчулар кеңеши Академиянын эндаумент-фонду менен төмөнкүлөр аркылуу өз ара аракеттенет:
1) эндаумент-фонддун кирешелерин пайдалануунун артыкчылыктарын аныктоо;
2) эндаумент-фонддун байкоочу/көзөмөлдөөчү органынын курамына кирүү;
3) эндаумент-фонддун жылдык отчетун кароо жана бекитүү.
40. Камкорчулар кеңешинин иш планынын көчүрмөсү ал бекитилген күндөн тартып 5 жумуш күндөн кечиктирбестен, ошондой эле ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Академияга милдеттүү тартипте жиберилет.
41. Академиянын ректору Камкорчулар кеңешинин жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн маселелерди Камкорчулар кеңешинин кароосуна киргизүүгө укуктуу.
42. Академиянын ректору Камкорчулар кеңешинин суроо-талабы боюнча мамлекеттик же башка мыйзам тарабынан корголгон сырды түзгөн маалыматты кошпогондо, зарыл болгон маалыматты берет.
43. Камкорчулар кеңешинин ишин уюштуруу жана материалдык-техникалык (жыйналыштар үчүн жай, талкууланган маселелер боюнча маалымдама-маалыматтык материалдарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон техникалык каражаттар менен жайды жабдуу, материалдарды көбөйтүү ж.б.) камсыз кылуу Академия тарабынан Камкорчулар кеңешинин катчысы менен биргеликте жүргүзүлөт.
9-глава. Камкорчулар кеңешинин ишин токтотуу
44. Академия кайра уюштурулган учурда Камкорчулар кеңеши өз ишин токтотот.
45. Академияны кайра уюштурууда (бириктирүү, бөлүү, кошуу, бөлүп чыгаруу) Академияда бир Камкорчулар кеңеши иштейт.
10-глава. Корутунду жоболор
46. Ушул Жобого өзгөртүүлөр Камкорчулар кеңешинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин чечими менен киргизилет.
47. Ушул Жобо бекитилген учурдан тартып күчүнө кирет.