Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН АДМИНИСТРАЦИЯСЫНЫН ЖЕТЕКЧИСИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 22-январы № 10
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы № 327 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын уставынын 56, 57-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 7-майындагы № 134 “Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө” Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жөнүндө жобонун 27-пунктуна ылайык:
Төмөнкүлөр бекитилсин:
– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Камкорчулар кеңеши жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
– Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Камкорчулар кеңешинин курамы 2-тиркемеге ылайык.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси |
А.А. Касымалиев |
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу
Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу
академиясынын Камкорчулар кеңешинин
курамы
Кыдыралиев Азамат Сактанбекович | - | Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын начальниги;
|
Джантаев Эльчибек Нуржадыевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; |
Джумалиев Муктар Кабылбекович |
- |
Кыргыз Республикасынын Бельгиядагы, Люксембургдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу экс-Элчиси (макулдашуу боюнча);
|
Джунушалиев Айбек Джанышбекович | - | Бишкек шаарынын мэри;
|
Идирисов Болотбек Имашович | - | “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун Директорлор кеңешинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Иминов Фархат Ажмуханбетович |
- |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн- технологиялар чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси; |
Сакиев Бектур Кадырбекович |
- |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн эксперти;
|
Салиев Алмаз Абдылдаевич | - | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы;
|
Сарбанов Улан Кытайбекович | - | Мажар-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
|
Субанов Бузурман Кадырбекович | - | “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча).
|