Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН
БУЙРУГУ
2025-жылдын 20-ноябрындагы № 223-Б
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясын бекитүү тууралуу буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2023-жылдын 27-сентябрындагы № 5-Б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик классификациясына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-главада (Кирешелердин классификациясы):
- “Салыктык эмес кирешелер” (14) категориясы, “Менчиктен жана пайыздардан кирешелер” (141) тобу төмөнкү элементтер менен толукталсын:
«
14122300 | Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуулуктарын сатуудан алынган пайда |
14122300 | Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуулуктарын сатуудан алынган пайда |
»;
- 1-главада (Кирешелердин классификациясын колдонуу тартиби):
- Салыктык эмес кирешелер” (14) категориясы, “Менчиктен жана пайыздардан кирешелер” (141) тобу төмөнкү элементтер менен толукталсын:
“-14122300 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондунун баалуулуктарын сатуудан алынган пайдадан чегерүүлөрдү камтыйт”;
“-14122900 Башка мамлекеттик пайдалар эсепке алынат”.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы:
1) ушул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин расмий сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыяласын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө, анын жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
3) ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберсин.
3. Бул буйрук расмий жарыяланууга тийиш жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан “Төлөм жүгүртүүнүн мамлекеттик классификатору” бекитилгенден кийин күчүнө кирет.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына өзүнүн чечимдерин ушул буйрукка ылайык келтирүү сунушталсын.
5. Иш кагаздарын жүргүзүү жана аткарууну контролдоо бөлүмү ушул буйрукту министрликтин түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрүнө билдирсин.
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары - Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын директору У.М. Аманбаевге жүктөлсүн.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 25-ноябрында № 93 (3749) саны менен жарыяланды.
Министр |
| А.К. Бакетаев |