Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИКГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 15-августундагы № 01-25/297
Юридикалык жакты түзбөстөн түзүлгөн жамаатты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органында каттоонун (кайра каттоонун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын «Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө» Мыйзамынын 5-беренесине, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомунун 21-пунктунун 4-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын Министерлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 258 токтому менен бекилген Кыргыз Республикасынын Министерлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттигинин Жобосунун 12-пунктуна ылайык, буйрук кылам:
1. Юридикалык жакты түзбөстөн түзүлгөн жамаатты жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органында каттоонун (кайра каттоонун) тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына юридикалык жакты түзбөстөн түзүлгөн жамаатты (жамаатты) каттоодо (кайра каттоодо) ушул Жобону жетекчиликке алуу сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бул буйрукту сайттарга жайгаштыруу аркылуу өздөрүнүн карамагындагы аймактардын калкынын көңүлүн бурууга көмөк көрсөтүшсүн.
4. Агенттиктин финансылык жана административдик камсыздоо бөлүмү бул буйрукту Агенттиктин расмий сайтына жана «ММКызмат» гезитине жарыяласын.
5. Агенттиктин укуктук камсыздоо бөлүмүнө:
- буйрук Агенттиктин сайтына жайгаштырылган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, анын булактары жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен жөнөтсүн. аны жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн;
6. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Агенттиктин директорунун орун басары Э.Н. Иргебаевге жүктөлсүн.
7. Бул буйрук Агенттиктин сайтында расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикгинин www.mkk.gov.kg расмий сайтында 2025-жылдын 18-августунда жарыяланды.
Директор |
| К.Б. Базарбаев |