Загрузка документа…
2-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 29-январындагы № 34
токтому менен бекитилди)
Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо ченемдерин аныктоонун
методикасы
1- глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо ченемдерин аныктоо методикасында (мындан ары – Методика) колдонулган негизги мамиле бир окуучуга эсептегенде жалпы билим берүү уюмдарынын бюджетин пландоо болуп эсептелет.
2. Жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун ченемдеринин наркын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен бекитилген ченемдер колдонулат. Ошол эле учурда колдонуудагы ченемдерди бир окуучуга эсептегенде класс-комплектиге которуу жүргүзүлөт.
2- глава. Жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоо ченемдеринин түзүмү
3. Жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун ченемдери учурдагы каржылоо ченемдеринен турат.
4. Учурдагы каржылоо ченеми төмөнкүлөргө ченемдик чыгымдарды камтыйт:
1) окуу чыгымдарына;
2) мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга;
3) окуучулардын тамактануусуна;
4) жаңы окуу жылына даярдык көрүүдө жалпы билим берүү уюмдарына учурдагы оңдоо жүргүзүүгө.
5. Бюджеттик каржылоо ченемин эсептөө окутуу баскычтары боюнча жүргүзүлөт.
3- глава. Учурдагы каржылоо ченемин эсептөө
§ 1. Окуу чыгымдарын каржылоо ченемин эсептөө
6. Окуу чыгымдарын каржылоо ченемин эсептөө жалпысынан класс-комплектиге жана аны бир окуучуга кайра эсептөөдө каражаттарга муктаждыкты аныктоого карата түзүлгөн.
7. Окуу чыгымдары төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) төмөнкүлөрдү сатып алууга кеткен чыгымдарды:
– oкуу куралдарын (предметтер боюнча көрсөтмө куралдар, аудио жана видеоматериалдар, методикалык материалдар);
– окуу жана лабораториялык сабактар үчүн материалдарды (химиялык, физикалык, биологиялык кабинеттер, эмгек боюнча устаканалар үчүн реактивдер, приборлор жана инструменттер);
– мектеп китепканалары үчүн адабияттарды жана жазылып алма басылмаларды;
– окууга керектүү буюмдарды жана материалдарды (спортзалдар үчүн инвентарлар, класстык журналдар, дептерлер жана педагогдор үчүн кеңсе товарлары, сүрөт жана чийүү сабактары үчүн кагаз, боектор жана карандаштар, бор, клей жана башка материалдар);
2) чарбалык чыгымдар (жалпы билим берүү мекемелерин күтүүгө чарбалык жана жуучу каражаттар);
3) окуу экскурсияларын жана өндүрүштүк практиканы өткөрүүгө чыгымдар.
1- таблица
Бир окуучуга окуу чыгымдарынын эсеби
№ | Чыгымдардын түрлөрү | I баскыч | II баскыч | III баскыч |
1 | Класска чыгымдар – бардыгы (сом) | 3980 | 4407 | 4612 |
2 | Окуу куралдарын жана методикалык адабияттарды сатып алуу | 1043 | 1158 | 1216 |
3 | Окуу жана лабораториялык сабактар үчүн материалдарды сатып алуу | 858 | 953 | 1001 |
4 | Мектеп китепканалары үчүн адабияттарды сатып алуу | 688 | 765 | 803 |
5 | Окууга керектүү буюмдарды жана материалдарды сатып алуу | 1092 | 1213 | 1274 |
6 | Чарбалык чыгымдар | 138 | 138 | 138 |
7 | Окуу экскурсияларын жана өндүрүштүк практиканы өткөрүү | 162 | 180 | 180 |
8 | Төмөнкүлөрдө жайгашкан мектептерде класстардын толук болушу: |
|
|
|
| – шаар жеринде; | 25 | 25 | 22 |
| – айыл жеринде жайгашкан мектептерде | 23 | 23 | 21 |
9 | Төмөнкүлөрдө жайгашкан мектептерде бир окуучуга окуу чыгымдары (сом): |
|
|
|
| – шаар жеринде; | 159 | 176 | 210 |
| – айыл жеринде | 173 | 192 | 220 |
§ 2. Педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга чыгымдарды каржылоо ченемин эсептөө
8. Педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга чыгымдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы № 471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” токтомунда белгиленген ченемдерге ылайык аныкталган.
9. Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуунун мезгилдүүлүгү “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык 5 жылда бир жолу аныкталган.
10. Командировкалык чыгымдар бир мугалимге эсептегенде жол киреге жана жашап турууга чыгымдарды камтыйт.
11. Бир окуучуга ченем окуучулардын санына бардык педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын суммасын бөлүү менен аныкталат.
2- таблица
Бир окуучуга эсептегенде педагогикалык персоналдын квалификациясын жогорулатууга чыгымдар
№ | Чыгымдардын түрлөрү | Чыгымдар (сом) | Саны | Бардыгы (сом) |
1 | Жол кире | 195 | 2 | 390 |
2 | Суткалык | 275 | 12 | 3300 |
3 | Жашап турууга | 275 | 12 | 3330 |
Жалпы: бир мугалимге |
|
| 6990 | |
Жылына квалификациясын жогорулатуу курсунан өткөн мугалимдердин саны | 13 583 |
Мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга бардык чыгымдар (миң сом) | 94 947 |
Окуучулардын саны | 1 022 253 |
Бир окуучуга эсептегенде мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга чыгымдар (сом) | 93 |
§ 3. Окуучулардын тамактануусуна
чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө
12. Бюджеттик каржылоо ченемдерине жалпы билим берүү уюмдарынын I баскычтагы окуучуларынын тамактануусуна чыгымдар кирет.
13. Билим берүү уюмдарынын I баскычтагы окуучуларынын тамактануусуна чыгымдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-августундагы № 532 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарында окуучулардын тамактануусун уюштуруу жөнүндө” токтому менен аныкталган.
3- таблица
Бир окуучуга эсептегенде жалпы билим берүү уюмдарынын I баскычтагы окуучуларынын тамактануусуна чыгымдар
№ |
|
|
1 | Бир жылдагы окуу күндөрүнүн саны | 180 |
2 | Бир күндөгү бир окуучунун тамактануу ченеми (сом) | 14,00 |
3 | I баскычтагы бир окуучунун тамактануусуна чыгымдар (сом) | 2520,00 |
§ 4. Жалпы билим берүү уюмдарына учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдарды каржылоонун ченемин эсептөө
14. Жалпы билим берүү уюмдарына учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдарды каржылоонун ченеми бир окуучуга эсептегенде жалпы билим берүү уюмдарына учурдагы оңдоо жүргүзүү үчүн каражаттарга муктаждыкты которуу жолу менен аныкталган.
15. Жалпы билим берүү уюмдарына учурдагы оңдоо жүргүзүү үчүн каражаттарга муктаждык имараттын долбоордук кубаттуулугун эске алуу менен типтүү имараттарда жайгашкан жалпы билим берүү мектептери боюнча негизги курулуш материалдарын, коштоочу материалдарды жана инвентарларды сатып алууга чыгымдарды калькуляциялоо методу менен аныкталат.
16. Эсептөөлөр жалпы билим берүү уюмдарына учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдардын орточо иш жүзүндө түзүлгөн көрсөткүчтөрү боюнча жүргүзүлөт.
4- таблица
Бир окуучуга эсептегенде жалпы билим берүү уюмдарына учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдар
№ | Чыгымдардын түрлөрү | Сумма |
1 | Сыр, акиташ сатып алууга чыгымдар (сом) | 206834,0 |
2 | Коштоочу курулуш материалдарын сатып алууга чыгымдар (сом) | 10257,0 |
3 | Коштоочу инвентарларды сатып алууга чыгымдар (сом) | 5480,0 |
4 | Бардык чыгымдар (сом) | 222571,0 |
5 | Мектептин долбоордук кубаттуулугу (окуучулар) | 750 |
6 | Жылына 1 окуучуга эсептегенде учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдар (сом) | 297,0 |
§ 7. Жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун ченемдерин эсептөө
17. Бюджеттик каржылоонун ченемдери ар бир баскыч үчүн бир окуучуга эсептегенде төмөнкү формула боюнча өзүнчө аныкталат:
БКЧ = ОЧЧ+КЖЧ+ОТЧ+УОЧ, мында:
БКЧ – белгилүү бир баскыч боюнча жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун ченемдери;
ОЧЧ – белгилүү бир баскычтагы бир окуучуга эсептегенде окуу чыгымдарынын ченеми;
КЖЧ – бир окуучуга эсептегенде мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга чыгымдардын ченеми;
ОТЧ – биринчи баскычтагы окуучулардын тамактануусуна чыгымдардын ченеми;
УОЧ – бир окуучуга эсептегенде жаңы окуу жылына карата даярдык көрүүдө жалпы билим берүү уюмдарына учурдагы оңдоо жүргүзүүгө чыгымдардын ченеми.
18. Бюджеттик каржылоо ченемдери шаарларда жана айыл жеринде жайгашкан уюмдарга бөлүштүрүү менен окутуунун баскычтары, жалпы билим берүү уюмдарынын (класстардын) типтери боюнча эсептелет.