Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2026-жылдын 31-январы № 49

Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө,

жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу

тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

 

 (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)

 

“Качкындар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 151-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Качкындын жол жүрүү документин тариздөөгө, жекелештирүүгө жана берүүгө документтерди кабыл алуу тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине качкындын жол жүрүү документин жекелештирүүнү жүргүзүүгө жана берүүгө ыйгарым укук берилсин.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-сентябрындагы № 620 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 8 (3768) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев