ЖарлыгыКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 31 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 «Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы

Редакция09.02.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 9-февралы № 31

Кыргыз Республикасынын Президентинин

2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 «Суу жана жер

ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө» Жарлыгына

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 10, 20 жана 22-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы № 532 «Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңештин катчылыгынын функцияларын аткаруу суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлсүн.»;

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө жободо:

- 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«5. Улуттук кеңештин катчылыгынын функцияларын суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.»;

- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү, бешинчи жана алтынчы абзацтар менен толукталсын:

«- Кыргыз Республикасынын улуттук суу стратегиясын жактыруу жана аны 5 жылда кеминде бир жолу кайра кароо. Зарыл болгон учурда аны өзгөртүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизүү;

- бассейндик пландардын долбоорлорун жактыруу жана аларды ар бир 5 жыл сайын кайра кароо;

- суу мамилелерин жөнгө салуу боюнча иш жөнүндө ар жылдык отчетту бекитүү;».

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 9 (3769) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

 

С.Н. Жапаров