Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 532 Жарлыгы менен бекитилди) |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана
жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш жөнүндө
ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы ПЖ № 269, 2026-жылдын 9-февралындагы № 31 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
II. Улуттук кеңештин негизги милдеттери, функциялары жана укуктары
III. Улуттук кеңештин ишин уюштуруу
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Суу жана жер ресурстары боюнча улуттук кеңеш (мындан ары - Улуттук кеңеш) Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультациялык жана кеңешүүчү орган болуп саналат.
Улуттук кеңешти түзүүнүн максаты суу жана жер ресурстарын башкаруу, аларды пайдалануу жана коргоо боюнча саясаттын системалуу, комплекстүү жана координацияланган сунуштамаларын жана чараларын иштеп чыгуу болуп саналат.
2. Улуттук кеңештин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Президенти (мындан ары - Төрага), анын орун басарлары болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри саналат.
(КР Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы ПЖ № 269 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Улуттук кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
4. Төрага жана Улуттук кеңештин мүчөлөрү өздөрүнүн ишин коомдук башталышта жүргүзөт.
5. Улуттук кеңештин катчылыгынын функцияларын суу ресурстары боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 31 Жарлыгын редакциясына ылайык)
6. Улуттук кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Суу кодексин, Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
7. Улуттук Кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши, министрликтер, мамлекеттик комитет, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле өкмөттүк эмес, коомдук жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен өз ара aракеттенет.
II. Улуттук кеңештин негизги милдеттери,
функциялары жана укуктары
8. Улуттук кеңештин негизги милдеттери жана функциялары болуп төменкулөр эсептелет:
- министрликтердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын суу жана жер ресурстарын башкаруу, аларды пайдалануу жана коргоо боюнча ишин координациялоо;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берүү үчүн суу, жер ресурстарын башкаруу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды кароо;
- Кыргыз Республикасынын улуттук суу стратегиясын жактыруу жана аны 5 жылда кеминде бир жолу кайра кароо. Зарыл болгон учурда аны өзгөртүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизүү;
- бассейндик пландардын долбоорлорун жактыруу жана аларды ар бир 5 жыл сайын кайра кароо;
- суу мамилелерин жөнгө салуу боюнча иш жөнүндө ар жылдык отчетту бекитүү;
- Кыргыз Республикасынын Суу кодексинде жана Жер кодексинде аныкталган башка милдеттерди аткаруу.
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 9-февралындагы № 31 Жарлыгын редакциясына ылайык)
9. Улуттук кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
- министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, административдик ведомстволордон, башка мамлекеттик органдардан жана коомдук уюмдардан маалыматты, серептерди, ошондой эле өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон техникалык жана консультациялык жардамды суроого;
- суу жана жер ресурстарын башкаруу, аларды пайдалануу жана коргоо боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоого жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизүүгө;
- убактылуу ведомстволор аралык комиссияларды жана жумушчу топторду түзүүгө. Убактылуу ведомстволор аралык комиссияларды жана жумушчу топторду түзүү, милдеттери жана жеке курамы жөнүндө маселе Төрага тарабынан чечилет;
- Улуттук кеңештин кабыл алынган чечимдерин жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоого.
III. Улуттук кеңештин ишин уюштуруу
10. Маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу Улуттук кеңештин жыйналыштарында Кыргыз Республикасынын Президентинин төрагалыгы астында жүргүзүлөт.
11. Улуттук кеңештин чечимдери протоколдор менен таризделет, аларга Төрага кол коёт жана тиешелүү министрликтерге, мамлекеттик комитетке, административдик ведомстволорго, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, өкмөттүк эмес, коомдук жана башка уюмдарга жиберилет.
12. Улуттук кеңештин жыйналыштары зарылчылыкка жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт жана ага анын курамынын 2/3 кем эмес мүчөсү катышса, укуктуу деп таанылат.
14. Улуттук кеңештин жыйналышына Төраганын чечими боюнча aралык уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү,мамлекеттик эмес түзүмдөрдүн кызматкерлери чакырылышы мүмкүн.
15. Улуттук кеңештин чечимдери жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Улуттук кеңештин чечими менен макул болбогон анын мүчөлөрү өзгөчө пикирин билдире алышат, ал жыйналыштын протоколуна киргизилет.
16. Добуштар бирдей болуп калган учурда, Төрага добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет.
17. Улуттук кеңештин ишин катчылык иш планга, күн тартибине жана Төрага бекиткен мөөнөттөргө ылайык уюштурат.
(КР Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы ПЖ № 269 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
18. Улуттук кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмалары, Төрага тарабынан жактырылган же Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү тарабынан колдоого алынган Улуттук кеңештин мүчөлөрүнүн сунуштары негиз болуп саналат. Сунуштар Улуттук кеңештин катчылыгына Улуттук кеңештин жыйналышы өткөнгө чейин 5 күн мурун берилет.
19. Улуттук кеңештин иштөө регламентин өз алдынча аныктайт, жыйналыштарды өткөрүү орду Төрага тарабынан аныкталат.
20. Улуттук кеңештин иши Кыргыз Республикасынын Президентинин чечими боюнча токтотулат.