Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 8-январы № 01
Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин бекитүү жөнүндө
«КРАЭ-6. IV бөлүк. Учуу аппараттарын эксплуатациялоо.
Учкучсуз учуучу аппараттар»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3- мартындагы №115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, ошондой эле Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) стандарттары жана сунушталган практикасы менен максималдуу ыраттуулугун камсыз кылуу максатында, буйрук кылам:
1. Тиркемеге ылайык, «КРАЭ-6. IV бөлүк. Учуу аппараттарын эксплуатациялоо. Учкучсуз учуучу аппараттар» аттуу Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин мамлекеттик жана расмий тилдеринде бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигине:
- ушул буйрукту аткарууга кабыл алсын;
- күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн ушул буйрукту мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына маалымат үчүн жөнөтсүн;
- катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйрук мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2021-жылдын 16-августундагы № 520/п буйругу менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын учкучсуз учуучу аба кемелеринин учууларын уюштуруу жана аткаруу боюнча нускамасы», жараксыз деп табуу сунушталсын.
4. Кыргыз Республиканын министрликтери, ведомстволору, жарандык авиация уюмдары жана окуу борборлору «АПКР-6. IV бөлүк. Учуу аппараттарын эксплуатациялоо. Учкучсуз учуучу аппараттар» Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерин аткарууга кабыл алсын.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө директордун орун басары К.Т. Төлөгөновго жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-январындагы № 1 (3761) саны менен жарыяланды
Директор | Д.К. Бостонов |