Загрузка документа…
| 1-тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2026-жылдын "08" январь № 1 буйругуна тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АВИАЦИЯЛЫК ЭРЕЖЕЛЕРИ
«КРАЭ-6, IV бөлүм. Учуу аппараттарын эксплуатациялоо.
Учкучсуз учуучу аппарттар»
Бишкек 2026
ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ТОЛУКТООЛОРДУ КАТТОО БАРАГЫ
№ | Кабыл алынган күнү | Күчүнө кирүү күнү | Өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду кабыл алуу жөнүндө акт | Бул нускага өзгөртүүнү жана/же толуктоону киргизген күнү | Бул нускага өзгөртүү жана/же толуктоо киргизген адамдын колу |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
Эскертүү. Бул нускага өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизген күн тууралуу жазуулар, ошондой эле бул нускага түзөтүү киргизген адамдын кол тамгасы ушул Эрежелердин кармоочусуна тиешелүү. | |||||
МАЗМУНУ
§1. Кыскартмалар | 4 |
1-бөлүм. Аныктамалар | 5 |
2-бөлүм. Жалпы жоболор | 9 |
3-бөлүм. Учкучсуз учуучу аппараттардын классификациясы | 11 |
4-бөлүм. Учкучсуз учуучу аппараттарды каттоо | 12 |
5-бөлүм. Учууга жарамдуулукту берүү жана сертификаттоо | 12 |
6-бөлүм. Операторго жана тышкы учкучка коюлуучу талаптар | 12 |
7-бөлүм. Учкучсуз учуучу аппараттарды эксплуатациялоо | 13 |
8-бөлүм. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин Учкучсуз учуучу аппарат тарабынан пайдалануу | 17 |
9-бөлүм. Техникалык тейлөө жана кароо | 20 |
10-бөлүм. Учуу коопсуздугу, жоопкерчилик жана контролдоо | 22 |
11-бөлүм. Учкучсуз учуучу аппараттын эксплуатантынын сертификаты | 24 |
12-бөлүм.Үчүнчү тараптардын мүддөөлөрүн коргоо үчүн жарандык жоопкерчиликти мажбурдуу камсыздандыруу | 26 |
Тиркеме 1 | 27 |
Тиркеме 2 | 28 |
Тиркеме 3 | 30 |
Тиркеме 4 | 31 |
Тиркеме 5 | 33 |
Тиркеме 6 | 36 |
Тиркеме 7 | 38 |
Тиркеме 8 | 40 |
§1. Кыскартуулар
КРАЭ – Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери КР – Кыргыз Республикасы УУА – учкучсуз учуучу аппарат УКТ – учуп-конуу тилкеси АМП – аба мейкиндигин пайдалануу ЭЖАУ – Эл аралык жарандык авиация уюму км – километр АБП - аэродромдун башкаруу пункту С2 линиясы – башкаруу жана көзөмөл линиясы АКТ – аба кыймылын тейлөө ЖАО – жарандык авиация органы АКУ – аба кыймылын уюштуруу УКБС – учуу коопсуздугун башкаруу системасы АКБ – аба кыймылын башкаруу AGL (Above Ground Level) – жерден болгон бийиктик AIP (Aeronautical Information Publication) – аэронавигациялык маалыматтар жыйнагы AMSL (Above Mean Sea Level) – деңиз деңгээлинен орточо бийиктик BVLOS (Beyond Visual Line of Sight) – түз көрүнүүсүз учуу CU (command unit) – башкаруу блогу DAA (Detect and Avoid) – кагылышууну аныктоо жана алдын алуу системасы IFR (Instrument Flight Rules) – аспаптар боюнча учуу эрежелери SHR (Special Handling Request) – атайын каттам боюнча өтүнүч SMS (Safety Management System) – учуу коопсуздукту башкаруу системасы ROC (Remote Operator Certificate) – УУА эксплуатанттын сертификаты RPS (Remote Pilot Station) – алыстан башкаруу станциясы RTH (Return To Home) – учуу аппаратынын автоматтык кайтуу функциясы VLOS (Visual Line of Sight) – түз көрүнүү чегинде учуу |
1-бөлүм. Аныктамалар
1. Ушул Авиациялык эрежелерде колдонулган төмөнкү түшүнүктөр төмөнкүдөй маанилерде колдонулат:
УУАнын техникалык абалы боюнча акт – ыйгарым укуктуу инспектор же техникалык тейлөө уюму тарабынан түзүлгөн, УУАнын иш жүзүндөгү техникалык абалын, анын типтик конструкцияга жана өндүрүүчүнүн эксплуатациялык документациясына шайкештигин тастыктаган расмий документ.
Жокко чыгаруу – Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы тарабынан берилген документтин же укуктун колдонулушун токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынган жол-жобо болуп саналат, анын натыйжасында ал документ же укук калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгү жок юридикалык күчүн жоготот. Жокко чыгаруу шарттардын бузулушуна, документтин жараксыз экендигинин аныкталышына же мыйзамдарда каралган башка негиздерге байланыштуу жүргүзүлүшү мүмкүн.
Учкучсуз учуучу аппарат – учуу учкучсуз (экипаж) жок болгон шартта ишке ашырган жана учуусу автоматтык түрдө, башкаруу пунктунун оператору тарабынан же ушул эки ыкманы айкалыштырып башкарылган учуучу аппарат.
Учуп-конуу тилкеси – учактар менен УУАнын учуп-конуу аракеттерин аткаруу үчүн даярдалган тик бурчтук аянтча.
Тышкы учкуч – эксплуатант тарабынан УУАнын учуусун аткаруу үчүн дайындалган жана учуу учурунда башкаруу органдарын түздөн-түз башкара турган адам.
Аба кыймылы – учуп бараткан же аэродромдун маневр жасоо аянтында кыймылда болгон бардык аба кемелерин билдирет.
Аба кемеси – абада абанын таасири аркылуу көтөрүлүп туруучу бардык типтеги учуучу аппараттар (суу же жер бетинен чагылдырылган абанын таасири эсепке алынбайт).
УУАнын учуу убактысы – учуп чыгуудан конууга чейинки убакыт аралыгы.
Геозоналоо (Geofencing) – УУАнын тыюу салынган жана чектелген аймактарга кирүүсүнө жол бербөө үчүн виртуалдык чек араларды түзүп, траекторияны, бийиктик же ылдамдыкты автоматтык чектөө функциясы.
Гео-маалымдулуук (Geo-awareness) – УУАнын жана анын башкаруу системасынын тыюу салынган, чектелген же атайын белгиленген аймактар жөнүндө операторду реалдуу убакыт режиминде кабардар кылуу жөндөмү.
Тыюу салынган аймак – мамлекеттин аймагынын же мамлекеттин аймактык сууларынын үстүндөгү белгиленген өлчөмдөгү аба мейкиндиги, анын чегинде аба кемелеринин учуусуна тыюу салынат.
Арыз ээси – ушул Авиациялык эрежелерге ылайык берилген кандайдыр бир документти алуу үчүн жарандык авиациянын ыйгарым укуктуу органына кайрылган жеке же юридикалык жак.
Чектелген аймак – белгиленген шарттар менен гана учууга уруксат берилген аба мейкиндиги.
Аба мейкиндигин пайдалануу — аба мейкиндигинде ар кандай материалдык объекттердин (аба кемелеринин, ракеталардын жана башка объекттердин) кыймылы ишке ашырылган, ошондой эле аба кыймылынын коопсуздугуна коркунуч туудурушу мүмкүн болгон башка иш-аракеттер (бийик курулуштарды куруу, электромагниттик жана башка нурлануулар пайда болгон иш-аракеттер, көрүүнү начарлатуучу заттарды атмосферага чыгаруу, жардыруу иштерин жүргүзүү ж.б.) аткарылган ишмердүүлүк.
Негизги инфраструктура – иштешинин бузулушу коомдук коопсуздукка, мамлекеттик функциялардын туруктуулугуна, экономиканын абалына же калктын жашоо-тиричилигин камсыздоого олуттуу кесепеттерге алып келе турган объекттерди, системаларды жана курулмаларды билдирет. Негизги инфраструктурага транспорт, энергетика, байланыш, суу менен камсыз кылуу, медициналык жана авариялык-куткаруу кызматтарынын объекттери, мамлекеттик административдик объекттер, ошондой эле ишинин бузулушу коопсуздукка, экономикага жана калктын жашоо-тиричилигин камсыздоого олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгон башка жашоо үчүн маанилүү системалар кирет.
Коммерциялык учуу – коммерциялык аба ташууларынан башка, акы төлөө же жалдоо менен иштиктүү максаттарда (аймакты сүрөткө-видеого тартуу, коопсуздукту камсыздоо максатында байкоо жүргүзүү, жапайы жаратылыштын абалын изилдөө, авиациялык-химиялык иштерди аткаруу ж.б.) ишке ашырылган УУАнын учуулары.
Көзөмөлдөнүүчү аба мейкиндиги – белгиленген өлчөмдөгү аба мейкиндиги болуп саналат, анын чегинде аба мейкиндигин класстар боюнча классификациялоого ылайык учууларды диспетчердик тейлөө камсыз кылынат.
Эскертүү. Көзөмөлдөнүүчү аба мейкиндиги – бул Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринде «КРАЭ-11. Аба кыймылын тейлөө» 2.6-пунктунда көрсөтүлгөндөй, А, В, С, D жана Е класстарындагы аба кыймылын тейлөө мейкиндигин билдирген жалпы термин.
Максималдуу учуу салмагы – өндүрүүчү тарабынан белгиленген жана учкучсуз учуучу аппараттын пайдалуу жүктөм менен күйүүчү майды кошо алгандагы максималдуу салмагы же учкучсуз учуучу аппарат эксплуатацияланса боло тургандай максималдуу салмагы.
Медициналык корутунду – күбөлүк ээсинин ден соолугунун абалы боюнча жарактуулугу боюнча конкреттүү талаптарга ылайык келүүсүн тастыктаган далилдөөчү документ.
Модификация – УУАнын типтик конструкциясына, кыймылдаткычына, программалык камсыздоосуна жана башка компоненттерине киргизилген өзгөртүүлөр.
Көрүү жана эскертүү функциясы – айланасындагы аба кемелерин жана коркунуч булактарын аныктоо жана качуу жөндөмү.
Аба кыймылын тейлөө – тиешелүү учурларда учуу-малыматтык тейлөөнү, авариялык кабарлоону, аба кыймылын консультациялык тейлөөнү, ошондой эле аба кыймылын диспетчердик тейлөөнү (аймактык диспетчердик тейлөө, жакындап келүүнү диспетчердик тейлөө же аэродромдук диспетчердик тейлөө) камтыган жалпы термин.
Кооптуу аймак – анын чегинде белгиленген убакыт аралыгында аба кемелеринин учуусу үчүн коркунуч жараткан ишмердик жүргүзүлүшү мүмкүн болгон белгиленген өлчөмдөгү аба мейкиндиги.
Кооптуу жүктөр – учкучсуз учуучу аппарат пайдалуу жүк катары ташып жүргөн жана инцидент же авария болгон учурда ден соолукка, коопсуздукка, мүлккө же айлана-чөйрөгө коркунуч келтире турган буюмдар же заттар, анын ичинде:
а) жарылуучу заттар (өрттөнүп кетүү коркунучу чоң, бризант заттары, өтө сезимтал жарылуучу заттар);
б) газдар (күйүүчү газ, күйбөөчү газ, уулуу газ, кычкылтек, дем алганда коркунучтуу газдар);
в) жеңил күйүп кетүүчү суюктуктар (жеңил күйүп кетүүчү суюктуктар, күйүүчү отун, мазут, бензин);
г) жеңил күйүп кетүүчү катуу заттар (жеңил күйүп кетүүчү катуу заттар, нымдуу абалда коркунучтуу болгон өзүнөн-өзү күйүп кетүүчү катуу заттар);
д) кычкылдандыруучулар жана органикалык пероксиддер;
е) уулуу жана инфекциялык заттар (уулуу, биологиялык жактан коркунучтуу);
ж) радиоактивдүү заттар.
УУА оператору – конкреттүү УУА операциясын аткаруу үчүн жооптуу болгон жана аны белгиленген талаптарга ылайык коопсуз аткарылышын камсыз кылган жак.
Жарандык авиация органы — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилген, учуулардын коопсуздугун жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын жарандык авиация чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу, жөнгө салуучу жана көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик орган. Кыргыз Республикасында жарандык авиация органы болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги эсептелет.
Аба кыймылын тейлөө органы – тийиштүү учурларда аба кыймылын диспетчердик тейлөө органын, учуу маалыматы борборун жана аба кыймылын тейлөөгө тиешеси бар кабарларды топтоо пунктун билдирген жалпы термин.
Башкарууну өткөрүп берүү – учуу боюнча башкарууну тышкы учкучтун бир станциясынан башка станциясына өткөрүп берүүсүнө байланышкан иш-аракет.
Учуу планы – аба кемесинин же УУАнын пландалган учуусу же учуунун бир бөлүгү жөнүндө белгиленген маалыматтар.
Эскертүү. «Учуу планы» термининин алдында учуунун шарттарын жана ар кандай баскычтарын белгилөө үчүн «алдын ала», «берилген», «учурдагы» же «жумушчу» деген сөздөр колдонулушу мүмкүн. Бул терминдин алдында «кабарлама» деген сөз колдонулган учурда, ал учуу планы боюнча берилүүчү маалыматтардын мазмунун жана форматын билдирет.
Учуучулук жарактуулукту сактоо – аба кемесинин, кыймылдаткычтын, аба бурамасынын же анын бөлүгүнүн колдонулуп жаткан учуучулук жарактуулук талаптарына шайкештигин камсыз кылуу жана эксплуатациялык кызмат мөөнөтүнүн бүткүл аралыгында коопсуз пайдаланууга зарыл болгон абалын сактап туруу үчүн жүргүзүлүүчү иш-чаралардын жыйындысы.
Пайдалуу жүктөм – УУАда орнотулган же туташтырылган жана учуудагы аба кемесин эксплуатациялоодо же башкарууда колдонууга ылайыкталбаган жана планердин, кыймылдаткычтын же аба винтинин бир бөлүгү болбогон шайманды, механизмди, жабдууну, бөлүктү, приборду, аксессуарды, анын ичинде байланыш жабдуусун билдирет.
Тикелей көрүнгөн учуу (VLOS) – УУА оператору/тышкы учкуч башкалардын жардамысыз УУАтын үзгүлтүксүз көрүп тура алган УУА ишинин тибин билдирет, бул тышкы учкучка УУАнын башка учуучу аппараттарга, адамдарга жана тоскоолдуктарга карата учуу траекториясын кагылышууларды болтурбоо максатында көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Түз көрүнбөгөн учуу (BVLOS) – VLOS режиминде аткарылбаган УУА операцияларынын түрүн билдирет.
Каттоого алуу – УУАны каттоо жол-жоболору.
Күбөлүктү таануу – мамлекет өзүнүн күбөлүгүн берүүнүн ордуна башка мамлекет тарабынан берилген күбөлүктү өзүнүн күбөлүгүнө тең укуктуу деп тааныган аракет.
Иш-аракеттин колдонулушун убактылуу токтотуу – Кыргыз Республикасынын жарандык авиация органы белгилүү бир мөөнөткө документтин, уруксаттын (же укуктун) колдонулушун убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алган жол-жобо.
Сегрегацияланган аба мейкиндиги – бул конкреттүү колдонуучу (колдонуучулар) пайдаланышы үчүн гана арналган белгиленген өлчөмдөгү аба мейкиндиги.
Эксплуатанттын сертификаты - учуу коопсуздугу боюнча белгиленген талаптарга ылайык УУА операцияларын аткаруу укугун тастыктаган документ.
Кагылышууларды аныктоо жана алдын алуу системасы (DAA) — УУАга башка аба кемелерин, дрондорду, канаттууларды жана тоскоолдуктарды автономдуу түрдө аныктоого, ошондой эле алар менен кагылышуудан качууга мүмкүндүк берген система.
Учуу коопсуздугун башкаруу системасы - учуу коопсуздугун башкарууга багытталган системалуу ыкма болуп, ага зарыл болгон уюштуруучулук түзүмдөр, отчеттуулук, жоопкерчилик, саясат жана жол-жоболор кирет.
Адамдардын топтолушу — бири-бирине өтө жакын жайгашкан адамдардын тобу болуп саналат, мында эркин кыймылдоо жана коопсуз түрдө кетип калуу мүмкүнчүлүгү чектелет, ошондой эле УУА кулап түшкөн учурда бир нече адамдын жабыркашы ыктымал болуп калат.
C2 байланыш кызматы – үчүнчү жак тараптан учкучсуз учуучу аппарат менен командалык бөлүмдүн (CU) ортосундагы башкарууну камсыз кылуучу байланыш кызмат көрсөтүүсү.
УУА менчик ээси – белгиленген тартипте жарандык авиация органы тарабынан УУАны каттоо күбөлүгү берилген жеке же юридикалык жак.
АКТ тийиштүү ыйгарым укуктуу органы – бул мамлекет тарабынан дайындалган, берилген аба мейкиндигинин чегиндеги аба кыймылын тейлөөнү камсыздоо үчүн жооптуу болгон тийиштүү ыйгарым укуктуу орган.
Алыстан башкаруу станциясы (RPS) – УУАны башкаруу үчүн колдонулган жабдуулар комплекси.
Алыстан идентификациялоо (Remote ID) — УУАнын функционалдык системасы болуп, УУАнын жана оператордун идентификациялык жана телеметриялык маалыматтарын реалдуу убакыт режиминде автоматтык түрдө берүүнү камсыз кылат (анын ичинде УУАнын уникалдуу идентификатору, жайгашкан жери, бийиктиги, ылдамдыгы, учуу багыты, оператордун же учуп чыгуу чекитинин координаттары, маалымат берилген убакыт) учуу коопсуздугун камсыз кылуу, операцияларды көзөмөлдөө жана бузулууларды алдын алуу максатында ыйгарым укуктуу органдарга, аба кыймылын тейлөө кызматтарына жана башка укук ээлерине.
УУАны эсепке алуу – Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жеке же юридикалык жактарынын менчигинде болгон же ижарага алынган УУАтын эсепке алуунун жол-жобосу.
Эсепке алуу күбөлүгү – УУА эсепке алынган фактыны күбөлөндүргөн документ.
Эксплуатант – УУАны иштеткен жеке же юридикалык жак.
2-бөлүм. Жалпы жоболор
2. Ушул Авиациялык эрежелер (мындан ары – Эрежелер) учкучсуз учуучу аппараттарды (мындан ары – УУА) түзүүгө, каттоого, сертификациялоого, эксплуатациялоого жана техникалык тейлөөгө байланыштуу ишмердүүлүккө, ошондой эле аларды пайдаланган жеке жана юридикалык жактарга коюлуучу талаптарды белгилейт.
3. Эрежелер төмөнкүлөргө ылайык иштелип чыкты:
- Кыргыз Республикасынын Аба кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери;
- Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) Стандарттары жана сунуш кылынган практикасы (Annex 2, 6, 8, 11, 13, 19; Doc 10019, Doc 9859);
- JARUS сунуштары.
4. УУА мамлекеттик жана жарандык болуп бөлүнөт.
5. Ушул Авиациялык эрежелер Мамлекеттик авиация УУАна карата колдонулбайт.
6. Мамлекеттик авиациясынын УУА – бул Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгында пайдаланылган жана сегрегацияланган аба мейкиндиктеринде гана учууларды аткарган УУА болуп саналат.
7. Эрежелер төмөнкүлөргө жайылтылат:
- УУАнын өндүрүшүн, импортун, модернизациясын, техникалык тейлөөсүн жана эксплуатациясын жүргүзгөн юридикалык жана физикалык жактарга;
- УУА операторлоруна, тышкы учкучтарына жана учууну камсыздаган персоналга.
8. Ушул Эрежелер белгиленген тартипте жарандык авиация органында каттоого жана эсепке алууга тийиш болгон бардык УУАга колдонулат.
9. УУА пайдалануу адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, мүлккө жана улуттук коопсуздук кызыкчылыктарына коркунуч келтирбеген шарттарда гана жүргүзүлүүгө тийиш.
10. УУАды жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органы болуп саналат.
3-бөлүм. УУАнын классификациясы
11. Ушул Эрежелерди колдонуу үчүн УУА максималдуу учуп-конуу массасына жараша төмөнкү класстарга бөлүнөт:
№ | УУА классынын аталышы | Максималдуу учуп-конуу массасы | Пайдалуу жүк | Учууга жарамдуулук сертификаты | Документ |
1 | С0 | 151 граммдан 250 граммга чейин | Пайдалуу жүк кирет | Талап кылынбайт | УУА операторунун сертификаты |
2 | С1 | 251 граммдан 900 граммга чейин | Пайдалуу жүк кирет | Талап кылынбайт | УУА операторунун сертификаты |
3 | С2 | 901 граммдан 4000 граммга чейин | Пайдалуу жүк кирет | Талап кылынбайт | УУА операторунун сертификаты |
4 | С3 | 4001 граммдан 25000 граммга чейин | Пайдалуу жүк кирет | Техникалык абал акты талап кылынат | Тышкы учкуч күбөлүгү |
5 | С4 | 25001 граммдан жогору | Пайдалуу жүк кирет | Учууга жарамдуулук сертификаты талап кылынат | Тышкы учкуч күбөлүгү |
12. Өндүрүүчү көрсөткөн же техникалык абалды баалоо учурунда аныкталган максималдуу учуп-конуу массасы боюнча аныкталат УУАнын класстары.
13. УУАнын классы төмөнкү талаптарды аныктайт:
- каттоо жана эсепке алуу;
- оператордун же тышкы учкучтун даярдыгы;
- учууга жарамдуулукту сертификациялоо;
- эксплуатация шарттары жана чектөөлөр;
- техникалык тейлөө жана абалын көзөмөлдөө.
14. C4 класстагы УУА Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органынан берилген учууга жарамдуулук сертификатына ээ болууга милдеттүү.
15. Максималдуу массасы 150 граммга чейинки жана үстүнө сүрөт/видео жабдыктары орнотулбаган УУА Жарандык авиация органында каттоого алынбайт.
16. Максималдуу массасы 150 граммга чейинки, бирок сүрөт/видео жабдыктары орнотулган УУА каттоого алынат жана С0* классына кирет.
17. УУАнын массасына 10%дан ашык таасир эткен модернизация же конструкциядагы өзгөрүүлөр болгон учурда, классы кайра аныкталат.
18. Бардык класстагы УУАтар оператор менен УУАнын ортосундагы башкаруу байланышы жоголгон учурда УУАдын учуп чыккан жерине кайтарып келүүнү камсыз кылган система менен камсыздалышы, ошондой эле гео-маалымдуулук (Geo-awareness) системасы жана геозоналоо (Geofencing) функциясы менен жабдылышы керек.
4-бөлүм. Учкучсуз учуучу аппараттарды каттоо
19. Максималдуу учуп-конуу массасы 151 грамм жана андан жогору болгон УУАтар мамлекеттик каттоого милдеттүү түрдө коюлат.
20. УУАдын каттоо жарандык авиация органы тарабынан бекитилген документке ылайык жүргүзүлөт, мамлекеттик авиация чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда эсепке алынууга тийиш болгон УУАтар мындан тышкары болуп саналат.
21. УУАдын каттоо жарандык авиация органына арызды (документтерди) түздөн-түз берүү жолу менен же мындай система болгон учурда жарандык авиация органынын маалыматтык системасын (программалык камсыздоону) пайдалануу аркылуу жүзөгө ашырылат.
5-бөлүм. Учууга жарактуулугу жөнүндө сертификатты берүү жана
узартуу
22. С3 класстагы УУА эксплуатацияга киргизилгенде, ошондой эле учуулардын коопсуздугуна таасир этүүчү элементтерге тиешелүү модернизациядан же оңдоодон кийин, УУАнын эксплуатанты ушул Эрежелердин 3-тиркемесине ылайык таризделген УУАнын техникалык абалы жөнүндө Актыны жарандык авиация органына тапшырууга милдеттүү. Акт жарандык авиация органынын ыйгарым укуктуу инспектору же жарандык авиация органы тарабынан таанылган техникалык тейлөө уюму тарабынан таризделет. Акт УУАнын чыныгы техникалык абалын жана анын коопсуз эксплуатацияга жарактуулугун тастыктайт.
23. С4 класстагы УУА жарандык авиация органы тарабынан бекитилген документке ылайык учуучулук жарактуулукту сертификациялоо жол-жобосуна тийиш.
24. Берилген документтер эксплуатациялоо жана техникалык тейлөө талаптары сакталган шартта жарактуу болуп саналат.
6-бөлүм. УУА операторуна жана тышкы учкучуна коюлуучу талаптар
25. УУА операторлорун жана УУАнын тышкы учкучтарын даярдоо жарандык авиация органы тарабынан жактырылган окуу мекемелеринде жүргүзүлөт. Даярдыктан өткөндүгү окуу мекемеси тарабынан берилген тиешелүү документтер менен ырасталат.
26. УУА операторунун сертификатын жана УУАнын тышкы учкучунун күбөлүгүн берүү жарандык авиация органы тарабынан, талапкерлер УУА операторлорун жана тышкы учкучтарын даярдоо жөнүндө Жобо менен белгиленген тартипте жарандык авиация органы өткөргөн билимдерин текшерүүдөн ийгиликтүү өткөн шартта жүзөгө ашырылат.
27. Жарандык авиация органы чет өлкөлүк авиациялык администрациялар тарабынан берилген УУА операторлорунун сертификаттарын жана УУАнын тышкы учкучтарын күбөлүктөрүн ушул Эрежелердин талаптарына эквиваленттүүлүгү ырасталган жана зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын улуттук аба мыйзамдары боюнча кошумча билим текшерүүсү жүргүзүлгөн шартта таанууга укуктуу. Таануу жөнүндө чечим даярдоонун мазмунунун шайкештигин, компетенциялардын деңгээлин жана колдонулуп жаткан коопсуздук жол-жоболорун талдоонун негизинде жарандык авиация органы тарабынан кабыл алынат.
28. УУА оператору болууга талапкерге коюлуучу талаптар:
- минималдуу жашы – 18 жаш;
- 086 формасындагы медициналык маалымкаттын, ошондой эле Республикалык психиатрия жана наркология борборлорунан берилген маалымкаттардын болушу;
- орто билим жөнүндө аттестаттын же ага эквиваленттүү дипломдун болушу (9 жыл же андан ашык мектептик билим алуу);
- кабыл алынган сүйлөшүү тилин (кыргыз/орус/англис) окуу, түшүндүрүү, жазуу жана түшүнүү жөндөмүн көрсөтүү.
29. Операторду жана тышкы учкучту даярдоого коюлуучу минималдуу талаптар:
- Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын негиздерин билүү;
- аба мейкиндигин пайдалануу эрежелерин жана учуу чектөөлөрүн билүү;
- метеорологиянын негиздерин жана учуу шарттарын баалоону билүү;
- УУАнын техникалык мүнөздөмөлөрүн жана коопсуз эксплуатациясын билүү;
- SHRди, геозоналарды жана байланыш жоголгон учурда колдонулуучу жол-жоболорду кошо алганда, учууларды пландаштыруу талаптарын билүү;
- стандарттык жана авариялык жол-жоболорду аткаруу көндүмдөрү.
30. УУА операторунун сертификаты берилген күндөн тартып 36 ай мөөнөткө жарактуу болуп саналат. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин сертификаттын колдонулуу мөөнөтү жарандык авиация органында билимдерди мезгил-мезгили менен ырастоодон ийгиликтүү өткөн шартта узартылат, бул теоретикалык даярдыкты текшерүүнү жана ушул Эрежелерде белгиленген талаптардын аткарылышын камтыйт.
31. С3–С4 класстагы УУАтар менен учууларды аткарган тышкы учкуч жарандык авиация органы тарабынан бекитилген программа боюнча даярдыктан өтүүгө милдеттүү.
32. УУАнын тышкы учкучтун күбөлүгүн берүү жол-жоболору Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелерине «КРАЭ-1. Авиациялык персоналга күбөлүктөрдү берүү» ылайык жүзөгө ашырылат, ал Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 18-мартындагы буйругу менен бекитилген.
7-бөлүм. УУАны эксплуатациялоо
33. УУАнын эксплуатациялоо үчүн аймактардын категориялары
Аймак | Учууларды аткаруунун мүнөздөмөсү жана шарттары | Бийиктик боюнча чектөөлөр | Билдирүү / уруксат талаптары |
D — «Жашыл аймак» (Open Area) | Калктуу пункттардан тышкары, адамдардан жана инфраструктурадан алыс; адамдардын үстүнөн учууларга жол берилбейт. | 120 м AGL чейин | Уруксат талап кылынбайт; билдирүү талап кылынбайт |
С — «Сары аймак» (Controlled Open Area) | Калктуу пункттар, өзүнчө адамдар, инфраструктура объекттери. | 120 м AGL чейин | КР ВС ГЦ ОВД билдирүү |
Калктуу пункттардан тышкары, адамдардан жана инфраструктурадан алыс. | 120-500 м AGL | ||
В — «Кызгылт сары аймак» (Special Controlled Area) | Негизги инфраструктурага жакын аймактар, чектөөлөр белгиленген райондор. | Жеке белгиленет 0 м AGL жогору | Ар бир операция үчүн ЖАМАнен уруксат жана КР АС БА АКТ суроо-талап + учуу планын жиберүү. |
А — «Кызыл аймак» (Restricted, Prohibited Areas) | Көзөмөлдөнүүчү аба мейкиндиги; жабык же чектелген райондор; адамдардын топтолушунун үстүнөн учуулар; IFR; автономдуу операциялар. | Жеке белгиленет 0 м AGL жогору | ЖАМАнен уруксат жана КР АС БА АКТ суроо-талап + учуу планын жиберүү. |
F — «Сегрегацияланган аба мейкиндиги» (Segregated Airspace / Temporary or Permanent Segregated Zone) | Атайын бөлүнгөн аймак. | Өзүнчө чечим менен аныкталат (бийиктик, чек аралар, активдүүлүк убактысы). | Жарандык авиация органы менен КР АС БА АКТ биргелешкен чечими менен түзүлөт; алдын ала коркунучтарды баалоо (SORA) талап кылынат; учуулар уруксат боюнча гана аткарылат, зонага кирүү жана чыгуу АКТ көрсөтмөлөрүнө ылайык жүзөгө ашырылат. |
34. УУА менен учууларды аткаруу үчүн SHR учуу планынын формасы ушул Эрежелердин 2-тиркемесинде келтирилген.
35. УУАдын эксплуатациялоо учурунда коопсуздуктун минималдуу аралыктары:
1) Төмөн деңгээлдеги коркунуч менен операцияларды аткарууда C0–C2 класстагы УУАтар үчүн коопсуздуктун минималдуу аралыктары коркунучту талдоонун негизинде оператор тарабынан белгиленет, бирок адамдардан, имараттардан, курулмалардан, транспорт каражаттарынан, электр берүү линияларынан жана башка инженердик объекттерден 50 метрден кем болбоого тийиш.
Оператор көрсөтүлгөн аралыктарды коркунучту төмөндөтүүчү чаралар бар жана үчүнчү жактарга коркунуч жок экендиги камсыздалган учурда гана кыскартууга укуктуу.
2) C2–C4 класстагы УУАтар үчүн коопсуздуктун минималдуу аралыгы адамдардан, имараттардан, курулмалардан жана транспорт каражаттарынан 100 метрден кем болбоого тийиш.
3) Жогорулатылган же жогорку деңгээлдеги коркунуч менен операцияларды, анын ичинде BVLOS, EVLOS операцияларын аткарууда бардык класстагы УУАтар (C0–C4) үчүн адамдардан жана инфраструктура объекттеринен коопсуздуктун минималдуу аралыгы 150 метрден кем болбоого тийиш, эгерде башкача тартип операциялык коркунучту баалоо (SORA) менен негизделип, жарандык авиация органы тарабынан бекитилбесе.
36. Аэродромдордун, вертодромдордун жана конуу аянтчаларынын жанында учууларга аэродромдук көзөмөл чекитинен 7 кмден кем аралыкта тыюу салынат, эгерде башкача тартип аба кыймылын тейлөө органы менен макулдашылбаса.
37. Түз көрүү чегинен тышкары учууларга (BVLOS) жарандык авиация органынан атайын уруксат болгон учурда жана УУАнын жайгашкан ордун коопсуз көзөмөлдөөнү камсыз кылган байкоо/көзөмөл системалары колдонулган шартта гана жол берилет.
38. BVLOS учууларын аткаруунун жалпы принциптери:
- BVLOS учуулар орточо жана жогорку деңгээлдеги коркунучка кирет;
- оператор УУАнын учуу траекториясын үзгүлтүксүз көзөмөлдөөнү жана учууну коопсуз аяктоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү;
- «башкаруу пункту — УУА» байланышы туруктуу болуп, үзгүлтүктөрдөн корголгон болууга тийиш.
39. BVLOS учууларында колдонулуучу УУАтар үчүн минималдуу техникалык талаптар:
- башкаруу жана маалыматтарды берүү каналдарын резервдөө системасы;
- учууну баштаган чекитке автоматтык кайтуу функциясы (RTH);
- кагылышууну аныктоо жана алдын алуу системасы (DAA);
- милдеттүү болгон учурларда алыстан идентификациялоо идентификатору (Remote ID).
40. Remote ID BVLOS учууларын аткарууда, көзөмөлдөнүүчү аба мейкиндигинде, милдеттүү идентификация каралган геоаймактарда, шаардык аймактардын жана негизги инфраструктура объекттеринин үстүнөн учууларда, ошондой эле орточо жана жогорку коркунуч категориясындагы операцияларды аткарууда УУА үчүн милдеттүү функция болуп саналат. Remote ID ошондой эле C2–C4 класстагы УУАтар үчүн жана атайын белгиленген жабык сыноо аймактарынан тышкары учууларды аткарууда массасы 4001 граммдан ашкан бардык УУАтар үчүн милдеттүү болуп эсептелет.
41. SORA методологиясы BVLOS операцияларын, үчүнчү жактардын үстүнөн учууларды, C3–C4 категориясындагы УУАдын пайдаланууну, ошондой эле атайын жана эксперименталдык операцияларга уруксат берүүдө коркунучтарды талдоонун сунушталуучу куралы катары каралат.
42. УУАдын эксплуатациялоого тыюу салынат:
- мамлекеттик коргоодогу объекттердин, стратегиялык объекттердин жана негизги инфраструктуранын үстүнөн атайын уруксатсыз;
- учууну визуалдык байкоону чектеген шарттарда (туман, катуу кар жаашы, төмөн булуттуулук) тиешелүү учууну башкаруу системалары жок болгон учурда.
43. УУА менен түнкү убакта учуулар конуу аянтчасынан жана визуалдык багыт алууну жана аппаратты көзөмөлдөөнү камсыз кылган жарык-техникалык, жарыктандыруучу түзүлүштөр жана башка техникалык каражаттар менен жабдылган УУАда аткарылышы мүмкүн. УУАнын оператору/тышкы учкучу түнкү учуунун жүрүшүндө конуу аянтчасын жарыктандырууну, УУАдын визуалдык байкоону же техникалык көзөмөлдү камсыз кылууга милдеттүү.
44. Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын бирдиктүү тутумун улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте берилген уруксаттын негизинде учууга тыюу салынган же учуулар чектелген аймактарда учууларды аткарууда тартылган фото- жана видеоматериалдар Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын бирдиктүү тутумун улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан талап кылынуусу мүмкүн.
8-бөлүм. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин УУА тарабынан
пайдалануу
45. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат Жарандык авиация органы тарабынан берилет.
46. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат жарандык авиация органына түздөн-түз же маалыматтык система аркылуу берилген арыздын (документтердин) негизинде таризделет.
47. Учууларды аткарууда УУАнын оператору/тышкы учкучу учуу көзөмөлдөнүүчү аба мейкиндигинде аткарылган, учуу планы же билдирүү берүүнү талап кылган учурларда Кыргыз Республикасынын аба кыймылын тейлөө органдары жана КР АС БА АКТ менен (радио, телефон, мобилдик) байланыштын камсыздалышын камсыз кылат.
48. Өзгөчө корголуучу объекттердин үстүнөн УУА менен учуулар Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын бирдиктүү тутумун улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен мындай учуулар башталганга чейин кеминде 5 жумушчу күн мурда макулдашылат.
49. УУАдын эксплуатациялоо аба мейкиндигин пайдаланган колдонуучулардын кызыкчылыгында УУА учууларын уюштурууда убактылуу жана жергиликтүү режимдерди белгилөө, ошондой эле кыска мөөнөттүү чектөөлөрдү киргизүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
50. Көзөмөлдөнүүчү аба мейкиндигинде жана сегрегацияланбаган аба мейкиндигинде учууларды аткаруу аэронавигациялык кызмат көрсөтүүчү провайдер менен аэронавигациялык тейлөөнү көрсөтүү жөнүндө келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
51. Чек арага чектеш аймакта жана чек ара тилкесинде аба мейкиндигин пайдалануу Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-майындагы №98 «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Мыйзамынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
52. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу. УУА менен учуулар Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинин чегинде гана аткарылат.
53. УУАнын оператору Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигинин чегинен чыгып кетишинин алдын алуу үчүн бардык мүмкүн болгон чараларды көрүүгө милдеттүү.
54. Юридикалык жактарга Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат (5-тиркеме) ушул Эрежелердин талаптары сакталган, берилген документтердин актуалдуулугу камсыздалган жана учуулар жарыяланган учуу сценарийлерине ылайык аткарылган шартта 12 айга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн.
55. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат алуу үчүн юридикалык жак КР БА АКТ органына төмөнкү документтер топтомун электрондук почта аркылуу (gcz.ovd@bk.ru жана atfmu@caa.kg) тапшырат:
1) Уруксат берүүнү сураган арыз (4-тиркеме).
2) Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын бирдиктүү тутумун улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берүүчү документтер.
3) Эксплуатанттын сертификаты (зарыл болгон учурда).
4) УУА боюнча документтер:
– УУАнын эсепке коюу жөнүндө күбөлүк;
– операциянын категориясына ылайык талап кылынган учурда Remote ID идентификациялык номери;
– УУАнын техникалык абалы жөнүндө маалыматтар (техникалык абал актысы же учуучулук жарактуулук жөнүндө документ — классына жана операция категориясына жараша).
5) Оператор боюнча документтер:
– УУА операторунун жарактуу сертификаты.
6) Тышкы учкуч боюнча документтер:
– УУАнын тышкы учкучунун күбөлүгү;
– даярдыктан өткөндүгү жөнүндө документ (VLOS/BVLOS);
– коркунуч категориясына жараша талап кылынган учурда медициналык корутунду.
56. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат документтердин толуктугу текшерилгенден жана пландалган учуулардын коопсуздугу ушул Эрежелерге ылайык уюмдун спецификациясына ылайык бааланган соң 3 (үч) күндүн ичинде гана берилет.
57. Юридикалык жак Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга 12 айлык мөөнөткө уруксат алгандан кийин, учуулар ушул Эрежелердин 34-пунктунда көрсөтүлгөн аймактарга ылайык аткарылат.
58. УУАнын оператору (тышкы учкучу) конкреттүү операция үчүн каралган документтерди белгиленген формаларга ылайык КР БА АКТ органына жөнөтүүгө милдеттүү. Мында учууну аткаруу жөнүндө билдирүү операция башталганга чейин кеминде 2 саат мурда берилет; учууну аткарууга суроо-талап (Н формасы) жана/же учуу планы (SHR) ушул Эрежелерде жана AIP KR белгиленген учурларда берилет.
59. Уруксат белгиленген чектөөлөр, коопсуздук талаптары сакталган жана жарандык авиация органы тарабынан көзөмөл жүргүзүлгөн шартта жарактуу болуп саналат. Юридикалык жактын маалыматтары, УУАнын параметрлери же эксплуатациялоо шарттары өзгөргөн учурда Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга берилген уруксат убактылуу токтотулат, ал эми кайталап бузуу болгон учурда — жокко чыгарылат.
60. Жеке жактарга Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга бир жолку уруксат (7-тиркеме) жарандык авиация органы тарабынан, орган аныктаган мөөнөткө, ушул Эрежелердин талаптары так сакталган жана жарандык авиация органына документтердин толук топтому берилген шартта берилет. Бир жолку уруксат ушул Эрежелерге ылайык милдеттүү уруксатты талап кылган учуулар категорияларына кирген операциялар үчүн гана талап кылынат, анын ичинде көзөмөлдөнүүчү аба мейкиндигинде, сегрегацияланган аймактарда жана чектелген аймактарда учууларды аткаруу, ошондой эле BVLOS жана EVLOS операцияларын жүргүзүү.
61. Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берүүнүн жеке жактар үчүн тартиби:
1) Документтерди тапшыруу тартиби КР БА АКТ органына төмөнкү документтерди электрондук почта аркылуу (gcz.ovd@bk.ru жана atfmu@caa.kg) тапшырууга тийиш:
- белгиленген формадагы арыз (6-тиркеме);
- УУА операторунун/тышкы учкучтун паспортунун көчүрмөсү;
- Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын бирдиктүү тутумун улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берүүчү документтер;
- УУА операторунун сертификаты же УУАнын тышкы учкучунун күбөлүгү.
2) БПЛА боюнча документтер:
- УУАтын эсепке коюу жөнүндө күбөлүк;
- Remote ID (талап кылынган учурда);
- техникалык абал актысы жана учуучулук жарактуулук сертификаты (C3 жана C4 класстары үчүн).
3) Берилген документтер топтомун кароо тартиби
Жарандык авиация органы документтер топтомунун толуктугун, таризделишинин тууралыгын жана белгиленген талаптарга шайкештигин текшерет. Кароонун жыйынтыгы боюнча жарандык авиация органы Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Уруксат бир учууга берилет жана арыз берүүчүгө электрондук формада жөнөтүлөт.
4) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берүүдөн баш тартуунун негиздери. Уруксат берүүдөн баш тартууга төмөнкү учурларда жол берилет, эгерде:
- берилген маалыматтар ишенимсиз болсо;
- учуу максаты жок болсо;
- аймак тыюу салынган жерге кирсе;
- УУА боюнча документтер жок болсо;
- УУАнын оператору/тышкы учкучу талап кылынган уруксатка ээ болбосо;
- операция коопсуздукка коркунуч жаратса;
- тиешелүү органдар менен макулдашуулар жок болсо.
Баш тартуу жазуу жүзүндө таризделет жана арыз берүүчүгө электрондук формада жөнөтүлөт.
5) Жеке жактын милдеттери:
- учууну берилген уруксаттын чегинде гана аткаруу;
- уруксат берилген бийиктиктен ашпоого;
- адамдардын жана инфраструктура объекттеринин үстүнөн учууларга жол бербөө;
- зарыл болгон учурда КР АКТ органдары менен байланышта болуу;
- ыйгарым укуктуу органдардын көрсөтмөсү боюнча учууну дароо токтотуу;
- талап кылынган учурда (корголгон аймактарда) видеотасма материалдарын берүү.
6) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксатты убактылуу токтотуу/жокко чыгаруу негиздери:
- учуулардын коопсуздугу жана авиациялык коопсуздук талаптары бузулган;
- маалыматтардын шайкеш эместиги аныкталган;
- Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу эрежелери бузулган;
- учууну коопсуз эмес кылган Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга чектөө пайда болгон.
9-бөлүм. Техникалык тейлөө жана кароо
62. УУАга техникалык тейлөө анын учуучулук жарактуулугун, ишенимдүүлүгүн жана коопсуз эксплуатациясын сактоо максатында жүргүзүлөт.
63. C3–C4 класстагы УУАтар менен учууларды аткарган УУА эксплуатанттары ушул Эрежелердин талаптарына, эксплуатанттын Учуу иштерин аткаруу боюнча колдонмосуна, ошондой эле УУА өндүрүүчүнүн эксплуатациялык документациясына ылайык Техникалык тейлөө программасын иштеп чыгууну жана жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү.
Техникалык тейлөө программасы төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
- регламенттик иштердин тизмеси;
- текшерүүлөрдүн жана компоненттерди алмаштыруунун мезгилдүүлүгү;
- бузулууларды аныктоо жана жоюу тартиби;
- компоненттердин ресурстарын жана кызмат мөөнөтүн көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар;
- техникалык тейлөө боюнча документацияны жүргүзүүгө коюлуучу талаптар.
64. УУАга техникалык тейлөө квалификациясы документ жүзүндө тастыкталган жана аны аткарууга жол берилген адамдар тарабынан гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Жол берүү төмөнкү документтердин бирөөсү менен ырасталган учурда жарактуу болуп эсептелет:
- УУА өндүрүүчүсү же окуу уюму тарабынан берилген, техникалык тейлөө боюнча даярдыктан өткөндүктүн жыйынтыгы боюнча жарандык авиация органы тарабынан таанылган сертификат же күбөлүк;
- УУА операторлору/тышкы учкучтары үчүн — техникалык тейлөө боюнча тастыкталган компетенттүүлүк, алардын оператор сертификатында/тышкы учкуч күбөлүгүндө көрсөтүлгөн болсо;
- УУАнын эксплуатациялык документациясында же учуучулук жарактуулукту сактоо боюнча колдонулуп жаткан эрежелерде түздөн-түз каралган башка документтер.
65. Ар бир учуунун алдында УУАнын оператору/тышкы учкучу төмөнкүлөрдү камтыган алдын ала учуу алдындагы текшерүүнү жүргүзүүгө милдеттүү:
- корпустун жана көтөрүүчү элементтердин түзүмдүк бүтүндүгүн текшерүү;
- кыймылдаткыч орнотулушунун, бурамалардын жана сервоприводдордун бекемдигин текшерүү;
- аккумуляторлордун күч деңгээлин же энергия булагынын абалын көзөмөлдөө;
- башкаруу каналдарынын, телеметриянын жана навигациянын иштешин текшерүү.
66. C3–C4 класстагы УУАдын техникалык тейлөөнүн жана кароолордун жыйынтыктары УУАнын техникалык абалынын журналына төмөнкү маалыматтарды көрсөтүү менен киргизилет:
- аткарылган күнү;
- аткаруучунун аты-жөнү;
- аткарылган иштердин тизмеси;
- аныкталган кемчиликтер жана аларды жоюу боюнча көрүлгөн чаралар.
67. Төмөнкү учурларда УУАдын эксплуатациялоого тыюу салынат, эгерде:
- башкарууга же учуунун туруктуулугуна таасир этүүчү бузулуулар аныкталса;
- конструкциянын күч берүүчү элементтери бузулса;
- навигация же башкаруу системаларынын ишке жөндөмдүүлүгү бузулса;
- милдеттүү регламенттик иштердин аткарылгандыгы тастыкталбаса;
- УУА менен учууга тыюу салынган аймактардын координаттары менен таанышпай туруп учуулар аткарылса.
68. УУАга оңдоо же модернизация жүргүзүлгөндөн кийин анын ишке жөндөмдүүлүгү текшерүүгө тийиш, анын жыйынтыктары техникалык документацияда катталат.
69. Жарандык авиация органы УУАнын техникалык абалын жана эксплуатанттын документациясын пландан тышкаркы текшерүүлөрдү жүргүзүүгө укуктуу.
10-бөлүм. Учуу коопсуздугу, жоопкерчилик жана контролдоо
70. УУАнын эксплуатанты, оператору жана УУАнын тышкы учкучу учууларды коопсуз аткарууну камсыз кылууга жана адамдарга, мүлккө жана инфраструктурага зыян келтирүү коркунучтарын алдын алууга милдеттүү.
71. УУАнын оператору жана тышкы учкучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- учууга чейин метеорологиялык шарттарды баалоого;
- УУАнын жарактуулугун жана учууга даярдыгын камсыз кылууга;
- учууларды уруксат берилген аймактардын чегинде гана аткарууга;
- тиешелүү уруксаттарсыз адамдардын топтолушунун үстүнөн, стратегиялык объекттердин үстүнөн жана көзөмөлдөнүүчү аба мейкиндигинде учууларды аткарбоого;
- чарчоо, мас абал же ден соолук начар абалда учууларды аткарбоого;
- C3 жана C4 класстагы УУАтар үчүн учуу журналын жүргүзүүгө;
- учуулардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда учууну дароо токтотууга жана УУАдын кондурууну камсыз кылууга;
- ушул Эрежелерге ылайык уруксат берилген учуу бийиктигин сактоого.
72. Жарандык авиация органы төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- учуулардын коопсуздугу талаптарынын сакталуусун көзөмөлдөөнү;
- УУА эксплуатанттарын, операторлорун жана УУАнын тышкы учкучтарын инспекциялык текшерүүлөрдү жүргүзүүнү;
- УУАдын колдонууга байланыштуу авиациялык окуяларды жана инциденттерди талдоону жана иликтөөнү.
73. УУАдын эксплуатациялоо чөйрөсүндө иш жүргүзгөн адамдар жана уюмдар Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин негизинде ушул Эрежелердин талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик тартышат.
74. Ушул Эрежелердин талаптарын бузуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
75. Жарандык авиация органы УУАдын эксплуатациялоо чөйрөсүндө берилген уруксат берүүчү документтердин колдонулушун чектөөгө, убактылуу токтотууга же жокко чыгарууга укуктуу, эгерде ушул Эрежелердин талаптарынын бузулушу аныкталса, анын ичинде:
- УУА эксплуатантынын, операторунун/тышкы учкучунун ишмердүүлүгүнүн натыйжасында учуулардын коопсуздугуна же авиациялык коопсуздукка коркунуч жаралганы аныкталса;
- юридикалык же жеке жак тарабынан адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна, мүлкүнө зыян келтирүүгө алып келиши мүмкүн болгон аракеттер (аракетсиздик) жасалса же УУА менен учууларды коопсуз аткарууга потенциалдуу коркунучтуу башка шарттар түзүлсө;
- Кыргыз Республикасынын аба мыйзамдарынын талаптары, ушул Эрежелердин жоболору жана аба мейкиндигин пайдаланууну жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актылар, анын ичинде техникалык эксплуатациялоо талаптары, белгиленген аймактардын чегинде эксплуатациялоо жана авиациялык коопсуздукту камсыз кылуу талаптары бузулса;
- учуулардын коопсуздугуна коркунуч жараткан же жаратышы мүмкүн болгон ишенимсиз, бурмаланган же толук эмес маалыматтар берилсе.
1) Уруксатты чектөө, убактылуу токтотуу же жокко чыгаруу жөнүндө чечим жарандык авиация органы тарабынан учуулардын коопсуздугуна коркунучтун алдын алуу, ошондой эле адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна же жарандардын мүлкүнө зыян келтириши мүмкүн болгон кесепеттерди болтурбоо максатында кабыл алынат.
2) Жарандык авиация органы кабыл алынган чечим жөнүндө УУА эксплуатантын, операторун/тышкы учкучтун негиздерин жана аныкталган бузуулардын тизмесин көрсөтүү менен дароо кабардар кылууну камсыз кылат.
3) Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксаттын колдонулушу бузуулар жоюлгандыгы тастыкталгандан жана учуулардын коопсуздугуна коркунуч жок болгон шартта жарандык авиация органы тарабынан калыбына келтирилиши мүмкүн.
76. УУА эксплуатанттары, УУАнын операторлору/тышкы учкучтары, ошондой эле УУАдын эксплуатациялоого катышкан башка адамдар төмөнкү учурлар боюнча жарандык авиация органына дароо билдирүүгө милдеттүү, эгерде бул окуялар, кырсыктар же жагдайлар:
1) учуулардын коопсуздугуна таасир эткен же таасир этүү мүмкүнчүлүгү болгон болсо;
2) авиациялык коопсуздук маселелерине тиешелүү болсо;
3) адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаратса же жарандардын, уюмдардын же мамлекеттин мүлкүнө зыян келтириши мүмкүн болсо;
4) уруксатсыз кийлигишүү учурлары, башкарууну басып алуу аракеттери, кибер-инциденттер же авиациялык коопсуздукка таасир этиши мүмкүн болгон башка окуялар орун алса.
11-бөлүм. УУА эксплуатантынын сертификаты
77. УУА эксплуатантынын сертификаты (1-тиркеме) юридикалык жактын ушул Эрежелердин талаптарына ылайык УУАдын колдонуу менен коммерциялык аба операцияларын жүзөгө ашырууга укугун тастыктайт.
78. Эксплуатанттын сертификаты төмөнкү коммерциялык операцияларды аткарган эксплуатанттар үчүн милдеттүү болуп саналат, анын ичинде:
- үчүнчү жактар үчүн аэрофото-тасма тартуу, видеотасма тартуу жана мониторинг жүргүзүү;
- келишимдин негизинде объекттерди инспекциялоо, көзөмөлдөө, байкоо жана патрулдоо;
- УУА менен учуулардын жүрүшүндө алынган маалыматтарды иштетүү боюнча кызмат көрсөтүү;
- келишимдер же башка акы төлөнүүчү макулдашуулар боюнча учууларды аткаруу;
- коммерциялык ишмердүүлүктүн алкагында аткарылган BVLOS операциялары;
- киреше, акы же башка пайда алууну караган ишмердүүлүктүн башка түрлөрү.
79. Юридикалык жактар, анын ичинде мамлекеттик мекемелер, УУА менен учууларды жалаң ички милдеттерди аткаруу үчүн жүргүзүп, үчүнчү жактар үчүн коммерциялык же башка операцияларды аткарбаган учурда, УУА эксплуатантын сертификатын милдеттүү алуу талаптарына кирбейт. Зарыл болгон учурда алар аны ыктыярдуу негизде алууга укуктуу.
Мындай операциялар ушул Эрежелердин талаптарына ылайык, аба мейкиндигин пайдаланууга тиешелүү уруксаттар болгон шартта жана белгиленген коопсуздук чаралары сакталган учурда аткарылат.
80. Эксплуатанттын сертификатын алуу үчүн арыз берүүчү төмөнкүлөргө ээ болууга тийиш:
1) төмөнкү багыттар боюнча жооптуу дайындалган кызмат адамдары камтылган уюштуруучулук түзүмгө:
– учууларды башкаруу;
– техникалык тейлөө;
– учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу.
2) Эксплуатанттын Учуу иштерин аткаруу боюнча колдонмосу, анда төмөнкүлөр каралат:
- учууларды даярдоо жана аткаруу тартиби;
- коркунучтарды баалоо жана башкаруу жол-жоболору;
- Кыргыз Республикасынын АКТ органдары менен өз ара аракеттенүү тартиби;
- штаттан тышкаркы кырдаалдарда аракеттенүү жол-жоболору.
3) аткарылып жаткан ишмердүүлүктүн масштабына жана коркунучтарына пропорционалдуу учууларды коопсуз башкаруу системасы (SMS);
4) УУАнын техникалык тейлөө программасы;
5) ушул Эрежелерге ылайык үчүнчү жактардын алдында жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу боюнча жарактуу келишим;
6) эксплуатациялоо талаптарына жооп берген УУАдын тизмеси.
81. Эксплуатанттын сертификатын берүү тартиби
Этап | Мазмуну | Жооптуу адам |
1 | Арызды жана документтердин толук топтомун тапшыруу | Оператор |
2 | Документтерди алдын ала эксперттик баалоо | ЖАМА |
3 | Уюштуруучулук жана логистикалык даярдыкты текшерүү | Инспектор |
4 | Учууларды көрсөтүү (кабыл алуу) | Оператор жана инспектор |
5 | Эксплуатанттын сертификатын жана спецификацияларын берүү | ЖАМА |
Арызга төмөнкү документтер тиркелет (8-тиркеме):
- негиздөөчү документтер;
- учуу операциялары боюнча колдонмо;
- УУАдын техникалык тейлөө программасы;
- байланыш жабдууларын иштетүүдөгү жана башкаруудагы УУАдын тизмеси.
82. Спецификация эксплуатанттын сертификатынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана учууларды аткаруунун чектерин жана шарттарын аныктайт.
83. Спецификация жарандык авиация органы тарабынан Эксплуатанттын сертификатын берүү менен бир убакта бекитилет.
84. Спецификацияга өзгөртүүлөр эксплуатанттын арызы боюнча же жарандык авиация органынын талабы боюнча киргизилет.
85. Эксплуатанттын сертификатына тиркелген Спецификацияда көрсөтүлгөн шарттардан тышкары учууларды аткарууга тыюу салынат.
86. Эксплуатанттын сертификаты мөөнөтсүз негизде берилет. Сертификаттын колдонулушу жарандык авиация органы тарабынан жүргүзүлүүчү пландуу жана пландан тышкаркы көзөмөл иш-чаралары аркылуу ырасталат.
87. УУА эксплуатанттын сертификатын берүү жөнүндө арызды кароо, анын ичинде зарыл болгон текшерүүлөрдү, баалоо иш-чараларын жана макулдашууларды жүргүзүү жарандык авиация органы тарабынан арыз жана документтердин толук топтому катталган күндөн тартып 21 жумушчу күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
88. Кошумча текшерүүлөрдү жүргүзүү, башка ыйгарым укуктуу органдардан макулдашууларды алуу зарыл болгон учурда, ошондой эле арыз берүүчү документтердин толук эмес топтомун бергенде, кароо мөөнөтү узартылышы мүмкүн.
12-бөлүм. Үчүнчү тараптардын мүддөөлөрүн коргоо
үчүн жарандык жоопкерчиликти
мажбурдуу камсыздандыруу
89. Үчүнчү жактардын алдында жарандык жоопкерчиликти камсыздандыруу калктуу пункттарда, шаардык чөйрөдө, адамдардын үстүнөн, инфраструктура объекттеринин жана транспорт каражаттарынын үстүнөн учууларды аткарууда УУА эксплуатанттары, операторлору жана УУАнын тышкы учкучтары үчүн милдеттүү болуп саналат.
90. УУА эксплуатанты, оператору же тышкы учкучу камсыздандыруу полисинин колдонулуу мөөнөтүн өз алдынча аныктайт, бирок үчүнчү жактардын алдында камсыздандыруу милдеттүү болуп эсептелген операцияларды аткаруунун бүткүл мезгилинде жарактуу камсыздандыруу полисинин болушун камсыз кылууга милдеттүү. Мындай учууларды жарактуу камсыздандыруу полиси жок аткарууга тыюу салынат.
91. Тоолуу аймактарда, алыскы жана калк жашабаган райондордо учууларды аткарууда, эгерде мындай операциялар төмөн деңгээлдеги коркунучка кирсе жана үчүнчү жактарга коркунуч жаратпаса, камсыздандыруу милдеттүү эмес.
92. Камсыздандыруу полисинин жоктугу Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берүүдөн баш тартууга, ошондой эле УУА операторунун сертификатын, УУАнын тышкы учкучунун күбөлүгүн жана УУА эксплуатанттын сертификатын убактылуу токтотууга же жокко чыгарууга негиз болуп саналат.
93. УУА эксплуатанты, оператору же тышкы учкучу жарандык авиация органынын талабы боюнча камсыздандыруунун бар экендигин тастыктаган документтерди берүүгө милдеттүү.
| Тиркеме 1 |
УУА ЭКСПЛУАТАНТТЫН СЕРТИФИКАТЫ UAV OPERATOR’S CERTIFICATE | |||
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ KYRGYZ REPUBLIC |
| |
| КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ STATE CIVIL AVIATION AGENCY UNDER THE CABINET OF MINISTERS OF THE KYRGYZ REPUBLIC |
| |
ЭС № ROC # Мөөнөтүнүн аяктаган күнү: Expiry date: | Эксплуатанттын аталышы: Name of the operator: Коммерциялык аталышы: The commercial name: Эксплуатанттын дареги: Operator address: Телефон/Tel: Факс/Fax: Электрондук почта/e-mail: | Эскплуатациядагы оперативдүү байланыш:
Contact details: +996 ххх хххххх Оперативдүү жетекчилик менен дароо байланышууга мүмкүндүк берген байланыш маалыматтары төмөнкүлөрдө көрсөтүлгөн: Contact details at which operational management can be contacted without undue delay, are listed in _____________________
| |
Ушул УУА эксплуатанттын сертификаты коммерциялык аба ташууларды аткарууга укук берилгенин тастыктайт. Бул укук тиркемедеги эксплуатациялык спецификацияларда белгиленген тартипте, УУА учуу иштерин аткаруу боюнча колдонмого, КР Аба кодексине жана КР Авиациялык эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат. This certificate certifies that (name of the operator) is authorized to perform commercial air operations, as defined in the attached Operations Specifications, in accordance with the Operator’s Operations Manual, Air Code of Kyrgyz Republic and Aviation Rules of Kyrgyz Republic. | |||
Берилген күнү: Date of issue:
| Аты-жөнү жана колу: Name and signature:
Кызматы: Title: | ||
|
|
|
|
| Тиркеме 2 |
УУА учуу планын типтүү формасы (SHR форматы)** Учуу планы (SHR) УУА белгиленген аймактарда аткарылган операциялары боюнча маалымдоо жана координациялоого, ошондой эле аба мейкиндигин пайдаланууну БА АКТ менен макулдашууга колдонулат.
(SHR-BPLA)
1. DOF/251120 2. OPR/AEROVISION-KG 3. PILOT/TOKTOSUNOV R.A. TEL:+996550123777 4. UAS/DJI MATRICE 350RTK C3 MTOM9.2KG REMOTEID:R350-KG-A21157 5. DEP/428218N 0743755E 6. DEST/428218N 0743755E 7. AREA/RECT 1KM X 1KM LEBEDINOVKA: 428230N 0743740E 428230N 0743810E 428200N 0743810E 428200N 0743740E 8. ALT/AGL120M 9. TIME/0230Z-0330Z EET/0100 RMK/RES30MIN 10. TYPE/BVLOS SURVEY RTK 11. SORA/GRC4 ARC-B M1M2M3 APPLIED 12. GEO/YES GEOFENCE/YES RTH/YES 13. AUTH/UAS-BG-178 14. RMK/PHOTOGRAMMETRY CONTRACT48-2025 15. END/
УЧУУ ПЛАНЫН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ:
1. DOF/251120 Учуу күнү (форматы менен) YYMMDD. 2. OPR/ УУА оператору (Operator). 3. PILOT/ Тышкы учкуч (Remote Pilot). 4. UAS/ УУА тиби + класс + Remote ID. 5. DEP/ Учуу координаты (WGS-84). 6. DEST/ Конуу координаты. 7. AREA/ Операциялык аймак (Operating Area). 8. ALT/ Максималдуу бийиктик (AGL/AMSL). 9. TIME/ Башталыш жана аяктоо убактысы (UTC). 10. TYPE/ Миссиянын тиби . 11. SORA/ Коркунуч деңгээлдери. 12. GEO/, GEOFENCE/, RTH/ Коопсуздук боюнча техникалык кажаттар. 13. AUTH/ Уруксат номери ЖАО / АКТ. 14. RMK/ Эскертме. 15. END/ SHR-сообщениясынын бүтүүсү. |
| Тиркеме 3 |
УУА ТЕХНИКАЛЫК АБАЛЫН БААЛОО АКТЫ
Түзүлгөн күнү: __________________________ Түзүлгөн жери: _________________________
Комиссия төмөнкү курамда: 1. __________________________________________ 2. __________________________________________ 3. __________________________________________
1. УУА маалыматтары: УУА тиби: _________________________________________________________ Завод номери (S/N): _________________________________________________ Каттоо номери (тиешелүү болсо): _____________________________________ Эксплуатант (уюм): _________________________________________________ 2. Планердин абалы ________________________________________________ Планер: түзүк/оңдоону талап кылат/жарамсыз 3. Күч түзүлүшүнүн абалы___________________________________________ Күч түзүлүшү: түзүк/оңдоону талап кылат/жарамсыз 4. Борттук жабдуу__________________________________________________ Борттук жабдуу: түзүк/оңдоону талап кылат/жарамсыз 5. Жерден башкаруу станциясы (RPS)________________________________ Жерден башкаруу станциясы: түзүк/оңдоону талап кылат/жарамсыз 6. C2-байланышы (башкаруу каналы)________________________________ Байланыш туруктуу / орточо / туруксуз Канал резерви: бар / жок 7. Текшерүүнүн жыйынтыктары жана корутунду______________________ УУА таанылды: жарамдуу / шарттуу түрдө жарамдуу / жарамсыз 8. Комиссиянын корунтусу: ………………………………………………………………………….…………… …………………………………………………………….………………………… ……….……………………………………………………………………………… ………………………………………………………………………………………. Комиссия төрөгасы……….…………………………………………...…………… (кызматы, иштеген жери/колу/аты-жөнү/күнү) Комиссиянын мүчөлөрүнүн колдору: __________________________ __________________________ __________________________ __________________________
| |
"…" ……… 20 … ж. М.О. | М.О. |
| Тиркеме 4 |
Өтүнмө формасы
Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга
УУА менен учуу иштерин аткаруу үчүн
12 айлык уруксат алуу боюнча
(юридикалык жак үчүн)
1. Уюм боюнча маалымат 1.1. Юридикалык жактын аталышы: __________________________________________________________________ 1.2. ИНН / каттоо маалыматтары: __________________________________________________________________ 1.3. Юридикалык дареги: __________________________________________________________________ 1.4. Жооптуу адамдын контакттык маалыматтары: Аты-жөнү: ________________________________________________________ Кызматы: _________________________________________________________ Телефон: ________________________ E-mail: __________________________
2. Пландалып жаткан ишмердүүлүктүн параметрлери (уруксаттын мөөнөтү ичинде) 2.1. Суралып жаткан уруксаттын мөөнөтү: «___» ____________ 20__ ж. «___» ____________ 20__ ж. чейин (12 айдан көп эмес) 2.2. Учуу жүргүзүлүүчү аймактар: (административдик аймактарды, райондордун чек араларын же иш аткарылуучу аймактарды көрсөтүү) __________________________________________________________________ __________________________________________________________________ 2.3. Координаттар жана бийиктик параметрлери: – минималдуу бийиктик: ______ м AGL – максималдуу бийиктик: ______ м AGL – калктуу конуштардан/объектилерден алыстоо боюнча чектөө: ___________ 2.4. Аткаруу пландалып жаткан операциялардын категориялары □ VLOS — түз көрүнүү чегинде учуулар; □ EVLOS — кеңейтилген көрүү зонасы (көзөмөлчүлөр менен); □ BVLOS — түз көрүнүүдөн тыш учуулар. 2.5. Учуу түрлөрү жана багыты: □ окуу-машыгуу учуулары □ аэрофототартуу / картографиялоо □ мониторинг / инспекция / байкоо □ издөө-куткаруу иштери (макулдашуу болгондо) □ демонстрациялык жана көргөзмөлүү учуулар □ коммерциялык учуулар □ башка операциялар: ________________________________________
3. УУА жөнүндө маалыматтар (тизме түрүндө тиркелет) Өзүнчө баракта төмөнкүлөр көрсөтүлөт: – УУА маркасы жана модели; – категориясы (С0–С4); – максималдуу учуу массасы; – сериялык номери (бар болсо); – каттоо номери; – техникалык абалын тастыктаган актылар; – Remote ID боюнча маалыматтар (бар болсо).
4. Операторлор/тышкы учкучтар жөнүндө маалыматтар (тиркелет) – оператордун/тышкы учкучтун аты-жөнү; – УУА оператордун сертификаты же тышкы учкучтун күбөлүгү; – контакттык маалыматтары; – медкароо (операциянын категориясына жараша талап кылынса).
5. Өтүнмө ээси тарабынан тастыктоо Ушуну менен төмөнкүлөрдү тастыктайм: – ишмердүүлүк Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдалануу боюнча Эрежелерге ылайык жүзөгө ашырылат; – бардык операциялар ушул өтүнмөдө көрсөтүлгөн параметрлердин алкагында аткарылат; – уюм коопсуздук чараларынын жана ушул Эрежелердин талаптарынын сакталышын камсыздайт.
Өтүнмө берилген күнү: «__» ____________ 20__ ж. Жетекчи / ыйгарым укуктуу адам: Колу: ____________________________ Аты-жонү: ______________________________ М.О. (бар болсо) |
| Тиркеме 5 |
Кыргыз Республикасынын аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат алуу үчүн юридикалык жактарга арналган комплекстүү документтер топтому (Жылдык уруксат + Спецификациясы + SHR + Маалыматтык кат)
1. Жылдык уруксат Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги ушул КР АБА МЕЙКИНДИГИН ПАЙДАЛАНУУ БОЮНЧА ЖЫЛДЫК УРУКСАТТЫ 12 айлык мөөнөткө берет. 1.1. Уюм жөнүндө маалыматтар Юридикалык жактын аталышы: ______________________________________ ИНН/каттоо: ______________________________________________________ Юридикалык дареги: _______________________________________________ Жооптуу адам: _____________________________________________________ Телефон / e-mail: ___________________________________________________
1.2. Уруксаттын мөөнөтү «___» ____________ 20___ ж. баштап «___» ____________ 20___ ж. чейин (мөөнөт 12 айдан ашпайт)
1.3. Уруксатты берүү негиздемеси Уруксат «Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелери КРАЭ-6, IV бөлүм. УУА эксплуатациялоо» 8-бөлүмүнө ылайык жана өтүнмө ээси тарабынан тапшырылган документтер пакетинин негизинде берилет.
2. СПЕЦИФИКАЦИЯ Жылдык АМП уруксатынын кошумчасы Спецификация жылдык уруксаттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана учуулардын чектерин, параметрлерин жана аткаруу шарттарын аныктайт. 2.1. Уруксат берилген операциялардын категориялары □ VLOS □ EVLOS □ BVLOS □ Калктуу конуштарда учуулар □ Айыл жерлеринде учуулар □ Орто коркунуч категориясындагы учуулар □ Жогорку коркунуч категориясындагы учуулар (макулдашулар болгон учурда) |
2.2. УУА уруксаты бар тибтери жана моделдери
№ | Тиби/модели | Классы (С0–С4) | Максимулдуу салмагы | Сериялык номери | Remote ID | Каттоо |
1 |
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
… |
|
|
|
|
|
|
2.3. Белгиленген аймактар / учуу жүргүзүлүүчү географиялык аймактар 1.____________________________________________________________ 2.____________________________________________________________ 3.____________________________________________________________ (аймактар WGS-84 координаттар системасында полигон/тик бурчтук түрүндө көрсөтүлүшү мүмкүн)
2.4. Бийиктик параметрлери Минималдуу бийиктик: ______ м AGL Максималдуу бийиктик: ______ м AGL Тик боюнча чектер: _____________________________________________
2.5. Техникалык жана эксплуатациялык талаптар – УУА Geo-Awareness жана Geofencing функциялары болушу керек; – RTH функциясын болушу милдеттүү; – BVLOS учуулары SORA болгон учурда гана уруксат берилет; – «Оператор—УУА» байланышы туруктуу болушу зарыл; – Remote ID функциясы C2–C4 класстарына жана BVLOS операцияларына милдеттүү.
2.6. SHR тапшыруу милдеттүүлүгү Оператор төмөнкүлөрдү камсыздоого милдеттүү: – SHR — учууга кеминде 3 саат калганда тапшырылууга тийиш SHR тастыктоосу жок учууларга тыюу салынат.
3. ТАСТЫКТОО (ОПЕРАТИВДҮҮ УРУКСАТ) Конкреттүү операцияны аткарууга (SHR) Бул форма ар бир учуунун алдында КР БА АКТ берилет.
3.1. Жылдык уруксат менен байланышы Жылдык уруксат № ________ Спецификация № ________ 3.2. Конкреттүү учуунун параметрлери (SHR формасынан) DOF: «__» ________ 20___ ж. Операциянын убактысы: – Z Аткаруу аймагы: _______________________________________________ Полигондун координаттары: _____________________________________ Максималдуу бийиктик: ________ м AGL Операциянын тиби: □ VLOS □ EVLOS □ BVLOS □ SPECIAL БА АКТ тарабынан берилген SHR тастыктоо номери: ________________
4. МААЛЫМАТТЫК КАТ жылдык АМП уруксатын берүү жөнүндө Кат кызыктар органдарга жөнөтүлөт
Каттын мазмуну: КР Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги төмөнкүлөрдү маалымдайт Юридикалык жакка: _____________________________________________ КР аба мейкиндигин пайдаланууга жылдык уруксат берилет. № _________ «___» ________ 20__ ж. мөөнөтү «___» __________ 20 ___ж. Уруксатка төмөнкүлөрдү аныкталган Спецификация кошулат: – учуу аймактары; – бийиктиктер; – уруксат берилген операциялардын түрлөрү; – УУА тизмеси; – милдеттүү коопсуздук талаптары. Ар бир учуунун алдында оператор КР БА АКТ (SHR) планын жөнөтүүгө милдеттүү. Бул кат маалымдоо жана ведомстволор аралык координацияны камсыздоо максатында жөнөтүлөт. |
| Тиркеме 6 |
Өтүнмө формасы
физикалык жак үчүн
КР аба мейкиндигин пайдаланууга бир жолку уруксат алуу боюнча
1. Өтүнмө ээси жөнүндө маалыматтар Аты-жөнү: ________________________________________________________ Туулган күнү: _____________________________________________________ Паспорт: серия ____ № _______, «__» _________ 20__ ж. берилген Жашаган дареги: ___________________________________________________ Байланыш телефону: _____________________ E-mail: _____________________________
2. УУА жөнүндө маалыматтар УУА тиби/модели: _________________________________________________ Классы (С0–С4): ___________________________________________________ Салмагы: ________________________ кг Сериялык номери: _____________________________________ Каттоо номери: ______________________________ Remote ID (керек болгон учурда): ____________________________________
3. Учуу аткаруунун максаты □ Жеке колдонуу □ Хобби/любительдик учуу □ Спорттук учуу □ Окуу-машыгуу учуу □ Башка (көрсөтүү): _______________________________________________
4. Пландалган операциянын параметрлери Учуу күнү: «__» _________ 20___ ж. Аткаруу убактысы: ______ баштап ______ чейин Операциянын категориясы: □ VLOS □ BVLOS Учуу аймагы: __________________________________________ Аймактын координаттары (WGS-84): _________________________________ Максималдуу бийиктик: ______ м AGL
5. Тиркемелер □ Паспорттун көчүрмөсү □ Оператордун сертификаты / тышкы учкучтун күбөлүгү □ УУА каттоого коюу тууралуу күбөлүк □ Remote ID (зарыл болсо) □ Техникалык абалынын актысы/учууга жарамдуулук сертификаты (С3–С4) □ Жеңилдетилген SORA коркунуч баалоосу (BVLOS же орто/жогорку коркунуч болсо) □ Тыюу салынган аймактарга кирүүнүн жоктугун тастыктоо______________
6. Өтүнмө ээси тарабынан тастыктоо Мен төмөнкүлөрдү тастыктайм: – берилген бардык маалыматтар чындыкка туура келет; – учуу КР Авиациялык эрежелерине ылайык жүзөгө ашырылат.
Өтүнмө берилген күнү: «__» _________ 20__ ж. Колу: ________________________ |
| Тиркеме 7 |
Бир жолку уруксат КР аба мейкиндигин пайдалануу боюнча физикалык жакка Уруксат №_____ УУА менен бир жолку учууну аткаруу үчүн
1. Өтүнмө ээси жөнүндө маалыматтар Аты-жөнү: _____________________________________________________ Паспорт: серия ____ № ________, «__» _________ 20__ ж. берилген Байланыш телефону: _____________________ E-mail: ______________________________ 2. УУА жөнүндө маалыматтар Тиби/модели: ___________________________________________________ Классы (С0–С4): _________________________________________________ Салмагы: _____________________ кг Каттоо номери: ______________________________ Remote ID: ______________________________________________________ 3. Уруксат берилген учуунун параметрлери Аткаруу күнү: «__» _________ 20___ ж. Уруксат берилген интервал: ______баштап _____чейин Учуу аймагы: ____________________________________________________ Аймактын координаттары (WGS-84): _________________________________ Максималдуу бийиктик: ______ м AGL Операциянын категориясы: □ VLOS □ BVLOS (SORA коркунуч баалоосу бар болсо) 4. Коопсуздук шарттары жана чектөөлөр – Учуу көрсөтүлгөн аймактын чегинде гана аткарылат; – Максималдуу бийиктиктен ашууга тыюу салынат; – Адамдардын үстүнөн, жолдордун, инфраструктуранын үстүнөн учууга тыюу салынат; – Зарыл болгон учурда оператор КР БА АКТ менен байланышта болууга милдеттүү; – Ыйгарым укуктуу органдардын көрсөтмөсү болгондо учуу дароо токтотулат; – Коопсуздук объектилеринде тартылган видеоматериалдар талап боюнча берилет. 5. Уруксатты берүү негиздемеси Уруксатты берүүнүн негиздемеси болуп документтердин текшерилиши жана операциянын КРАЭ-6 IV-бөлүм, 85-пунктунун талаптарына шайкештиги эсептелет. 6. Мөөнөтү Уруксат көрсөтүлгөн учууга, көрсөтүлгөн күнгө жана убакытка гана жарактуу Берилген күнү: «__» ________ 20__ ж. Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин кызматчысы: Аты-жөнү: ___________________________________ Кызматы: _________________________________ Колу: _________________________________ М.О. |
| Тиркеме 8 |
Өтүнмө
УУА эксплуатантынын Сертификатын алуу үчүн
Кимден: Юридикалык жактын аталышы: ____________________________________ Идентификациялык номери (ИНН/ОКПО): ___________________________ Юридикалык дарек:_______________________________________________ Телефон: _______________________ E-mail:___________________________
Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин талаптарына ылайык, УУАтын эксплуатациялоо боюнча ишмердүүлүктү аткаруу үчүн УУА эксплуатантынын Сертификатын берүүнү өтүнөм.
1. Ишмердүүлүк түрлөрү (керектүүсүн белгилеңиз): ☐ Коммерциялык операциялар (аэрофототартуу, мониторинг, кызматтар ж.б.) ☐ Адистештирилген иштер ☐ Технологиялык учуулар ☐ УУА учууга окутуу ☐ Башка ишмердүүлүк түрлөрү: ________________________________________________________________ |
2. УУА жөнүндө маалыматтар (эксплуациялануучу парк):
№ | УУА тиби/модели | Классы (C0– C4) | Сериялык номери | Максималдуу учуп чыгуу салмагы | Каттоонун болушу |
1 |
|
|
|
| ☐ Ооба ☐ Жок |
2 |
|
|
|
| ☐ Ооба ☐ Жок |
… |
|
|
|
|
|
3. Пландалып жаткан операциялардын аймактары:
__________________________________________________________________
(аймактары, географиялык зоналарды, типтүү шарттарды, бийиктиктерди көрсөтүү)
__________________________________________________________________
4. Эксплуатанттын башкаруучу персоналы жөнүндө маалыматтар:
Кызматы | Аты-жөнү | Квалификациясы | Байланыш маалыматы |
Учуу коопсуздугу үчүн жооптуу |
|
|
|
Техникалык тейлөө үчүн жооптуу |
|
|
|
Персоналды даярдоо үчүн жооптуу |
|
|
|
Операциялык менеджер |
|
|
|
5. Тиркемелер (КРАЭ-6 Б.IV талаптарына ылайык): ☐ УУА боюнча учуу иштерин аткаруу колдонмосу ☐ Коопсуздук процедуралары (SMS / коркунучтарды башкаруу) ☐ УУА учкучтарын даярдоо жана уруксат берүү програмассы ☐ УУА документтер (каттоо, системалардын сүрөттөлүшү) ☐ Уюмдун түзүмү жана башкаруучу персоналдын тизмеси ☐ УУА техникалык тейлөөсү боюнча документтер ☐ Персоналдын квалификациясын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү ☐ КРАЭ-6 IV-бөлүгүнүн талаптарына шайкештик чек-листи ☐ Башка документтер (зарыл болсо): __________________________________________________________________
6. Өтүнмө ээси тарабынан жоопкерчилик Арыз ээси берилген маалыматтардын аныктыгын, Кыргыз Республикасынын Авиациялык эрежелеринин белгиленген талаптары сакталганын, УУА эксплуатациялоо коопсуздук стандарттарына ылайык жүргүзүлөрүн ырастайт.
Өтүнмө ээсинин колу: ____________________________ Аты-жөнү: _______________________________________ Күнү: «__» ____________ 20__ ж. |