Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-мартындагы № 143 токтомуна) |
Жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу үчүн Республикалык чакыруу комиссиясынын ишинин тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жобо
1. Ушул Жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакыруу үчүн Республикалык чакыруу комиссиясынын ишинин тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыккан.
2. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги терминдер жана аныктамалар пайдаланылат:
Республикалык чакыруу комиссиясы - жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакырууну уюштурууга жана өткөрүүгө жооптуу кызмат адамдарынан, ошондой эле адис-врачтардан (улук врачтардан) турган коллегиялуу орган;
улук врач - медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүү үчүн зарыл болгон эң көп тажрыйбага, билимге жана квалификацияга ээ болгон адис-врачтардын ичинен дайындалган врач;
чакыруу комиссиясы - райондук мамлекеттик администрация башчысы тарабынан бекитилген, ага аскер комиссары, райондук мамлекеттик администрациянын өкүлү, ички иштер органынын кызматкери, адис-врачтар жана чакыруу комиссиясынын катчысы кирген курам;
республикалык топтоо пункту жана топтоо пункттары - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө, башка аскердик түзүлүштөрүнө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына аскердик кызматка (анын ичинде мобилизациялоодо) чакырылуучу жарандардан турган командаларды түзүү жана жөнөтүү пункту.
3. Бул Жободо төмөнкүлөр аныкталат:
1) Республикалык чакыруу комиссиясынын ишин;
2) анын курамын бекитүү тартибин;
3) анын ишин уюштуруу тартибин.
4. Чакыруу комиссияларынын ишин жетектөө жана алардын ишин контролдоо үчүн Республикалык чакыруу комиссиясы түзүлөт.
5. Республикалык чакыруу комиссиясы өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
2-глава. Республикалык чакыруу комиссиясынын негизги милдеттери жана ыйгарым укуктары
6. Республикалык чакыруу комиссиясына төмөнкүдөй милдеттер жүктөлөт:
1) райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын ишин жетектөө жана контролдоо;
2) жарандарга аскердик кызматка чакыруунун мөөнөтүн узартууну жана бошотууну берүүнүн мыйзамдуулугун текшерүү;
3) мөөнөттүү аскердик кызматка чакырылган жарандарды кызмат өтөөчү жерге жөнөтүүнүн алдында контролдук медициналык кароону уюштуруу;
4) тынчтык убагында аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында саптык эмес кызматка жарактуу, аскердик эсепке алуудан чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз, ошондой эле ден соолугунун абалы боюнча альтернативдик кызматка жарактуу деп таанылган жарандарды контролдук медициналык кароодон өткөрүү;
5) аскердик кызматка жарактуулугу (жараксыздыгы) жөнүндө корутундуга макул болбогон жарандарды, ошондой эле альтернативдик кызматка жиберилген жарандарды кайталап медициналык күбөлөндүрүүнү өткөрүү;
6) райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерине жарандардын даттанууларын жана кайрылууларын кароо;
7) мыйзам бузуулар табылган учурда райондук (шаардык) чакыруу комиссияларынын чечимдерин жокко чыгаруу;
8) Кыргыз Республикасынын бардык аймагында жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакырууну уюштурууда бир түрдүү ыкмаларды камсыз кылуу.
3-глава. Республикалык чакыруу комиссиясын түзүү тартиби
7. Республикалык чакыруу комиссиясынын курамы кызыкдар мамлекеттик органдардын сунуштарынын негизинде коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
8. Республикалык чакыруу комиссиясынын курамын түзүү үчүн коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын февралда жана августта саламаттык сактоо чөйрөсүндө беш жылдан кем эмес иш стажы менен зарыл билимдерге, тажрыйбага жана квалификацияга ээ (терапевт, хирург, невропатолог, дерматолог, офтальмолог, отоларинголог, стоматолог, психиатр, рентгенолог-фтизиатр) врач-адистердин тизмесин берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын кызыкдар мамлекеттик органдарына суроо-талап жиберет.
9. Алынган тизмелердин негизинде коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган көрсөтүлгөн адистерди Республикалык чакыруу комиссиясынын курамына киргизүү жөнүндө сунуш киргизет жана аны бекитүү жөнүндө буйруктун долбоорун даярдайт.
10. Республикалык чакыруу комиссиясынын төрагасы коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдарынын ичинен дайындалат жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакырууну уюштуруу жана өткөрүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
11. Республикалык чакыруу комиссиясынын иши республикалык топтоо пунктунун жана топтоо пункттарынын базасында жүргүзүлөт.
12. Республикалык чакыруу комиссиясынын мүчөлөрү республиканын топтоо пункттары боюнча бөлүштүрүлөт жана жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка жөнөтүү боюнча иш-чаралар аяктаганга чейин жер-жерлерде иш жүргүзөт.
Топтоо пунктунун чакыруу комиссиясынын курамына зарыл болгон учурда тиешелүү топтоо пунктунун начальниги киргизилиши мүмкүн.
13. Жарандарды мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызмат өтөөгө чакыруу мезгилинде республикалык топтоо пункту жана республиканын жыйноо пункттары Республикалык чакыруу комиссиясынын төрагасына баш иет.
4-глава. Республикалык чакыруу комиссиясынын ишин уюштуруунун тартиби
14. Чакыруунун ар бир этабынын жыйынтыгы боюнча Республикалык чакыруу комиссиясы жыйынды отчет түзөт, ал коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
15. Зарыл болгон учурда комиссия райондук (шаардык) комиссиялардан документтерди жана маалыматтарды суроого, ошондой эле чакыруу жүргүзүү менен байланышкан маселелер боюнча алардын өкүлдөрүн угууга укуктуу.
16. Республикалык чакыруу комиссиясынын чечимдеринин аткарылышын контролдоо комиссиянын төрагасы жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
17. Республикалык чакыруу комиссиясынын ишин материалдык-техникалык, маалыматтык жана уюштуруучулук жактан камсыз кылуу "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
18. Республикалык чакыруу комиссиясынын мүчөлөрү чакыруу мезгилинде акчалай күтүүсүн сактоо менен негизги кызмат орду боюнча башка кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат.
5-глава. Республикалык чакыруу комиссиясынын жоопкерчилиги жана чечимдерине даттануунун тартиби
19. Республикалык чакыруу комиссиясынын мүчөлөрү кабыл алынып жаткан чечимдердин мыйзамдуулугу, негиздүүлүгү жана объективдүүлүгү, ошондой эле мөөнөттүү аскердик жана альтернативдик кызматка чакырылууга тийиш болгон жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузууга алып келген мыйзамсыз аракеттери же аракетсиздиктери үчүн, ошондой эле жарандардын аскердик же альтернативдик кызматка жарактуулугу маселелери боюнча негизсиз чечимдери үчүн комиссиянын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
Республикалык чакыруу комиссиясынын төрагасы комиссиянын ишинин уюштурулушу, берилген маалыматтардын толуктугу жана тууралыгы, ошондой эле жарандарды чакыруу менен байланышкан маселелерди кароонун белгиленген тартибинин сакталышын камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
20. Республикалык чакыруу комиссиясынын чечимдерине макул болбогон Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде даттанууга укуктуу.
Республикалык чакыруу комиссиясынын чечимдерине даттануулар чечимдин көчүрмөсүн алган же аны менен таанышкан күндөн тартып он календардык күндүн ичинде жазуу жүзүндө берилет.