Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 169 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 309 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматынын) (мындан ары - Борбор) жетекчилерине жана барокамерада, суу алдында иштөөгө тиешелүү уруксаты бар, кызматтык жана башка милдеттерин аткаруу үчүн суу алдына түшүүчү кызматкерлерине карата колдонулат.
2. Борбордун жетекчилеринин жана кызматкерлеринин кызмат маяналары ээлеген кызмат ордуна ылайык жана тарифтик торчонун (мындан ары - ТТ) тарифтик разрядынын негизинде белгиленет.
3. Жетекчилердин жана адистердин ТТнын бир нече разрядынын диапазонунун чегинде тарифтелүүчү эмгек акысынын конкреттүү разряды квалификациялык талаптарга ылайык аттестациянын жыйынтыгы боюнча белгиленет.
4. Аттестациянын жыйынтыктары Борбордун жетекчисинин буйругу менен бекитилет. Квалификациялык талаптарды Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алуу менен Борбордун жетекчиси бекитет.
2-глава. Борбордун кызматкерлеринин кызмат орундары жана кесиптери боюнча тарифтик торчонун эмгек акы разряддары
5. Квалификациялык талаптарды эске алуу менен белгиленген Борбордун кызматкерлеринин кызмат орундары боюнча тарифтик торчонун эмгек акы разряддары кадрларды жайгаштырууга туура мамиле кылууга, алардын квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле Борбордун кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин аныктоодо жана эмгек акынын разряддары боюнча аларга коюлган квалификациялык талаптардын бирдиктүүлүгүн камсыз кылууга өбөлгө түзүүгө багытталган.
6. Жетекчилердин жана адистердин тарифтик разряддары:
1) Борбордун башчысы - 16-19-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар: жогорку кесиптик билим (суу транспорту, аскер-деңиз флоту), белгиленген программа боюнча курстук даярдык жана жетекчи кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы:
- 16-17-разряддар - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - ӨКМ) борбордук аппаратынын башкармалыгынын башчысынын милдеттерин аткарууда 2 жылдан кем эмес;
- 18-19-разряддар - Борбордун башчысынын милдеттерин аткарууда 1-2 жыл;
2) Борбордун башчысынын орун басары - 15-разряд.
Квалификацияга карата талаптар: жогорку кесиптик билим (суу транспорту, аскердик-деңиз флоту), белгиленген программа боюнча курстук даярдык жана жетекчилик кызматтарда 2 жылдан кем эмес иш стажы, анын ичинде ӨКМ системасында же ушул сыяктуу түзүмдөрдө иштөө тажрыйбасы, Борбордун иш багыты боюнча иш стажы - 1 жылдан кем эмес;
3) башкы бухгалтер - 14-разряд.
Квалификацияга карата талаптар: жогорку кесиптик билим (экономика, каржы, бухгалтердик эсеп жана аудит), белгиленген программа боюнча курстук даярдык жана адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы;
4) тереңдиктеги суучулдар станциясынын башчысы (суучул адиси) - 8-12-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар:
- 8-разряд - жогорку же орто кесиптик билим (суу транспорту, суу чарбасы, жаратылышты көрктөндүрүү, аскердик-деңиз флоту, гидротехникалык курулуш), белгиленген программа боюнча курстук даярдык, иш стажына талаптар коюлбайт;
- 9-11-разряддар - жогорку кесиптик билим (суу транспорту, аскердик-деңиз флоту, суу чарбасы, жаратылышты көрктөндүрүү, гидротехникалык курулуш), белгиленген программа боюнча курстук даярдык жана суучулдар станциясынын башчысы кызмат орундарында 3 жылдан кем эмес иш стажы;
- 12-разряд - жогорку кесиптик билим (суу транспорту, суу чарбасы, жаратылышты көрктөндүрүү, аскердик-деңиз флоту, гидротехникалык курулуш), белгиленген программа боюнча курстук даярдык жана суучулдар станциясынын башчысы кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иш стажы;
5) суучулдар мектебинин башчысы (улук суучул адиси) - 11-12-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар:
- 11-разряд - жогорку кесиптик билими жана педагогикалык кызматтарда 6 жылдан кем эмес иш стажы;
- 12-разряд - жогорку кесиптик билими жана педагогикалык кызматтарда 8 жылдан ашык иш стажы;
6) окуу-методикалык борборунун башчысы - 11-12-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар:
- 11-разряд - жогорку кесиптик билими жана педагогикалык кызматтарда 6 жылдан кем эмес иш стажы;
- 12-разряд - жогорку кесиптик билими жана педагогикалык кызматтарда 8 жылдан ашык иш стажы;
7) издөө-маневр тобунун башчысы - 7-10-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар: жогорку же орто (кесиптик) билими жана атайын программа боюнча даярдык, биринчи класстагы суучулдун квалификациялык күбөлүгү жана суучул кызмат ордунда 3 жылдан кем эмес иш стажы;
- 7-разряд - маневрдук издөө тобунун башчысы кызматында иш стажы талап кылынбайт;
- 8-разряд - маневрдук издөө тобунун башчысы кызматында 2 жылдан кем эмес иш стажы;
- 9-разряд - маневрдук издөө тобунун башчысы кызматында 3 жылдан кем эмес иш стажы;
- 10-разряд - маневрдук издөө тобунун башчысы кызматында 5 жылдан кем эмес иш стажы;
8) жээктеги куткаруу станциясынын башчысы - 8-разряд.
Квалификацияга карата талаптар: жогорку кесиптик билим (суу транспорту, суу чарбасы, жаратылышты көрктөндүрүү, аскердик-деңиз флоту жана башка инженердик адистиктер), белгиленген программа боюнча курстук даярдык, жетекчилик кызматтарда 3 жылдан кем эмес иш стажы;
9) куткаруу постунун башчысы - 2-3-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар:
- 2-разряд - орто (толук) жалпы билим, белгиленген программа боюнча курстук даярдык, суучул-куткаруучу же суудагы куткаруучу катары 1 жылдан кем эмес иш стажы;
- 3-разряд - орто (толук) жалпы билим, белгиленген программа боюнча курстук даярдык, суучул-куткаруучу же суудагы куткаруучу катары 2 жылдан кем эмес иш стажы;
10) юрист - 10-разряд.
Квалификацияга карата талаптар: жогорку юридикалык кесиптик билим жана белгиленген программа боюнча курстук даярдык, адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы;
11) суу-техникалык иштер боюнча эксперт (суучул нускоочу) - 10-12-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар: жогорку кесиптик билим (суу транспорту, аскердик-деңиз флоту, суу объекттеринин тобокелдиктери, суу чарбасы, гидротехникалык курулуш), белгиленген программа боюнча курстук даярдык, жетекчилик жана инженердик кызматтарда, анын ичинде долбоорлоо-курулуш иштеринде 3 жылдан кем эмес иш стажы;
- 10-разряд - плотиналардын коопсуздугу жана суучулдар тарабынан жүргүзүлүүчү суу астындагы техникалык иштер боюнча эксперт, эксперттик топту жетектейт (техникалык көзөмөл, каттоо жана экзамендик иштер), стажына талап коюлбайт;
- 11-разряд - плотиналардын коопсуздугу жана суу астындагы техникалык иштер боюнча эксперт, суу астындагы иштер, гидротехникалык курулмалардын плотиналарынын коопсуздугу жаатында эксперттик багытты жетектейт, бул багытта эксперттик иш стажы 2 жылдан кем эмес;
- 12-разряд - плотиналардын коопсуздугу жана татаал суу астындагы техникалык иштер, суу астында ширетүү жана суу объектилерине объекттерди орнотуу боюнча эксперт, суу объекттеринин мамлекеттик экспертизасынын бардык багыттарын жетектейт, бул багытта эксперттик иш стажы 4 жылдан кем эмес;
12) суучул дарыгер - дарыгер-адис - 6-11-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар:
- 6-разряд - ишинде тыныгуу болгон дарыгер-адис (стажер);
- 7-разряд - квалификациялык категориясы жок дарыгер-адис;
- 8-разряд - II квалификациялык категориясы бар дарыгер-адис;
- 9-разряд - I квалификациялык категориясы бар дарыгер-адис;
- 10-разряд - жогорку квалификациялык категориясы бар дарыгер-адис;
- 11-разряд - стационардын бейтаптарына операция жасаган, жогорку квалификациялык категориясы бар бардык аталыштагы дарыгер-хирург;
13) суучул адис - улук окутуучу - 7-10-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар: жогорку же орто (техникалык) кесиптик билим, суучулдук иш боюнча суучулдар мектебинде атайын даярдык, 1-класстагы суучулдун квалификациялык күбөлүгү, суучул катары 3 жылдан кем эмес иш стажы, ошондой эле суучулдардын курамын окутуу жана даярдоо жаатында даярдык (же иш тажрыйбасы);
- 7-разряд - жогорку же орто (техникалык) кесиптик билими, педагогикалык иш стажына талаптарды койбостон "суучул адиси" квалификациясынын болушу;
- 8-разряд - жогорку билими жана "суучул адиси" квалификациясынын болушу, иш стажына, педагогикалык ишке талаптар коюлбайт же орто атайын (техникалык) билими, "суучул адиси" квалификациясынын болушу жана суучул кызматтарда 2 жылдан кем эмес иш стажы;
- 9-разряд - жогорку билими жана "суучул адиси" квалификациясынын болушу жана суучул адиси кызматында же окутуучулук ишинде 2 жылдан кем эмес иш стажы же орто атайын (техникалык) билими, "суучул адиси" квалификациясынын болушу жана суучул кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш стажы;
- 10-разряд - кызмат ордунда 5 жылдан кем эмес иш стажы, анын ичинде окутуучулук жана методикалык иш тажрыйбасы, кеминде 7 суучулдук жана куткаруу станциясынын (постторунун) жана маневрдук издөө топторунун баш ийүүсүндө болушу, 120 метрге чейинки тереңдикте суучулдук иштерине жетекчилик кылууга уруксаты болууга тийиш;
14) куткаруу станциясынын (куткаруу постунун) куткаруучу- суучулу - 1-8-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар:
- 1-разряд - орто (техникалык) кесиптик билим жана "Куткаруу иши", "Суучулдук иш - суучулдук иштердин III адистешүү тобу" атайын программалары боюнча жеке даярдык, иш стажына талаптар коюлбайт;
- 2-разряд - орто (техникалык) кесиптик билим жана атайын программалар боюнча жеке даярдык, 6 айдан кем эмес иш стажы (практикалык тажрыйбасы бар разряддарга өтүү үчүн сунушталат);
- 3-8-разряддар - орто (техникалык) кесиптик билим жана куткаруучу-суучул кызмат ордунда 2 жылдан кем эмес иш стажы же жогорку кесиптик билим, атайын даярдык жана иш стажына талап койбостон жумушчу кесиптердин бири боюнча жогорку квалификациялык разряддын болушу;
15) I, II, III адистешүү тобунун 1, 2, 3-класстагы суучулу (суучулдар станциясынын старшинасы, кеменин капитан-механиги, матрос, барокомплекстин инженери, штурман, сууда сүзүү боюнча нускоочу) - 1-8-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар:
- 1-разряд - орто (техникалык) кесиптик билим жана "Куткаруу иши", "Суучулдук иш - III адистешүү тобу" атайын программалары боюнча жеке даярдык, иш стажына талаптар коюлбайт;
- 2-разряд - орто (техникалык) билим, атайын программалар боюнча жеке даярдык, суучул же чектеш кызмат ордунда 6 айдан кем эмес иш стажы;
- 3-разряд - орто (техникалык) билим, суучул катары 1 жылдан кем эмес иш стажы, практикалык сабактарга катышуу, жабдуулар менен иштөөнүн баштапкы көндүмдөрү, кызмат орундары: матрос, барокомплекстин инженери, штурман;
- 4-разряд - орто (техникалык) билим, суучул катары 1,5 жылдан кем эмес иш стажы, практикалык сабактарга жана нускоолорго катышуу, кызмат орундары: матрос, барокомплекстин инженери, сууда сүзүү боюнча нускоочу;
- 5-разряд - орто же жогорку билим (суу транспорту, инженер-механик), суучул катары 2 жылдан кем эмес иш стажы, практикалык сабактарды өткөрүү тажрыйбасы, бир чектеш адистигинин болушу;
- 6-разряд - жогорку билим (суу транспорту, суу чарбасы, инженер-механик) жана (же) орто (техникалык) билим, "I жана II топтогу суучулдук иш", "I жана ІІ топтогу нускоочу-суучул" программалары боюнча жеке даярдык, иш стажына талаптар коюлбайт, бир чектеш адистигинин болушу, кызмат орундары: суучулдар станциясынын старшинасы, штурман, сууда сүзүү боюнча нускоочу, барокомплекстин инженери;
- 7-разряд - жогорку билим (суу транспорту, суу чарбасы, инженер-механик, деңиз флоту) жана (же) орто (техникалык) билим, суучул катары 2 жылдан кем эмес иш стажы, "I жана II топтогу суучулдук иш" программалары боюнча даярдык, бир чектеш адистиктин болушу, кызмат орундары: суучулдар станциясынын старшинасы, сууда сүзүү боюнча нускоочу, кеменин капитан-механиги (стажы жок);
- 8-разряд - 7-разряддагыдай талаптар, суучулдар тобун өз алдынча жетектөө боюнча ырасталган тажрыйба жана методикалык, педагогикалык иш, кызмат орундары: суучулдар станциясынын старшинасы, сууда сүзүү боюнча нускоочу, кеменин капитан-механиги (капитан-механик катары иш стажы - 2 жылдан кем эмес);
16) нускоочу-суучул - 2-7-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар: жогорку же орто (техникалык) кесиптик билим, суучулдар мектебинде (курстарда) суучулдук иш боюнча атайын даярдык, "1, 2-класстагы суучул" квалификациясынын болушу, суучул болуп иштөө стажы кеминде 3 жыл;
- 2-3-разряддар - жогорку билим жана иш стажына талап койбостон "суучул адиси" квалификациясынын болушу же орто атайын (техникалык) билим, "1, 2-класстагы суучул" квалификациясынын болушу жана суучул катары 2 жылдан кем эмес иш стажы;
- 4-5-разряддар - жогорку билим жана "суучул адиси" квалификациясынын болушу жана суучул адиси кызмат ордунда 2 жылдан кем эмес иш стажы же орто атайын (техникалык) билим, "1, 2-класстагы суучул" квалификациясынын болушу жана суучулдук кызмат орундарында 4 жылдан кем эмес иш стажы, анын ичинде окуу-методикалык борборлордо (суучулдар мектептеринде) 2 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- 6-7-разряддар - окуу-методикалык борборлордо (суучулдар мектептеринде) 3 жылдан кем эмес иш стажы, суучул кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иш стажы, 120 метрге чейинки тереңдиктеги суучулдук иштерди жетектөөгө уруксаттын болушу;
17) адис - 7-8-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар:
- 7-разряд - жогорку кесиптик билим, адис кызмат ордунда 2 жылдан кем эмес иш стажы;
- 8-разряд - жогорку кесиптик билим, адис кызмат ордунда 3 жылдан кем эмес иш стажы (разрядды жогорулатуу үчүн сунушталат);
18) методист - 4-9-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар:
- 4-разряд - жогорку кесиптик билим жана 2 жылдан 5 жылга чейин педагогикалык иш стажы;
- 5-разряд - жогорку кесиптик билим жана 5 жылдан 8 жылга чейин педагогикалык иш стажы;
- 6-разряд - жогорку кесиптик билим жана 8 жылдан 12 жылга чейин педагогикалык иш стажы;
- 7-разряд - жогорку кесиптик билим жана педагогикалык иш стажы 12 жылдан ашык;
- 8-разряд - экинчи квалификациялык категория же жогорку кесиптик билим жана 5 жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы;
- 9-разряд - биринчи квалификациялык категория же жогорку кесиптик билим жана методисттин кызмат ордунда 3 жылдан кем эмес иш стажы;
19) окутуучу - 3-10-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар:
- 3-4-разряд - иш стажына талап койбостон жогорку кесиптик билим;
- 5-разряд - иш стажына талап койбостон жогорку кесиптик билим;
- 6-разряд - жогорку кесиптик билим жана 2 жылдан 5 жылга чейин педагогикалык иш стажы же орто техникалык билим жана 5 жылдан 10 жылга чейин педагогикалык иш стажы;
- 7-разряд - жогорку кесиптик билим жана 5 жылдан 7 жылга чейин педагогикалык иш стажы;
- 8-разряд - жогорку кесиптик билим жана 7 жылдан 10 жылга чейин педагогикалык иш стажы;
- 9-разряд - жогорку кесиптик билим жана 10 жылдан ашык педагогикалык иш стажы;
- 10-разряд - жогорку кесиптик билим жана 10 жылдан ашык педагогикалык иш стажы;
20) суудагы куткаруучу - 2-6-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар:
- 2-4-разряддар - жогорку кесиптик билим, атайын даярдык жана стажына талап койбостон жумушчу кесиптердин бири боюнча жогорку квалификациялык разряддын болушу;
- 5-разряд - жогорку кесиптик билим, атайын даярдык жана эки жумушчу кесипке ээ болуу;
- 6-разряд - жогорку кесиптик билим, атайын даярдык жана үч жумушчу кесипке ээ болуу;
21) 3, 2, 1 жана эл аралык класстагы куткаруучу - 6-9-разряддар.
Разряддар боюнча квалификацияга карата талаптар:
- 6-разряд - жогорку билим, атайын даярдык, куткаруучу катары 1 жылдан кем эмес иш стажы;
- 7-разряд - жогорку билим, атайын даярдык, куткаруучу катары 2 жылдан кем эмес иш стажы;
- 8-разряд - жогорку билим, атайын даярдык жана 1-класстагы куткаруучу катары 1 жылдан кем эмес иш стажы;
- 9-разряд (эл аралык класстагы куткаруучу) - жогорку билим, атайын даярдык, эл аралык куткаруу иштерине катышуу, 1-класстагы куткаруучу катары 2 жылдан кем эмес иш стажы, чет тилдер курстарынан өткөндүгү жөнүндө сертификаттын болушу;
22) өндүрүштүк окутуунун мастери - 4-9-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар:
- 4-разряд - иш стаж талап койбостон орто кесиптик же жогорку билим;
- 5-разряд - орто кесиптик же жогорку билим, педагогикалык стаж талап кылынбайт;
- 6-разряд - орто кесиптик билим жана 2 жылдан 5 жылга чейин иш стажы же жогорку билим жана 1 жылдан 3 жылга чейин иш стажы;
- 7-разряд - орто кесиптик билим жана 5-7 жылдык иш стажы же жогорку билим жана 3-5 жылдык иш стажы;
- 8-разряд - орто кесиптик билим жана 7-10 жылдык иш стажы же жогорку билим жана 5-7 жылдык иш стажы;
- 9-разряд - орто кесиптик билим жана 10 жылдан ашык иш стажы же жогорку билим жана 7 жылдан ашык иш стажы;
23) барокомплекстин технологиялык жабдууларын техник-жөндөөчүсү (суучул фельдшери) - 5-6-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар:
- 5-разряд - иш стажына талап койбостон орто кесиптик билим;
- 6-разряд - орто кесиптик билим жана 1 жылдан 3 жылга чейин иш стажы же жогорку кесиптик билим жана 6 айдан 2 жылга чейин иш стажы;
24) суучул (негизги кесиби) - 1-5-разряддар.
Квалификацияга карата талаптар:
- 1-разряд - сууда кырсыкка учураган адамдарга алгачкы (дарыгерге чейинки) жардам көрсөтүү, гидротехникалык курулмалардын суу астындагы бөлүгүн, суу астындагы траншеяларга салынган түтүктөрдү текшерүү, аларды трассоиздөөчүлөрдүн жардамы менен издөө жана жайгашкан жердин тереңдигин аныктоо. Каналдардын, шлюздардын, плотиналардын, дамбалардын жана кемелерди байлоочу башка курулмалардын, сүзүүчү белгилердин, жолдун жана навигациялык жабдуулардын каражаттарынын абалын карап чыгуу. Түбүн тереңдетүү жана тазалоо максатында суу астындагы топуракты гидрожуугуч каражаттардын жардамы менен иштетүү. Гидротехникалык курулмалардын же суу астындагы объекттердин пайдубалынын алдындагы суу астындагы таш-шагыл жана кум катмарларын одоно тегиздөө. Суу астындагы шпурларды бургулоо, жыгач конструкцияларды араалоо, сваяларга шиптерди орнотуу, жыгач конструкциялардагы тешиктерге жыгач тыгындарды жана боштуктарга төшөлмөлөрдү коюу жана башка жумуштар. Массасы 20 тоннага чейинки баштыктарды жана массивдерди орнотуу. Суу астында бетон аралашмасын төшөө. Суу астындагы предметтерди илүү жана илмектен чыгаруу. Илимий-изилдөө иштерин тейлөө. Массалык эс алуу үчүн арналган акваторияларды текшерүү жана тазалоо. Куткаруу каражаттарынын ар кандай түрлөрүн колдонуу менен суудан жабыркагандарды табууга жана алып чыгууга байланышкан издөө иштерин аткаруу. Суучулдар аппараттарын кысылган аба менен кубаттоо;
- 2-разряд - 1-разряддагыга окшош тапшырмаларды аткаруу, бирок аларды аткарууда жогорку өз алдынчалуулук жана жоопкерчилик менен;
- 3-разряд - жайык жерлерди жана кеме көтөрүүчү курулмаларды текшерүү. Гидротехникалык курулмалардын суу астындагы бөлүгүн толук текшерүү жана оңдоо иштерин жүргүзүү. Дюкерлерди, суу астындагы түтүктөрдү жана кабелдерди төшөө жана алардын туура төшөлүшүн контролдоо, траншеяларда салынган түтүктөрдүн ийилишин өлчөө. Массасы 20 тоннадан жогору 50 тоннага чейинки суу астындагы баштыктарга, ряждарга жана гидротехникалык курулмалардын башка конструкцияларына жүктөрдү орнотуу. Суу астында бардык түрдөгү калыптарды орнотуу жана жыйноо, тешиктерге арматура орнотуу, туташуулар жана туташтыруулар. Шлюздардагы тосмолордун жана дарбазалардын таяныч-жүрүүчү бөлүктөрүн карап чыгуу жана оңдоо. Адам башкаруучу суу астындагы аппараттардан жана суу алдындагы лабораториялардан аткарылуучу илимий-изилдөө иштерин жүзөгө ашыруу. Татаал шарттарда куткаруу иштерин жүргүзүү. Суучулдар станциясынын тобун же куткаруу станциясын жетектөө. Катерди өз алдынча башкаруу;
- 4-разряд - кыртыштын мүнөздөмөлөрүн аныктоо менен тереңдик планшеттерин түзүү. Чөгүп кеткен кемелерди изилдөө учурунда татаал өлчөөлөрдү аткаруу. Массасы 50 тоннадан ашык баштыктарды жана массивдерди орнотуу. Кемелердин корпустарынын тешиктеринин жана гидротехникалык курулмалардын суу астындагы бөлүктөрүнүн бузулууларынын контурдук жана көлөмдүк шаблондорун алуу жана даярдоо. Металлды суу астында кесүү жана ширетүү, жардыруу иштерин аткаруу. Суучулдарды иштердин өз адистешүү тобу боюнча практикалык даярдоо. Татаал авариялык-куткаруу, куткаруу, кеме, кеме оңдоо, кеме көтөрүү жана башка суучулдар иштерин жүргүзүү. Суучулдар техникасынын бардык түрлөрүн колдонуу жана бул техниканы оңдоо. Суудан жабыркагандарды табуу жана алып чыгуу менен байланышкан суучулдардын издөө иштеринин бардык түрлөрүн жетектөө;
- 5-разряд - 60 метрден ашык тереңдиктеги терең суулардын суучулдар комплексинде узакка болуу методу менен суу алдындагы-техникалык иштерди жүргүзүүдө, татаал шарттарда авариялык-куткаруу жана куткаруу иштерин жетектөө, суу астында иштөөгө арналган суучулдар жабдууларын жана техникалык каражаттарын эксперименталдык суучулдар иштерин аткаруу жана жаңы үлгүлөрүн сыноо;
25) компрессордук орнотмолордун машинисти - 1-разряд.
Квалификацияга карата талаптар: баштапкы кесиптик билим же иш стажына талап койбостон жумуш ордунда даярдоо.
3-глава. Аларда иштөөдө өзгөчө татаал жана өзгөчө кооптуу шарттарда авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн иштин ар бир сааты үчүн төрт эселенген тарифтик ставка (кызматтык маяна) эсебинде акы төлөнүүчү изоляциялоочу каражаттардын тизмеги
7. Дем алуунун жабык циклинин респиратору (КИП Р-30, Р-32 жана дем алууну камсыз кылуунун кыйла узак цикли бар башка респираторлор).
8. Аба менен дем алуучу аппарат (АСВ-2, АИР, Спироматик 90 ТМ, ДРЕГЕР, АУЭР жана ушул сыяктуу типтеги башка системалар).
9. Суучулдар системалары (УСВ-50 М, Диватор МК11, Подводник 2-4 ABM 1, 5, 8 жана ушул сыяктуу типтеги башка системалар).
10. Гидрокостюмдар, гидрокомбинезондор (УГК 1, 2, 3, 4, Викинг, Арктик жана ушул сыяктуу типтеги башка системалар).
11. Жылуулук сактоочу костюмдар (ИК-ТГЗ, Треллеборг, Акварекс, Каверс, АУЭР жана башка ушул сыяктуу костюмдар).
12. Химиялык изоляциялоочу костюмдар (Л-1, КИО02М, ИК-АЖ, Треллеборг, ВТН, АУЭР, КС-АЗОТ жана башка ушул сыяктуу костюмдар).
4-глава. Борбордун кызматкерлерине сый акы, материалдык дем берүү жана компенсациялык төлөмдөрдү төлөө шарттары
13. Борбордун кызматкерлерине ай сайын отуз эселенген эсептик көрсөткүч өлчөмүндө тамактануу үчүн компенсациялык төлөм төлөнөт.
14. Негизги персоналга өмүр жана ден соолук үчүн жогорку тобокелдиктеги шарттарда кызматтык милдеттерин аткаргандыгы үчүн ай сайын 20000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө компенсациялык төлөм төлөнөт. Көрсөтүлгөн төлөм өргүү акысын, жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, ошондой эле бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашоо жана иштөө үчүн кошумча төлөмдөрдү эсептөөдө эске алынбайт. Компенсациялык төлөм иш жүзүндө иштеген убакыт үчүн төлөнөт (мында иш сапардык, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү, дем алыш күндөрү иштеген күндөр эсептен чыгарылат).
15. Оор жана зыяндуу эмгек шарттарында иштегендиги үчүн кошумча акы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартипте белгиленет.
16. Борбордун кызматкерлерине эмгек өргүүсүн берүүдө кошуп эсептелген үстөктөрдү эске алуу менен эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө төлөнүүчү ден соолугун чыңдоого материалдык жардам көрсөтүлөт.
17. Борбордун кызматкерлерине календардык жылдын жыйынтыгы боюнча орточо айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы төлөнөт.
18. Борбордун жетекчисине кызматкерлерге аткарылуучу иштин татаалдыгын, көлөмүн, сапатын жана кызматтык милдеттерин өз убагында аткарылышын, кесиптик жоопкерчилик деңгээлин жана кызматкерлердин Борбордун ишинин көрсөткүчтөрүнө жетишүүгө кошкон салымын эске алуу менен кызматтык маянасынын 25 пайызына чейинки өлчөмдө эмгектин интенсивдүүлүгү жана жогорку натыйжалары үчүн үстөк белгилөөгө укук берилет. Үстөк Борбордун бардык категориядагы кызматкерлерине жайылтылат жана тапшырмалар өз убагында аткарылбаган, иштин сапаты төмөндөгөн же эмгек тартиби бузулган учурларда азайтылышы же жокко чыгарылышы мүмкүн.
19. Борбордун айрым кызматкерлери өзгөчө маанилүү жана жооптуу тапшырмаларды сапаттуу аткаргандыгы, демилге көрсөткөндүгү, ошондой эле жарандардын сууда коопсуз эс алуусун камсыз кылуучу ыктыярдуу, коомдук жана жеке куткаруу, суучулдар түзүмдөрүн (станциялар жана посттор) түзүү жана иштетүү (тескөө) боюнча белгилүү бир иштерди уюштургандыгы үчүн кошумча сый акы алышы мүмкүн. Мындай сый акынын өлчөмү бардык үстөктөрдү эске алуу менен эки айлык эмгек акыга чейин болушу мүмкүн.
20. Борбордун кызматкерлерине сый акы берүү үчүн Борбордун бөлүмдөрүнүн жетекчилери отчеттук мезгилден кийинки айдын 5ине чейин негиздемелерин көрсөтүү менен айрым кызматкерлерди сыйлоо, сый акыны азайтуу же алып салуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү сунуштарын берет. Сый акы берүүгө материалдар Борбордун жетекчиси тарабынан каралат жана буйрук менен таризделет. Борбордун кызматкерлери өндүрүштүк жана эмгек тартибин бузгандыгы үчүн тартип бузууга жол берилген мезгилдин ичинде сый акыдан толугу менен же жарым-жартылай ажыратылат.
201. Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм төлөнөт. Аталган компенсация өргүүлөрдү, жөлөкпулдарды, он үчүнчү эмгек акыны, бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашагандыгы жана иштегендиги үчүн кошумча акыларды эсептөөдө эске алынбайт жана иш жүзүндө иштеген убактысы үчүн төлөнөт (иш сапарлары, өргүү күндөрү, убактылуу эмгекке жарамсыздык күндөрү жана дем алыш күндөрү иштеген күндөрү кошулбайт).
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-апрелиндеги № 309 токтомунун редакциясына ылайык)
5-глава. Иш стажын эсептөө, иштеген жылдары үчүн ай сайын пайыздык үстөктөрдү кошуп эсептөөнүн жана төлөөнүн өлчөмдөрү
21. Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк (мындан ары - пайыздык үстөк) алууга Борбордун бекитилген штаттык расписаниеде турган бардык кызматкерлери, анын ичинде айкалыштыруу боюнча ишке кабыл алынган жана эркин жалданма кызматкерлер укуктуу.
22. Пайыздык үстөк ай сайын ээлеген кызмат орду (кесиби) боюнча тарифтик ставкага (кызматтык маянага) карата төмөнкү өлчөмдө төлөнөт:
- 1 жылдан жогору иштеген жылдары үчүн - 5 пайыз;
- 2 жылдан жогору иштеген жылдары үчүн - 10 пайыз;
- 3 жылдан жогору иштеген жылдары үчүн - 15 пайыз;
- 4 жылдан жогору иштеген жылдары үчүн - 20 пайыз;
- 5 жылдан жогору иштеген жылдары үчүн - 25 пайыз;
- 10 жылдан жогору иштеген жылдары үчүн - 30 пайыз;
- 15 жылдан жогору иштеген жылдары үчүн - 40 пайыз.
23. Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк төмөнкүдөй эсептелет:
- Борбордун белгиленген тартипте жогору акы төлөнүүчү кызмат орундарын убактылуу ээлөөгө уруксат берилген кызматкерлерине пайыздык үстөктү төлөө эмгек келишиминин тараптарынын макулдашуусу боюнча жүргүзүлөт;
- Борбордун жогорулатылган тарифтик ставкаларды (кызматтык маяналарды) алган кызматкерлерине, иштеген жылдары үчүн үстөк жогорулатылган тарифтик ставкаларга (кызматтык маяналарга) жараша эсептелет.
24. Убактылуу жана сезондук жумуштарда иштеген кызматкерлерге иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөк төлөнбөйт.
25. Пайыздык үстөк алууга укук берүүчү иш стажына төмөнкүлөр кирет:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик бөлүктөрүндөгү, мекемелериндеги, уюмдарындагы, ички иштер органдарындагы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин башка органдарынын бөлүмдөрүндөгү иштин (кызматтын) бардык убактысы;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарындагы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы шайлануучу кызматтарда жана мамлекеттик кызматчы катары иштөө убактысы;
3) эгерде ушул Жободо башка шарттар каралбаса, иштен бошотуунун себептерине жана иштеги тыныгуулардын узактыгына карабастан бардык мезгилдер, ошондой эле башка иштеги мезгилдери, атап айтканда:
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскерлерде жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик түзүлүштөрүндө аскердик кызмат өтөө;
- кош бойлуулугуна же бала төрөлгөндүгүнө байланыштуу иштен бошотулган аскер кызматчы аялдардын аскердик кызматы жана аялдардын ички иштер органдарында катардагы жана жетекчилик кызматтарда иштеген кызматы, ошондой эле иштен бошотулгандан кийин аларга кош бойлуулук жана төрөт боюнча, бала үч жашка чыкканга чейин баланы багуу боюнча жөлөкпул төлөнгөн мезгил;
- ээлеген кызмат орду боюнча кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн тажрыйбасы жана билими зарыл болгон иштин (кызматтын) башка мезгилдери.
Бул маселе боюнча оң чечим, эгерде иш жүзүндө төлөнүүчү пайыздык үстөктүн суммасы эмгек акы төлөө фондунда бул максаттар үчүн каралган каражаттардын суммасынан ашпаса, кабыл алынышы мүмкүн.
Иш стажына башка мезгилдерди кошуу жөнүндө чечимди Борбордо түзүлгөн стажды аныктоо боюнча комиссия кабыл алат.
26. Пайыздык үстөк алууга укук берүүчү иш стажы Борбордо түзүлгөн стажды аныктоо боюнча комиссия тарабынан белгиленет, анын жетекчиси ишке алуу жана иштен бошотуу укугуна ээ.
Стажды аныктоо боюнча комиссия Борбордун жетекчисинин буйругу менен түзүлөт, анын курамына жетекчинин орун басары - төрага жана комиссиянын мүчөлөрү: башкы бухгалтер, кадрлар боюнча башкы адис, улук суучул адис жана шайлануучу органдын өкүлү кирет.
27. Иш стажын аныктоо үчүн негизги документ болуп эмгек китепчеси эсептелет, ал эми аскердик кызматтан запаска же отставкага бошотулган аскер кызматкерлери үчүн - аскердик билет же иш (кызмат) стажын ырастаган башка документ (маалымкаттар). Көрсөтүлгөн маалымкаттар өздүк курамды эсепке алуу боюнча документтердин жана эмгек стажын ырастаган башка документтердин негизинде берилет. Пайыздык үстөк алууга укук берген иш стажын күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү менен ырастоого жол берилбейт.
28. Стажды аныктоо боюнча комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү кол коёт, кызматкерге кол койдуруу үчүн жеткирилет жана уюмдун мөөрү менен бекитилет.
29. Жогоруда аталган комиссиянын чечиминен көчүрмө ар бир кызматкер үчүн өзүнчө таризделип, иштеген жылдары үчүн ай сайын үстөктү кошуп эсептөө үчүн бухгалтерияга, кызматкерди тааныштыруу жана өздүк делосуна тиркөө үчүн кадрлар бөлүмүнө берилет.
6-глава. Борбордун суу астындагы иштер үчүн суучулдардын жана башка кызматкерлердин эмгегине акы төлөө шарттары
30. Бул бөлүм суу астында иштөөгө тийиштүү уруксаты бар жана кызматтык милдеттерин аткаруунун алкагында түшүүлөрдү жүзөгө ашырган суучулдарга жана Борбордун башка кызматкерлерине тиешелүү.
31. Суучулдардын класстык квалификациясы үчүн тарифтик ставкага (кызматтык маянага) ай сайын үстөк төмөнкү өлчөмдөрдө төлөнөт:
- 3-класстагы суучулдарга - 10 пайыз;
- 2-класстагы суучулдарга - 15 пайыз;
- 1-класстагы суучулдарга, суучул адистерине - 25 пайыз.
Суучулдарга класстык квалификация ыйгаруу Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечимине ылайык жүргүзүлөт.
32. 1 жана 2-класстагы суучулдарга суу астында 1200-1500 сааттан кем эмес болгон убакыт үчүн белгиленген айлык тарифтик ставкага (кызматтык маянага) кошумча ай сайын 10 пайыз өлчөмүндө үстөк төлөнөт.
Суу астында 20 метрден ашык тереңдикте болуу убактысы үчүн төмөнкүдөй үстөктөр төлөнөт:
- суу астында 800-1000 саат, анын ичинен 20 метрден ашык тереңдикте 50-100 сааттан кем эмес болуу;
- суу астында 800 саат, анын ичинен 50 метрден ашык тереңдикте 50-100 сааттан кем эмес болуу.
33. Борбордун штаттык кызмат орундарды ээлеген суучулдарына жана кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн суу астына түшүүлөрдү жүзөгө ашырган башка кызматкерлерине суу астында болгон иш жүзүндөгү убактысы үчүн чөмүлүүнүн тереңдигине жараша, айлык тарифтик ставкасынан (кызматтык маянасынан) тышкары төмөнкүдөй саатына төлөө белгиленет:
Чөмүлүүнүн тереңдигине жараша (метр менен) | Суу астында болуунун 1 сааты үчүн төлөмдүн өлчөмү (тарифтик ставканын (тарифтик торчонун биринчи разрядынын маянасынын) өлчөмүнөн % менен) |
6га чейин | 10 |
6дан ашык 12ге чейин | 15 |
12ден ашык 20га чейин | 17 |
20дан ашык 30га чейин | 20 |
30дан ашык 40ка чейин | 30 |
40тан ашык 50гө чейин | 40 |
50дөн ашык 60ты кошо алганда | 45 |
34. Суу астында иштөө убактысы үчүн, ошондой эле белгиленген жумушчу басым астында дем алуу үчүн жасалма газ аралашмаларын колдонуу менен (кыска мөөнөттүү чөмүлүү методу жана жогорулатылган басым астында узак убакыт болуу методу) барокамераларда болуусу үчүн суучулдарга жана Борбордун башка кызматкерлерине, анын ичинде жабыр тарткан суучулга медициналык жардам көрсөтүүгө жана дарылоо рекомпрессиясын жүргүзүүгө катышкан медициналык персоналга, алардын тарифтик ставкасынан (кызматтык маянасынан) тышкары, төмөнкүдөй саатына төлөө белгиленет:
1) суу астында түздөн-түз түбүндө же объектте иштөө убактысы, ошондой эле чөмүлүүнүн тереңдигине (метр менен) жараша суунун түбүнө түшүү колоколунда же суучулдардын суу астындагы аппаратынын суучулдар бөлүгүндө эң чоң басым астында болуу убактысы үчүн:
Чөмүлүүнүн тереңдигине жараша (метр менен) | Суу астында болуунун 1 сааты үчүн төлөмдүн өлчөмү (тарифтик ставканын (тарифтик торчонун биринчи разрядынын маянасынын) өлчөмүнөн % менен) |
50дөн ашык 60ка чейин | 60 |
60тан ашык 70ке чейин | 80 |
70тен ашык 80ге чейин | 100 |
80ден ашык 100дү кошо алганда | 150 |
Чөмүлүүнүн ар бир кийинки 10 метри үчүн саатына төлөө төмөнкүдөй көбөйөт:
- 100 метрден ашык 150 метрге чейин - 30 пайызга;
- 150 метрден ашык - 42 пайызга;
2) берилген жумушчу басым астында барокамерада болуу убактысы үчүн:
- чөмүлүүнүн тереңдиги 60 метрге чейин - саатына 10 пайыз;
- чөмүлүүнүн тереңдиги 60 метрден ашык - саатына 15 пайыз;
3) декомпрессия мезгилинде (чөмүлүүнүн тереңдигинен жана анын узактыгына карабастан):
- кыска мөөнөттүү чөмүлүү ыкмасы менен терең сууга түшүүдө:
- 60 метрден ашык 100 метрге чейин - чөмүлүүнүн бир метри үчүн 1 пайыз;
- 100 метрден ашык 150 метрге чейин - чөмүлүүнүн бир метри үчүн 2 пайыз;
- 150 метрден ашык - чөмүлүүнүн бир метри үчүн 5 пайыз;
- жогорулатылган басым астында узак убакыт болуу методу менен - чөмүлүүнүн бир метри үчүн 10 пайыз.
35. Суучулдар иштерин татаалдаштыруучу факторлор болгондо, суу астында болуу үчүн саатына төлөө төмөнкүдөй көбөйтүлөт:
- агымдын ылдамдыгы 0,5 м/сдан 1 м/сга чейин болгондо - 20 пайызга;
- 1 м/сдан жогору 1,5 м/сга чейин болгондо - 40 пайызга;
- суунун толкуну 2 баллдан 3 баллга чейин болгондо - 40 пайызга;
- суунун температурасы 4 °Сдан төмөн жана 27 °Сдан жогору болгондо - 25 пайызга;
- муздун астында иштегенде - 25 пайызга;
- торчодон иштегенде - 15 пайызга;
- таштанды ташталган жана илээшкек топуракта иштегенде - 35 пайызга;
- чектелген шарттарда иштегенде (кемелердин бөлүктөрү, кудуктар, туннелдер, цистерналар, потерндер, түтүктөр, түркүктүү негиздердин ичинде) түркүктөр менен түтүктөрдүн ортосундагы аралык 1,5 метрден аз болгондо - 30 пайызга;
- көрүү аралыгы 1 метрден аз болгондо - 20 пайызга;
- көрүнбөгөн учурда - 30 пайызга;
- суу зыяндуу жана уулуу кошулмалар менен булганганда - 35 пайызга;
- жарылуу коркунучу бар предметтерди түшүрүүдө - 40 пайызга;
- жардыруу иштеринде - 35 пайызга;
- суу астында металлды ширетүүдө жана кесүүдө - 45 пайызга.
Суучулдар иштерин татаалдаштыруучу бир нече факторлор болгон учурда, саатына төлөөнү көбөйтүү пайыздары кошулат, мында көбөйтүүнүн өлчөмү саатына төлөөнүн 100 пайызынан ашпоого тийиш.
36. Борбордун кызматкерлери тарабынан суучулдар жабдууларын, суучулдар комплекстеринин жашоо-тиричилик системаларын, дем алуу аралашмаларынын компрессия жана рекомпрессия режимдерин, чөмүлүү методдорун сыноо максатында жүргүзүлгөн эксперименттик түшүүлөрдө, ошондой эле суучулдар техникасын сыноодо төлөм ушул Жобонун 33, 34-пункттарына ылайык эки эсе өлчөмүндө жүргүзүлөт.
37. Суучулдарды, анын ичинде суу астындагы суучулдар аппараттарын ташуу үчүн автономдуу каражаттарды колдонуу менен суучулдардын түшүүсүндө, ошондой эле жеке сүйрөгүчтөрдү жана ар кандай типтеги топтук ташуучуларды пайдаланууда суучулдардын суу астында болгон убактысы үчүн саатына төлөө ушул Жобонун 33, 34-пункттарына ылайык бир жарым эсе өлчөмүндө жүргүзүлөт.
38. Гипербарикалык комплекстин гидротанкында түшүү учурунда жана жайларда жайгаштырылган ачык суу бассейндеринде суу астында жүрүү убактысы үчүн саатына төлөө ушул Жобонун 33-пунктуна ылайык 0,75 азайтуу коэффициентин колдонуу менен жүргүзүлөт.
39. Сууга чөгүп бараткан адамга жардам берүү үчүн суу астында болуу убактысы суу астында болгон иш жүзүндөгү убакытка карабастан, 2 саат эсебинде эсептелет. Сууга чөккөн адамды издөөдө суучулдардын суу астында болгон иш жүзүндөгү убактысы эске алынат жана сууга чөккөн адамды жер бетине чыгаруу үчүн кошумча 2 саат эсептелет. Көрсөтүлгөн иштерге акы төлөө ушул Жобонун 33, 34-пункттарына ылайык жүргүзүлөт.
40. Машыгуу жана квалификациялык, анын ичинде барокамераларда түшүүлөр үчүн, саатына төлөө ушул Жобонун 33, 34-пункттарына ылайык 0,75 азайтуу коэффициентин колдонуу менен жүргүзүлөт.
Окуу жайларында (мектептер, борборлор, курстар) суучул кесибине окутуу мезгилинде билим алуучулардын суу астында болуу сааттары төлөнбөйт.
41. Эгерде суучулдарга жана башка кызматкерлерге суунун түбүнө түшүү колоколунда же суучулдардын суу астындагы аппаратынын суучулдар бөлүгүндө болгон убакыттын ичинде суучулдардын түшүүсү ишке ашырылбаса, төлөм барокамерада жогорулатылган басым астында болгондой төлөнөт.
42. Суу астында болуу убактысы суучулдар шлеминин иллюминатору жабылган (аппаратта дем алуу иштей баштаган, камерада басымды жогорулатуу башталган) учурдан тартып, жер бетинде иллюминатор ачылган (аппаратта дем алуу өчүрүлгөн, камерадагы басым атмосфералык басымга чейин төмөндөгөн) учурга чейин эсептелет. Суу астында узак убакыт болуу методу менен суучулдардын түшүүсү учурунда суу астында болуу убактысы суунун түбүнө түшүү колоколунда же суучулдардын суу астындагы аппаратынын суучулдар бөлүгүнүн ички люктары жабылган учурдан тартып, анда чөмүлүүнүн алдында суучулдар барокамерадан өтүп кеткенден кийин суучулдардын барокамерага өтүүсү үчүн аппараттын люгунун ички капкагы ачылган учурга чейин эсептелет.
43. 3, 2, 1-класстагы суучулдарга жана Борбордун кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн суу астына түшкөн башка кызматкерлерине суу астында, анын ичинде жогорулатылган басымдын астында болуунун жалпы узактыгы, суучулдар практикасынын башталышынан тартып 500дөн кем эмес саат үчүн сыйланууга укук алган учурда колдонулган ТТнын биринчи разрядынын тарифтик ставкасынын (кызматтык маянанын) 10 эселенген суммасы өлчөмүндө бир жолку акчалай сыйлык төлөнөт. Суу астында болуунун ар бир кийинки 500 сааты үчүн бир жолку акчалай сыйлыктын өлчөмү ТТнын биринчи разрядынын айлык тарифтик ставкасынын (кызматтык маянанын) 10 эселенген суммасына көбөйөт. Мында ар бир кийинки 500 саат үчүн төлөнүүчү бир жолку акчалай сыйлыктын максималдуу өлчөмү ТТнын биринчи разрядынын айлык тарифтик ставкасынын (кызматтык маянанын) 50 эселенген суммасынан ашпоого тийиш.
Окутуу үчүн даярдоо жана кайра даярдоо мезгилинде суу астында болгон сааттар бир жолку акчалай сыйлык төлөө үчүн эсепке алынбайт.
44. Тартылган штаттан тышкаркы суучулдардын суучулдар иштерин аткаруу максатында суу астында болуу убактысы үчүн эмгек акы төлөө ушул Жобонун 33, 34-пункттарына ылайык жүргүзүлөт (чөмүлүүнүн 20 метрге чейинки, 60 метрге чейинки жана 60 метрден ашык тереңдигине жараша). Саатына төлөө штаттан тышкаркы суучулга негизги кызмат орду боюнча төлөнүүчү маянага кошумча төлөнөт. Машыгуу жана квалификациялык түшүүлөр үчүн саатына төлөө 50 пайыз өлчөмүндө жүргүзүлөт. Штаттан тышкаркы суучулдардын түшүүлөрүн жана суучулдардын иштерин уюштуруу суучулдар кызматынын эрежелерине ылайык келүүгө тийиш, ал эми алардын ишинин эсеби штаттык суучулдар үчүн белгиленген тартипте суучулдар иштеринин журналында жазылууга тийиш.
45. Бул Жобо суучулдарга жана алар иштеген уюмдардын ведомстволук таандыктыгына карабастан башка кызматкерлерге (жетекчилердин же жамааттын чечими боюнча) да колдонулушу жана (же) жайылтылышы мүмкүн.