Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-июнундагы № 437 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-марты № 181
Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 323
«Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешин түзүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик колдоо чараларын жана өнүктүрүү институттарынын ресурстарын консолидациялоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-июнундагы № 323 «Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешин түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңеши жөнүндө жободо:
– 3-главанын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«– өз компетенциясынын чегинде мамлекеттик органдардын, мекемелердин, мамлекеттик жогорку окуу жайларынын, илимий-изилдөө институттарынын, эл аралык уюмдардын, өнүктүрүү институттарынын, банктардын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда туруктуу жана убактылуу жумушчу жана/же эксперттик топторду түзүүгө;»;
– 4-главанын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Координациялык кеңештин төрагасы күн тартипти жактырат, Координациялык кеңештин жыйналыштарына төрагалык кылат, Координациялык кеңештин кабыл алынган чечимине кол коет, ошондой эле туруктуу жана убактылуу жумушчу жана/же эксперттик топтордун жеке курамын бекитет.»;
– 4-главанын төртүнчү абзацында «, бирок кварталына бир жолудан кем эмес» деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2026-жылдын 24-мартындагы № 22 (3782) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү институттарынын координациялык кеңешинин курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы;
Евразия өнүктүрүү банкынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн директору (макулдашуу боюнча);
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Мажар-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Азербайжан-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Мамлекеттик финансылык холдинг" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Айыл Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Элдик Банк" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Абу-Даби Кыргыз Инвестмент" ачык акционердик коомунун башкы директору (макулдашуу боюнча);
"Ишкердикти өнүктүрүү фонду" микрокредиттик компаниясынын ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
"Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду" коомдук фондунун төрагасы (макулдашуу боюнча);
"Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын аткаруучу директору (макулдашуу боюнча);
региондорду өнүктүрүү фонддорунун өкүлдөрү (макулдашуу боюнча);
ар кандай өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрү (макулдашуу боюнча).".