Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 12-мартындагы № 02
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийими жана айырмалоочу
белгилери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 813 «Атайын жана ведомстволук форма кийимин кийүүнү тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийими жана айырмалоочу белгилерин кийип жүрүүнү тартипке келтирүү максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимин кийүү жана анын сүрөттөлүшү, айырмалоо белгилери жөнүндө эрежелер Тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ведомстволук форма расмий, салтанаттуу, протоколдук жана эл аралык иш-чараларга катышууда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жетекчилигинин чечими боюнча башка учурларда колдонулаары белгиленсин.
3. Ушул буйрук менен ведомстволук форма кийимге байланышкан маселелер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин кызматкерлерине карата гана жөнгө салынары аныкталсын.
4.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин укуктук камсыздоо бөлүмү:
– бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдерде кагаз жана электрондук түрдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;
– күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде бул буйруктун көчүрмөлөрүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине:
– ушул буйрукту жана ага тиркелген тиркемелерди кызматкерлердин кол койдуртуу аркылуу тааныштырууну камсыз кылсын;
– бекитилген кийүү эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
7. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө директордун орун басары Б.А. Жумалиевге жүктөлсүн.
Директор |
| Д.К. Бостонов |