Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 26-мартындагы № 01-01/108
«Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18 жана 20-беренелерин ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасында кыймылдуу булактардан чыккан булгоочу заттардын чыгындыларына мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүнүн тартиби бекитилсин;
2. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жүктөлгөн функцияларды аткарууда ушул буйрук менен бекитилген Тартипке таянып иш алып барсын.
3. Атмосфералык абаны коргоо бөлүмүнө:
– ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоо булактары жөнүндө» токтомуна ылайык аны расмий жарыялоо боюнча чаралар көрүлсүн;
– расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө, жарыяланган булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине нормативдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн;
– буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары А.К. Раимкуловага жүктөлсүн.
Министр |
| А.Т. Токтобаев |