Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 2026-жылдын 26-мартындагы № 01-01/108 буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасында кыймылдуу булактардан чыккан булгоочу заттардын чыгындыларына мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүнүн
ТАРТИБИ
1 - Бөлүм.Жалпы жоболор
1. Бул Тартип Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы №128 «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 12-июнундагы №51 «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 16-июнундагы №53 «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө» мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы №350 «Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын аймагында автомобиль транспорт каражаттарынан чыккан булгоочу заттардын чыгындыларына контролду жана мониторинг жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.
Тартип Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланылуучу ички күйүү кыймылдаткычтары менен жабдылган бардык автотранспорт каражаттарына жана башка кыймылдуу каражаттарга, анын ичинде гибриддик жана ырааттуу гибриддик күч орнотмолору бар транспорт каражаттарына жайылтылат.
2. Тартипте төмөнкү терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:
Газоанализатор - кыймылдаткычтын чыгаруучу газдарынын химиялык курамын үзгүлтүксүз анализдөөчү прибор;
Кыймылдаткычтын чыгарылган газдары – кыймылдаткычтын цилиндрлеринен же күйүүчү камераларынан чыгарылып алынган, кошулган чаң-чөкмө менен аралаш газдар.
Кыймылдаткычтын чыгарылган газдарынын түтүндүүлүгү – дизель кыймылдаткычынан чыккан газдар аркылуу өтүп жаткан жарык агымын сиңирүү деңгээлин мүнөздөгөн көрсөткүч.
Кыймылдаткычтын чыгарындысынын уулуулугу – кыймылдаткычтын чыгарындысы адамдарга жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүүчү таасир көрсөтүү жөндөмү.
Эркин тездетүү – кыймылдаткычтын бош жүрүштөн минималдык айлануу ылдамдыктан максималдык айлануу ылдамдыгына чейин тездетилиши.
Максималдык айлануу ылдамдыгы – кыймылдаткычтын бош жүрүшүндө толугу менен күйүүчү май педаласы басылган учурда валдын айлануу ылдамдыгы, регулятор менен чектелген.
Дымомердин эффективдүү базасы L, м – газоанализатордун иштөө шартында өлчөнгөндө, жарык агымын басаңдатуу боюнча эквиваленттүү болгон, чыгарылган газдардын оптикалык бир калыптуулуктагы катмарынын калыңдыгы, ал газдар дымомердин иштөө түтүктөрүн толтурат.
Жарык агымын басаңдатуунун табигый көрсөткүчү K, м¯¹ – чыгарылган газ катмары аркылуу өтүп жатканда дымомердин жарык булагынан чыккан радиация агымы e эсеге басаңдай турган катмандын калыңдыгынын тескери көрсөткүчү. Бул көрсөткүч дымомердин негизги шкаласында эсептелет.
Жарык агымын басаңдатуу коэффициенти N, % – чыгарылган газдар дымомердин иштөө түтүгүнөн өтүп жатканда жарыкты сиңирүү жана чачыратыш натыйжасында жарык агымынын басаңдоо даражасы. Бул көрсөткүч 0,43 м эффективдүү база менен дымомердин жардамчы шкаласында эсептелет.
2 - Бөлүм. Автотранспорт каражаттарына рейддик текшерүүлөрдү уюштуруу жана өткөрүү
3. Атмосфералык абага автотранспорт жана башка кыймылдуу каражаттардан чыккан чыгындыларды көзөмөлдөө боюнча талаптардын аткарылышына мамлекеттик контролду айлана-чөйрөнү коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган өзүнүн компетенциясынын чегинде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырат.
4. Жол рейддик текшерүүлөр – транспорт каражаттарын түздөн-түз иштетилген жерлерде (көчөлөрдө, жолдордо, көзөмөл-өткөрүү пункттарында) ашыкча түтөгөн же уулуу газдарды чыгарган унааларды аныктоо максатында тандалма текшерүү.
5. Транспорт каражаты жол кыймылынын коопсуздугун контролдоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлери тарабынан токтотулгандан кийин, булгануучу заттардын чыгындыларын белгиленген нормативдерин жана чыгаруучу газдардын уулуулугунун деңгээлин сактоону контролдоону айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарымдуу органдын кызматкери жүзөгө ашырат.
6. Жол кыймылында жүргөн, улуттук коопсуздук органдарынын, ички иштер органдарынын, тез медициналык жардамдын, авариялык-техникалык кызматтардын, ӨКМ кызматтарынын, аскердик, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана таксилердин, жүргүнчүлөрү бар автобустардын, ошондой эле колонналарда жүрүүчү транспорт каражаттары текшерүүгө жатпайт.
3 - Бөлүк. Чыгындыларды өлчөөгө коюлган жалпы талаптар
7. Мамлекеттик контролдо колдонулган бардык өлчөөчү каражаттар белгиленген тартипте милдеттүү түрдө текшерүүдөн өтүүгө тийиш. Приборлор улуттук стандарттоо жана метрология органы тарабынан берилген иштеп турган текшерүү күбөлүгү менен камсыздалышы зарыл.
Өлчөөчү каражаттарды текшерүүнүн мөөнөттөрү техникалык документтерде (паспортто, эксплуатация боюнча нускамада) Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 9-июлундагы №118 «Өлчөмдөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамынын талаптарын эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 2-сентябрындагы №446 «Кыргыз Республикасынын «Өлчөмдөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» Мыйзамын жүзөгө ашыруу чаралары жөнүндө» токтомуна тиркелген №3 тиркемеге ылайык белгиленет.
8. Инспектор иш баштоо алдында пломбаларды жана приборлордогу текшерүү белгилерин текшерет. Текшерилбеген же бузук приборлорду көзөмөл максатында колдонууга жол берилбейт.
9. Газоанализаторлорун колдонгондо иштетилген газдардын зонддун жанынан чыгып кетпөөсүнө, ошондой эле анын чыгуучу түтүктө тыгыз орнотулганына ынануу керек. Түтүн ченегичтерди колдонгондо, бардык түтүн газдарынын агымы өлчөөчү прибордун оптикалык камерасы аркылуу өтүшүн камсыз кылуу керек, зарыл болгон учурда, түтүндү чачыратуудан сактануу үчүн түтүн түтүгүнө тыгыз орнотулган атайын каптар колдонулушу керек.
10. Өлчөө жүргүзүлгөн учурда транспорт каражатынын жүрүшү 3 000 километрден жогору болуусу керек. Эгер жүрүш андан аз болсо, текшерүү жүргүзүлбөйт.
11. Автотранспорттун иштетилген газдары чыккан жерде адамдардын болушуна жол берилбейт, анткени көмүр кычкыл газы жана башка уулуу заттар менен ууланып калуу коркунучу бар. Көп жолу өлчөө жүргүзүүдө, айрыкча жабык жайларда (бокстордо), инспектор жана катышуучулар дем алуу органдарын коргоочу жеке каражаттарды (мисалы, респираторлорду) колдонушу керек, ГОСТ 12.4.028-76 "Эмгекти коргоо стандарттарынын системасы. Дем алуу органдарын коргоочу каражаттар. Классификациясы жана маркалоосу" талаптарына ылайык.
12. Өлчөөлөрдү жүргүзүү учурунда транспорт каражаты туруктуу тормоз менен токтотулган, нейтралдык өткөргүчкө коюлган болушу керек. Унаанын айдоочусу инспектордун көрсөтмөлөрүн так аткарышы керек (мисалы, акселератор педаласын басуу) жана текшерүү аяктагандан кийин кыймылдаткычты убагында токтотууга милдеттүү.
13. Иш бүткөндөн кийин бардык өлчөөчү приборлор өчүрүлүп, зарыл болгондо тазаланууга тийиш. Алар өндүрүүчүнүн техникалык документтерине жана Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-мартындагы №38 «Өлчөмдөрдүн бирдиктүүлүгүн камсыз кылуу жөнүндө» мыйзамынын талаптарына ылайык штаттык коргоочу кутуларда же футлярларда ташылууга тийиш.
14. Документтик даярдоо аяктаган соң, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын инспектору транспорт каражаттарынан чыккан чыгынды газдарды инструменталдык контролдоо жүргүзүүгө киришет, анын ичинде булгоочу заттардын курамынын өлчөлүшү жана алардын белгиленген нормаларга шайкештиги бааланат.
15. Айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын инспекторуна кыймылдаткычты иштетүүгө, автотранспорт же башка кыймылдуу каражаттарды башкарууга, ошондой эле транспорт каражатынын техникалык абалына же эксплуатациясына таасир этиши мүмкүн болгон башка аракеттерди жасоого уруксат берилбейт. Бардык контролдоо иш-чаралары ушул Тартипке жана Кыргыз Республикасынын күчүндө турган мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
16. Бензин менен (жана/же) газ кыймылдаткычтары бар автотранспорт каражаттарынан чыккан чыгарылган газдардагы көмүртек моноксидинин (СО) жана көмүртек гидрогендеринин (СН) мазмуну кыймылдаткычтын бош жүрүшүндө, валдын минималдык айлануу ылдамдыгында, ушул Тартиптин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн чектен ашпоого тийиш.
17. Кыймылдуу каражаттар үчүн кысуудан күйүүчү кыймылдаткычтар менен жабдылган (дизельдик) транспорт каражаттарынын иштетилген газдарынын түтүндүүлүгү ушул тартипке карата 2-тиркемеде көрсөтүлгөн маанилерден ашпоого тийиш.
18. Транспорт каражатында иштетилген газдарды чыгаруу тутуму герметикалык жана комплекстүү болушу керек (чыгуу тутумунун элементтеринин көрүнүктүү жоктугу жана бузулушу болбошу керек).
19. Автотранспорт каражатынын экологиялык классы өндүрүүчү өлкөгө жана автотранспорт каражатынын чыгарылган жылына жараша ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык аныкталат.
4 - Бөлүм. Текшерүү жыйынтыктарын тариздөө
20. Жолдо айрым транспорт каражаттарын рейддик текшерүү учурунда жүргүзүлгөн өлчөөлөрдүн протоколу административдик укук бузуу боюнча протокол менен айкалыштырылышы мүмкүн же аны далилдердин сүрөттөмөсүнүн бир бөлүгү катары протоколго киргизүүгө болот.
21. Натыйжалары бар дүмүрчөк басылып чыкканда, ал протоколго тиркелет (инспектордун колу менен бекитилет).
22. Текшерүү учурунда транспорт каражатынын чыгарылган газдарындагы булгоочу заттардын ченемден ашып кеткендиги аныкталган учурларда, инспектор (ошол эле учурда административдик материалдарды түзүүгө ыйгарым укуктуу органдын кызмат адамы болуп саналат) Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин тиешелүү беренеси боюнча укук бузуу жөнүндө протокол түзөт.
23. Бажы союзунун (ЕАЭБ) "Дөңгөлөктүү транспорт каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" ТР ТС 018/2011 техникалык регламентине ылайык, 2011-жылдын 9-декабрындагы № 877 Бажы союзунун Комиссиясынын чечими менен бекитилген, 9.1.1 жана 9.2-пункттарында көмүр кычкыл газынын (CO), углеводороддордун (CH) курамынын жана түтүндүүлүк коэффициентинин ченемдери белгиленген, алар ар бир транспорт каражаты үчүн жекече өлчөнүп жана бааланууга тийиш.
Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 47-беренесине ылайык «Бир нече укук бузуу жасалганда жаза чараларын колдонуу», эгерде бир эле тарап эки же андан көп укук бузуу жасаса, жаза чарасы ар бир укук бузуу үчүн өз-өзүнчө колдонулат.
Ошентип, ар бир транспорт каражаты мамлекеттик көзөмөлдүн өз алдынча объектиси катары каралат. Транспорт каражаттарынын бир менчик ээси болушу бир нече укук бузуу фактыларын бир протоколго бириктирүүгө негиз болуп саналбайт.
Мындан тышкары, аталган Кодекстин 19-беренесине ылайык, эгерде юридикалык жак менен эмгектик мамиледе турган же анын кызыкчылыгы үчүн белгилүү бир аракеттерди аткарган (анын ичинде келишим боюнча) жеке жак өзүнүн аракеттеринин (аракеттеринин же аракетсиздигинин) мыйзамга каршы экендигин билсе же билиши керек болсо, юридикалык жак укук бузуу жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылат.
|
| Кыргыз Республикасында Кыймылдуу булактардан чыккан булгоочу заттардын чыгындыларына мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүнүн тартибине 1-тиркеме |
Бензин жана (же) газ отуну менен иштеген автотранспорт каражаттары үчүн күчтөп күйүүчү кыймылдаткычтын иштетилген газдарындагы көмүртек кычкылынын (СО), углеводороддордун (СН) курамынын ченемдери
Транспорт каражаттарынын категориялары жана комплектациясы | Кыймылдаткычтын тиштүү валынын айлануу ылдамдыгы | СО, көлөмдүк үлүшү, % | СН, көлөмдүк үлүшү, млн-1/ppm |
M жана N, иштетилген газдарды нейтралдаштыруу системалары менен жабдылбаган | минималдуу | 3,5 | 1200 |
жогору | 2,0 | 600 | |
M жана N категориясындагы, экологиялык классы 2 жана андан төмөн болгон, чыккан газдарды нейтралдаштыруу системалары менен жабдылган | минималдуу | 0,5 | 200 |
жогору | 0,3 | 200 | |
M жана N категориясындагы, экологиялык классы 3 жана андан жогору болгон, иштетилген газдарды нейтралдаштыруу системалары менен жабдылган | минималдуу | 0,3 | - |
жогору | 0,2 | - | |
Чыгарылган газдарды нейтралдаштыруу системалары менен жабдылбаган L | минималдуу | 4,5 | - |
|
| Кыргыз Республикасында Кыймылдуу булактардан чыккан булгоочу заттардын чыгындыларына мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүнүн тартибине 2-тиркеме |
Кысуудан күйүүчү кыймылдаткычтар менен жабдылган автотранспорт каражаттарынын иштетилген газдарынын түтүндүүлүгүнүн ченемдери
Транспорт каражатынын категориясы, экологиялык классы | кыймылдаткычтын түрү | Түтүндүүлүк, жарык агымын жутуу коэффициенти (k), м-1 |
М, N, экологиялык класстары 3 жана андан төмөн | Турбонаддув жок | 2,5 |
Турбонаддув менен | 3,0 | |
М, N, экологиялык класстары 4 жана андан жогору | - | 1,5 |
|
| Кыргыз Республикасында Кыймылдуу булактардан чыккан булгоочу заттардын чыгындыларына мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүнүн тартибине 3-тиркеме |
k маанилерин Nге которуу (L = 0,43 м болгон түтүн өлчөгүч үчүн)
k, м-1 N, % | 0,0 0,0 | 0,1 4 | 0,2 8 | 0,3 11 | 0,4 15 | 0,5 20 | 0,55 21 | 0,6 23 | 0,65 24 |
|
k, м-1 N, % | 0,7 26 | 0,75 28 | 0,8 29 | 0,85 31 | 0,9 32 | 0,95 34 | 1,0 35 | 1,05 36 | 1,1 38 |
|
k, м-1 N, % | 1,15 39 | 1,2 40 | 1,25 42 | 1,3 43 | 1,35 44 | 1,4 45 | 1,45 46 | 1,5 47 | 1,55 49 |
|
k, м-1 N, % | 1,6 50 | 1,65 51 | 1,7 52 | 1,75 53 | 1,8 54 | 1,85 55 | 1,9 56 | 1,95 57 | 2,0 58 |
|
k, м-1 N, % | 2,05 59 | 2,1 59,5 | 2,15 60 | 2,2 61 | 2,25 62 | 2,3 63 | 2,35 64 | 2,4 64,4 | 2,45 65 |
|
k, м-1 N, % | 2,5 66 | 2,55 67 | 2,6 67,3 | 2,65 68 | 2,7 69 | 2,75 69,3 | 2,8 70 | 2,85 71 | 2,9 71,3 |
|
k, м-1 N, % | 3,0 72,5 | 3,05 73 | 3,1 73,6 | 3,15 72 | 3,2 75 | 3,25 75,3 | 3,3 76 | 3,35 76,3 | 3,4 77 |
|
k, м-1 N, % | 3,45 77,3 | 3,5 78 | 3,55 78,3 | 3,6 79 | 3,65 79,2 | 3,7 80 | 3,75 80,1 | 3,8 80,5 | 3,85 81 |
|
k, м-1 N, % | 3,9 81,3 | 3,95 81,7 | 4,0 82 | 4,05 82,5 | 4,1 83 | 4,15 83,3 | 4,2 83,7 | 4,25 84 | ∞ 100 |
|
| ||||||||||
|
| Кыргыз Республикасында Кыймылдуу булактардан чыккан булгоочу заттардын чыгындыларына мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүнүн тартибине 4-тиркеме |
Өндүрүүчү өлкөсүнө жана чыгарылган жылына жараша автотранспорт каражатынын экологиялык класстары
Транспорт каражатын өндүргөн өлкө | Кыймылдаткычтын түрү | Экологиялык класс | ||
3 | 4 | 5 жана 6 | ||
чыгарылган жылы | ||||
КМШ, Россия, Кыргызстан, Өзбекстан | Күч менен от алдыруу | 2008 – 2012 | 2013 – 2015 | 2016 дан баштап |
Дизельдик | 2008 – 2012 | 2013 – 2015 | 2016 дан баштап | |
Европа Биримдигинин өлкөлөрү (ЕБ), Улуу Британия | Күч менен от алдыруу | 2000 – 2004 | 2005 – 2009 | 2010 дон баштап |
Дизельдик | 2000 – 2004 | 2005 – 2009 | 2010 дон баштап | |
Жапон | Күч менен от алдыруу | 2005-2010 | 2011ден баштап |
|
Дизельдик | 2005-2010 | 2011 ден баштап |
| |
Корея | Күч менен от алдыруу | 2003-2005 | 2006 дан баштап | 2010 дон баштап |
Дизельдик | 2003-2005 | 2006 дан баштап | 2010 дон баштап | |
АКШ | Күч менен от алдыруу | 2001-2003 | 2004 төн баштап | 2010 дон баштап |
Дизельдик | 2001-2003 | 2004 төн баштап | 2010 дон баштап | |
Кытай | Күч менен от алдыруу | 2008- 2010 | 2011 ден баштап | 2013 төн баштап |
Дизельдик | 2008 ден баштап | 2011 ден баштап | 2011 ден баштап | |