Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-февралы № 199-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Иш башкармалыгына мамлекеттик жарандык кызматка өзгөчө тартипте (сынактан тышкары) кирүү тартиби жөнүндө" 2016-жылдын 30-июнундагы № 833-VI;
- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө материалдарды кароо боюнча комиссия тууралуу" 2022-жылдын 7-декабрындагы № 709-VII.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
| М.А. Маматалиев |