ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 199-VIII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө» токтому

Редакция19.02.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 19-февралы № 199-VIII

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым токтомдорун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө

 

"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төмөнкү токтомдору күчүн жоготту деп таанылсын:

- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратына жана Иш башкармалыгына мамлекеттик жарандык кызматка өзгөчө тартипте (сынактан тышкары) кирүү тартиби жөнүндө" 2016-жылдын 30-июнундагы № 833-VI;

- "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө материалдарды кароо боюнча комиссия тууралуу" 2022-жылдын 7-декабрындагы № 709-VII.

2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

 

М.А. Маматалиев