Загрузка документа…
|
| Тиркеме Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин 2026-жылдын 23-февралындагы № 208 буйругуна |
Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдарын классификациялоо жөнүндө жобо
1-Бөлүм. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо саламаттык сактоо уюмдарын типтери, түрлөрү жана медициналык-санитардык жардам көрсөтүү деңгээлдери боюнча классификациялоонун бирдиктүү критерийлерин аныктайт жана белгилейт, "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык алардын иштешинин жана ишмердүүлүгүнүн укуктук жөнгө салынышынын укуктук негиздерин түзөт.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик жана жеке саламаттык сактоо секторлорун камтыган комплекстүү интеграцияланган система иштейт. Ал ден соолукту чыңдоодон баштап алдын алуу, дарылоо, реабилитациялоо жана паллиативдик жардам көрсөтүүгө чейинки медициналык-санитардык кызматтардын толук спектрин камсыз кылууга багытталган. Бул система оорулардын татаалдашуу коркунучун алдын алуу, аларды өз убагында аныктоо, дарылоо жана азайтуу максатында адамдын өмүр бою коштоп жүрөт.
3. Мамлекеттик саламаттыкты сактоо сектору мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдары, ведомстволук медициналык, медико-санитардык жана мамлекеттик коомдук саламаттык саламаттыгы уюмдарынан турат.
4. Саламаттык сактоонун жеке сектору жеке саламаттык сактоо уюмдарынан, ошондой эле жеке медициналык практика жана фармацевтикалык ишмердүүлүктөр менен алектенген жеке жактардан турат.
5. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарга ылайык аралаш менчик формасына негизделген саламаттык сактоо уюмун түзүүгө жол берилет.
2- Бөлүм. Саламаттык сактоо уюмдарынын классификациясы
6. Кыргыз Республикасындагы саламаттык сактоо уюмдары медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн түрлөрү, деңгээлдери жана түрлөрү боюнча классификацияланат.
7. Саламаттык сактоо уюмдарын түрү боюнча классификация менчик түрүнө жана ведомстволук таандыгына негизделет, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Мыйзамынын 11-беренесине ылайык аныкталат.
8. Саламаттык сактоо уюмдарынын деңгээли жана түрү боюнча (негизги жана кошумча) классификациясы алардын ишмердүүлүгүнүн багыттарына негизделет. Саламаттык сактоо уюмдарынын уюштуруу-укуктук формасы, деңгээлдери жана түрлөрү саламаттык сактоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат, Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана уюштуруу документтеринде чагылдырылат.
Саламаттыкты сактоо уюмдарынын төмөнкү деңгээлдери айырмаланат:
1) Биринчи деңгээл – амбулатордук шартта алдын алуу, дарыгерге чейинки жана дарыгердик биринчи медициналык-санитардык жардамды (мындан ары – БМСЖ) көрсөтүүчү уюмдар, анын ичинде эрте диагностика, шашылыш тез жардам жана эң көп таралган ооруларды дарылоо, ошондой эле биринчи профилактикалык чараларды ишке ашыруучу, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу, оорулардын популяциялык алдын алууну, сергек жашоо образын пропагандалоону, айлана-чөйрөнүн факторлорун контролдоону ишке ашыруучу адистештирилген уюмдар. Буларга төмөнкүлөр кирет:
- Үй-бүлөлүк медицина борборлору (ҮМБ) жана анын бөлүмдөрү, БМСЖ амбулаториялары, фельдшердик-акушердик пункттар, үй-бүлөлүк дарыгерлердин топтору;
- Тез жардам борборлору, тез жардамдын жол боюндагы пункттары;
- Коомдук саламаттыкты сактоо уюмдары.
2) Аралаш (интеграцияланган) деңгээлдеги уюмдар, алар бир уюмдун алкагында БМСЖ жана стационардык жардам көрсөтөт, буга жалпы дарыгердик практика борборлору (ЖДПБ) кирет:
3) Экинчи деңгээл – стационардык шартта адистештирилген медициналык жардам көрсөтүүчү уюмдар, анын ичинде шашылыш түрдө:
- райондук жана аймактык ооруканалар;
- шаардык ооруканалар;
- адистештирилген борборлор жана диспансерлер.
4) Үчүнчү деңгээл – жогорку технологиялуу жабдууларды, алдыңкы илимий жетишкендиктерди колдонуу менен, жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу менен адистештирилген медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү, илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруучу саламаттыкты сактоо уюмдары.
9. Саламаттык сактоо уюмдарынын түрлөрү боюнча классификациясы (негизги жана кошумча) алардын ишмердүүлүгүнүн багыттарына негизделген.
10. Саламаттык сактоо уюмдарынын төмөнкү түрлөрү айырмаланат:
1) Негизги түрлөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- Дарылоо-профилактикалык уюмдар - Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдар.
Дарылоо-профилактикалык уюмдар көрсөтүлүүчү медициналык-санитардык жардамдын түрлөрүнө жараша кеңири профилдеги (көп профилдүү) жана адистештирилген дарылоо-профилактикалык уюмдарга бөлүнөт.
Кеңири профилдеги (көп профилдүү) дарылоо-профилактикалык уюмдарга медициналык-санитардык жардамдын ар кандай түрлөрүн көрсөтүүчү баштапкы деңгээлдеги жана аралаш (интеграцияланган) деңгээлдеги дарылоо-профилактикалык уюмдар кирет.
Адистештирилген дарылоо-профилактикалык уюмдарга айрым адистештирилген медициналык-санитардык жардамдын түрлөрүн көрсөтүүчү экинчи жана үчүнчү деңгээлдеги уюмдар кирет.
- Коомдук саламаттык сактоо уюмдары - санитардык көзөмөлдү жана профилактикалык иш-чараларды камсыздайт, санитардык-гигиеналык жана эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзөт, сергек жашоо образын калыптандырууга жана жарандардын ден соолугун чыңдоого көмөктөшөт.
- Илим изилдөө уюмдары - фундаменталдык, колдонмо медицина жана гигиена жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт, дарылоо-профилактикалык жана педагогикалык ишмердүүлүктү жүзөгө ашырат.
Илим изилдөө уюмдарына саламаттык сактоонун үчүнчү деңгээлиндеги уюмдар кирет.
- Билим берүү уюмдары - саламаттык сактоо системасы үчүн медициналык кадрларды даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашырат.
- Медициналык-социалдык уюмдар - Кыргыз Республикасынын жарандарына абилитациялык, протездик-ортопедиялык жана тиш протездөө, ошондой эле социалдык мүнөздөгү жардамды камтыган медициналык-социалдык жардам көрсөтөт.
- Реабилитациялык уюмдар – Кыргыз Республикасында тубаса, кийин пайда болгон, курч жана өнөкөт ооруларынан жана жаракаттардын кесепеттеринен жапа чеккен жарандарды медициналык реабилитациялоону жүзөгө ашырат. - Фармацевтикалык уюмдар – дары-дармек каражаттарын өндүрүүнү, даярдоону жана сатууну жүзөгө ашыруучу уюмдар.
2) Саламаттык сактоо уюмдарынын кошумча түрлөрүнө уюштуруучулук, координациялык, методикалык, статистикалык, көмөкчү, техникалык жана башка ишмердүүлүктү жүзөгө ашыруучу саламаттык сактоо уюмдары кирет.
11. Мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарын аймактык белгиси боюнча бөлүү (мындан ары – Аймактык белги) административдик-аймактык жайгашуусун эске алуу менен жүргүзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) республикалык жана облустар аралык (региондук) саламаттык сактоо уюмдары;
2) облустук саламаттык сактоо уюмдары, Бишкек жана Ош шаарларынын саламаттык сактоо уюмдары;
3) райондор аралык жана райондук/шаардык саламаттык сактоо уюмдары. медициналык-социалдык жардам көрсөтөт.