Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-апрелиндеги № 241 токтому менен бекитилди) |
Жалпыга маалымдоо каражаттарын мамлекеттик каттоо,
кайра каттоо жана каттоодон баш тартуу тартиби жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
2-глава. Каттоочу органдын компетенциясы
3-глава. ЖМКны каттоонун жалпы тартиби
4-глава. ЖМК реестри
5-глава. ЖМКны каттоо
6-глава. ЖМКны мамлекеттик кайра каттоо
7-глава. ЖМКнын ишин токтотууну каттоо
8-глава. ЖМКны каттоо мөөнөтүн убактылуу токтотуу
9-глава. ЖМКны каттоодон баш тартуу
10-глава. Реестрде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү
11-глава. Ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга маалымдоо каражаттарын (мындан ары – ЖМК) мамлекеттик каттоодо, кайра каттоодо жана ишин токтотууну каттоодо келип чыккан мамилелерди жөнгө салат.
2. ЖМКны мамлекеттик каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо (мындан ары – каттоо) – Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын (мындан ары – юстиция органдары) ЖМКны түзүү, кайра каттоо жана ишин токтотуу жөнүндө маалыматтарды, ошондой эле «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган башка маалыматтарды Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик реестрине (мындан ары – Реестр) киргизүү аркылуу ишке ашырылуучу аракети.
3. Төмөнкүлөр ЖМК катары каттоодон өтүүгө тийиш эмес:
1) бир мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, билим берүү уюмунун, менчигинин түрүнө карабастан ишкананын, уюмдун же мекеменин аймагында жайылтылуучу мезгилдүү басылмалар, радио жана телепрограммалар;
2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан алардын расмий билдирүүлөрүн жана материалдарын, ченемдик укуктук актыларын гана басып чыгаруу максатында уюштурулган ЖМК.
4. Юстиция органдары тарабынан каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып ЖМК катталды деп эсептелет жана маалыматты жайылтуу укугуна ээ болот.
2-глава. Каттоочу органдын компетенциясы
5. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин (мындан ары – Юстиция министрлиги) борбордук аппараты төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) ЖМКны каттоо жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү;
2) Реестрди жүргүзүүнү, ошондой эле андан көчүрмөлөрдү берүүнү;
3) анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан ушул Жобонун талаптарын сактоону контролдоону;
4) каттоо маселелери боюнча анын аймактык бөлүмдөрүнүн аракеттерине даттанууларды кароону;
5) ЖМКны каттоо чөйрөсүндө мыйзамдарга ылайык башка ыйгарым укуктарды.
6. Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрү төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) ЖМКны жайгашкан жерине жараша тиешелүү аймакта каттоону;
2) Реестрди жүргүзүүнү, ошондой эле андан көчүрмөлөрдү берүүнү;
3) ЖМКны каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка ыйгарым укуктарды.
3-глава. ЖМКны каттоонун жалпы тартиби
7. Кыргыз Республикасында ЖМКны чет өлкөлүк жактардын катышуусу менен түзүүгө болот. Мында чет өлкөлүк жарандарга, чет өлкөлүк юридикалык жактарга жана жарандыгы жок адамдарга Кыргыз Республикасында ЖМКны түзүүчү юридикалык жактардын уставдык капиталындагы акциялардын, үлүштөрдүн же пайлардын 35 пайыздан ашыгына ээлик кылууга, пайдаланууга, тескөөгө же башкарууга тыюу салынат.
8. Төмөнкүлөр уюштуруучу боло алышпайт:
1) он сегиз жашка чыга элек же соттун өкүмү менен эркиндигинен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан, же сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган Кыргыз Республикасынын жараны;
2) мыйзамга ылайык ишине сот тарабынан тыюу салынган юридикалык жактар.
9. Кыргыз Республикасында ЖМКны түзүү ушул Жобо менен белгиленген тартипте жеке жана юридикалык жактар тарабынан жүзөгө ашырылат.
10. ЖМКны каттоо жөнүндө арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:
1) уюштуруучу/тең уюштуруучулар жөнүндө маалыматтар, эгерде ал жеке жак болсо – уюштуруучунун аты-жөнү, же уюштуруучу юридикалык жак болсо – толук фирмалык аталышы, ошондой эле арыз ээсинин дареги;
2) ЖМКнын аталышы;
3) редакциянын дареги;
4) ЖМКнын түрү;
5) Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы веб-сайттын домендик аталышы, бар болгон учурда.
Арызга арыз ээси кол коет. Каттоо арызынын формасы каттоочу орган тарабынан бекитилет.
11. ЖМКны каттоодо төмөнкү жактар арыз ээси катары чыга алат:
1) ЖМКнын уюштуруучулары болуп саналган жеке жана юридикалык жактар;
2) ЖМКнын жетекчиси;
3) ишеним каттын негизинде аракеттенүүчү башка жак.
12. Арыз ээси документтерди каттоого бергенге чейин болжолдуу аталыштын каттоочу органдын расмий сайтында жайгаштырылган ачык Реестр аркылуу ЖМКнын катталган аталыштары менен дал келүүсүн өз алдынча текшерүүгө тийиш.
13. ЖМК мамлекеттик жана расмий тилдердеги аталыштарында кыргыз жана орус алфавитиндеги тамгаларды, ал эми англис тилинде латын алфавитиндеги тамгаларды гана колдонушу керек.
14. Каттоодо ЖМКнын документтери каттоочу органга мамлекеттик же расмий тилде берилет.
Чет тилде түзүлгөн документтер юстиция органдарына нотариалдык күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик же расмий тилдеги котормосу менен берилет.
15. Каттоочу орган каттоо учурунда арыз ээси берген документтердин эсебин алууну жана сактоону камсыз кылат.
16. Берилген документтердин ушул Жобонун жана ЖМКнын иш чөйрөсүн жөнгө салуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келишин текшерүүнүн натыйжалары боюнча каттоочу орган каттоочу орган тарабынан белгиленген электрондук формада ЖМКны каттоо, кайра каттоо жөнүндө маалымкатты (күбөлүктү) (мындан ары – маалымкат (күбөлүк) берет.
17. Маалымкат (күбөлүк) ЖМКны каттоо, кайра каттоо фактысы жөнүндө күбөлөндүрүүчү документ болуп саналат.
Арыз ээсинин талабы боюнча маалымкаттын (күбөлүктүн) электрондук формасы электрондук дарекке же каттоо арызында көрсөтүлгөн башка мессенджерлер аркылуу жөнөтүлөт.
Маалымкат (күбөлүк) жана Реестрден көчүрмө бардык мамлекеттик, муниципалдык, сот, укук коргоо органдары жана уюмдары тарабынан таанылууга тийиш.
18. Ушул Жобо күчүнө киргенге чейин катталган, кайра катталган ЖМКнын каттоо, кайра каттоо жөнүндө күбөлүгү жоголгон (бузулган) учурда ЖМКлар маалымкаттын (күбөлүктүн) электрондук версиясын алуу үчүн каттоочу органга кайрылууга укуктуу.
19. ЖМКны каттоо, кайра каттоо жана ишин токтотууну каттоо каттоочу органга керектүү документтердин толук тизмеги берилген күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылат.
20. Каттоо жол-жобосунун мөөнөтү арыз каттоочу органга келип түшкөн күндөн башталат.
21. ЖМКны каттоодо каттоо үчүн салыктык эмес кирешелер жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик алым алынат, анын өлчөмү мыйзамдарга ылайык аныкталат.
22. ЖМКнын архивдик каттоо иштеринин көчүрмөлөрү кызыкдар жактарга арыз берилген учурдан тартып 7 (жети) календардык күндүн ичинде берилет.
23. Документтерге ишеним каттын негизинде кол коюуга же берүүгө ыйгарым укуктуу адам кол койгон же берген учурда, берилген документтер менен бирге каттоочу органга тиешелүү түрдө таризделген ишеним кат берилет.
24. Берилген документтерди текшерүүнүн натыйжалары боюнча каттоочу орган төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:
1) ЖМКны каттоо (кайра каттоо) жөнүндө;
2) ЖМКны каттоо мөөнөтүн токтото туруу жөнүндө;
3) ЖМКнын ишин токтотуу (жоюу) жөнүндө;
4) ЖМКны каттоодон баш тартуу жөнүндө.
Арыз ээси ЖМКны каттоо мөөнөтүн убактылуу токтотуу жөнүндө буйрук чыккандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде каттоочу орган аныктаган кемчиликтерди четтетүүгө укуктуу. Мында кемчиликтерди четтетүү мезгили каттоо үчүн белгиленген мөөнөткө кирбейт.
4-глава. ЖМК реестри
25. Каттоочу орган катталган, кайра катталган жана иши токтотулган ЖМКлар жөнүндө маалыматтар камтылган ЖМК реестрин жүргүзөт.
26. Реестрди жүргүзүү тартиби каттоочу орган тарабынан аныкталат.
27. Реестрде ЖМК жөнүндө маалыматтардын болушу аларды каттоо фактысы тууралуу күбөлөндүрөт.
28. Реестрде төмөнкү маалыматтар камтылат:
1) ЖМКнын толук жана кыскартылган (бар болсо) аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде;
2) ЖМКны каттоо, кайра каттоо же ишин токтотуу жөнүндө буйруктун датасы жана номери;
3) алгачкы каттоонун датасы;
4) ЖМКнын түрү;
5) менчигинин формасы;
6) басылманын (берүүнүн) тили;
7) ЖМК продукциясын жайылтуунун аймагы;
8) ЖМКнын юридикалык дареги (жайгашкан жери), телефон номери (бар болсо), электрондук дареги (бар болсо);
9) ЖМКнын уюштуруучулары жөнүндө маалыматтар;
10) ЖМК ишин токтотуу процессинде турганы тууралуу маалыматтар;
11) ишин токтотуу жөнүндө маалыматтар;
12) жетекчиси (башкы редактору) жөнүндө маалыматтар;
13) ЖМКнын мурдагы аталышы (ЖМКнын аталышын өзгөрткөн учурда).
29. ЖМК реестринде камтылган маалыматтар жеке жана юридикалык жактар үчүн ачык жана жалпыга жеткиликтүү болуп саналат.
30. Реестрде камтылган маалыматтар кызыкдар жактарга көчүрмө түрүндө 7 (жети) жумуш күндүн ичинде, хронологиялык тартипте арыз берилген учурдан тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде берилиши мүмкүн.
Реестрдеги маалыматтар мамлекеттик органдарга акысыз берилет.
5-глава. ЖМКны каттоо
31. ЖМКны каттоодо каттоочу органга төмөнкү документтер берилет:
1) каттоочу орган тарабынан бекитилген форма боюнча арыз;
2) уюштуруучунун (уюштуруучулардын) ЖМКны түзүү жөнүндө чечими;
3) устав, уюштуруучу менен ЖМКнын редакциясынын (редакторунун) ортосундагы келишим;
4) каттоо үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ (маалымат);
5) аты-жөнүн, туулган жылын жана жашаган жеринин дарегин көрсөтүү менен уюштуруучулардын тизмеси;
6) уюштуруучунун (уюштуруучулардын) жана жетекчинин (башкы редактордун) паспортунун (паспортторунун) көчүрмөлөрү.
32. Уюштуруучунун (уюштуруучулардын) ЖМКны түзүү жөнүндө чечими төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) ЖМКнын толук жана кыскартылган (бар болсо) аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде;
2) фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо), жашаган жерин (жеке жактар үчүн), толук фирмалык аталышын, жайгашкан жерин (юридикалык жактар үчүн) көрсөтүү менен ар бир уюштуруучу жөнүндө маалыматтар;
3) ЖМКнын түрү;
4) Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы веб-сайттын домендик аталышы (бар болсо);
5) ЖМКнын юридикалык дареги (жайгашкан жери), телефон номери (бар болсо), электрондук дареги (бар болсо);
6) басылманын (берүүнүн) тили;
7) продукцияны жайылтуунун аймагы;
8) жетекчинин (башкы редактордун) аты-жөнү.
33. Уюштуруучунун (уюштуруучулардын) ЖМКны түзүү жөнүндө чечиминде анда көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтар анык экени ырасталат.
Уюштуруучунун (уюштуруучулардын) ЖМКны түзүү жөнүндө чечимине ар бир уюштуруучу кол коет жана ар бир жеке жактын – уюштуруучунун кол тамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт.
Каттоочу органга документтер түздөн-түз уюштуруучу (уюштуруучулар) – жеке жак (жеке жактар) тарабынан берилген учурда анын (алардын) кол тамгасын нотариалдык күбөлөндүрүү талап кылынбайт.
ЖМКнын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы мөөр менен бекитилип же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
34. Арызды кабыл алган күндөн тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) берилген документтердин мыйзамдарга ылайык келүүсүнө экспертиза жүргүзүүгө;
2) бардык керектүү документтердин болушун, ошондой эле арыз ээси берген документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктердин же дал келбестиктердин жоктугун текшерүүгө;
3) ушул Жободо каралган тиешелүү буйрукту чыгарууга.
35. Каттоочу орган ЖМКны каттоо жөнүндө буйрукту чыгаргандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) ЖМК реестрине каттоо жөнүндө маалыматтарды киргизүүгө;
2) ЖМКнын каттоо ишин тариздөөгө, санариптештирүүгө жана 3 (үч) жумуш күндүн ичинде санариптик архивге жөнөтүүгө.
Арыз ээси санариптик маалымкатты (күбөлүктү) Юстиция министрлигинин сайтынан алат.
36. ЖМКны каттоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата таанылат.
6-глава. ЖМКны мамлекеттик кайра каттоо
37. ЖМК төмөнкү учурларда мамлекеттик кайра каттоо жол-жобосунан өтүүгө тийиш:
1) уюштуруучуну (уюштуруучуларды) алмаштыруу;
2) ЖМКнын аталышын өзгөртүү.
38. ЖМКны мамлекеттик кайра каттоодо арыз ээси каттоочу органга төмөнкүлөрдү берет:
1) каттоочу орган бекиткен форма боюнча каттоо арызын;
2) уюштуруучунун (уюштуруучулардын) ЖМКны мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимин;
3) ушул Жобо күчүнө киргенге чейин катталган ЖМКны каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүктү;
4) каттоо үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документти (маалымат).
39. ЖМКны мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечим Реестрде камтылган маалыматтарды өзгөртүүлөр жөнүндө маалыматты камтууга тийиш.
Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде анда көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтердеги маалыматтар анык экени ырасталат.
ЖМКны мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимге ар бир уюштуруучу кол коет, мында уюштуруучу – жеке жактын кол тамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Ар бир юридикалык жактын – уюштуруучунун өкүлү чечимди өзүнүн мөөрү менен бекитүүгө тийиш.
40. Арызды кабыл алган учурдан тартып каттоочу орган белгиленген мөөнөттө төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) берилген документтердин мыйзамдарга ылайык келишине экспертиза жүргүзүүгө;
2) тизмектин болушун текшерүүгө жана ЖМКны мамлекеттик кайра каттоо үчүн зарыл болгон документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктердин же дал келбестиктердин жоктугун текшерүүгө;
3) ушул Жободо каралган тиешелүү буйрукту чыгарууга.
41. Каттоочу орган ЖМКны мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө буйрукту чыгаргандан кийин төмөнкүгө милдеттүү:
1) Реестрге мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө маалыматтарды киргизүүгө;
2) ЖМКнын каттоо ишин тариздөөгө, санариптештирүүгө жана 3 (үч) жумуш күндүн ичинде санариптик архивге жөнөтүүгө.
Арыз ээси санариптик маалымкатты (күбөлүктү) Юстиция министрлигинин сайтынан алат.
42. ЖМКны мамлекеттик кайра каттоонун датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата таанылат.
7-глава. ЖМКнын ишин токтотууну каттоо
43. ЖМКнын иши төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечими боюнча;
2) соттун чечими боюнча.
«Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн аракеттерди редакция тарабынан он эки айдын ичинде бир нече (үчтөн ашык) жолу жасоо, аларга карата маалымат чөйрөсүндөгү юстиция органдары тарабынан уюштуруучуга жана (же) редакцияга (редакторго) жазуу жүзүндө эскертүү берилип, алар аткарылбаганы соттун чечими боюнча ЖМКнын ишин токтотуу үчүн негиз болуп эсептелет.
44. ЖМКнын ишин токтотууну каттоодо арыз ээси аймактык бөлүмгө төмөнкү документтерди берет:
1) каттоочу орган бекиткен форма боюнча ЖМКнын ишин токтотууну каттоо жөнүндө арыз;
2) ЖМКнын ишин токтотуу жөнүндө чечим;
3) ЖМКны каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүк;
4) каттоо үчүн мамлекеттик алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ (маалымат);
5) (уюштуруучунун) мөөрүн (мөөрлөрүн) жана (же) штампын (штамптарын) кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы (алар болгон учурда).
45. Уюштуруучунун (уюштуруучулардын) ЖМКнын ишин токтотуу жөнүндө чечимине ар бир уюштуруучу кол коет, жеке жактын – уюштуруучунун кол тамгасы нотариалдык күбөлөндүрүлөт, юридикалык жактын ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кол тамгасы анын мөөрү менен бекитилет.
46. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген ЖМКнын ишин токтотуу жөнүндө чечими каттоочу органдын ишти токтотуу жөнүндө буйрукту чыгаруусу үчүн негиз болуп саналат.
47. Каттоочу орган ЖМКнын ишин токтотууну каттоо жөнүндө буйрук чыккандан кийин төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Реестрге каттоо жөнүндө маалыматтарды киргизүүгө;
2) ишти токтотууну каттоо жөнүндө буйруктун көчүрмөсүн берүүгө;
3) ЖМКнын каттоо иши 3 (үч) жумуш күндүн ичинде түзүлөт жана санариптик форматка өткөрүү менен каттоочу органдын архивине өткөрүп берилет.
48. ЖМКнын ишин токтотууну каттоо датасы болуп каттоочу органдын тиешелүү буйругу чыккан дата таанылат.
8-глава. ЖМКны каттоо мөөнөтүн убактылуу токтотуу
49. ЖМКны каттоо жөнүндө арыз каттоочу органга арыз ээси тарабынан берилген күндөн тартып 10 (он) күндүн ичинде арыз ээсине төмөнкү учурларда кайтарып берүүнүн негизин көрсөтүү менен кароосуз кайтарып берилет:
1) арыз «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуу менен берилсе;
2) арыз уюштуруучунун атынан мындай ыйгарым укуктары жок жак тарабынан берилсе;
3) мамлекеттик алым төлөнбөсө.
Бузуулар четтетилгенден кийин арыз кароого кабыл алынат.
50. ЖМКны каттоо мөөнөтү каттоочу орган тарабынан буйрук чыгаруу жана каттоо мөөнөтүнүн ичинде табылган сын пикирлерди жоюу үчүн арыз ээсине тиешелүү документтерди кайтарып берүү жолу менен төмөнкү учурларда токтотулат:
1) ЖМКны каттоо үчүн ушул Жободо белгиленген документтер берилбегенде;
2) берилген документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктер же дал келбестиктер табылганда;
3) берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келбегенде;
4) эгерде ЖМКнын аталышы жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоонун элементтерин, ошондой эле туура эмес жана ыплас сөздөрдү камтыса.
Арыз ээси каттоо мөөнөтү үзгүлтүккө учураган мөөнөт аяктаганга чейин каттоочу орган аныктаган кемчиликтерди четтетүүгө жана документтерди кайрадан кароого берүүгө укуктуу.
Каттоо мөөнөтүн убактылуу токтотуу жөнүндө буйрук ушул Жобонун талаптарына милдеттүү шилтеме берүү менен каттоо мөөнөтүн убактылуу токтотуунун негиздерин камтууга тийиш, эгерде ушул Жободо белгиленген мөөнөттө каттоо мөөнөтүн убактылуу токтотуу жөнүндө буйрукта көрсөтүлгөн сын пикирлер четтетилбесе, каттоодон баш тартуу жөнүндө буйрук чыгарылат.
51. Юстиция органдарынын ЖМКны каттоо жөнүндө арызды кайтарып берүү жөнүндө чечими «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-главасынын жоболоруна ылайык даттанылышы мүмкүн.
9-глава. ЖМКны каттоодон баш тартуу
52. ЖМКны каттоодон баш тартуу төмөнкүдөй негиздерде гана болушу мүмкүн:
1) арыз «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ЖМКны уюштуруу укугуна ээ болбогон жеке жактын, жарандардын бирикмесинин, юридикалык жактын атынан берилгенде;
2) Юстиция министрлиги тарабынан мурда ошол эле аталыштагы ЖМК катталганда.
53. Каттоодон баш тартуу жөнүндө кабарлоо каттоочу органга зарыл документтердин толук тизмеги берилген күндөн тартып 10 (он) күндүн ичинде баш тартуунун негиздерин көрсөтүү менен арыз ээсине жазуу жүзүндө жиберилет.
54. Юстиция органдарынын ЖМКны каттоодон баш тартуу жөнүндө чечими «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-главасынын жоболоруна ылайык даттанылышы мүмкүн.
10-глава. Реестрде камтылган маалыматтарга
өзгөртүүлөрдү киргизүү
55. ЖМКлар чечим кабыл алынган учурдан тартып 30 (отуз) календардык күндүн ичинде каттоочу органга төмөнкүлөрдү өзгөртүү (алмаштыруу) жөнүндө кабарлоого милдеттүү:
1) редакторду;
2) жайгашкан жерин (юридикалык дарегин);
3) телефон номерин жана электрондук дарегин;
4) жеке жактын – уюштуруучунун (катышуучунун) паспорттук маалыматтары же ким экендигин күбөлөндүрүүчү башка документтин маалыматтарын;
5) юридикалык жактын – уюштуруучунун (катышуучунун) каттоо маалыматтарын;
6) редактордун паспорттук маалыматтарын же ким экендигин күбөлөндүрүүчү башка документинин маалыматтарын;
7) ЖМК басылмасынын (берүүнүн) тилин;
8) редакциянын жайгашкан ордун;
9) Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы тармактык басылманын веб-сайтынын домендик аталышын.
56. ЖМКны мамлекеттик кайра каттоого алып келбеген маалыматтар өзгөртүлгөн учурда каттоочу органга редактордун колу коюлган, мөөрү менен бекитилген кабарлоо берилет.
Редактор алмашкан учурда каттоочу органга жаңы редактордун колу коюлган кабарлоо берилет.
ЖМКнын юридикалык дареги өзгөргөн учурда каттоочу органга редактордун колу коюлган кабарлоо берилет.
57. Редактор алмашкандыгы жөнүндө кабарлоого чечим тиркелет жана кошумча түрдө анын паспортунун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен ким экендигин күбөлөндүрүүчү документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсү берилет.
Редактор алмашкан учурда каттоочу органга жаңы редактор кол койгон кабарлоо берилет.
ЖМКнын юридикалык дареги өзгөргөн учурда каттоочу органга редактор кол койгон кабарлоо берилет.
58. Редактордун алмашкандыгы жөнүндө кабарлоого чечим тиркелет жана анын паспортунун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында өздүгүн ырастоочу документ катары таанылган башка документинин көчүрмөсү кошумча берилет.
59. ЖМКнын жайгашкан жери өзгөргөндүгү жөнүндө кабарлоого уюштуруучулардын колу коюлган ЖМКнын жайгашкан жерин өзгөртүү жөнүндө чечим тиркелет.
60. Каттоочу орган кабарлоону алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Реестрге зарыл маалыматтарды киргизет.
11-глава. Ушул Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн
жоопкерчилик
61. Реестрге киргизүү үчүн зарыл маалыматтарды бербегендиги же өз убагында бербегендиги үчүн, ошондой эле анык эмес маалыматтарды бергендиги үчүн арыз ээси, ЖМКнын уюштуруучусу же редактору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
62. Каттоочу органдын чечимине даттануу «Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-главасынын жоболоруна ылайык жүзөгө ашырылат.