Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН Төрагасынын тескемеси
2026-жылдын 7-апрели № 288
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, К.А.Талиева жана Ж.А.Эгенбердиева тарабынан демилгеленген "Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 7-апрелиндеги № 288 тескемеси менен жактырылган |
"Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.А.Маматалиев, К.А.Талиева жана Ж.А.Эгенбердиева тарабынан демилгеленген "Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
"Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун аталышы укуктук жөнгө салуу предметине жана ченем жаратуу техникасынын талаптарына толук жооп бербейт.
"Климаттык ишмердүүлүк" термини жалпыланган жана аныксыз мүнөзгө ээ жана мыйзамдын жөнгө салуу предметин так аныктоого мүмкүндүк бербейт. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорун "Кыргыз Республикасынын климаттык саясаты жөнүндө" деп өзгөртүү максатка ылайыктуу болуп саналат, анткени бул түшүнүк климаттын өзгөрүшү жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуунун системалуу жана стратегиялык мүнөзүн кыйла толук чагылдырат. Сунушталып жаткан аталыш укуктук аныктыкты камсыз кылууга жана Мыйзамдын долбоорунун сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Мыйзамдын долбоорунун бүткүл тексти боюнча "климаттык ишмердүүлүк" деген сөздөрдү тиешелүү жөндөмөлөрдө "климаттык саясат" деген сөздөргө алмаштыруу, ошондой эле Улуттук деңгээлде аныкталган салымдын (УДАС/ОНУВ/NDC) аталышынын бирдей жана туура жазылышын камсыз кылуу сунушталат.
Мыйзамдын долбоорунун түшүнүктөр аппаратына киргизилген терминдердин жана аныктамалардын басымдуу бөлүгү Мыйзамдын долбоорунун мазмунунда колдонулбагандыгына (Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 9, 12, 15, 18, 21, 26, 27, 28, 29, 31, 32-пункттарында) көңүлүңөрдү бурабыз.
Ошондой эле түшүнүктөр аппаратынын олуттуу көлөмүн эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесин кайра карап чыгуу сунушталууда.
Мыйзамдын долбоорунун түшүнүктөр аппаратын БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын конференциясына аныктама менен толуктоону, ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун текстинде кеңири колдонулган "Конвенция" деген түшүнүктү киргизүүнү сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 19-пунктундагы "Париж макулдашуусу - БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча рамкалык конвенциясынын алкагындагы макулдашуу" деген аныктаманы "Париж макулдашуусу - БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын алкагындагы макулдашуу" деген аныктамага алмаштырууну сунуштайбыз.
Себеби Париж макулдашуусу аталган конвенциянын алкагында түзүлгөн өзүнчө эл аралык макулдашуу болуп саналат.
Мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктунда Мыйзамдын долбоорунун максаттары катары эл аралык климаттык келишимдер боюнча милдеттенмелерди аткарууну камсыз кылуу жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү зарылдыгы каралган. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасы өзү катышуучу болуп саналган жана мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча гана өзүнө милдеттенмелерди ала аларына көңүлүңөрдү бурабыз.
Мыйзамдын долбоорунун 5-беренесинде климаттын өзгөрүшү жаатындагы негизги документтер жана отчеттор катары төмөнкүлөрдү кароо сунушталат, анын ичинде парник газдарынын инвентаризациясы боюнча улуттук отчет (2 жыл сайын), улуттук билдирүү (4 жыл сайын), айкындуулук боюнча эки жылдык отчет (2 жыл сайын) жана климаттын өзгөрүшүнө адаптация боюнча чараларды ишке ашыруудагы прогресс тууралуу маалыматты камтыган адаптация боюнча билдирүү (2 жыл сайын).
Ушуну менен бирге Мыйзамдын долбоорунда көрсөтүлгөн документтердин так аныктамасы каралган эмес, бул алардын мазмунун чаржайыт кабыл алууга жана Мыйзамды андан ары колдонууда кыйынчылыктарга алып келиши мүмкүн.
Ушуга байланыштуу көрсөтүлгөн туюндурмалардын мазмунуна түшүндүрмө берүү менен аларды Мыйзамдын долбоорунун түшүнүктөр аппаратына киргизүү сунушталат. Аны конкреттештирүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аталган документтерди түзүү жана аткаруу механизмин аныктай турганын кароо максатка ылайыктуу. Мында аталган документтерде ченемдик көрсөтмөлөр камтылбаган учурда, механизмди аныктоону тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына киргизүү максатка ылайыктуу.
5-берененин 1-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толуктоо сунушталат:
"8) Кыргыз Республикасынын климаттык инвестициялык программасы.".
5-берененин 2-бөлүгүн төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталат:
"2. Улуттук деңгээлде жаңыртылган салым, аны ишке ашыруу планы, Улуттук адаптациялык план жана Кыргыз Республикасынын Климаттык инвестициялык программасы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.".
6-берененин 1-пунктун төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталат:
"1) климаттын өзгөрүшү, экология жана жашыл экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча консультативдик-кеңешүүчү орган;".
Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунун 6-беренесинде климаттык саясатты ишке ашыруу жана мониторинг жүргүзүү үчүн жооптуу болгон институционалдык системанын негизги субъекттери көрсөтүлгөн. Бирок бул субъекттер так аныкталган эмес жана аларды түзүү жана ишмердүүлүгүн уюштуруу тартибин тактоо зарыл.
7-берененин аталышын төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталат:
"7-берене. Климаттын өзгөрүшү, экология жана жашыл экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча консультативдик-кеңешүүчү орган".
7-берененин 1-бөлүгүн "жана ага адаптациялоо" деген сөздөрдөн кийин ", экология жана жашыл экономиканы өнүктүрүү" деген сөздөр менен толуктоо сунушталат.
7-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктчасын "жана ага адаптациялоо" деген сөздөрдөн кийин ", экология жана жашыл экономиканы өнүктүрүү" деген сөздөр менен толуктоо сунушталат.
7-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктчасын "жана климаттык каржылоо" деген сөздөрдөн кийин ", экология жана жашыл экономиканы өнүктүрүү" деген сөздөр менен толуктоо сунушталат.
Мыйзамдын долбоорунун 8-беренеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин климаттык иш жаатындагы бир катар ыйгарым укуктарын кароо сунушталууда.
Ошол эле учурда Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинде каралган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ыйгарым укуктары өзүнүн мазмуну жана мүнөзү боюнча ашыкча деталдаштырылган жана мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну, ошондой эле климаттык иш чөйрөсүндө координациялоону жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын функцияларына киргизилиши мүмкүн. Мисалы, климаттык инновациялар жаатындагы долбоорлорду ишке ашыруу жана изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн жогорку окуу жайлары жана изилдөө институттары менен кызматташуу, ошондой эле климаттык аракеттер жана алардын натыйжалары жөнүндө, анын ичинде БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын климаттык отчеттуулугун жарыялоо жолу менен иш жүзүндөгү жана болжолдонгон чыгаруулар жөнүндө маалыматтарды жана башка деталдуу милдеттерди коомчулукка ачык-айкын маалымдоону камсыз кылуу.
Алсак "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 2-беренесине ылайык Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Президентине баш ийген жана отчет берген аткаруу бийлигинин жогорку коллегиалдуу органы болуп саналат жана Кыргыз Республикасындагы аткаруу бийлик органдарынын бирдиктүү системасын башкарат жана алардын ишине жетекчилик кылат.
Ошону менен бирге, жогоруда аталган конституциялык Мыйзамдын 13-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Министрлер Кабинети аталган конституциялык Мыйзамда каралган ыйгарым укуктарга негизденүү менен тийиштүү жоболорду бекитүү аркылуу министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ортосунда аларды аткаруу боюнча функцияларды бөлүштүрүүнү жүзөгө ашырат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 263 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жобонун 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги климаттык иш чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну жана координациялоону жүзөгө ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп саналат.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесин кайра карап чыгуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарынын тизмесинен ашыкча деталдаштырылган жоболорду алып салып, андан кийин Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана башка ыйгарым укуктуу органдар жөнүндө жободо тиешелүү ыйгарым укуктарды кароо сунушталат, ага ылайык Мыйзамдын долбоорунун 9-беренесин алып салуу зарыл.
Мыйзамдын долбоорун кароонун жүрүшүндө анда көмүртек бирдиктерин жүгүртүү маселелери, аларды чыгаруу, эсепке алуу, берүү, жүгүртүү жана жокко чыгаруу тартиби, көмүртек рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын ыйгарым укуктарын жөнгө салуучу өз алдынча ченемдер камтылбагандыгы белгиленген.
Көмүртек бирдиктерин жүгүртүү системасын жөнгө салуунун жоктугу улуттук көмүртек рыногун түзүүнүн мүмкүн эместигине, климаттык каржылоону тартуунун колдон чыгарылган мүмкүнчүлүктөрүнө, БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын жана Париж макулдашуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын эл аралык механизмдерге катышуусун чектөөгө алып келиши мүмкүн.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесине "көмүртек бирдиктеринин улуттук жүгүртүү системасын түзүү жана иштетүү жаатында" деген мазмундагы өзүнчө бөлүктү толуктоо сунушталат:
"а) көмүртек бирдиктерин чыгаруу, эсепке алуу, өткөрүп берүү, жокко чыгаруу жана жоюу тартибин кошуп алганда, көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн улуттук системасынын туруктуу, ачык-айкындуу жана натыйжалуу иштеши үчүн укуктук негизди түзөт;
б) улуттук системаны башкаруунун институционалдык түзүмүн, мамлекеттик органдардын ортосунда ыйгарым укуктарды бөлүштүрүүнү, ошондой эле алардын өз ара аракеттенүү тартибин аныктайт;
в) көмүртек бирдиктеринин мамлекеттик реестрин түзүүнү жана жүргүзүүнү, анын ичинде көмүртек бирдиктерине менчик укугун эсепке алууну жана алар менен болгон бардык операцияларды белгилөөнү камсыз кылат;
г) парник газдарынын чыгарууларын кыскартууга жана жок кылууга мониторинг жүргүзүү, отчеттуулук жана верификациялоо методикасын, ошондой эле көз карандысыз верификаторлорду аккредитациялоого талаптарды бекитет;
д) климаттык долбоорлорду каттоонун, аларды ишке ашыруунун натыйжалары боюнча көмүртек бирдиктерин чыгаруунун жана кызматташуунун эл аралык механизмдеринин алкагында алынган бирдиктерди таануу тартибин белгилейт;
е) көмүртек бирдиктерин колдонууда экологиялык бүтүндүк, ачык-айкындуулук, маалыматтардын салыштырмалуулугу жана кош эсепке алууну болтурбоо принциптерин сактоону камсыз кылат;
ж) көмүртек бирдиктерин трансчек аралык өткөрүп берүү жана Париж макулдашуусунун 6-беренесине ылайык эл аралык операцияларды жүзөгө ашыруу тартибин жөнгө салат;
з) улуттук системаны БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын алкагында колдонуудагы эл аралык реестрлер жана кызматташуу механизмдери менен интеграциялоону уюштурат;
и) системанын катышуучуларынын маалыматтарын ачууга, отчеттуулугуна карата талаптарды белгилейт жана көмүртек бирдиктерин жүгүртүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мамлекеттик контролду жүзөгө ашырат;
к) көмүртек бирдиктерин жүгүртүүнүн белгиленген тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчилик чараларын аныктайт.".
Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунун "б" пунктчасында "тартуу менен" деген сөздөрдөн кийин "мамлекеттик" деген сөз менен толукталсын.
Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 5-пунктунда:
- "а" пунктчасы "узак мөөнөттүү" деген сөздөрдөн кийин "ачык" деген сөз менен толукталсын;
- "б" пунктчасында "эл аралык колдонууга жеткиликтүү" деген сөздөр алып салынсын.
Мыйзамдын долбоорунун 8-беренесинин 6-пунктунун "а" пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"а) БУУнун КӨАК, климат жана экология чөйрөсүндөгү эл аралык жана башка фонддор, ошондой эле климат боюнча башка эл аралык көп тараптуу макулдашуулар жана келишимдер үчүн жооптуу органды аныктайт;".
Мыйзамдын долбоорунун 10-беренесинде "расмий статистика чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөрдү "климаттын өзгөрүшү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштыруу зарыл, анткени климаттын өзгөрүшү жаатындагы статистикалык көрсөткүчтөр өтө татаал жана көп аспекттүүлүк менен мүнөздөлөт, бул атайын методологиялык ыкмаларды колдонуунун зарылдыгын шарттайт.
Мыйзамдын долбоорунун 14-беренесинде парник газдарынын чыгарууларынын жана жутулушунун мамлекеттик кадастрын жүргүзүү каралган, бирок аны жүргүзүүгө жооптуу мамлекеттик орган аныкталган эмес. Ушуга байланыштуу бул ишти жүргүзүүгө жооптуу тиешелүү органды аныктоо зарыл.
5-главада долбоордо климаттык каржылоону кеңири жөнгө салуу каралган. Ошону менен бирге донордук жардамды эсепке алуу жана мониторинг жүргүзүү маселелери Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 419 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасында эл аралык гранттык жана техникалык жардамды координациялоо жөнүндө жобо менен жөнгө салынат. Климаттык каржылоонун олуттуу бөлүгү эл аралык техникалык жана финансылык жардам категориясына кирерин эске алуу менен колдонуудагы жөнгө салууну кайталабастан, ачык-айкындуулуктун жана отчеттуулуктун жалпы принциптерин мыйзамда бекитүү жетиштүү болот.
Мындан тышкары, мыйзамдын долбоорунун комплекстүү мүнөзүн эске алуу менен анын укук колдонуу натыйжаларына экологиялык экспертиза жүргүзүү жөнүндө маселени кароо максатка ылайыктуу. "Экологиялык экспертиза жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынган чечимдер айлана-чөйрөнүн абалына таасир этиши мүмкүн болгон учурларда мамлекеттик экологиялык экспертиза жүргүзүүнү карайт. Мыйзам долбоору чыгарууларды жөнгө салуу, технологияларды киргизүү жана адаптациялык чараларды ишке ашыруу маселелерин козгой тургандыгын эске алып, анын аталган Мыйзамдын талаптарына ылайыктуулугун баалоо керек.
23-беренеде:
- 1-бөлүк "климаттын өзгөрүшүн" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн кесепетинен келип чыккан жоготууларды жана зыяндарды" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3-бөлүктүн 1 жана 2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын климаттын өзгөрүшү жаатындагы максаттарына жетүүнүн алкагында климаттык каржылоону тартуу;";
" 2) артыкчылыктуу климаттык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн финансылык ресурстарды мобилизациялоо;".
Мыйзамдын долбоорунун 23-беренесинде климаттык каржылоо булактары бекитилген. Алкактык мыйзамдын деңгээлинде конкреттүү булактарды белгилөө максатка ылайыксыз, анткени мамлекеттик саясаттын артыкчылыктары стратегиялык документтерди ишке ашыруу этабына жараша өзгөрүшү мүмкүн. Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 13-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасында стратегиялык пландоонун мамлекеттик системасы жөнүндө" Мыйзамына ылайык мындай артыкчылыктар программалык жана тармактык документтерде аныкталууга тийиш. Ушуга байланыштуу ченемди тармактардын конкреттүү тизмегин бекемдебестен бир топ жалпы редакцияда баяндоого мүмкүн болот.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын 77, 78-пункттарына ылайык жалпысынан мыйзамдарга бланктык шилтемелерге жол берилбейт. Мыйзамдын долбоорундагы бланктык жазма буйруктар мыйзам чыгаруу тармагына, мыйзам актысынын түрүнө, жөнгө салуу чөйрөсүнө, белгилүү эрежелерге шилтеме кылышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 34-беренесинде долбоордо шилтеме берилген ченемдик укуктук актыларды талдоо жана алардын тармагын же жөнгө салуу чөйрөсүн көрсөтүү зарыл.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында аны кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбей тургандыгы көрсөтүлгөндүгүн белгилей кетүү керек. Ошону менен бирге "Климаттык ишмердүүлүк жөнүндө" Мыйзамдын долбоорун ишке ашыруу, атап айтканда, анда каралган илимди жана климаттык технологияларды өнүктүрүү, климаттык технологиялар жана ESG-принциптер чөйрөсүндө чакан жана орто бизнести колдоо, мамлекеттик климаттык саясаттын экономикалык жана финансылык инструменттерин колдонуу, климаттык каржылоону тартуу үчүн укуктук базаны жана долбоорлордун портфелин түзүү, калктын билим деңгээлин жана потенциалын жогорулатуу, коомдук консультацияларды жана кайра байланыш механизмдерин камсыз кылуу, байкоо жана мониторинг жүргүзүү системасын өнүктүрүү боюнча чаралар, изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жана климаттык тобокелдиктерге баа берүүгө республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарга алып келет. Ушуга байланыштуу каржылоо булактарын алдын ала аныктоо зарыл. Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунда масштабдуу иш-чаралар каралгандыгын эске алып, аларды каржылоо булактарын аныктоо талап кылынат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин регламентине ылайык ченемдик укуктук актынын долбооруна негиздеме-маалымкат финансылык-экономикалык эсептөөлөрдү жана каржылоо булактары жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.
Ошондой эле аталган Мыйзамдын 26-беренесине ылайык ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен каржылоону талап кылган ченемдик укуктук актылар каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынууга жатпайт.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 14-пунктундагы жана 23-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "климаттык каржылоо" термининин аныктамасындагы "мамлекеттик" деген сөздү алып салуу зарыл.
Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбагандыгын эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 23-беренесинин 2-бөлүгүндө "республикалык бюджеттин" жана "жергиликтүү бюджеттер" деген сөздөрдү "тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте каралган каражаттар" жана "тиешелүү жылдарга жергиликтүү бюджетте каралган каражаттар" деген сөздөргө алмаштыруу зарыл. Бул тактоо каржылоо жылдык бюджеттик лимиттердин чегинде гана жана кошумча финансылык жүктөмсүз жүзөгө ашырыла тургандыгын так белгилөөгө мүмкүндүк берет.
Мыйзам долбоорунун 29-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктунда климаттык технологияларды иштеп чыгууну, киргизүүнү жана жайылтууну стимулдаштыруу үчүн салык жеңилдиктерин, субсидияларды, жеңилдетилген, анын ичинде пайызсыз кредиттерди, гранттарды жана башка экономикалык жана каржылык инструменттерди колдонуу каралган. Ишке ашыруу механизминин жоктугуна байланыштуу көрсөтүлгөн ченемди толуктап иштеп чыгуу жана конкреттештирүү зарыл.
Долбоордун 30-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда фундаменталдык жана прикладдык илимий изилдөөлөр боюнча мамлекеттик илимий жана илимий-техникалык программалардын жана долбоорлордун тизмесин түзүү бөлүгүндө мамлекеттик заказ кайсы багытта жүргүзүлө тургандыгын түшүндүрүү, ошондой эле пландаштырылган иш-чаралардын негиздемесин жана тизмесин берүү зарыл.
Мыйзамдын долбоорунун 33-беренесин төмөнкүдөй редакцияда баяндоо сунушталат:
"33-берене. Эл аралык кызматташтык
Кыргыз Республикасы улуттук деңгээлде көмүртек нейтралдуулугуна жана климаттык максаттарга жетүүнү камсыз кылуу максатында:
1) улуттук саясаттын максаттарына жана милдеттерине жетүүгө өбөлгө түзүүчү каражаттарды өркүндөтүү максатында биргелешкен климаттык долбоорлорду ишке ашыруу, ошондой эле тажрыйба, илимий изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар жөнүндө ачык маалымат, төмөн көмүртектүү технологияларды алмашуу аркылуу чет мамлекеттер менен кызматташтыкты түзөт;
2) климаттык каржылоону тартуу маселелери боюнча финансылык институттар менен өз ара аракеттенет;
3) БУУ КӨРК Тараптарынын жылдык Конференцияларына жана аталган Конференциялардын алкагында уюштурулуучу иш-чараларга өлкөнүн улуттук климаттык күн тартибинин маселелери боюнча жана БУУ КӨРК Тараптарынын Конференцияларынын күн тартибинин башка маселелери боюнча өлкөнүн көз карашын, позициясын, кызыкчылыктарын жана сунуштарын билдирүү менен катышуу үчүн өкүлдөрдү жиберет;
4) БУУ КӨРК жана Париж макулдашуусун ратификациялоо менен Кыргыз Республикасынын улуттук контекстинде жана кызыкчылыктарында аныкталган алкакта Конвенция боюнча милдеттенмелерди аткарат жана Конвенцияны ишке ашыруу боюнча улуттук климаттык отчеттуулук документтерин үзгүлтүксүз берип турат.".
Мыйзамдын долбоорунун 34-беренеси менен мамлекеттик органдар, кызмат адамдары, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын резидент эместери ушул Мыйзамдын ченемдерин бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыла тургандыгын белгилөө сунушталууда.
Бул беренеде жоопкерчилик тарта турган субъекттер так көрсөтүлгөн эмес, анткени ченемдик укуктук актылардын күчү Кыргыз Республикасынын аймагында турган бардык субъекттерге жайылтылат.
Мыйзамдын долбоорунун 35-беренесинин 1-бөлүгү менен 2026-жылдын 1-январынан тартып аны өткөн мезгилге карата колдонуу каралган. Ал эми мыйзам алдындагы актыларды кабыл алуу жана аларды ылайык келтирүү үчүн алты айлык мөөнөт белгиленет.
Бул жоболор Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында боштуктардын пайда болушуна алып келе тургандыгын белгилей кетүү зарыл.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш экендигин белгилей кетүү зарыл.
Өз кезегинде негиздеме-маалымкатта Мыйзамдын долбооруна өткөн мезгилге карай колдонулушун күчүнө киргизүү зарылдыгынын себептери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте анын күчүнө киришинин тобокелдиктери жана кесепеттери жөнүндө жана Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылардын бар же жоктугу жөнүндө эч кандай маалымат жок.
Мындан тышкары Мыйзамдын долбоорунун 35-беренесинин 3-бөлүгү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине өзүнүн ченемдик укуктук актыларын аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты айдын ичинде ага ылайык келтирүү тапшырылат.
Белгилей кетсек, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык, эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү талап кылынса, анда киргизилип жаткан ченемдик укуктук актынын долбооруна тиешелүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү каралган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелиши керек.
Ошону менен бирге каралып жаткан Мыйзамдын долбоору кабыл алынган учурда кайра каралууга тийиш болгон ченемдик укуктук актылар жөнүндө маалымат Мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатта чагылдырылган эмес.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбооруна негиздеме-маалымкатты Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын иштеп чыгуу же тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгы жөнүндө маалыматтар менен толуктоо керек.
Ошол эле учурда Киото протоколунун колдонулушу аяктаганы тууралуу негиздеме-маалымкаттагы жоболорго көңүл бурабыз.
Алсак, мисалы Киото протоколунун 27-беренесинде андан чыгуу жол-жобосу каралган, ал сакталган шартта аталган протокол Кыргыз Республикасы үчүн колдонулушун токтотот.
Ушуга байланыштуу тиешелүү актыларды (болгон учурда) тиркөө менен жалпысынан негиздеме-маалымкаттын жоболорун алардын тууралыгын тактоо зарыл.
Ошону менен бирге Мыйзамдын долбоору жалпысынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык келбейт.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунда мамлекеттик жана расмий тилдердеги варианттардын ортосунда айырмачылыктар бар. Ушуга байланыштуу мамлекеттик тилдеги вариантты расмий тилдеги вариантка ылайык келтирүү зарыл.
Ошондой эле белгилей кетсек, азыркы учурда БУУ КӨРК алкагында Париж макулдашуусунан келип чыгуучу Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгынын талаптарын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан прокуратура органдарынын системасында табиятты коргоо боюнча адистештирилген прокуратура түзүү маселеси каралууда.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Мыйзамдын долбооруна төмөнкүдөй толуктоолорду киргизүүнү сунуштайт:
"Мыйзамдын долбоорунун 6-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 7-пункт менен толукталсын:
"7) айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык иш жаатындагы мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары.".
Мыйзамдын долбоорунун 8-беренеси төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) климаттык иш жаатындагы мыйзамдардын аткарылышына көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мамлекеттик органдар менен Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.".
Мыйзамдын долбоору төмөнкүдөй мазмундагы 12^-берене менен толукталсын:
"12-1-берене. Айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү боюнча прокуратура
1. Айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү боюнча прокуратура Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын системасындагы адистештирилген бөлүм болуп саналат, ал климаттык иш, айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.
2. Прокуратура өзүнүн компетенциясынын чегинде:
1) ушул Мыйзамдын жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;
2) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан климаттын өзгөрүшүнө митигациялоо жана адаптациялоо боюнча талаптардын сакталышын текшерет;
3) Кыргыз Республикасынын климаттык иш жаатындагы мыйзамдарды бузуулар аныкталганда прокурордук чара көрөт;
4) климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттери бөлүгүндө жарандардын, анын ичинде калктын аялуу катмарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого катышат;
5) климаттык ишке байланыштуу экологиялык укук бузууларга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү укук коргоо органдарынын ишин координациялайт;
6) мыйзамдардын талаптарынын сакталышы бөлүгүндө стратегиялык документтерди жана программаларды кароого катышат.
3. Прокуратуранын айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттык иш чөйрөсүндөгү мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын прокуратура жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
Мыйзамдын долбооруна буга чейин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2025-жылдын 28-мартындагы № 204 тескемеси менен жактырылган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу берилген.
Бирок Мыйзамдын долбоорунун кайрадан келип түшкөн редакциясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мурда жөнөтүлгөн корутундусуна ылайык жеткире иштелип чыккан эмес. Ошого байланыштуу Мыйзамдын долбоорун, анын ичинде мурда берилген сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жеткире иштеп чыгуу зарыл.
Жогоруда Республикасынын баяндалгандардын негизинде Кыргыз Министрлер Кабинети ушул корутундуда чагылдырылган сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен "Климаттык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу максатка ылайык деп эсептейт.