Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 26-апрелиндеги №231, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 532, 2023-жылдын 12-июлундагы № 360, 2023-жылдын 24-июлундагы № 366, 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2021-жылдын 15-ноябры № 263
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин маселелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкаруу схемасы 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр кайра аталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Мамлекеттик коруктар, жаратылыш парктары жана заказниктер Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Мамлекеттик коруктар, жаратылыш парктары жана заказниктер болуп;
2) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын дирекциясы Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Ысык-Көл” биосфералык аймагынын дирекциясы болуп;
3) Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фонду Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Жаратылышты өнүктүрүү фонду” коомдук фонду болуп;
4) “Озон борбору” мекемеси Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Озон борбору” мекемеси болуп.
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 360 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги бир жумалык мөөнөттө:
1) штаттык бирдиктерди, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарды кабыл алууну-өткөрүп берүүнү белгиленген тартипте жүргүзсүн;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу чечимдердин долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
5. Бул токтомду ишке ашыруу бекитилген штаттык сандын жана тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте мамлекеттик органдар үчүн каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырыла тургандыгы белгиленсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.У. Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)