ЖобоКүчүндө

«Мир» мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 569 токтому менен бекитилген)

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 569 токтому менен бекитилген

"Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө ЖОБО

1. "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө бул жобо (мындан ары - Жобо) "Мир" мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын (мындан ары - "Мир" МТРК УФ) кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө Улуттук филиалынын кызматкерлерине акчалай акы төлөөнүн колдонулуп жаткан системасын тартипке келтирүү максатында иштелип чыккан.

2. Бул Жобо Кыргыз Республикасындагы "Мир" МТРК УФ бардык кызматкерлерине карата колдонулат.

3. "Мир" МТРК УФ кызматкерлерине акчалай эмгек акы төлөө, эмгек келишимдеринин негизинде мезгил-мезгили менен сыйлоо системасынын принциптери боюнча иштелип чыккан жана кызматтык маянадан, иштин өзгөчө шарттары үчүн кызматтык маянага кошумчалардан, иштеген жылдар үчүн кошумчадан, иштин натыйжасы үчүн сыйлыктардан турат.

4. Ушул Жобонун алкагында бир жолку ишти (кызмат көрсөтүү) аткарууга тартылган кызматкерлерге эмгек акы төлөө, жарандык-укуктук келишимдердин (подряддык келишим) негизинде телевидение жана радио берүү боюнча чыгармачылык долбоорлорду жүзөгө ашырууга карата калем акыларды төлөө жүргүзүлөт. Төлөө өлчөмү жана тартиби кызматкер менен түзүлгөн эки тараптуу келишимде аныкталат жана "Мир" МТРК УФнын (өкүлчүлүгүнүн) директору тарабынан бекитилет. Бул төлөмдөрдү каржылоо "Мир" МТРКнын каражаттарынан, коммерциялык каражаттар жана башка булактар аркылуу жүзөгө ашырылат.

5. "Мир" МТРК УФ кызматкерлерине төмөнкүлөр төлөнөт:

1) иштин өзгөчө шарттары (татаалдыгы, кыйындыгы, иштин атайын режими, кызматтык тапшырмаларды аткаруу) үчүн ай сайын кошумча, бир айлык эмгек акынын өлчөмүндө дифференцияланып белгиленип төлөнөт;

2) иштеген жылдары үчүн кызматтык маянага ай сайын төмөнкүдөй өлчөмдөгү кошумча:

- иш стажы үч жылдан беш жылга чейин - 10 пайыз;

- иш стажы беш жылдан он жылга чейин - 15 пайыз;

- иш стажы он жылдан он беш жылга чейин - 20 пайыз;

- иш стажы он беш жылдан жыйырма жылга чейин - 25 пайыз;

- иш стажы жыйырма жылдан ашык болсо - 30 пайыз.

Иштеген жылдары үчүн ай сайынкы кошумчаларды төлөө үчүн иш стажы эмгек стажын аныктоо боюнча комиссия тарабынан аныкталат. Иш стажын белгилөө боюнча комиссиянын курамын "Мир" МТРК УФ директору бекитет;

3) эмгек өргүүсүнө чыгууда ден соолугун чыңдоо үчүн эмгек акынын эки айлык фондусу өлчөмүндө пособие төлөнөт;

4) календардык жылдын аягында эмгек акы фондунун чегинде он үчүнчү эмгек акы төлөнөт;

5) калем акылардын жана сыйлыктардын өлчөмү кызматкердин ишинин натыйжасына жараша аныкталат;

6) Өзгөчө эмгек шарттары үчүн кошумчаны, калем акыларды жана сыйлыктарды төлөөнүн өлчөмүн "Мир" МТРК УФнын директору эмгек акы фондун, "Мир" МТРК УФ каражаттарын үнөмдөөнүн, коммерциялык каражаттардын жана башка булактардын эсебинен белгилейт;

7) "Мир" МТРК УФ кызматкерлерине бюджеттен сырткары каражаттардан тийиштүү нормативдик укуктук актыларда каралган башка төлөмдөр жүргүзүлүшү мүмкүн, ошондой эле материалдык жардам берилет;

8) "Мир" МТРК УФ кызматкерлерин акчалай камсыздоо боюнча ушул Жободо каралган төлөмдөр тиешелүү финансылык жылга карата белгиленген тартипте бекитилген сметанын чегине ишке ашырылат.