КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №569 «МИР» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 23-сентябры № 569
МИР» Мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө
1993-жылдын 24-декабрындагы, Кыргыз Республикасынын 1996-жылдын 26-июлундагы № 42 Мыйзамы менен ратификацияланган «Мир» мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын ишин тоскоолдуксуз жана көз карандысыз жүргүзүүнүн эл аралык-укуктук кепилдиктери жөнүндө макулдашууга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Мир» мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. «Мир» мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү 1 жана 2-тиркемелерге ылайык белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 5-апрелиндеги № 173 «Мир» мамлекеттер аралык телерадиокомпаниясынын Улуттук филиалынын маселелери» жөнүндө токтомунун 2-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.
4. Бул токтом 2011-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | А. Атамбаев |
№ 1 тиркеме
«Мир» мамлекеттер аралык телерадио компаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү
№ | Кызмат орундун аталышы, түзүмдүк бөлүк | Кызматтык маянанын өлчөмү (сом) |
1 | Директор | 18 720 |
2 | Директордун орун басары | 17 120 |
3 | Башкы бухгалтер | 17 120 |
4 | Бухгалтер-кассир | 12 080 |
5 | Юрист | 11 760 |
6 | Кадрлар боюнча улук инспектор - иш кагаздарын жүргүзүүчү | 11280 |
7 | Башкы редактор | 17 120 |
8 | Улук корреспондент | 12 080 |
9 | Серепчи | 12 240 |
10 | Корреспондент | 11 500 |
11 | Редактор | 8 500 |
12 | Координатор | 6 240 |
13 | Телевидененин шеф-редактору | 12 960 |
14 | Алып баруучу | 9 840 |
15 | Режиссер | 11 200 |
16 | Менеджер | 12 480 |
17 | Продюсер | 10 400 |
18 | Улук оператор | 12 080 |
19 | Оператор | 10 880 |
20 | Компьютердик графиканын дизайнери | 11 040 |
21 | Видеомонтаж инженери | 10 400 |
22 | Радионун шеф-редактору | 12 080 |
23 | Радионун корреспонденти | 9 520 |
24 | Үн режиссеру | 8 640 |
25 | Үн инженери | 8 640 |
26 | Техникалык комплекстин башчысы | 13 040 |
27 | Радиоэлектроника боюнча жетектөөчү адис | 10 400 |
28 | ОТК редактору | 8 640 |
29 | Эфир инженери | 8 640 |
30 | Системдик администратор | 12 080 |
№ 2-тиркеме
«Мир» мамлекеттер аралык телерадио компаниясынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук филиалынын кенже тейлөөчү кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмү
№ | Кызмат орундун аталышы, түзүмдүк бөлүк | Кызматтык маянанын өлчөмү (сом) |
Администрациялык-чарбалык бөлүм | ||
1 | Начальник | 12 080 |
2 | Техник | 4 520 |
3 | Тазалагыч | 3 600 |
4 | Короо шыпыргыч | 3 520 |
5 | Айдоочу | 8 700 |
6 | Чабарман | 3 520 |
7 | Электрик | 4 520 |