Загрузка документа…
|
| |
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 291 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө арттары, иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү белгилөө
жана төлөө тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары, иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү белгилөө жана төлөө тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө чөйрөсүндө келип чыгуучу мамилелерди укуктук жөнгө салуунун негиздерин белгилейт.
2. Бул Жободо төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
кызматтык маяна – компенсациялык, дем берүүчү жана социалдык төлөмдөрдү эске албастан календардык айдын ичинде белгилүү татаалдыктагы кызматтык милдеттерди аткаргандыгы үчүн кызматкерге эмгек акы төлөөнүн белгиленген өлчөмү;
эмгек акы – татаалдыгына, көлөмүнө, сапатына жана шарттарына жараша эмгек үчүн сый акы (ордун толтуруу), ошондой эле компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр. Эмгек акыга кошуп эсептелүүчү райондук коэффициентти кошпогондо, үстөктөр жана кошумча төлөмдөр түрүндөгү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөр абсолюттук чоңдуктарда же кызматтык (тарифтик) маянага карата пайыздар менен белгиленет;
аткарылганына жараша эмгек акы төлөө формасы – көлөмү макулдашууда жана келишимде алдын ала сүйлөшүлгөн толук аткарылган иш үчүн кызматкерлерге төлөнүүчү эмгек акы;
типтүү штаттар – мекемелердин штаттык санын тартипке келтирүүнүн чектүү ченеми.
3. Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине (техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо) 15 000 сом өлчөмүндө, техникалык тейлөөчү жана кенже тейлөөчү персоналга 5 000 сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм төлөнөт.
4. Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акысы жумуш убактысынын ченеминин аткарылышын эске алуу менен эсептелет. Эмгек акынын өлчөмү компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөмдөрдү эске алуу менен кызматтык маяналарга жараша аныкталат. Ушул Жободо көрсөтүлгөн бардык төлөмдөр (Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде каралган кошумча төлөмдөрдү кошпогондо) башка жогорулатууларды жана төлөмдөрдү эске албастан кызматтык маянадан гана белгиленген өлчөмдөрдө эсептелет.
5. Бийик тоолуу жана алыскы жерлерде иштегендиги үчүн райондук коэффициенттердин өлчөмдөрү жана колдонуу тартиби, ошондой эле спорт кызматкерлерине ушул Жободо көрсөтүлбөгөн башка төлөмдөр Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө мыйзамдарына ылайык белгиленет.
6. Дене тарбия жана спорт мекемелеринин жетекчилери зарыл болгон учурда эмгек акы төлөө фондунун чегинде кызматкерлерди жалдоонун келишимдик формасын колдонушу мүмкүн.
7. Дене тарбия жана спорт мекемелеринин жетекчилери аткарылганына жараша эмгек акы төлөө формасы колдонулуучу кызматкерлердин эмгек акы төлөө фондунун чегинде аны колдонушу мүмкүн.
8. Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин эмгек акыларынын өлчөмдөрүн өз убагында жана талаптагыдай белгилөө үчүн жоопкерчилик төмөнкүлөргө жүктөлөт:
– республикалык бюджеттен каржылануучу уюмдар боюнча –спорт мекемелеринин жетекчилерине;
– жергиликтүү бюджеттен каржылануучу уюмдар боюнча – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына.
9. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен эмгек акыны эсептөөнүн башка тартиби аныкталган дене тарбия жана спорт системасындагы мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга жана башка башкаруу органдарынын кызматкерлерине жайылтылбайт.
2-глава. Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына компенсациялык төлөмдөр
10. Дене тарбия жана спорт системасында кызматкерлердин кызматтык маяналарына компенсациялык төлөмдөр айрым уюмдарда, бөлүмдөрдө иштөө шарттарын, өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен белгиленет.
11. Кызматкерлерге оор жумуштар, зыяндуу же кооптуу эмгек шарттарындагы жумуштар, жумуш убактысынын ченемдеги узактыгынан тышкаркы иштегендиги (айкалыштырып же ченемден ашык иштегендиги) үчүн кошумча төлөм белгиленет.
12. Жумуш убактысынын ченемдеги узактыгынан тышкаркы иштегендиги (айкалыштырып же ченемден ашык иштегендиги) үчүн үстөктөр Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык төлөнөт.
3-глава. Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына дем берүүчү төлөмдөр
13. Дене тарбия жана спорт системасында эмгектин өндүрүмдүүлүгүн, кесипкөйлүк жана сапаттык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу максатында кызматкерлердин кызматтык маяналарына дем берүүчү төлөмдөр белгиленет.
14. Дем берүүчү төлөмдөргө төмөнкүлөр үчүн үстөк акылар кирет:
– илимий даражасы;
– «Эл» же «Эмгек сиңирген» ардак наамы;
– «Эмгек сиңирген машыктыруучу» ардактуу наамы;
– уюмдардын жана мекемелердин «улуттук» статусу же «академиялык» ардак наамы;
– натыйжалуулукка дем берүү коэффициенттерин эске алуу менен эмгектин сапаттуу натыйжалары.
15. Маданият, искусство, маалымат жана спорт чөйрөсүндөгү илимий даражасы, «Эл» же «Эмгек сиңирген» ардак наамы, ошондой эле уюмдардын жана мекемелердин «улуттук» статусу же «академиялык» ардак наамы үчүн үстөктөр Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 15-январындагы № 14 «Окумуштуулук даражасы үчүн үстөктөрдү белгилөө жөнүндө» токтомуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-майындагы № 240 «Социалдык чөйрөдөгү мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлерине «Эл» жана «Эмгек сиңирген» деген ардактуу наамдар үчүн үстөк акылар жөнүндө», 2011-жылдын 24-майындагы № 239 «Мамлекеттик мекемелерде жана уюмдарда «улуттук» статусу же «академиялык» ардактуу наамы болгону үчүн алардын кызматкерлеринин кызматтык маянасына үстөк акылар жөнүндө» токтомдоруна ылайык төлөнөт.
16. Эмгектин сапаттуу натыйжалары үчүн үстөк мекеменин атайын эсебинин каражаттарынын эсебинен 70 пайыздан ашпаган өлчөмдө эмгек акы фондунун чегинде төлөнөт.
4-глава. Эмгек акы төлөөнүн башка маселелери
17. Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан эмгек акы төлөөнүн башка маселелери Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык каралат.
18. Дене тарбия жана спорт чөйрөсүнүн кызматкерлерине сый акы, эмгек акысына үстөк төлөөгө кошумча максаттуу каражаттар же демөөрчүлүк жардамдар бөлүнгөн учурда аталган каражаттар ар бир кызматкердин салымын эске алуу менен мекемелердин жетекчилери тарабынан бөлүштүрүлүүгө тийиш.
19. Дене тарбия жана спорт мекемелеринин жетекчилерине кызматкерлердин кесиптик бирлиги же кызматкерлердин башка өкүлчүлүктүү органы менен макулдашуу боюнча кошумча каражаттарды иштин сапатына дем берүүгө, уюмдун, мекеменин ишине кошкон өзгөчө салымы үчүн кызматкерлерге сый акы төлөөгө бөлүштүрүү укугу берилет.
5-глава. Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү белгилөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө
20. Бул Жобо Дене тарбия жана спорт мекемелеринин кызматкерлерине иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү (мындан ары – үстөк акы) белгилөөнүн жана төлөөнүн бирдиктүү тартибин белгилейт. Үстөк эмгек акыга дем берүүчү төлөө болуп эсептелет жана квалификациялуу кызматкерлерди кармап калуу жана кадрлардын кетип калууларын азайтуу максатында белгиленет.
21. Иштеген жылдар – эмгек стажынын бир түрү – белгилүү бир кесиптик ишти аткаруу боюнча убакыттын аралыгын билдирет.
22. Үстөк орточо эмгек акыны эсептөөдө бардык учурларда эске алынат.
23. Үстөк иштеген стажына жараша кызматтык маянага карата пайыздык катышта төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленет:
– 3 жылдан 8 жылга чейин – 10 пайыз;
– 8 жылдан 13 жылга чейин – 20 пайыз;
– 13 жылдан жогору – 30 пайыз.
24. Иштеген жылдарга төмөнкүлөр кирет:
– уюмдардан жана мекемелерден 20дан 25 жылга чейин чакырылган учурда анык аскердик кызматта турган мезгили;
– бала багуу боюнча эмгек акысы сакталбаган кошумча өргүүдө турган мезгили;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык иш орду (кызмат орду) жана орточо эмгек акысы сакталган кызматкердин иште болбогон мезгили.
25. Кызматкер иш ордунда болбогон учурда иштеген жылдары үчүн үстөк төмөнкүдөй учурларда белгиленет:
– иштен ажыратуу жана орточо эмгек акысын сактоо менен окуу мекемесинде квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өтүүдө;
– кызматкер орточо эмгек акысы сакталган кызматтык иш сапарда болгондо;
– кызматкер орточо эмгек акысы сакталган менен медициналык текшерүүгө жиберилгенде;
– кызматкер орточо эмгек акысы сакталган Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык башка учурларда.
26. Эгерде кызматкерге үстөк дайындоого же өлчөмүн өзгөртүүгө укук төмөнкү мезгилдерде келип чыкса, үстөктүн өлчөмүн өзгөртүү ишке чыккан күндөн баштап жүргүзүлөт:
– ар жылдык акы төлөнүүчү же кошумча өргүүдө болгондо;
– эмгекке убактылуу жарамсыз болгондо;
– эмгек акы сакталбаган өргүүдө болгондо;
– кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүдө болгондо.
27. Үстөк негизги иш боюнча үстөктүн жана кошумча акылардын бардык түрлөрүн эске албастан кызматтык маянага карата белгиленет.
28. Үстөк төлөө үчүн иш стажы эмгек стажын белгилөө боюнча комиссия тарабынан аныкталат.
29. Комиссиянын курамына уюмдун жетекчиси, жетекчинин орун басары, кадр жана юридикалык кызматтарынын өкүлдөрү, уюмдун кесиптик бирлик комитетинин же башка өкүлчүлүктүү органынын өкүлдөрү кирүүгө тийиш.
30. Комиссиянын курамы уюмдун жетекчисинин буйругу менен бекитилет.
31. Иш стажын аныктоо үчүн негиз болуп эмгек китепче эсептелет. Эмгек китепче жок болгон жана эмгек китепчеде иштеген мезгилдери жөнүндө керектүү жазуу жок болгон же так эмес жазуулар камтылган учурда иштеген жылдарды ырастоодо иштеген мезгилдери жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымкаттар, буйруктардын көчүрмөлөрү, өздүк эсептер кабыл алынат.
32. Комиссиянын үстөктү белгилөө жөнүндө чечими протокол менен таризделет.
33. Комиссиянын чечиминин көчүрмөлөрү эки нускада даярдалат жана үстөктү эсептөө үчүн бухгалтерияга жана кызматкердин өздүк делосуна тиркөө үчүн кадрлар бөлүмүнө берилет.
34. Үстөк эмгек акы менен бир убакта төлөнөт.