Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 30-апрелиндеги
№ 321 токтомуна)
Майыптыгы бар адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Майыптыгы бар адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү жана акчалай компенсацияларды төлөө тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) майыптыгы бар адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү жана акчалай компенсацияларды төлөө тартибин аныктайт.
2. Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алууга I, II, III топтогу майыптык белгиленген Кыргыз Республикасынын жарандары сунушталуучу санаториялык-курорттук мекеменин профилин көрсөтүү менен санаториялык-курорттук дарылануу үчүн медициналык көрсөтмөлөрүнүн бар экендиги жөнүндө саламаттык сактоо уюму тарабынан берилген маалымкат болгон учурда укуктуу.
3. Майыптыгы бар адамдар санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолор менен арыз ээсинин иш жүзүндө жашаган жери боюнча эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) шаардык, райондук жана райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктары (мындан ары – аймактык бөлүмдөр) тарабынан төмөнкүдөй жеңилдетилген арзандатуу боюнча камсыз кылынат:
1) I топтогу майыптыгы бар адамдар – 5 жылда бир жолу акысыз; I топтогу майыптыгы бар адамды коштоочу адам медициналык көрсөтмөлөргө ылайык – 50 пайыздык арзандатуу менен;
2) II топтогу майыптыгы бар адамдар – 5 жылда бир жолу 50 пайыздык арзандатуу менен;
3) III топтогу майыптыгы бар адамдарга – 5 жылда бир жолу 30 пайыздык арзандатуу менен.
4. Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алуу укугу төмөнкү категориядагы жарандарга жайылтылбайт:
1) Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;
2) башка мамлекеттердин аймагындагы согуш аракеттеринде жаракат алган майып-аскер кызматчылары;
3) СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда жарадар болуунун, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болгон аскер кызматчылары;
4) Чернобыль атомдук электр станциясындагы авариянын кесепетинен жабыр тарткан майыптар жана нурлануу оорусу менен ооруган жана аны башынан өткөргөн адамдар;
5) саясий жана диний ынанымдары үчүн репрессиялардын натыйжасында реабилитацияланган жана жабыр тарткан, майып болуп калган жарандар;
6) Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алган майыптыгы бар адамдар;
7) мамлекеттин толук камсыздоосунда турган майыптыгы бар адамдар.
Ушул пунктта көрсөтүлгөн жарандарга Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 132 «Жарандардын айрым категорияларына ай сайын акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө» Жарлыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы № 162 «Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна ылайык социалдык коргоо чаралары каралган.
2-глава. Санаториялык-курорттук дарыланууга
жолдомолорду берүү тартиби
5. Майыптыгы бар адам же анын мыйзамдуу өкүлү санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо алуу үчүн иш жүзүндө жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө төмөнкү документтерди берет:
1) жеке арызын;
2) «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу санарип форматта инсандыгын күбөлөндүрүүчү документти же Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-карта);
3) сунушталуучу санаториялык-курорттук мекеменин профилин көрсөтүү менен санаториялык-курорттук дарылануу үчүн медициналык көрсөтмөлөрүнүн бар экендиги жөнүндө саламаттык сактоо уюмунан белгиленген формадагы маалымкатын;
4) санаториялык-курорттук мекемеге коштоо зарылдыгы жөнүндө саламаттык сактоо уюмунун корутундусун (I топтогу майыптыгы бар адамдар үчүн);
5) санаториялык-курорттук дарылоонун зарылдыгы жөнүндө психиатрдын корутундусу (психикасы бузулгандыгы боюнча майыптыгы бар адамдар үчүн).
Майыптык жөнүндө медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу, ошондой эле мамлекеттик органдардын карамагында болгон башка документтер жана маалыматтар «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу аймактык бөлүмдөр тарабынан суралат.
6. Ушул Жобонун 5-пунктунун 3–5-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер алар берилген күндөн тартып 12 айдын ичинде жарактуу болот.
Саламаттык сактоо уюмдары ушул Жобонун 5-пунктунун 3–5-пунктчаларында көрсөтүлгөн маалыматтардын негиздүүлүгү, аныктыгы жана толуктугу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык-укуктук жоопкерчилик тартат.
7. Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо берүү жөнүндө арыз ушул Жобонун 5-пунктунда каралган документтер жана маалыматтар болгон учурда каралат.
8. Ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтер аймактык бөлүмдүн жооптуу кызматкери тарабынан кабыл алынат жана ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасында катталат.
9. Майыптыгы бар адамдарга жолдомо берүү процесси (жолдомонун датасы, номери, жарактуулук мөөнөтү, санаториялык мекеменин аталышы жана башка маалыматтар) аймактык бөлүмдөр тарабынан ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасында белгиленет.
10. Объективдүү себептер боюнча (ден соолугунун абалы, үй-бүлөлүк жагдайлар ж.б.) санаториялык-курорттук дарыланууга алынган жолдомону пайдалануу мүмкүн болбогон учурда майыптыгы бар адам же анын мыйзамдуу өкүлү аны алган күндөн тартып 3 (үч) календардык күндүн ичинде аймактык бөлүмгө кабарлоого милдеттүү.
Аймактык бөлүм жолдомону кайтарып алууга жана тиешелүү актыны тариздөөгө милдеттүү. Майыптыгы бар адамды электрондук кезекке кайра киргизүү учурдагы календардык жылда жалпы кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт.
11. Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо мурда берилген жолдомо иш жүзүндө пайдаланылган күндөн тартып эсептелүүчү 5 (беш) жылда бир жолу, ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди берүү менен арыз ээсинин кайрылуусунун негизинде берилет.
12. Майыптыгы бар адамдар санаториялык-курорттук мекемеге келгенде инсандыгын күбөлөндүрүүчү документти (паспорт же санариптик паспорт), ошондой эле жолдомону көрсөтүүгө тийиш.
II жана III топтогу майыптыгы бар адамдар санаториялык-курорттук мекеменин кассасына жолдомонун толук наркынан тиешелүү түрдө 50 же 70 пайыз өлчөмдө анын наркынын бөлүгүн төлөйт.
Майыптыгы бар адам жолдомонун наркынын белгиленген бөлүгүн (II топ үчүн 50 пайыз, III топ үчүн 70 пайыз) төлөбөгөн учурда, санаториялык-курорттук мекеме болуу күндөрүнүн санын тиешелүү түрдө азайтууга укуктуу.
13. Дарылоо мекемелеринин корутундусу боюнча коштоочу адамга муктаж болгон I топтогу майыптыгы бар адамдарды санаториялык-курорттук дарыланууга жөнөткөн учурда коштоочу адамга аймактык бөлүмдө 50 пайыздык жеңилдетүү менен жолдомо берилет.
Жолдомого милдеттүү тартипте «коштоочу» деген белги коюлат. Коштоочу адам жолдомонун наркынын 50 пайызы өлчөмүндө санаториялык-курорттук мекеменин кассасына төлөйт.
14. Санаториялык-курорттук мекемелерде болуунун узактыгы I топтогу майыптыгы бар адамдарга – 20 күндү, II топтогу майыптыгы бар адамдарга – 10 күндү, III топтогу майыптыгы бар адамдарга 7 күндү түзөт.
15. Ден соолугунун абалы боюнча санаториялык-курорттук мекемеде жүргөн мезгилде коштоп жүрүүгө жана кошумча тейлөөгө муктаж болгон I топтогу майыптыгы бар адамдарга саламаттык сактоо уюмунун же санаториялык-курорттук мекеменин дарыгерлик-консультативдик комиссиясынын тиешелүү маалымкаты болгон учурда коштоп жүрүүчү адам менен бирге бир жолдомону пайдаланууга уруксат берилет.
Көрсөтүлгөн учурда болуу (дарылануу) мөөнөтү белгиленген койко-күндөрдүн жана жолдомонун наркынын чегинде көрсөтүлгөн адамдардын ортосунда пропорциялуу бөлүштүрүлөт.
16. Өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими шарттарында төмөнкүлөргө жол берилет:
– майыптыгы бар адамдарга берилген жана өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими күчүндө болгон мезгилде мөөнөтү аяктаган санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомолордун колдонуу мөөнөтүн тиешелүү режим жокко чыгарылган айдан кийинки айдын акыркы календардык күнүнө чейин узартуу;
– өзгөчө кырдаал же өзгөчө абал режими күчүндө болгон мезгилде майыптыгы бар адамдарга санаториялык-курорттук мекемелерге жолдомо берүүнү токтотуу, ал режим жокко чыгарылгандан кийин кайра улантуу.
3-глава. Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолордун ордуна акчалай компенсация берүүнүн тартиби
17. Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолордун ордуна акчалай компенсация I, II жана III топтогу майыптыгы бар адамдарга жолдомону колдонуу мүмкүн болбогон учурда 5 (беш) жылда бир жолу берилет.
18. I, II жана III топтогу майыптыгы бар адамдар же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү санаториялык-курорттук дарылануу менен камсыз кылуу үчүн кайрылганда, арызда төмөнкү камсыз кылуу варианттарынын бирин көрсөтөт:
1) санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо берүү;
2) санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолордун ордуна акчалай компенсация берүү.
19. Акчалай компенсация санаториялык-курорттук дарылоого жолдомонун орточо суткалык наркынын эсебинин негизинде 50 пайыз өлчөмдө төлөнөт. Коштоп жүрүүчү адамдарга акчалай компенсация берилбейт.
Санаториялык-курорттук дарыланууга орточо суткалык наркы Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий сайтында жайгаштырылган Кыргыз Республикасында товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн орточо керектөө баалары жана тарифтери жөнүндө маалыматтардын негизинде ыйгарым укуктуу органдын чечими менен 5 (беш) жылда бир жолу бекитилет.
20. Санаториялык-курорттук жолдомолорду берүү жана жолдомолордун ордуна акчалай компенсацияларды төлөө ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасындагы каттоонун негизинде түзүлгөн электрондук кезек тартипте жүргүзүлөт.
Бир эле электрондук кезек номерин санаториялык-курорттук жолдомолорду же жолдомолордун ордуна акчалай компенсацияны бир нече алуучуларга ыйгарууга жол берилбейт.
Майыптыгы бар адамдар же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү тарабынан берилген санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомо кайтарылып берилген учурда акчалай компенсация төлөнбөйт.
4-глава. Жолдомолорду жана акчалай компенсацияларды бөлүштүрүү тартиби
21. Аймактык бөлүмдөр ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасы аркылуу ыйгарым укуктуу органдын Социалдык коргоо департаментине ай сайын санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду алууга жана акчалай компенсацияларды төлөп берүүгө өтүнмө берет.
22. Берилген өтүнмөлөрдүн негизинде ыйгарым укуктуу органдын Социалдык коргоо департаменти Кыргыз Республикасынын сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте майыптыгы бар адамдар үчүн санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду сатып алууну жүзөгө ашырат.
23. Ыйгарым укуктуу органдын Социалдык коргоо департаменти сатып алуу жол-жобосунун жыйынтыгы боюнча тиешелүү санаториялык-курорттук мекемелер менен сатып алуулар жөнүндө келишим түзөт. Келишимдердин шарттарында санаториялык-курорттук мекемелердин квартал сайын жолдомолордун реквизиттерин жана дарылануу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен санаториялык-курорттук дарылануудан өткөн майыптыгы бар адамдардын тизмесин тиркөө менен ырастоочу катты берүүгө милдеттүүлүгү каралат.
24. Сатып алынган жолдомолор ыйгарым укуктуу органдын Социалдык коргоо департаменти берилген өтүнмөлөргө ылайык ишеним кат боюнча аймактык бөлүмдөргө өткөрүп берилет.
Аймактык бөлүмдөрдүн өкүлдөрү ыйгарым укуктуу органдын Социалдык коргоо департаментинде ишеним каттын негизинде жана инсандыгын ырастаган документти көрсөтүү менен жолдомолорду алат.
Ыйгарым укуктуу органдын Социалдык коргоо департаменти келип түшкөн жана берилген жолдомолорду эсепке алууну жүзөгө ашырат.
Жолдомолорду эсептен чыгаруу үчүн негиз болуп ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча ыйгарым укуктуу органдын Социалдык коргоо департаментине берилүүчү тиешелүү санаториялык-курорттук мекемелердин ырастоочу каттары эсептелет, аларга санаториялык-курорттук дарылануудан өткөн майыптыгы бар адамдардын тизмеси жолдомолордун реквизиттерин жана дарылануу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен тиркелет.
25. Толтурулбаган жолдомолорду берүүгө, аларды сатууга же үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө, ошондой эле жолдомолорду максатсыз берүүгө же ушул Жобонун 5-пунктунда каралган документтерсиз берүүгө тыюу салынат.
26. Санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду сатып алууга, жолдомолордун ордуна акчалай компенсацияларды төлөөгө, ошондой эле аларды берүү менен байланышкан чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
5-глава. Жоопкерчилик
27. Аймактык бөлүмдөр санаториялык-курорттук мекемелердин администрациясы аркылуу майыптыгы бар адамдардын санаториялык-курорттук мекемелерге дарыланууга өз убагында келишин милдеттүү тартипте текшерет.
Майыптыгы бар адам санаториялык-курорттук мекемеге келбей калган учурда аймактык бөлүм келбей калуунун себептерин белгилөөгө милдеттүү.
Майыптыгы бар адам санаториялык-курорттук дарыланууга келүүгө мүмкүн эмес болгон учурда жолдомо 7 (жети) календардык күндүн ичинде кайтарып алынат жана андан кийин электрондук кезектин тартибинде кийинки адамга өткөрүп берилет.
Жолдомону кайтарып алуу аймактык бөлүм тарабынан акт менен таризделет. Майыптыгы бар адамды электрондук кезекке кайталап киргизүү учурдагы календардык жылда жалпы кезектүүлүк тартибинде жүзөгө ашырылат.
28. Аймактык бөлүмдөр тарабынан акчалай компенсацияны төлөөдө ашыкча төлөм же туура эмес эсептөө жол берилген учурда ашыкча же туура эмес төлөнгөн суммалар аймактык бөлүм тарабынан республикалык бюджетке кайтарылууга тийиш.
29. Аймактык бөлүмдөр ыйгарым укуктуу органдын маалыматтык системасындагы каттоого ылайык электрондук кезектин тартибинде арыз ээсинин банкты к алыш-бериш эсебине акчалай компенсацияларды которууну жүзөгө ашырат.
30. Аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери майыптыгы бар адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүү тартибинин сакталышы үчүн, ошондой эле акчалай компенсациялардын өз убагында жана туура төлөнүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат.