Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫНЫН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 17-апрели № 317
«Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18, 27-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д. Бекешев тарабынан демилгеленген «Эгинди тебелегендиги үчүн айыл чарба жаныбарларынын ээлеринин жоопкерчилигин күчөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 317 тескемеси менен жактырылган |
"Эгинди тебелегендиги үчүн айыл чарба жаныбарларынын ээлеринин жоопкерчилигин күчөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.Д.Бекешев тарабынан демилгеленген "Эгинди тебелегендиги үчүн айыл чарба жаныбарларынын ээлеринин жоопкерчилигин күчөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келет.
Маалымкат-негиздемеге ылайык аталган Мыйзамдын долбоору малды кароосуз жайып багууну токтотуу жана жабыр тарткан адамдарга келтирилген зыяндын ордун толтуруунун иштей турган механизмин түзүү максатында иштелип чыккан.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун "а" пунктчасында айып пул толугу менен же жарым-жартылай республикалык же жергиликтүү бюджеттин кирешесине, ошондой эле жеке жана юридикалык жактардын пайдасына өндүрүп алынышы мүмкүн деп белгилөө сунушталууда.
Бирок Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 563-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык өндүрүп алынган, анын ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан салынган айып пулдун суммалары республикалык жана жергиликтүү бюджетке которулат.
Мындан тышкары аталган Кодекстин 31-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык айып пул укук бузууну жасоого күнөөлүү жакка сот, ыйгарым укуктуу орган тарабынан салынуучу мамлекеттин кирешесине өндүрүлүүчү акчалай жаза чарасы болуп саналат.
Ошентип Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 31-беренесинин 1-бөлүгүнө сунушталган толуктоо аталган Кодекстин ичинде карама-каршылыктардын пайда болуусуна алып келет.
Ушуга байланыштуу коллизияларга жол бербөө максатында Мыйзамдын долбоорунун текстинен жеке жана юридикалык жактардын пайдасына акчалай өндүрүп алууларды регламенттөөчү жоболорду алып салууну же болбосо бул жоболорду кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Ушуну менен бирге кармалган айыл чарба жаныбарлары боюнча айып пулдардан жана сатуудан түшкөн каражаттарды бөлүштүрүүнүн көрсөтүлгөн механизмин ишке ашыруу үчүн каражаттарды казыналык аткаруу, эсепке алуу, ошондой эле республикалык же жергиликтүү бюджетке жана жабырлануучуга түз которуу тартибин аныктоочу маселелер толугу менен баяндалбагандыгын белгилейбиз. Бул өз кезегинде бюджетти аткаруу практикасына кошумча административдик жана финансылык механизмдерди киргизүүнү талап кылат.
Мыйзамдын долбоорунун 1-пунктунун "в" пунктчасы менен Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 31-беренесин 8-бөлүк менен толуктоо сунушталат, ага ылайык Кодекстин 238-беренесинде көрсөтүлгөн укук бузууларды жасоодо айып пул төлөө кармалган айыл чарба жаныбарларын ээлерине кайтарып берүүнүн милдеттүү шарты болуп саналат.
Кодекстин 238-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган айып пулга укук бузуу жасалган учурда кармалган ар бир малдын башы үчүн төмөнкүдөй айып пул кошулат:
- бодо мал, жылкы жана төө үчүн - 10 эсептик көрсөткүч;
- кой, эчки жана чочко үчүн - 5 эсептик көрсөткүч.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 53-беренесинин талаптарына ылайык укук бузуу жасаган жана жоопкерчиликке тартылуучу адам келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү.
Укук бузуу жасаган адам келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу толтуруудан качкан учурда, анын ордун толтуруу жарандык сот өндүрүшү тартибинде жүзөгө ашырылат.
Укук бузуу жасаган адам, аны жоопкерчиликке тартууга негиз болуп аныкталган бузууларды жоюуга милдеттүү. Жаза чарасын колдонуу жана аны аткаруу адамды аныкталган бузууну жоюу милдетинен бошотпой тургандыгын белгилөө зарыл.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 31-беренесинде ушул Кодекстин алкагында айып пулдар боюнча жалпы жоболор аныкталгандыктан, Кодекстин бул беренесин Кодекстин 238-беренесинде каралган кошумча айып пулдар жөнүндө жоболор менен толуктоону максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерин эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 1-пунктунун "в" пунктчасынын жоболорун кайра карап чыгууну сунуштайбыз.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 238-беренесин жаңы редакцияда баяндоо сунушталууда.
Атап айтканда аталган Кодекстин сунушталып жаткан 238-беренесинин редакциясынын 1-бөлүгү айыл чарба жаныбарлары тарабынан зыян (эгинди тебелөө, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаада жыйналган түшүмүн бузуу же жок кылуу, өсүмдүктөрдү бузуу) келтирилген учурда колдонулат, мында айып пулдун өлчөмү Кодекстин сунушталып жаткан 238-беренесинин 2-бөлүгүнө салыштырмалуу кыйла жогору белгиленүүдө (жеке жактар үчүн 300 эсептик көрсөткүч жана юридикалык жактар үчүн 700 эсептик көрсөткүч).
Алсак Кодекстин сунушталып жаткан 238-беренесинин 2-бөлүгүндө түшүмдү же көчөттөрдү башка ыкма менен бузуу, жок кылуу үчүн, эгерде кылмыш жоопкерчилигине тартылуучу жосундун белгилери жок болсо, айып пулдарды олуттуу түрдө кыскартып, жеке жактар үчүн 55 эсептик көрсөткүч жана юридикалык жактар үчүн 170 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө аныктоо сунушталууда.
Жогоруда аталган жоболорду көңүлгө алуу менен биздин пикирибиз боюнча Кодекстин сунушталып жаткан 238-беренесинин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн укук бузуулар коомго азыраак зыян келтирет деген аргумент келтирүүгө негиз жок. Себеби "башка ыкма" деген термин кеңири спектрдеги аракеттерди камтыйт жана көпчүлүк учурда этиятсыздык мүнөзүнө ээ болгон айыл чарба жаныбарлары тарабынан өсүмдүктөрдү тебелөөгө караганда потенциалдуу түрдө көбүрөк зыян келтириши мүмкүн.
Демек сунушталып жаткан санкциялар (айып пулдар) адилеттүүлүк жана жазаны жекече дайындоо принциптерине туура келбейт, анткени аныкталбаган жана потенциалдуу түрдө кыйла кооптуу болгон жосун үчүн кыйла азыраак айып пул каралган.
Жалпысынан алганда Мыйзамдын долбоорунун маалымкат-негиздемесинде учурдагы кырдаалга талдоо, бузуулардын саны, алардын терс кесепеттери жөнүндө статистикалык маалыматтар, ошондой эле көрсөтүлгөн талаптарды бузуу үчүн сунушталган айып пулдардын өлчөмдөрүн аныктоонун механизми жана критерийлери жок экендигин белгилөө зарыл.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-пунктунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына фото жана видео фиксация материалдарынын, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде, малдын ээсинин инсандыгы жаныбарларды идентификациялоонун маалымат базалары боюнча аныкталган учурда жаныбарлардын ээсин милдеттүү түрдө катыштырбастан, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 238-беренесинде каралган бузуулар үчүн айып пул салуу жөнүндө токтомду жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте чыгаруу укугун берүү сунушталууда.
Жаныбарлардын ээсин Идентификацияланган жаныбарлардын бирдиктүү мамлекеттик реестри (мындан ары - ИЖБМР) боюнча аныктоо жол-жобосу анын күнөөсүнүн далили болуп саналбай тургандыгын белгилөө зарыл, анткени келтирилген зыян менен малдын ээсинин аракетинин (же аракетсиздигинин) ортосунда себеп-натыйжалык байланыштын бар экендигин далилдөө зарыл.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 105 "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо маселелери жөнүндө" токтому менен бекитилген Жаныбарларды идентификациялоонун эрежелеринин 23-пунктунун жоболоруна ылайык мал союлган, өлгөн, жоголгон, уурдалган же жаныбардын ээси алмашкан учурда ээси же жооптуу адам 5 жумуш күндүн ичинде бул тууралуу ветеринария органына жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Бул маалымат ИЖБМРге 7 календардык күндүн ичинде киргизилет. Чарбанын ээси алмашкан же чарба жабылган учурда ИЖБМРге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн расмий кабарлоо берилет.
Ошентип жогоруда белгиленгендей, жаныбардын ээси өзгөртүүлөр жөнүндө ыйгарым укуктуу органга өз убагында билдирүүгө милдеттүү экендигин эске алуу менен айыл чарба жаныбарларын идентификациялоонун маалыматтык системасында камтылган маалыматтар дайыма эле укук бузуу жасалган учурга карата иш жүзүндөгү кырдаалды чагылдыра бербеши мүмкүн, анткени тиешелүү өзгөртүүлөр ИЖБМРге өз убагында киргизилбеген болушу мүмкүн.
Демек мындай маалыматтар жаныбардын белгилүү бир адамга катталгандыгын гана тастыктайт жана анын белгилүү бир укук бузууну жасагандыгы жөнүндө талашсыз далил болуп саналбайт.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 498-беренесине кошумча көңүлүңөрдү бурабыз, ага ылайык укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адам төмөнкүлөргө укуктуу:
- укук бузуулар жөнүндө өндүрүштүн тартиби, өзүнүн укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдан түшүндүрмөлөрдү алууга;
- ушул Кодексте белгиленген тартипте укук бузуулар жөнүндө ишти кароонун датасы, убактысы жана орду тууралуу маалымат алууга;
- укук бузуулар жөнүндө ишти кароодо ушул Кодексте белгиленген тартипте өзү же өкүлү аркылуу катышууга;
- белгиленген тартипте укук бузуулар жөнүндө иштин материалдары менен таанышууга, маалыматтарды жазып алууга, документтерден көчүрмөлөрдү чыгарууга, жол-жобо аракеттери жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды алууга;
- далилдерди же көрсөтмөлөрдү жазуу, оозеки же башка түрдө берүүгө.
Ушуну менен бирге Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 61-беренесине ылайык ар бир адамга өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин сот аркылуу коргоого кепилдик берилет. Ар бир адам өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин мыйзам тарабынан тыюу салынбаган бардык жеткиликтүү ыкмалар менен коргоого, ошондой эле бузулган укуктарынын калыбына келтирилишин камсыз кылууга укуктуу.
Ушуга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан так процессуалдык кепилдиктери жок жаза чараларын колдонуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин киргизүү күнөөсүздүк презумпциясынын, тең укуктуулук жана коргонуу укугун камсыз кылуу принциптеринин бузулушуна алып келиши мүмкүн.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесине ылайык башкалар менен катар Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 263-статьясына өзгөртүүлөр киргизилип, айыл чарба жаныбарлары ушул Кодекстин 262-статьясынын 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча кармалган жана белгиленген мөөнөттөр аяктаган учурда ээси келбесе же айып пулду төлөөдөн баш тартса, малга менчик укугу токтотулуп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет деп аныктоо сунушталууда. Жаныбар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте адистештирилген мал базарлары аркылуу сатылууга тийиш.
Бирок айып пул салуу каралган Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул салуу жөнүндө токтомду мажбурлап аткаруу каралган.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 15-беренесине ылайык менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылышы мүмкүн эмес. Мурас укугу кепилденет. Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү камакка алууга мыйзамда белгиленген тартипте соттун чечими боюнча гана жол берилет.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-пунктунун "б" пунктчасынын редакциясын кайра кароо зарыл.
Бирок сунушталып жаткан Мыйзамдын долбоорунда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан айыл чарба жаныбарларын убактылуу кармоочу жайларды уюштуруу, аларды багуу, баалоо жана мал базарлары аркылуу сатуу боюнча иштерди жүргүзүүгө багытталган жоболор каралган. Бул иш-чаралар тиешелүү инфраструктураны түзүүнү жана уюштуруучулук чыгымдарды талап кылышы мүмкүн. Бирок мындай чыгымдардын булагы жана көлөмү Мыйзамдын долбоорунда жана маалымкат-негиздемесинде так көрсөтүлгөн эмес.
Жогоруда баяндалгандарды көңүлгө алып, сунушталган Мыйзамдын долбоорунда бюджеттик мыйзамдардын талаптары, бюджеттик кирешелерди эсепке алуу жана бөлүштүрүү механизмдери жана Мыйзамдын долбоорун ишке ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон кошумча чыгымдарды жабуу булактары жетиштүү деңгээлде негизделген эмес.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети "Эгинди тебелегендиги үчүн айыл чарба жаныбарларынын ээлеринин жоопкерчилигин күчөтүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун берилген сын пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен жеткире иштеп чыгууну зарыл деп эсептейт.