Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-июну № 398
Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу
зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга
кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө
Бийик тоолуу зоналарда жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү системасын тартипке келтирүү максатында, «Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жашаган жана иштеген калктын эмгек акысына жана жөлөкпулдарга кошумча төлөмдөрдүн райондук коэффициенттеринин өлчөмдөрү 1-тиркемеге ылайык өлчөмдөрдө;
2) Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ар айлык үстөктөрдүн өлчөмдөрү 2-тиркемеге ылайык өлчөмдөрдө.
2. Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ар айлык үстөктөрдү төлөө үчүн эмгек стажын белгилөө жана эсептөө тартиби 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 26-сентябрындагы № 559 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 17-апрелиндеги № 207 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы райондорунда жашаган адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» № 377 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 15-сентябрындагы № 576 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 24-февралындагы № 58 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» № 377 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 25-февралындагы № 93 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 5-июнундагы № 328 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашоочу жана иштөөчү адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 1-июлундагы № 399 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
9) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-августундагы № 605 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы аймактарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-майындагы № 383 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
11) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-апрелиндеги № 102 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 30-августундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому;
13) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июлундагы № 425 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому;
14) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-декабрындагы № 308 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому;
15) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 656 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы;
16) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 504 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту;
17) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 569 «Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн компенсация маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 2-пункту.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-июнундагы № 42 (3802) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |