Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 24-сентябры № 829-т
Улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүү, продукциянын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, заманбап технологиялык чечимдерди ишке киргизүү үчүн шарттарды түзүү максатында, "Стандартташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүү программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Иш-чаралар планын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жыл сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Иш-чаралар планынын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты берсин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар | Ишке ашыруу мөөнөтү | Күтүлгөн натыйжа | Жооптуу орган | Каржылоо булагы |
1 | Заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен бирдиктүү автоматташтырылган базаны түзүү | Маалыматтар базасын түзүү жана АМСтин техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматынын мамлекеттик классификаторлоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2026-ж. | Мамлекеттик классификаторлорго киргизилген өзгөртүүлөр менен маалыматтар базасы ишке киргизилди | ЭКМ | ЭКМдин бекитилген бюджетинин алкагында |
2 | Санариптик технологияларды стандартташтыруу процесстерине интеграциялоо | ТРжСУМФдо стандартташтыруу боюнча документтердин көлөмүн оптималдаштыруу | 2026-2027-жж. | Актуалдаштырылган маалыматтар базасы | ЭКМ | ЭКМдин бекитилген бюджетинин алкагында, донорлордун каражаттары |
Актуалдуу версияларды аныктоо үчүн стандарттарды автоматтык талдоо жана учурдагы документтер менен салыштыруу үчүн жасалма интеллект технологиясын колдонуу | 2028-ж. | ЖИ тарабынан сунушталган стандартташтыруу боюнча актуалдуу документтер | ЭКМ | ЭКМдин бекитилген бюджетинин алкагында, донорлордун каражаттары | ||
3 | ССМ, САЧКӨМ, ЭКМ, ТКМ, ЭМ адистери үчүн: стандартташтыруу, ББ/ЕАЭБдин техникалык регламенттерин колдонуу жаатында; - тамак-аш продукциясын өндүрүү жаатында; - эл керектөөчү товарларды (ЭКТ) өндүрүү жаатында; - машина куруу продукциясы жаатында системалуу жана ырааттуу окутууну, квалификацияны жана билимди жогорулатууну камсыз кылуу | Окуу программаларын, модулдарын, методикалык куралдарды, презентацияларды иштеп чыгуу | 2026-2028-жж. | Кабыл алынган окуу программалары, модулдары, методикалык куралдар, презентациялар | ЭКМ | ЭКМдин бекитилген бюджетинин алкагында |
Техникалык регламенттердин жана стандартташтыруунун негизги талаптары боюнча окутуу семинарларын жана тренингдерин өткөрүү | 2027-2028-жж. | ЭКМге караштуу Кыргызстандарттын алдындагы КЖБ жана ККДнын базасында квалификациялуу жана даярдалган адистер | ЭКМ, ЭМ, ССМ, САЧКӨМ, ТКМ | Ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | ||
4 | Улуттук стандарттарды ISO эл аралык стандарттары, Алиментариус кодекси менен шайкеш келтирүү | Улуттук стандарттарды ISO эл аралык стандарттарынын, Алиментариус кодексинин ченемдерине жана сунуштамаларына шайкеш келтирүү | 2026-2028-жж. | Шайкеш келтирилген улуттук стандарттар | ЭКМ, Стандартташтыруу боюнча ТК | ЭКМдин бекитилген бюджетинин алкагында |
5 | ББ/ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптарын аткаруу | ББ/ЕАЭБдин техникалык регламенттерине карата стандарттардын тизмегин актуалдаштыруу | 2026-2028-жж. | ББ/ЕАЭБдин техникалык регламенттерине карата стандарттардын тизмеги | ЭКМ, ТКМ, ЭМ, ССМ, САЧКӨМ, ӨКМ, ЖРЭТКМ, СӨИТМ | Ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында |
6 | Ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана экспорттук потенциалын жогорулатуу | Үзгүлтүксүз отчеттуулук менен техникалык комитеттердин ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2026-2027-жж. | Кыргызстандарттын буйругу менен бекитилген ТК ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасынын методикасы | ЭКМ | ЭКМдин бекитилген бюджетинин алкагында, донорлордун каражаттары |
TК 04 "Медициналык техника" | 2027-2028-жж. | Иштелип чыккан жана кабыл алынган стандарттар | ЭКМ, ССМ | Ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | ||
TК 15 "Ветеринария" TК 35 "Органикалык айыл чарба өндүрүшү" | 2027-2028-жж. | Иштелип чыккан жана кабыл алынган стандарттар | ЭКМ, САЧКӨМ | Ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | ||
TК 17 "Энергияны үнөмдөө" | 2027-2028-жж. | Иштелип чыккан жана кабыл алынган стандарттар | ЭКМ, ЭМ | Ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | ||
TК 33 "Туризм жана сервистик кызмат көрсөтүүлөр" TК 36 "Адал индустрия" | 2027-2028-жж. | Иштелип чыккан жана кабыл алынган стандарттар | ЭКМ | Ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | ||
TК 55 "Автомобиль жолдору жана транспорттук курулмалар" | 2027-2028-жж. | Иштелип чыккан жана кабыл алынган стандарттар | ЭКМ, ТКМ | Ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында | ||
7 | Экономиканын артыкчылыктуу тармактарында стандарттарды ишке киргизүү | Улуттук жана мамлекеттер аралык стандарттарды экспертизалоого жана макулдашууга катышуу | 2026-2028-жж. | Стандартташтыруу боюнча кабыл алынган документтер | ЭКМ, ТКМ, ЭМ, ССМ, САЧКӨМ, ӨКМ, ЖРЭТКМ, СӨИТМ | Ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында |
8 | Улуттук экономиканын туруктуу өнүгүүсүн, продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууну камсыз кылуу үчүн ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык техникалык регламенттерге карата стандарттардын тизмегин кароого тармактык министрликтердин жана ведомстволордун катышуусун камсыз кылуу | 2026-2028-жж. | ББ/ЕАЭБдин техникалык регламенттерине карата стандарттардын актуалдаштырылган тизмелери | ЭКМ, ТКМ, ЭМ, ССМ, САЧКӨМ, ӨКМ, ЖРЭТКМ, СӨИТМ | Ишке тартылган министрликтердин жана ведомстволордун бекитилген бюджетинин алкагында |
9 | "Стандартташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү | 2026-ж. | КР МКнын кабыл алынган токтому | ЭКМ | ЭКМдин бекитилген бюджетинин алкагында |
10 | Кыргыз Республикасынын аймагында жасалма интеллект, маалыматтык коопсуздук, киберкоопсуздук жана купуя маалыматты коргоо боюнча эл аралык стандарттарды камсыз кылуу | Жасалма интеллект, маалыматтык коопсуздук, киберкоопсуздук жана купуялуулукту коргоо жаатындагы эл аралык стандарттарды талдоо | 2026-ж. | Отчет | ЭКМ | ЭКМдин бекитилген бюджетинин алкагында |
Кыргыз Республикасынын аймагында стандартташтыруу боюнча эл аралык документтерди, анын ичинде жасалма интеллект, маалыматтык коопсуздук, киберкоопсуздук жана купуялуулукту коргоо жаатындагы стандарттарды кабыл алуу | 2026-2028-жж. | Маалыматтык коопсуздук жана киберкоопсуздук жаатында кабыл алынган эл аралык стандарттар | ЭКМ | ЭКМдин бекитилген бюджетинин алкагында | ||
11 | Техникалык регламенттердин жана стандарттардын маалыматтык фондунда стандартташтыруу боюнча мамлекеттик тилдеги документтердин болушу | ISO 9001 жана 22000 эл аралык стандарттарын мамлекеттик тилге которуу | 2026-2027-жж. | Мамлекеттик тилдеги эл аралык стандарттар | ЭКМ | ЭКМдин бекитилген бюджетинин алкагында, донорлордун каражаттары |
12 | Сапат менеджментинин заманбап натыйжалуу методдорун колдонуу, продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу | Ишканаларда колдонулган менеджмент системаларын талдоо | 2026-2028-жж. | Менеджмент системасын ишке киргизген ишканалардын реестри | ЭКМ | ЭКМдин бекитилген бюджетинин алкагында |
Менеджмент жана ички аудит системалары боюнча окутуу | 2027-2028-жж. | Сапат менеджменти системасынын (СМС) берилген сертификаттарынын саны | ЭКМ | ЭКМдин бекитилген бюджетинин алкагында | ||
13 | Стандартташтыруу боюнча документтердин жеткиликтүүлүгүн, эсепке алууну, контролдоону, байкоо жүргүзүүнү жана системалуулугун камсыз кылуу | Стандартташтыруу боюнча документтерди каттоо тартибин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | 2026-ж. | Кабыл алынган стандартташтыруу боюнча документтерди каттоо тартиби | ЭКМ | ЭКМдин бекитилген бюджетинин алкагында |
Кыскартуулардын тизмеси:
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги; |
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги; |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлиги; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги; |
ӨКМ | - | Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги; |
СӨИТМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги; |
Кыргызстандарт | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору; |
ТК | - | Стандартташтыруу боюнча техникалык комитет; |
ККЖ жана ККБ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун алдындагы Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борбору; |
ИСО (ISO) | - | Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм; |
ББ/ЕАЭБ | - | Бажы бирлиги/Евразия экономикалык бирлиги; |
ТРжСУМФ | - | Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду; |
АМС | - | автоматташтырылган маалыматтык система; |
СМС | - | сапат менеджменти системасы; |
Алиментариус кодекси | - | тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жана сапаты боюнча эл аралык стандарттардын, колдонмолордун жана сунуштамалардын жыйындысы. |
|
| 3-тиркеме |
2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүү программасын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлорунун МАТРИЦАСЫ
№ | Көрсөткүч | Өлчөө бирдиги | Базалык жыл | Аралык индикаторлор (жылдык) | Максаттуу көрсөткүчтөр | Жооптуу аткаруучулар | ||
2026-ж. | 2027-ж. | 2028-ж. | ||||||
1 | АМС техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтардын мамлекеттик классификаторлорунун маалыматтар базасына киргизилген өзгөртүүлөрдүн саны | даана | 2026-ж. | Өтүнмөлөрдүн келип түшкөнүнө жараша | - | - | Келип түшкөн өтүнмөлөргө ылайык жыл жыйынтыгы боюнча өзгөртүүлөрдүн иш жүзүндөгү саны | ЭКМ |
2 | ТРжСУМФдо оптималдаштырылган стандартташтыруу боюнча документтердин саны | даана | 2026-ж. | 90 | 110 | - | 200дөн кем эмес оптималдаштырылды | ЭКМ |
Жасалма интеллект технологияларын колдонуу менен талданган стандарттардын саны | даана | 2026-ж. | - | - | Зарылдыгына жараша | Иш жүзүндө, келип түшкөн өтүнмөлөргө ылайык | ЭКМ | |
3 | Окуу программаларынын, модулдарынын, методикалык колдонмолордун, презентациялардын саны | даана | 2026-ж. | 3 | 3 | 3 | 9 даанадан кем эмес | ЭКМ |
Техникалык регламенттердин жана стандартташтыруунун негизги талаптары боюнча окутуучу семинарлардын жана тренингдердин саны | даана/адам | 2026-ж. | - | 5/10 | 5/10 | 5тен кем эмес өткөрүлгөн семинарлар, тренингдер/10дон кем эмес окутулган катышуучулар | ЭКМ | |
4 | ISO жана Алиментариус кодексинин эл аралык стандарттарынын ченемдерине жана сунуштамаларына ылайык келтирилген улуттук стандарттардын саны | даана | 2026-ж. | Зарылдыгына жараша | Зарылдыгына жараша | Зарылдыгына жараша | Жыл жыйынтыгы боюнча иш жүзүндөгү саны | ЭКМ, ЭМ, ССМ, САЧКӨМ, ЭКМ, ТКМ |
5 | ББ/ЕАЭБ техникалык регламенттерине карата стандарттардын актуалдаштырылган тизмелеринин саны | даана | 2026-ж. | 3 | 4 | 3 | 10дон кем эмес стандарттардын тизмеси | ЭКМ, Стандартташтыруу боюнча ТК |
6 | Үзгүлтүксүз отчеттуулук менен техникалык комитеттердин ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун иштелип чыккан жана ишке киргизилген системасы | ТКнын ишинин натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасынын методикасы | 2026-ж. | Иштеп чыгуу | Ишке киргизүү | - | Буйрук менен бекитилген Методика | ЭКМ ТКМ, ЭМ, ССМ, САЧКӨМ, ӨКМ, ЖРЭТКМ, СӨИТМ |
Артыкчылыктуу ТК боюнча иштелип чыккан жана кабыл алынган стандарттардын саны | даана | 2026-ж. |
| Зарылдыгына жараша | Зарылдыгына жараша | Артыкчылыктуу ТКнын алкагында иш жүзүндөгү саны | ЭКМ | |
7 | Улуттук жана мамлекеттер аралык стандарттардын экспертизаларынын жана макулдашууларынын саны | даана | 2026-ж. | 150 | 200 | 200 | 550дөн кем эмес экспертиза жана макулдашуу | ЭКМ, ССМ, САЧКӨМ, ЭМ, ТКМ |
8 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык ББ/ЕАЭБ техникалык регламенттерине стандарттардын тизмелерин кароого тармактык министрликтердин жана ведомстволордун катышуусу менен берилген корутундулардын саны | даана | 2026-ж. | Суроо-талаптар келип түшкөнүнө жараша | Суроо-талаптар келип түшкөнүнө жараша | Суроо-талаптар келип түшкөнүнө жараша | Келип түшкөн суроо-талаптарга ылайык иш жүзүндөгү саны | ЭКМ, ТКМ, ЭМ, ССМ, САЧКӨМ, ӨКМ, ЖРЭТКМ, СӨИТМ |
9 | Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү | ЧУА | 2026-ж. | Иштеп чыгуу жана кабыл алуу | - | - | Кабыл алынган ЧУА | ЭКМ, ТКМ, ЭМ, ССМ, САЧКӨМ, ӨКМ, ЖРЭТКМ, СӨИТМ |
10 | ЖИ, маалыматтык коопсуздук, киберкоопсуздук жана купуялуулукту коргоо жаатындагы талданган стандарттардын саны | даана | 2026-ж. | Зарылдыгына жараша | - | - | ЖИ, маалыматтык коопсуздук, киберкоопсуздук жана купуялуулукту коргоо жаатындагы стандарттардын тизмеси | ЭКМ |
Кыргыз Республикасынын аймагында кабыл алынган стандартташтыруу боюнча эл аралык документтердин, анын ичинде жасалма интеллект, маалыматтык коопсуздук, киберкоопсуздук жана купуялуулукту коргоо жаатындагы стандарттардын саны | даана | 2026-ж. | 15 | 20 | 25 | 60тан кем эмес документ | ЭКМ | |
11 | Мамлекеттик тилге которулган ISO 9001 жана 22000 эл аралык стандарттарынын саны | даана | 2026-ж. |
| 1 | 1 | 2ден кем эмес стандарт которулду | ЭКМ |
12 | Ишканаларда менеджмент системасын ишке киргизген, реестрге киргизилген ишканалардын саны | даана | 2026-ж. | Иш жүзүндөгү динамика | Иш жүзүндөгү динамика | Иш жүзүндөгү динамика | Ар бир жылдын жыйынтыгы боюнча иш жүзүндөгү мааниси | ЭКМ |
Менеджмент системалары жана ички аудит боюнча берилген сертификаттардын саны | даана | 2026-жыл | - | Өтүнмөлөрдүн келип түшкөнүнө жараша | Өтүнмөлөрдүн келип түшкөнүнө жараша | Өтүнмөлөрдүн санына ылайык жылдын жыйынтыгы боюнча иш жүзүндөгү мааниси | ЭКМ | |
13 | Бекитилген жана ишке киргизилген документтерди каттоо тартиптеринин саны | даана | 2026-жыл | 1 бирдик | - | - | Стандартташтыруу боюнча документтерди каттоонун 1 тартиби бекитилди жана ишке киргизилди | ЭКМ |
Кыскартуулардын тизмеси:
КР | - | Кыргыз Республикасы; |
Кыргызстандарт | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору; |
ТК | - | Стандартташтыруу боюнча техникалык комитет; |
ТРжСУМФ | - | Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фонду; |
ИСО (ISO) | - | Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм; |
СӨИТМ | - | Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги; |
ЖИ | - | Жасалма интеллект; |
ЭМ | - | Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги; |
ССМ | - | Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги; |
САЧКӨМ | - | Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги; |
ЭКМ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги; |
ТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги; |
ККЖ жана ККБ | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун алдындагы Кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик кайра даярдоо борбору; |
ББ/ЕАЭБ | - | Бажы бирлиги/Евразия экономикалык бирлиги; |
ЭКТ | - | эл керектөөчү товарлар; |
ӨКМ | - | Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги; |
ЖРЭТКМ | - | Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги; |
СМС | - | сапат менеджменти системасы; |
Алиментариус кодекси | - | тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жана сапаты боюнча эл аралык стандарттардын, колдонмолордун жана сунуштамалардын жыйындысы. |