Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-сентябрындагы № 829-т тескемесине) |
2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүү ПРОГРАММАСЫ
1. Киришүү
2026-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын улуттук стандартташтыруу системасын өнүктүрүү программасынын (мындан ары - Программа) артыкчылыктуу багыттарынын бири жаңы стратегиялык документти иштеп чыгуу болуп саналат. Ушул Программанын актуалдуулугу стандартташтыруу боюнча документтерди ыктыярдуу колдонуу принциптеринде стандартташтыруу чөйрөсүндөгү бирдиктүү саясатты түзүү болуп эсептелет.
Программа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында иштелип чыккан.
Стандартташтыруу Кыргыз Республикасынын модернизациясына, технологиялык жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү негизги факторлордун бири болуп саналат. Стандартташтыруунун стратегиялык максаты улуттук кызыкчылыктардын тең салмактуулугун сактоодо талаптарды эл аралык стандарттар менен максималдуу шайкеш келтирүү болуп эсептелет.
Стандартташтыруу төмөнкүлөрдү камсыз кылууга багытталган:
- продукциянын (жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн) ак ниет атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү;
- адамдын өмүрүн, ден соолугун жана тукум улоочулугун коргоо;
- айлана-чөйрөнү, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо;
- керектөөчүлөрдү адаштырууга алып келген иш-аракеттердин алдын алуу;
- энергетикалык натыйжалуулук жана ресурсту үнөмдөө;
- Кыргыз Республикасынын улуттук сапат инфраструктурасын түзүү;
- соодада, анын ичинде Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) алкагында техникалык тоскоолдуктарды жоюу;
- санариптик экономиканын калыптанышын жана иштөөсүн камсыз кылуу;
- алдынкы технологияларды ишке киргизүү, инновациялык жана жогорку технологиялык продукцияны чыгаруу жана жүгүртүү.
Стандарттар эл аралык соодадагы техникалык тоскоолдуктарды азайтуу инструменти болуп саналат.
Стандартташтырууну өнүктүрүү илимий-техникалык прогрессти камсыз кылууда жана республикадагы инновациялык ишке дем берүүдө да маанилүү ролду ойнойт. Стандарттар ата мекендик продукцияга болгон ишенимди жогорулатуу, экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана туруктуу, технологиялык багыттагы экономиканы түзүү инструменти болууда.
Санариптештирүү жана глобалдык трансформациялардын шарттарында стандартташтыруу Кыргыз Республикасын эл аралык экономикалык жана илимий-техникалык мейкиндикке интеграциялоону камсыз кылат, мамлекеттин тышкы рыноктордогу позициясын бекемдейт.
2. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
Стандартташтыруунун чөйрөсү көп кырдуу жана ар кандай категорияларда: экономикалык, илимий, социалдык, укуктук, институттук ж.б. каралат. Анын мамлекет жана коом үчүн маанисин ашыкча баалоо кыйын. Эл аралык, региондук жана өлкө экономикасы жана соода, алардын өсүүсү жана өнүгүшү көп жагынан стандартташтырууга негизделет.
Кыргыз Республикасында стандартташтыруу боюнча ишти Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору (мындан ары - Кыргызстандарт) жүргүзөт.
2024-жылга чейин стандартташтыруу "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен жөнгө салынган, ал техникалык жөнгө салуунун тар чөйрөсүнө (анын ичинде продукцияга, ошондой эле долбоорлоо, өндүрүү, куруу, монтаждоо, жөндөө, сактоо, ташуу, сатуу процесстерине жана продукцияга тиешелүү башка процесстерге) тиешелүү болуп, техникалык жөнгө салууга байланышкан процесстердин бир бөлүгүн гана камтыган, бул республикада стандартташтырууга тиешелүү маселелердин бир кыйла кеңири чөйрөсүн жөнгө салуучу жаңы мыйзамдарды түзүү зарылчылыгына алып келген.
Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан "Стандартташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюлган, ал 2025-жылдын июлунан тартып күчүнө кирген.
Жаңы мыйзам техникалык жөнгө салуунун тар чөйрөсүн эле эмес, стандарттарды иштеп чыгууга жана колдонууга байланышкан бардык процесстерди камтуу менен, өлкөдө стандартташтырууну бир кыйла комплекстүү жөнгө салууну камсыз кылат.
Кыргыз Республикасы 2017-жылдан тартып стандартташтыруу боюнча мамлекеттер аралык техникалык комитеттерге (мындан ары - МТК) катышуу боюнча ишти активдештирди. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук техникалык комитеттеринин өкүлдөрү 107 МТКга толук укуктуу мүчө жана байкоочу (активдүү мүчөлөр 87, байкоочулар 20) катары катышууда. Кыргызстандарттын адистери 60 МТКга катышууда.
Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттери (мындан ары - Стандартташтыруу боюнча ТК) Улуттук стандартташтыруу системасынын негизги звеносу болуп саналат.
Кыргыз Республикасында бүгүнкү күндө стандартташтыруу боюнча 24 ТК иштөөдө. Акыркы жылдарда төмөнкү тармактардын актуалдуулугун эске алуу менен стандартташтыруу боюнча 3 жаңы ТК түзүлдү:
2020-жылы "Газ түтүктөрүн куруу жана эксплуатациялоо" ТК 34;
2021-жылы "Органикалык айыл чарба өндүрүшү" ТК 35;
2022-жылы "Адал-индустрия" ТК 36.
Кыргыз Республикасынын экономиканын артыкчылыктуу тармагы тамак-аш жана айыл чарба продукциясы болуп саналган агрардык өлкө экендигин эске алып, бир кыйла активдүү техникалык комитет ТК 02 "Тамак-аш продукциялары, айыл чарба өндүрүшүнүн продукциясы жана аны кайра иштетүү продуктулары" болуп саналат. Колдонуудагы улуттук стандарттардын (мындан ары - КМС) негизги бөлүгү тамак-аш жана айыл чарба продукцияларына стандарттар болуп эсептелет.
ТК 02 иштеп жаткан бардык мезгил ичинде 200гө жакын улуттук стандарт иштелип чыккан, техникалык комитет бир катар мамлекеттер аралык стандарттарды (мындан ары - МАМСТ) иштеп чыгуучу болуп саналат, ошондой эле МТКнын ишине катышат.
Стандартташтыруу боюнча активдүү ТКнын тизмесине төмөнкүлөр да кирет:
ТК 15 "Ветеринария" (иштеп жаткан мезгил ичинде 30га жакын стандарт иштелип чыкты) МАМСТ долбоорлорун карайт;
ТК 35 "Органикалык айыл чарба өндүрүшү", органикалык продукцияга 2 улуттук стандарт иштелип чыкты, кыргыз органикалык продукциясына карата 5 МАМСТ Р адаптацияланды жана кабыл алынды, МТКнын ишине катышат;
ТК 34 "Газ түтүктөрүн куруу жана эксплуатациялоо", 9 КМС иштелип чыкты;
ТК 29 "Стандартташтыруу методологиясы" - Кыргызстандарт тарабынан 17 КМС иштелип чыкты.
Бүгүнкү күндөгү негизги жетишкендиктердин бири Кыргыз Республикасы Кыргызстандарттын атынан МАМСТ мамлекеттер аралык стандарттарын иштеп чыгууга биринчи жолу катышкандыгы жана бул багыт боюнча чоң натыйжаларга ээ болгондугу болуп саналат.
ЕЭК Коллегиясынын ББ/ЕАЭБдин техникалык регламенттерине карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программаларды бекитүү боюнча чечимдерине ылайык Кыргыз Республикасы ББ/ЕАЭБдин төмөнкүдөй төрт техникалык регламентине карата 23 МАМСТ иштеп чыгуу боюнча жооптуу аткаруучу болуп саналат:
1) Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти (ББ ТР 021/2011);
2) Бажы бирлигинин "Тамак-аш кошулмаларынын, жыпар жыт бергичтердин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна карата талаптар" техникалык регламенти (ББ ТР 029/2012);
3) Бажы бирлигинин "Сүт жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти (ББ ТР 033/2013);
4) Бажы бирлигинин "Эт жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти (ББ ТР 034/2013).
Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (мындан ары - МАК) жол-жоболоруна ылайык Кыргызстандарт тарабынан МАМСТтын долбоорлорун ЕАЭБге жана МАКка мүчө мамлекеттердин стандартташтыруу боюнча тийиштүү профилдик мамлекеттер аралык техникалык комитеттери жана улуттук органдары менен макулдашуу боюнча чоң иштер жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы тарабынан 23 МАМСТ долбоору иштелип чыкты, алардын ичинен 17 МАМСТ МАКтын протоколдору менен кабыл алынган, мамлекеттер аралык стандарттардын 6 долбоору 2025-2026-жылдарга МАКтын белгиленген жол-жоболоруна ылайык иштеп чыгуу стадиясында турат.
1-таблица. КМСтин негизинде иштелип чыккан мамлекеттер аралык стандарттар жөнүндө маалымат
| Иштелип чыккандар жана кабыл алынгандар | МАМСТ долбоорлору |
Бажы бирлигинин "Тамак-аш продукцисынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти (ББ ТР 021/2011) | ||
1 | КМС 1333:2018:2004 "Жаңы бышкан курма. Техникалык шарттары" негизинде МАМСТ 35037-2023 "Жаңы бышкан курма. Техникалык шарттары" | КМС 1103:2007 негизинде МАМСТ "Эне аарынын сүтү менен табигый бал. Техникалык шарттары" |
2 | КМС 1006:2020 "Консерваланган дарбыздар. Техникалык шарттары" негизинде МАМСТ 35047-2023 "Консерваланган дарбыздар. Техникалык шарттары" | КМС 1207:2017 негизинде МАМСТ "Кондитердик азыктар. Десерттик кремдер. Жалпы техникалык шарттары" |
3 | КМС 1329:2018 "Жапайы жаңы бышкан жемиштер. Техникалык шарттары" негизинде МАМСТ 35046-2023 "Жапайы өскөн мөмөлөр жана жемиштер. Техникалык шарттары" | КМС 1248:2017 негизинде МАМСТ "Унду байытуу үчүн премикстер. Жалпы техникалык шарттары" |
4 | КМС 1161:2018 "Дан чийки затынан чипсылар. Жалпы техникалык шарттары" негизинде МАМСТ 35040-2023 "Дан чийки затынан чипсылар. Жалпы техникалык шарттары" | КМС 947:2012 негизинде МАМСТ "Жабык бутерброддор (сэндвичтер). Техникалык шарттары" |
5 | КМС 1027:2017 "Талкан". Техникалык шарттары" негизинде МАМСТ 35038-2023 "Талкан" дандан жасалган азык. Техникалык шарттары" |
|
6 | КМС 1275:2020 "Сүмөлөк" улуттук тамак-аш азыгы" Техникалык шарттары" негизинде МАМСТ 35041-2023 "Сүмөлөк" улуттук тамак-аш азыгы. Техникалык шарттары" |
|
7 | КМС 1219:2011 "Дунган крахмалынан жасалган "Фын-Тез" кесмеси. Техникалык шарттары" негизинде МАМСТ 35056-2024 "Крахмалдан жасалган "Фын-Тез" кесмеси. Техникалык шарттары" |
|
8 | КМС 845:2020 "Тез тоңдурулган варениктер. Жалпы техникалык шарттары" негизинде МАМСТ 35107-2024 "Тез тоңдурулган варениктер. ЖТШ" |
|
9 | КМС 1273:2020 "Жупка" улуттук тамак-аш азыгы. Жалпы техникалык шарттары" негизинде МАМСТ 35108-2024 "Жупка" улуттук тамак-аш азыгы" |
|
10 | КМС 1159:2009 "Жаңгактар, майлуу өсүмдүктөрдүн жана буурчак өсүмдүктөрүнүн үрөнү жана оролгон дан эгиндери. Жалпы техникалык шарттары" негизинде МАМСТ 35109-2024 "Жаңгактар, күн караманын оролгон үрөнү. Жалпы техникалык шарттары" |
|
11 | КМС 1227:2011 "Өзгөчө кымыз. Жалпы техникалык шарттары" негизинде МАМСТ 35023-2023 "Кымыз азыктары. Жалпы техникалык шарттары" |
|
12 | КМС 925:2004 "Ацидофильдүү азыктар. Техникалык шарттары" негизинде МАМСТ 35034-2023 "Ацидофильдүү азыктар. Техникалык шарттары" |
|
13 | КМС 230:2008 "Сүзмө. Техникалык шарттары" негизинде МАМСТ 35027-2023 "Сүзмө. Техникалык шарттары" |
|
14 | КМС 293:2009 негизинде МАМСТ 35059-2024 "Картошкадан жасалган чипсылар. Жалпы техникалык шарттары" |
|
Бажы бирлигинин "Сүт жана сүт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти (ББ ТР 033/2012) | ||
1 |
| КМС 213:2019 жана КР СТ 1006:98 негизинде МАМСТ "Каймак. Техникалык шарттары" иштеп чыгуу |
2 |
| КМС 285:2008 жана КР СТ 44-97 негизинде МАМСТ "Кургатылган кычкыл сүт улуттук азыгы. Техникалык шарттары" иштеп чыгуу |
Бажы бирлигинин "Тамак-аш кошулмаларынын, жыпар жыт бергичтердин жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна карата талаптар" техникалык регламенти (ББ ТР 029/2012) | ||
1 | КМС 997:2005 "Нан бышыруучу порошоктор (жакшырткычтар). Техникалык шарттары" негизинде МАМСТ 35030-2023 "Унду иштетүү үчүн комплекстүү тамак-аш кошулмалары. Техникалык шарттары" |
|
2 | КМС 1255:2013 "Татымал" камыр көптүргүчү. Техникалык шарттары" негизинде МАМСТ 35031-2023 "Камыр көптүрүү үчүн комплекстүү тамак-аш кошулмасы. Техникалык шарттары" |
|
Бажы бирлигинин "Эт жана эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламенти (ББ ТР 034/2013) | ||
1 | КМС 861:2002 "Топоздун жарым эти жана төрттөн бир бөлүгү. Техникалык шарттары" жана КМС 862:2002 "Эт. Чекене сатуу үчүн топоздун устукандалган эти" негизинде МАМСТ 35055-2024 "Союу үчүн топоздор. Топоздун жарым эти жана төрттөн бир бөлүгү. Техникалык шарттары" |
|
Мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюуга мүмкүндүк берет жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу менен анын эл аралык рыноктордогу жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат, ошондой эле продукцияга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата талаптарды шайкеш келтирүүгө, алардын сапатын жана коопсуздугун жакшыртууга өбөлгө түзөт. Мындай стандарттарды ишке киргизүү Кыргыз Республикасын эл аралык экономикалык процесстерге интеграциялоону камсыз кылат, тышкы соода үчүн шарттарды жакшыртат.
Улуттук стандартташтыруу системасын маалыматтык камсыздоо Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондун (мындан ары - Фонд) жүргүзүү, анын иштөөсү үчүн зарыл болгон маалыматтык системаларды түзүү жана эксплуатациялоо, стандартташтыруу чөйрөсүндөгү маалыматтык системаны колдонуу менен улуттук стандартташтыруу системасынын документтерин жана мамлекеттик классификаторлорду расмий жарыялоо, басып чыгаруу жана жайылтуу аркылуу ишке ашырылат.
Фонд техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу чөйрөсүндө жалпы пайдалануудагы мамлекеттик маалыматтык ресурс болуп саналат.
Бүгүнкү күнгө карата абал боюнча Маалыматтык фонддо стандартташтыруу боюнча 27697ге жакын документ бар.
2-таблица. 2025-жылдын 1-июнуна карата абал боюнча Фонд жөнүндө маалымат
№ | Стандарттын аталышы | Саны |
| Стандарттардын жалпы саны | 27697 |
1 | МАМСТ мамлекеттер аралык стандарттары | 25038 |
2 | КР аймагында колдонулган Россия Федерациясынын МАМСТ Р улуттук стандарттары | 1672 |
3 | КРда колдонулган улуттук стандарттар (КМС) | 231 |
4 | Башка мамлекеттердин улуттук стандарттары (КР СТ, БСТ) | 55 |
5 | Эл аралык стандарттар (ISO) | 290 |
6 | Эл аралык стандарттар (EN, FFV, DDP, ECE/TRADE, EPPO PM, ISPM, OIC/SMIIC, MS, DIN) | 220 |
7 | Башка МК (методикалык көрсөтмө), МН (методикалык нускама), ЖД (жетектөөчү документтер), КМ (контролдоо методдору), ӨАМ (өлчөөлөрдү аткаруу методикасы) | 191 |
Бүгүнкү күндө ББ/ЕАЭБ ТР талаптарын аткаруу максатында Фонддун стандартташтыруу боюнча документтер менен камсыздалышы 98%ды түзөт.
Фонд дээрлик күн сайын стандартташтыруу боюнча жаңы документтер же аларга өзгөртүүлөр жана түзөтүүлөр менен толукталууда.
Стандартташтыруу боюнча документтер кагаз түрүндө жана электрондук алып жүрүүчүлөрдө болот. Жыл сайын маалыматтык продукция: стандартташтыруу боюнча документтердин жылдык каталогу жана кварталдык бюллетендер чыгарылат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 "Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн бирдиктүү реестрин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргызстандарт стандартташтыруу жаатында төмөнкү мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт:
- Кыргыз Республикасынын улуттук стандарттарынын, стандартташтыруу эрежелеринин жана стандартташтыруу жаатындагы сунуштардын, уюмдардын стандарттарынын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүү;
- стандартташтыруу боюнча документтерди издөө, тандоо жана көчүрмөсүн кагаз же электрондук алып жүрүүчүдө берүү жана керектөөчүлөрдү маалыматтык абонент боюнча тейлөө.
3-таблица. 2021-2024-жылдар үчүн стандарттарды сатуу жөнүндө маалымат
Стандарттардын категориясы | 2021-ж. | 2022-ж. | 2023-ж. | 2024-ж. | Бардыгы |
Мамлекеттер аралык стандарттар (МАМСТ) | 505 | 873 | 960 | 1141 | 3479 |
Улуттук стандарттар (КМС) | 149 | 101 | 188 | 218 | 656 |
Россия Федерациясынын стандарттары (МАМСТ Р) | 55 | 69 | 96 | 65 | 285 |
Башкалар (МК, МН, ЖД, КМ, ӨАМ) | 158 | 92 | 62 | 154 | 466 |
Бардыгы | 867 | 1135 | 1306 | 1578 | 4886 |
4-таблица. 2021-2024-жылдар үчүн стандарттарды кабыл алуу боюнча маалымат
Стандарттардын категориясы | 2021-ж. | 2022-ж. | 2023-ж. | 2024-ж. | Бардыгы |
Мамлекеттер аралык стандарттар (МАМСТ) | 583 | 249 | 399 | 400 | 1631 |
Улуттук стандарттар (КМС) | 15 | 82 | 12 | 15 | 124 |
Россия Федерациясынын стандарттары (МАМСТ Р) | 400 | 43 | 27 | 49 | 519 |
Башкалар (МК, МН, ЖД, КМ, ӨАМ) | 5 | 8 | 2 | 3 | 18 |
Бардыгы | 1003 | 382 | 440 | 467 | 2292 |
"Түндүк" ЭӨАБга "Стандартташтыруу боюнча документтерди издөө, тандоо жана көчүрмөлөрүн берүү" мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүн кошуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Стандартташтыруу боюнча документтерди издөө, тандоо, ишке ашыруу үчүн Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик электрондук порталында Фонддун "Стандарттардын интернет дүкөнү" автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - АМС) иштелип чыккан. Бүгүнкү күндө АМС маалымат базасына 17077 бирдикке жакын колдонуудагы стандарттар киргизилген.
2017-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге киришине байланыштуу, ошондой эле МАКтын ишинин алкагында стандартташтыруу боюнча иштердин жаңы багыттары кошулду, мамлекеттер аралык стандарттардын (МАМСТ) долбоорлорун экспертизалоо боюнча иштин көлөмү 3 эсеге көбөйдү, бул МАМСТлар ББ ТР стандарттарынын тизмегине киргендигине жана ББ/ЕАЭБ ТР кабыл алган талаптарды аткаруунун далилдүү базасы болуп саналгандыгына байланыштуу.
Мындан тышкары 2019-жылы "Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү менен каталог түзүү жана классификациялоо функциялары кошулду.
"Стандартташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы иштин көлөмүн толуктады жана артыкчылыктуу милдеттерди койду: улуттук стандартташтыруу системасынын инфраструктурасын жакшыртуу, стандартташтыруу боюнча улуттук органдын кадрдык жана техникалык потенциалын жогорулатуу.
Стандартташтыруу ата мекендик товарларды тышкы рынокторго илгерилетүүгө, өз ара пайдалуу сооданы өнүктүрүүдө техникалык тоскоолдуктарды четтетүүгө, 2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын, ошондой эле Евразия экономикалык бирлигинин талаптарын ишке ашырууга олуттуу салым кошууга багытталган.
3. Максаты
Программанын максаты - Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүнү камсыз кылуучу натыйжалуу, заманбап жана туруктуу улуттук стандартташтыруу системасына жетишүү, ата мекендик продукциянын сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюу, ошондой эле стандарттарды эл аралык талаптарга шайкеш келтирүү.
Бул максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй негизги багыттар каралган:
- стандартташтыруунун укуктук жана институттук базасын өркүндөтүү. "Стандартташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын жаңы Мыйзамын натыйжалуу колдонууну камсыз кылуу, стандартташтыруу жаатындагы саясатты натыйжалуу ишке ашыруу үчүн ченемдик базаны жана мамлекеттик органдардын, бизнестин жана илимий коомчулуктун ортосундагы өз ара аракеттенүү механизмдерин өнүктүрүү;
- кадрдык потенциалды чыңдоо. Стандартташтыруу жаатында адистердин компетенцияларын өнүктүрүү, алардын квалификациясын жогорулатуу жана кадрларды даярдоо системасын заманбап технологиялардын жана эл аралык практикалардын талаптарына ыңгайлаштыруу;
- эл аралык жана мамлекеттер аралык интеграцияны камсыз кылуу. Улуттук стандарттарды эл аралык жана мамлекеттер аралык талаптарга шайкеш келтирүү, стандартташтыруу боюнча региондук жана эл аралык уюмдардын ишине активдүү катышуу, менеджмент системасына таанылган эл аралык стандарттарды киргизүүнүн эсебинен экспортту өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга көмөктөшүү;
- стандарттарды экспертизалоодо жана макулдашууда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу. Тармактык министрликтер менен ведомстволорду улуттук жана мамлекеттер аралык стандарттардын долбоорлорун экспертизалоо жана макулдашуу процесстерине тартуу тармактык өзгөчөлүктөрдү эске алууга, технологиялык өзгөрүүлөргө ыкчам чара көрүүгө жана бир кыйла тең салмактуу ченемдик базаны түзүүгө мүмкүндүк берет;
- техникалык регламенттердин талаптарын жана ББ/ЕАЭБ стандарттарынын тизмегин түзүүдө мамлекеттик органдардын катышуусун активдештирүү. Программа техникалык регламенттерди жана стандарттарды кароого жана макулдашууга ыйгарым укуктуу органдардын системалуу катышуусун камсыздоого багытталган, бул ЕАЭБдин алкагында Кыргыз Республикасынын позициясын күчөтүүгө жана кызыкчылыктарын коргоого, стандартташтыруунун жана техникалык жөнгө салуунун улуттук системасынын улуттан жогорку механизмдер менен макулдашылуусун камсыздоого өбөлгө түзөт;
- стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттер институтун өнүктүрүү. Тармактык министрликтердин жана ведомстволордун базасында техникалык комитеттерди түзүү жана алардын иштеши бизнес үчүн зарыл болгон стандарттарды иштеп чыгууга эксперттик-тармактык мамилени киргизүүгө, бардык кызыкдар тараптардын ортосунда координацияны күчөтүүгө жана рыноктун керектөөлөрүнө ыкчам чара көрүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берет;
- Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалымат фонду аркылуу стандарттардын актуалдуулугун жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу. Фондду жаңылоо жана стандарттардын расмий версияларын сатып алуу улуттук экономикага алдынкы технологияларды киргизүү, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана коопсуздук талаптарын сактоо үчүн зарыл болгон актуалдуу ченемдик база менен камсыз кылат.
Программа улуттук стандартташтыруу системасын туруктуу өнүктүрүүгө жетишүүгө, аны эл аралык талаптарга ыңгайлаштырууга жана Кыргыз Республикасында техникалык жөнгө салуунун жогорку деңгээлин камсыз кылууга багытталган.
4. Өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары
Программанын негизги артыкчылыктары болуп төмөнкүлөр саналат:
- эл аралык талаптарга ылайык келген Техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматтарды классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасынын маалыматтык фондун түзүү жана өнүктүрүү, ведомстволор аралык жана мамлекеттер аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу;
- стандарттардын жана ченемдик документтердин актуалдуу фондунун болушу аларды натыйжалуу колдонуунун негизги шарттарынын бири болуп саналат. Базаны үзгүлтүксүз жаңыртып туруу жана стандарттардын расмий версияларына жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу мамлекеттик органдарга, бизнеске жана башка кызыкдар тараптарга актуалдуу талаптарды өз убагында колдонууга, укуктук жана техникалык шайкешсиздиктердин тобокелдиктерин азайтууга мүмкүндүк берет;
- "Стандартташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жаңы жоболорун ишке ашыруу үчүн кадрларды окутуу жана кесиптик даярдоо зарыл, бул министрликтердин жана ведомстволордун, Кыргызстандарттын, ишканалардын ишин эл аралык практикадагы өзгөрүүлөргө жана улуттук мыйзамдардын талаптарына ыкчам ыңгайлаштырууга мүмкүндүк берет. Кайра даярдоо программаларын киргизүү, кызматкерлердин эл аралык форумдарга катышуусу жана стандартташтыруу жаатындагы алдынкы уюмдар менен тажрыйба алмашуу адистердин компетенттүүлүгүн жана алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт;
- улуттук стандарттарды эл аралык стандарттарга, анын ичинде ISO стандарттарына, Алиментариус кодексине, ошондой эле жасалма интеллект, маалыматтык киберкоопсуздук сыяктуу келечектүү багыттарга шайкеш келтирүү экономиканын жана коомдун бардык деңгээлдеринде натыйжалуулукту, коопсуздукту жана сапатты жогорулатууга, эл аралык интеграция мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга, ошондой эле жасалма интеллект жана киберкоопсуздук сыяктуу инновациялык технологияларды өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт;
- продукциянын, иштерди аткаруунун жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу улуттук стандарттардын эл аралык жана мамлекеттер аралык ченемдерге ылайык келишин камсыз кылууну талап кылат. Ата мекендик продукциянын тышкы рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюу үчүн ББ/ЕАЭБдин техникалык регламенттерине тиешелүү стандарттардын тизмегин кайра карап чыгуу жана актуалдаштыруу, ошондой эле алдынкы эл аралык тажрыйбага негизделген жаңы стандарттарды иштеп чыгуу зарыл, мында бул максаттарга жетүү үчүн негизги болуп саналат;
- мамлекеттик органдардын техникалык регламенттердин долбоорлорун жана тиешелүү стандарттардын тизмегин кароого макулдашылган катышуусу ченемдик талаптардын толуктугун жана негиздүүлүгүн камсыз кылууга, ошондой эле алардын тармактарда практикалык колдонулушунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет. Бул ЕАЭБдин ченемдик системасына жакшы интеграцияланышына өбөлгө түзөт жана улуттук жана улуттуктан жогору талаптардын ортосундагы карама-каршылыктардын тобокелдиктерин азайтат;
- стандартташтыруу боюнча техникалык комитеттердин иштешин оптималдаштыруу жана иштешин күчөтүү жана алардын ишин баалоо эрежелери - техникалык комитеттердин натыйжалуу иши продукциянын эл аралык жана улуттук талаптарга шайкештигин камсыз кылган жогорку сапаттагы жана актуалдуу стандарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт;
- экономиканын артыкчылыктуу тармактарында тармактык министрликтердин жана уюмдардын адистеринин катышуусу менен техникалык комитеттерди түзүү айрым секторлордо стандартташтыруу боюнча ишти системалаштырууга, кесиптик коомчулукту стандарттарды иштеп чыгууга жана экспертизалоого тартууга мүмкүндүк берет. Бул туруктуу эксперттик инфраструктураны түзүү жана иштелип чыккан документтердин сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзөт;
- стандарттардын долбоорлорун экспертизалоо жана макулдашуу процессинде мамлекеттик органдар менен активдүү өз ара аракеттенүү тармактык өзгөчөлүктөрдү, актуалдуу чакырыктарды жана социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык артыкчылыктарын эске алууга мүмкүндүк берет. Мындай катышуу ата мекендик бизнестин практикасынын муктаждыктарына жооп берген заманбап колдонулуучу жана натыйжалуу стандарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомун натыйжалуу ишке ашыруу үчүн тармактык министрликтердин жана ведомстволордун техникалык регламенттердин долбоорлорун кароого, ошондой эле аларга карата стандарттардын тизмегин актуалдаштырууга катышуусу зарыл;
- Кыргыз Республикасынын аймагында эл аралык, мамлекеттер аралык стандарттарды кабыл алуу. Эл аралык стандарттарды кабыл алуу продукциянын сапатына жана коопсуздугуна жалпы талаптарды белгилөөгө жардам берет, бул керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргойт жана ден соолукка жана айлана-чөйрөгө болгон тобокелдиктерди азайтат, эл аралык стандарттарды колдонуу жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн эл аралык рыноктордогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат, бул өлкөлөр ортосундагы сооданын кеңейишине жана тышкы рыноктордогу тоскоолдуктардын азайышына өбөлгө түзөт;
- менеджмент системаларына стандарттарды киргизүү, сапат менеджментинин заманбап натыйжалуу методдорун колдонуу туруктуу коопсуз өнөр жайын түзүүгө, продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт. Сапат системалары боюнча эл аралык стандарттар боюнча окутуулар коомдун, адистердин жана ишкерлердин стандарттар жана сапат системалары адамдардын жашоосун кантип жакшырта алары, технологиялык прогрессти кантип тездете алары, улуттук жана эл аралык деңгээлде кантип кадыр-барк түзө алары жана дүйнөлүк рыноктордо ишенимди кантип бекемдей алары жөнүндө маалымдуулугун жогорулатууга багытталган билим берүү ишинде негизги ролду ойнойт.
Бул милдеттерди ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын экономикасынын туруктуу өнүгүүсүн колдогон жана заманбап талаптарга ылайык келген заманбап жана натыйжалуу стандартташтыруу системасын түзүүгө жардам берет.
5. Күтүлүүчү натыйжалар
Программаны ишке ашыруу төмөнкү натыйжаларга жетүүгө мүмкүндүк берет:
- Кыргыз Республикасынын техникалык-экономикалык жана социалдык маалыматты классификациялоонун жана коддоонун бирдиктүү системасындагы экономика, статистика, банк иши, бажы иши, тышкы экономикалык иш ж.б. ушул сыяктуу тармактарда маалыматтык камсыздоо, бул автоматташтырылган маалыматтык системаларда маалыматтарды интеграциялап иштеп чыгууну камсыз кылат;
- Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалымат фондун үзгүлтүксүз жаңыртып туруу, ошондой эле стандарттардын расмий версияларын сатып алуу колдонуучуларды анык жана актуалдуу ченемдик база менен камсыз кылат. Бул адистердин техникалык компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатууга жана бизнес коомчулугунун практикалык ишинде стандарттарды кыйла натыйжалуу колдонууга шарт түзөт;
- министрликтердин жана ведомстволордун, Кыргызстандарттын, ишканалардын адистеринин компетенциясынын деңгээлин системалуу түрдө жогорулатуу, эл аралык жана региондук стандарттар жаатындагы актуалдуу билимдерге ээ болгон кадрларды даярдоо;
- улуттук стандарттарды ISO эл аралык стандарттары жана Алиментариус кодекси менен шайкеш келтирүү деңгээлин жогорулатуу соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жөнөкөйлөтүүгө мүмкүндүк берет жана эл аралык рыноктордун талаптарына шайкештикти камсыз кылат;
- стандарттардын долбоорлорун кароо жана макулдашуу этабында тармактык министрликтер жана ведомстволор менен тыгыз жана системалуу өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу. Бул ченемдик документтерди иштеп чыгууда улуттук кызыкчылыктарды жана тармактык өзгөчөлүктөрдү эске алууга мүмкүндүк берет, стандарттардын сапатын жана практикада колдонулушун жогорулатат;
- тармактык министрликтердин жана ведомстволордун техникалык регламенттердин долбоорлорун кароого, ошондой эле аларга карата стандарттардын тизмегин актуалдаштырууга системалуу катышуусу ЕАЭБдин жөнгө салуучу документтеринде улуттук реалдуулукту жана муктаждыктарды кыйла так чагылдырууну камсыз кылат.
Бул өз ара соодадагы техникалык тоскоолдуктарды азайтууга жана мыйзамдарды шайкеш келтирүүнү жогорулатууга көмөктөшөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 162 "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин/Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтомунун "Стандартташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык натыйжалуу ишке ашырылышын камсыз кылат;
- экономиканын артыкчылыктуу тармактары боюнча профилдик министрликтердин жана ведомстволордун базасында техникалык комитеттерди түзүү жана оптималдаштыруу стандартташтыруу процессине эксперттердин кеңири чөйрөсүн тартууну камсыз кылат. Бул бийлик органдарынын, илимий мекемелердин жана бизнес-коомчулуктун ортосундагы координацияны күчөтөт, ошону менен бирге заманбап чакырыктарга жана эл аралык талаптарга ылайык келген сапаттуу жана актуалдуу стандарттарды иштеп чыгууга өбөлгө түзөт;
- улуттук экономиканын муктаждыктарына жооп берген стандартташтыруунун артыкчылыктуу багыттарын өнүктүрүү. Өнөр жай, агроөнөр жай комплекси, санариптик экономика жана айлана-чөйрөнү коргоо сыяктуу негизги тармактарда стандарттарды иштеп чыгуу камсыздалат. Энергиянын натыйжалуулугу, ресурстарды үнөмдөө жана туруктуу өнүгүү боюнча стандарттарды ишке киргизүүгө, керектүү стандарттар менен өндүрүштү камсыз кылуу максатында техникалык шарттарды, уюмдардын стандарттарын жана улуттук стандарттарды иштеп чыгууда бизнес-түзүмдөрүнө колдоо көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулат;
- прогрессивдүү эл аралык стандарттарды ишке киргизүү, коомдо стандартташтырууну жайылтуу, анын ичинде менеджмент системалары боюнча, жасалма интеллект, маалыматтык коопсуздук, киберкоопсуздук, азык-түлүк коопсуздугу жана санариптик технологиялар чөйрөлөрүндө. Ошондой эле ISO 9001 жана ISO 22000 сыяктуу негизги эл аралык стандарттарды мамлекеттик тилге которуу пландалууда, бул алардын региондорду тартуу менен улуттук практикада кеңири колдонулушун камсыз кылат;
- "Стандартташтыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, анын ичинде стандартташтыруу боюнча негизги документтерди актуалдаштыруу жана стандартташтыруу боюнча документтерди каттоо тартибин иштеп чыгуу.
6. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
Программанын жагымдуу өбөлгөлөрү иштин сапаты, натыйжалуулугу жана ылдамдыгы болуп саналат, бул бардык кызыкдар тараптар, анын ичинде чакан жана орто бизнес үчүн стандарттардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртат. Кесипкөй кадрлар менен камсыз кылуу мамлекеттик органдар тарабынан да, бизнес тарабынан да улуттук стандартташтыруу системасына ишенимди жогорулатат.
Программа стандартташтыруу инфраструктурасын чыңдоого жана ар кандай бийлик органдарынын, техникалык комитеттердин жана бизнес коомчулугунун ортосундагы координацияны жакшыртууга багытталган. Эл аралык стандарттарды улуттук системага интеграциялоо маанилүү аспект болуп саналат, бул эл аралык рыноктордо ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат жана соодадагы техникалык тоскоолдуктарды четтетет.
Бул Программаны аткаруу төмөнкүдөй финансылык каражаттардын жоктугу жана стандартташтыруу боюнча улуттук органдын түзүмүн кайра уюштуруу сыяктуу ишке ашырылуучу тобокелдиктер менен байланышкан.
7. Мониторинг жүргүзүү жана баалоо
Жылына бир жолу жетишилген натыйжаларды баалоо жана көйгөйлүү тармактарды аныктоо үчүн отчетторду түзүү менен программанын иш-чараларынын аткарылышына талдоо жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Программаны ишке ашырууга жооптуу болуп саналат.
Аралык натыйжаларды талдоонун негизинде программанын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн иш-чараларды ишке ашыруунун артыкчылыктары жана мөөнөттөрү түзөтүлүшү мүмкүн.
8. Каржылоо
Бул тескеменин долбоорун кабыл алуу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга алып келбейт.
Кыскартуулардын тизмеси:
Кыргызстандарт | - | Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору; |
ЕАЭБ | - | Евразия экономикалык бирлиги; |
МАК | - | Стандартташтыруу жана метрология боюнча мамлекеттер аралык кеңеш; |
МТК | - | Мамлекеттер аралык техникалык комитет; |
ТК | - | техникалык комитет; |
МАМСТ | - | мамлекеттер аралык стандарт; |
КМС | - | Кыргыз Республикасынын улуттук стандарты; |
МАМСТ Р | - | Россия Федерациясынын улуттук стандарты; |
КР СТ | - | Казакстан Республикасынын улуттук стандарты; |
БСТ | - | Беларусь Республикасынын улуттук стандарты; |
ББ ТР | - | Бажы бирлигинин техникалык регламенти; |
ЕАЭБ ТР | - | Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламенти; |
ЕЭК | - | Евразия экономикалык комиссиясы; |
АМС | - | автоматташтырылган маалыматтык система; |
МК | - | методикалык көрсөтмөлөр; |
МН | - | методикалык нускама; |
ЖД | - | жетектөөчү документ; |
КМ | - | контролдоо методдору; |
ӨАМ | - | өлчөөлөрдү аткаруу методикасы; |
EN | - | Стандартташтыруу боюнча Европа комитети (CEN) жана Стандартташтыруу боюнча Европа электротехникалык комитети (CENELEC) кабыл алган европалык стандарт; |
OIC/SMIIC | - | Ислам кызматташтык уюмунун алдында түзүлгөн Ислам өлкөлөрүнүн стандарттар жана метрология институту иштеп чыккан стандарт (SMIIC); |
DIN | - | Германиянын улуттук стандарты; |
БУУ ЕЭК DDP | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын кургак жана кургатылган тамак-аш боюнча стандарттарынын сериясы; |
БУУ ЕЭК FFV | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын жаңы мөмө-жемиштер жана жашылчалар боюнча стандарттарынын сериясы; |
БУУ ЕЭК ECE/TRADE | - | Бириккен Улуттар Уюмунун Европа экономикалык комиссиясынын эт боюнча стандарттарынын сериясы; |
EPPO PM | - | Өсүмдүктөрдүн карантини жана коргоо боюнча Европа жана Жер Ортолук деңиз уюму иштеп чыккан стандарт; |
ISPM | - | Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча эл аралык конвенциянын катчылыгы иштеп чыккан эл аралык фитосанитардык стандарт; |
SMIIC | - | Ислам өлкөлөрүнүн стандарттар жана метрология институту; |
ISO | - | Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм; |
КООМЕТ | - | Мамлекеттик метрологиялык мекемелердин Евро-Азия кызматташтыгы; |
MS | - | Малайзиянын стандарты; |
Алиментариус кодекси | - | тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жана сапаты боюнча эл аралык стандарттардын, колдонмолордун жана сунуштамалардын жыйындысы. |