ПриказКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин 2026-жылдын 30-июнундагы № 17-13 «Электр орнотмолорунда колдонуучу коргоо каражаттарын колдонуу жана сыноо боюнча эрежелер жана аларга карата техникалык талаптарын бекитүү жөнүндө» буйругу

Редакцияот 30.06.2026
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭНЕРГЕТИКА МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

 

 

2026-жылдын 30-июну № 17-13

 

Электр орнотмолорунда колдонуучу коргоо каражаттарын колдонуу жана сыноо боюнча эрежелер жана аларга карата техникалык талаптарын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык, буйрук кылам:

1. Электр орнотмолорунда колдонуучу коргоо каражаттарын колдонуу жана сыноо боюнча эрежелер жана аларга карата техникалык талаптары тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Адам ресурстары жана иш кагаздарын жүргүзүү башкармалыгы ушул буйрукту каттоо жөнүндө өзүнчө журналда каттоосун жүргүзсүн жана “Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы” автоматташтырылган маалымат системасына киргизсин.

3. Электр энергетика башкармалыгы:

- ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин расмий веб-сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде жарыяласын;

- ушул буйруктун электрондук версиясын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу катталган күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде Укук маалыматтарынын борбордоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтсүн.

4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө электр энергетика башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Министр

А.Д. Рысбеков