Загрузка документа…
| 21-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 79 токтомуна ылайык) |
Бажы органы тарабынан авариянын же ал жеткис
күчтүн таасиринин натыйжасында товарларды жок
кылуу жана кайтарылгыс жоготуу фактысын же
болбосо ташуунун (транспорттоонун) жана (же)
сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун
натыйжасында товарлардын кайтарылгыс жоготуу
фактысын таануу тартиби
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-июнундагы № 444 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Ушул Тартип бажы органы тарабынан төмөнкү фактыны таануу эрежелерин аныктайт:
а) авариянын, ал жеткис күчтүн натыйжасында товарларды жок кылуу жана (же) кайтарылгыс жоготуу, башкача айтканда өзгөчө (табигый кырсыктар, эпидемиялар, эпизоотиялар жана өзгөчө мүнөздөгү башка жагдайлар) жана белгилүү функционалдык багыты жок жана керектөө өзгөчөлүгүн толугу менен жоготкон товарларды, буюмдарды (товарлардын бөлүктөрүн) толук жок кылуунун натыйжасында пайда болгон же пайда болбогон алдын алууга мүмкүн болбогон жагдайлар;
б) ташуунун (транспорттоонун) жана (же) сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында товарларды кайтарылгыс жоготуу.
2. Ушул Тартиптин 1-пунктунун а) жана б) пунктчаларында көрсөтүлгөн окуялар болгондо, товарлар декларанттын же мындай товарларга карата ыйгарым укуктары бар башка жактын демилгеси боюнча жок кылынган жана (же) кайтарылгыс жоголгон деп таанылат.
3. Товарларды ушул Тартиптин 1-пунктунун а) пунктчасында көрсөтүлгөн окуялардын натыйжасында жок кылынган жана (же) кайтарылгыс жоголгон деп таануу үчүн товарларды жок кылууга жана (же) кайтарылгыс жоготууга алып келген окуялар болгон региондо иш жүргүзгөн бажы органына (мындан ары – иш жүзүндө контролдоочу бажы), декларант же товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ башка жак тарабынан товарлардын жок кылынгандыгы жана (же) кайтарылгыс жоголгондугу фактысын таануу жөнүндө кабарлама (мындан ары – Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарлама) кагаз жүзүндө же электрондук түрдө эркин формада түзүлгөн документ түрүндө берилет.
4. Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламада төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:
1) декларант же (товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жак) жөнүндө:
– юридикалык жактын аталышы жана турган жери;
– салык төлөөчүнүн идентификациялык номери;
– жеке ишкер үчүн – фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо), жашаган жери;
– жеке ишкер болуп саналбаган жеке жак үчүн – фамилиясы, аты, атасынын аты (болсо), жашаган жери (турган жери);
– жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн – ким экендигин күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөлөрү;
– электрондук почта дареги (болсо), байланыш телефону;
2) жок кылынган жана (же) кайтарылгыс жоголгон товарлар жөнүндө:
– аталышы, товарды идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү жеке белгилери камтылган сыпаттамасы;
– брутто салмагы, нетто салмагы, кошумча бирдиктердеги саны (болсо);
– коммерциялык жана (же) товар коштоочу документтерге ылайык наркы жөнүндө маалыматтар;
– Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 38-беренесинин 2 жана 4-пункттарында каралган учурларда бажылык наркы жөнүндө маалыматтар;
– Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык иштин бирдиктүү товардык номенклатурасына ылайык товардын коду;
– жеке пайдалануу үчүн товарларды кошпогондо, акциздик товарларды маркалоо жөнүндө маалыматтар (сериясы, акциздик жана (же) атайын маркалардын номерлери), акциздик жана (же) атайын маркалардын саны;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 570 «Кыргыз Республикасында айрым товарларды маркалоо маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында салык салуу максатында милдеттүү маркалоого тийиш болгон айрым товарлардын тизмегине ылайык маркаланган товарларды идентификациялоо каражаттары жөнүндө маалыматтар;
3) товарларга карата бажы операциялары жасалгандыгын же бажылык контролдоо жүргүзүлгөндүгүн күбөлөндүргөн бажы декларациясынын же башка документтин каттоо номери жөнүндө (анын ичинде эл аралык почталык каттын уникалдуу номери) маалыматтар;
4) товарлар жок кылынган жана (же) кайтарылгыс жоголгон жагдайлар жөнүндө маалыматтар.
5. Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламаны берүү төмөнкүлөрдү берүү менен коштолот:
– ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген товарларды жок кылууга жана (же) кайтарылгыс жоготууга алып келген жагдайлардын бар экендигин ырастаган документтерди;
– Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламада көрсөтүлгөн товарларга карата Кыргыз Республикасынын бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын салыктар жана жыйымдар жөнүндө мыйзамдарына ылайык бухгалтердик эсепти;
– бузулган товарды оңдоонун мүмкүн эместигин же болбосо авария же ал жеткис күчтүн таасири болгон учурда бул товардын наркына карата оңдоо наркынын ашып кеткендиги жөнүндө же болбосо белгилүү функционалдык арналышка ээ болбогон жана өзүнүн керектөө өзгөчөлүктөрүн толугу менен жоготкон товарларды, буюмдарды (товарлардын бөлүктөрүн) толук жок кылуунун натыйжасында түзүлгөн учурда тиешелүү экспертиза жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу орган (уюм) тарабынан берилген бул нарктын теңдиги жөнүндө күбөлөндүргөн документтерди;
– декларанттын же товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жактын атынан жана тапшырмасы боюнча иш алып барган бажы өкүлү тарабынан Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламаны берүүдө бажы өкүлүнүн ыйгарым укуктарын алмаштыруучунун документтерин.
6. Ушул Тартиптин 2-пунктуна ылайык ушул Тартиптин 1-пунктунун б) пунктчасында көрсөтүлгөн окуялардын келип чыгышынан улам товарларды кайтарылгыс жоголду деп таануу үчүн товарлардын кайтарылгыс жоголушуна алып келген окуялар болгон региондо иш жүргүзгөн иш жүзүндө контролдоочу бажыга декларант же товарларга карата ыйгарым укуктарга ээ болгон башка жак тарабынан ташуунун (транспорттоонун) жана (же) сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында товарлардын кайтарылгыс жоголгондугу фактысын таануу жөнүндө кабарлама (мындан ары – Товарлардын табигый азаюусу жөнүндө кабарлама) эркин формада түзүлгөн кагаз жүзүндөгү же электрондук формадагы документ түрүндө берилет, анда төмөнкүдөй маалыматтар камтылууга тийиш:
1) ушул Тартиптин 4-пунктунун 1–3-пунктчаларында каралгандар;
2) ташуунун (транспорттоонун) жана (же) сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында товарлар кайтарылгыс жок болгон жагдайлар жөнүндө, анын ичинде ташуунун (транспорттоонун) нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында кайтарылгыс жоголгон товарлар үчүн – транспорттун түрү жана жүрүү маршруту жөнүндө, же болбосо сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында кайтарылгыс жоголгон товарлар үчүн – сактоо орду жана убактысы жөнүндө.
7. Кабарлама иш жүзүндө контролдоочу бажы органына ушул Тартиптин 1-пунктунун а) жана б) пунктчаларында көрсөтүлгөн жагдайлар келип чыккан күндөн тартып 15 жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.
8. Ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтер аларды берген жак тарабынан түп нуска же күбөлөндүрүлгөн көчүрмө түрүндө кагаз жүзүндө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте электрондук түрдө берилет.
9. Иш жүзүндө контролдоочу бажы органы Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынан (анын аймактык бөлүмдөрүнөн), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандык коргоо, өрт коопсуздугу, суу объекттериндеги адамдардын коопсуздугу, гидрометеорология, мамлекеттик материалдык резерв системасын башкаруу, токой чарбасы, жол кыймылынын коопсуздугу же иштин башка чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан же ыйгарым укуктуу эксперттик жана (же) камсыздандыруу органдарынан (уюмдарынан) товарларды жок кылууга жана (же) кайтарылгыс жоголушуна алып келген окуялардын келип чыгуу фактыларын ырастоо жөнүндө маалыматты суроого укуктуу.
10. Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарлама же Товарлардын табигый азаюусу жөнүндө кабарлама келип түшкөндө иш жүзүндө контролдоочу бажы мындай кабарлама келип түшкөн күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде берилген документтерди жана маалыматтарды текшерет жана авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында товарларды жок кылуу жана (же) кайтарылгыс жоготуу фактысын же ташуунун (транспорттоонун) жана (же) сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында бул товарларды кайтарылгыс жоготуу фактысын таануу жөнүндө же мындай фактыларды таануудан баш тартуу жөнүндө чечим (мындан ары бирге берилгенде – Чечим) кабыл алат.
Ушул пункттун биринчи абзацында каралган берилген документтерди жана маалыматтарды текшерүүнүн жүрүшүндө ушул Тартиптин 4-пунктунун 1–4-пунктчаларында, 5-пунктунда же ушул Тартиптин 6-пунктунун 1–2-пунктчаларында белгиленген маалыматтардын жана документтердин жоктугу жана (же) шайкешсиздиги аныкталган учурда, иш жүзүндө контролдоочу бажы ушул пункттун биринчи абзацында белгиленген мөөнөттүн чегинде начальниктин же аны алмаштырган адамдын колу коюлган кат менен Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламаны же Товарлардын табигый азаюусу жөнүндө кабарламаны берген жактан жок болгон маалыматтарды жана (же) документтерди, ошондой эле аныкталган шайкешсиздиктерди жоюу максатында жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү (мындан ары – Суроо-талап ) сурайт.
Суроо-талап тапшырылгандыгы жөнүндө кабарлоо менен буйрутма почталык кат менен жиберилет.
Суроо-талапты жиберүүдө Чечим Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламаны же Товарлардын табигый азаюусу жөнүндө кабарламаны берген жактан ушул пунктка ылайык суралган документтер жана (же) маалыматтар, ошондой эле аныкталган шайкешсиздиктерди жоюу максатында жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөр келип түшкөн күндөн тартып же алар келип түшпөсө ушул пункттун төртүнчү абзацында белгиленген мөөнөт аяктаган күндөн кийин 10 календардык күндөн кечиктирбестен, иш жүзүндө контролдоочу бажы тарабынан кабыл алынат.
11. Иш жүзүндө контролдоочу бажы авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин кесепетинен товарларды жок кылуу жана (же) кайтарылгыс жоготуу фактысын же болбосо ташуунун (транспорттоонун) жана (же) сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында бул товарларды кайтарылгыс жоготуу фактысын төмөнкүдөй учурларда таануудан баш тартат:
1) ушул Тартиптин 4-пунктунун 1–4-пунктчаларында, 5-пунктунда же болбосо ушул Тартиптин 10-пунктуна ылайык Суроо-талапты жиберүүнүн натыйжалары боюнча ушул Тартиптин 6-пунктунун 1–2-пунктчаларында каралган маалыматтардын жана документтердин жоктугу жана (же) шайкешсиздиги;
2) Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламаны же Товарлардын табигый азаюусу жөнүндө кабарламаны ушул Тартиптин 3 же 6-пункттарында көрсөтүлгөндөн башка бажы органына берүү;
3) товарларды жок кылууга жана (же) кайтарылгыс жоготууга алып келген окуялардын келип чыгуу фактыларынын ырасталбагандыгы жөнүндө маалыматты камтыган ушул Тартиптин 8-пунктунда каралган Суроо-талапка жооп алуу;
4) ташуунун (транспорттоонун) жана (же) сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында кайтарылгыс жоголгон товарлардын санынын мындай товарлардын табигый азаюу ченемдерине жана документте билдирилген маалыматтарга шайкешсизидиги.
12. Иш жүзүндө контролдоочу бажы кабыл алынган Чечимди Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламаны же Товарлардын табигый азаюусу жөнүндө кабарламаны берген жакка, ошондой эле товарлар чыгарылган бажы органына Чечим кабыл алынган күндөн кийинки бир жумуш күндөн кечиктирбестен жиберет.
Чечим иш жүзүндө контролдоочу бажынын каты менен бажынын начальниги же аны алмаштырган адамдын колу коюлуп жиберилет жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
1) ушул Тартиптин 4-пунктунун 2 жана 3-пунктчаларында каралган маалыматтарды;
2) мындай чечим кабыл алынган учурда ушул Тартиптин 10-пунктунда каралган Чечимди кабыл алуу үчүн негиздерди.
13. Ушул Тартиптин 11-пунктунда каралган Чечимди кабыл алууда Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламаны же Товарлардын табигый азаюусу жөнүндө кабарламаны берген жактын дарегине ушул Тартиптин 13-пунктуна ылайык жиберилүүчү иш жүзүндө контролдоочу бажынын катына ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тиркелет.
14. Авариянын же ал жеткис күчтүн таасиринин натыйжасында товарларды жок кылуу жана (же) кайтарылгыс жоготуу фактысын же болбосо ташуунун (транспорттоонун) жана (же) сактоонун нормалдуу шарттарында табигый азаюунун натыйжасында бул товарларды кайтарылгыс жоготуу фактысын таануу жөнүндө чечимди кабыл алууда ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн документтер аларды тиешелүү чечим кабыл алынган иш жүзүндөгү контролдоочу бажыга көрсөтүүдө аталган документтерди кайтарып берүү жөнүндө эркин формада түзүлгөн жазуу жүзүндөгү арызды берүүдө Товарларды жок кылуу жөнүндө кабарламаны же Товарлардын табигый азаюусу жөнүндө кабарламаны берген жакка кайтарып берилет.
Ушул Тартиптин 5-пунктунда көрсөтүлгөн жана Чечимди кабыл алуу үчүн негиз болгон документтердин көчүрмөлөрү иш жүзүндө контролдоочу бажыда ал кабыл алынган күндөн тартып үч жылдан кем эмес сакталат.
15. Чечим кабыл алгандан кийин зарыл болгон учурда иш жүзүндө контролдоочу бажы тарабынан бажы декларациясына же бажылык укуктук мамилелерди жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде жана Евразия экономикалык бирлигинин укугун түзүүчү актыларда каралган башка бажы документине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча иш-аракеттер жасалат, бажы документинде бажы контролунда турган, жок кылынды жана (же) кайтарылгыс жоголду деп таанылган товарлар жөнүндө маалыматтар камтылат.