Загрузка документа…
Көңул буруңуздар!!!
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 17-июлу № 113
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Жөнгө салуу предмети
1. Ушул Мыйзам мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу жана берүү менен байланышкан укуктук мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу төмөнкүлөр менен байланышкан укуктук мамилелерге жайылтылбайт:
1) лицензиялык-уруксат берүү тутуму;
2) мамлекеттик көзөмөлдөө жана контролдоо функцияларын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин иши;
3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын өз функцияларын жүзөгө ашырууда ведомстволор аралык жана ички ведомстволук өз ара аракеттенүүсү, мындай өз ара аракеттенүү конкреттүү кызмат көрсөтүүнүн жол-жобосунун курамдык бөлүгү же бири-бирине кызматтарды көрсөтүү болуп саналганда.
Мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар, жана мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан бири-бирине көрсөтүлүүчү кызматтар жарандык мыйзамдарга ылайык келишимдик негизде жүзөгө ашырылат.
2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу түшүнүктөр жана принциптер
1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) кызмат көрсөтүүлөрдүн администратору - кызмат көрсөтүүлөрдү уюштурууга жана берүүгө жооптуу мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы, мамлекеттик же муниципалдык мекеме;
2) кызматтарды көрсөтүүнүн аутсорсинги - кызматтарды көрсөтүү процессинин келишиминин негизинде администратор тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдү өткөрүп берүүсү;
3) мамлекеттик же муниципалдык кызмат көрсөтүү - ушул Мыйзамда каралган критерийлерге ылайык келген, кызмат көрсөтүүнү аткаруучунун жеке же юридикалык жактын суроо-талабын аткаруу боюнча компетенциясынын алкагында же болбосо проактивдүү формада жүзөгө ашырылуучу иши;
4) Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри - ушул Мыйзамда каралган талаптарды эске алуу менен түзүлүүчү, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер (ишканалар) тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын бирдиктүү классификацияланган тизмеги;
5) кызмат көрсөтүүгө суроо-талап - жеке же юридикалык жактын жеке өзү же болбосо ыйгарым укуктуу өкүлү аркылуу жасалган, кызмат көрсөтүүнү алууга анын эрк билдирүүсүн аныктоого мүмкүндүк берүүчү анын кандай болбосун аракети;
6) кызмат көрсөтүүнү аткаруучу - алуучуга өз компетенциясынын чегинде кызмат көрсөтүүчү субъект. Кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучуларга төмөнкүлөр кирет:
а) мамлекеттик орган;
б) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы;
в) мамлекеттик мекеме, муниципалдык мекеме;
г) мамлекеттик ишкана, муниципалдык ишкана;
д) кызмат көрсөтүүнүн аутсорсинги алкагында кызмат көрсөтүүчү юридикалык жак же жеке ишкер;
7) жеткиликтүүлүк терезеси - белгиленген каналдардын жана каражаттардын, анын ичинде санариптик каражаттардын жыйындысы, алуучу алар аркылуу кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талап бере алат, кызмат көрсөтүү жөнүндө маалымат ала алат, аны берүүнүн жүрүшүн көзөмөлдөй алат, кызмат көрсөтүүнүн формасына карабастан аны ала алат;
8) кызмат көрсөтүүнү алуучу - кызмат көрсөтүүнү алган жеке же юридикалык жак;
9) кызматтарды көрсөтүүнүн проактивдүү формасы - мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, кызмат көрсөтүүлөрдү башка аткаруучуларда болгон маалыматтардын негизинде кызматтарды көрсөтүүнү алуучу тарабынан суроо-талаптын зарылдыгысыз окуянын же юридикалык маанилүү жагдайдын келип чыгуу фактысы боюнча кызмат көрсөтүүнүн формасы;
10) ыйгарым укуктуу орган - кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө саясат жүргүзүүгө жооптуу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
11) жарандык-укуктук мүнөздөгү кызмат көрсөтүү - ушул Мыйзамда каралган критерийлерге шайкеш келген, жарандык-укуктук келишимге ылайык көрсөтүлүүчү кызмат.
2. Кызматтарды көрсөтүү төмөнкүдөй принциптерде жүзөгө ашырылат:
1) алуучуга багыт алуу;
2) кызмат көрсөтүүлөрдүн коопсуздугу жана сапаты;
3) ак ниеттүүлүк;
4) отчеттуулук;
5) ачык-айкындуулук;
6) кызмат көрсөтүүлөрдү алууга тең укуктуулук.
2-глава. Кызматтарды көрсөтүүнүн түрлөрү жана формалары
3-берене. Кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрү жана критерийлери
1. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары, башка мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар төмөнкүдөй бөлүнөт:
1) мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр;
2) жарандык-укуктук мүнөздөгү кызмат көрсөтүүлөр.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө ушул берененин 3-бөлүгүндө белгиленген критерийлерге шайкеш келген кызмат көрсөтүүлөр кирет.
3. Мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана муниципалдык кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй критерийлерге шайкеш келүүгө тийиш:
1) жеке же юридикалык жактан кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талаптын болушу (проактивдүү кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо);
2) кызматтарды көрсөтүүнүн администраторунда мыйзамдарда белгиленген, тиешелүү чөйрөдө аларга кызматтарды көрсөтүүнү уюштурууну жана көрсөтүүнү караган функциялардын жана ыйгарым укуктардын болушу;
3) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучунун укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууга, милдеттерин аткарууга багытталуусу;
4) акыркы натыйжаны алуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн башка аткаруучуларына кошумча кайрылуу зарылдыгын болтурбоочу кызмат көрсөтүүнүн бүтүндүгү;
5) кызмат көрсөтүүлөрдү альтернативдик берүүчүлөрдөн - мамлекеттик эмес сектордун субъектилеринен алуунун мүмкүн эместиги.
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөргө мамлекеттик органдар же мамлекеттик мекемелер администраторлору болгон кызмат көрсөтүүлөр кирет.
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары администраторлору болгон кызмат көрсөтүүлөр кирет.
4. Жарандык-укуктук мүнөздөгү кызмат көрсөтүү төмөнкүдөй критерийлерге шайкеш келүүгө тийиш:
1) жеке же юридикалык жактан кызмат көрсөтүүнү алууга суроо-талаптын болушу (проактивдүү кызмат көрсөтүүлөрдү кошпогондо);
2) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдары менен жөнгө салынышы;
3) ачык мүнөздөгү юридикалык кесепеттердин жоктугу;
4) кызмат көрсөтүүлөрдү альтернативдик берүүчүлөрдөн алуу мүмкүндүгү.
5. Кызматтар акысыз же акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлөт.
6. Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана мыйзамдарында акысыздыгы бекитилген, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү милдеттенмелеринен келип чыгуучу мамлекеттик кызматтар жана муниципалдык кызматтар акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлбөйт.
7. Айрым категориялардагы керектөөчүлөр үчүн кызматтар жеңилдетилген шарттарда көрсөтүлүшү мүмкүн.
8. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн акынын өлчөмүн аныктоо тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
9. Жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү үчүн акынын өлчөмүн аныктоо тартиби иштин тиешелүү профилдик чөйрөсүндөгү мыйзамдар же жарандык мыйзамдар менен жөнгө салынат. Эгерде бул тартип профилдик мыйзамдар же жарандык мыйзамдар менен жөнгө салынбаса, кызматтарды көрсөтүү үчүн акынын өлчөмү кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу тарабынан өз алдынча аныкталат жана айрым категориядагы керектөөчүлөр үчүн жеңилдиктерди карашы мүмкүн.
4-берене. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри
1. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет жана анын расмий сайтында жайгаштырылат.
2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар жана жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтар киргизилет.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине же кызмат көрсөтүүлөрдүн тиешелүү кошумча тизмегине киргизилбеген акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө жол берилбейт.
4. Кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторлору Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизүү үчүн сунушталуучу кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин иштеп чыгат жана ыйгарым укуктуу органга жиберет.
5. Аймактын өзгөчөлүктөрүн жана жергиликтүү коомдоштуктун керектөөлөрүн эске алуу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине киргизилбеген жана тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында көрсөтүлүүчү кызматтардын кошумча тизмегин өз алдынча бекитүүгө укуктуу. Кошумча тизмектерге киргизилүүчү кызмат көрсөтүүлөр ушул Мыйзамдын талаптарына шайкеш келүүгө тийиш.
6. Ыйгарым укуктуу орган Бирдиктүү реестрге киргизүү үчүн сунушталган кызматтарды көрсөтүүнүн ушул Мыйзамда белгиленген критерийлерге шайкештигин жана кызматтардын акы төлөнүүчү негизде көрсөтүлүшүнүн негиздүүлүгүн баалоону жүргүзөт.
7. Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин түзүү жана жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
5-берене. Кызмат көрсөтүүнүн проактивдүү формасы
1. Кызмат көрсөтүүлөрдүн администратору мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, кызмат көрсөтүүлөрдүн башка аткаруучуларында болгон маалыматтардын негизинде окуя же юридикалык мааниге ээ жагдай келип чыкканда алуучунун суроо-талабы жок автоматтык түрдө проактивдүү формада кызмат көрсөтүүнү демилгелейт.
2. Проактивдүү формадагы кызмат көрсөтүүлөр төмөнкүдөй берилет:
1) алуучунун кошумча аракеттерисиз, ага кабарлоо менен;
2) алуучунун макулдугу менен.
3. Проактивдүү формада кызматтарды көрсөтүүдө кызмат көрсөтүүнү алуучуга төмөнкүлөргө кепилдик берилет:
1) кызмат көрсөтүүдөн баш тартуу укугу;
2) анын натыйжаларына даттануу мүмкүнчүлүгү.
4. Проактивдүү формада кызматтарды көрсөтүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
6-берене. Кызматтарды көрсөтүүнүн санариптик формасы
1. Кызматтарды көрсөтүүнүн санариптик формасы артыкчылыктуу болуп саналат. Керектөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү үчүн зарыл шарттарды түзүү жана басмырлоого жол бербөө максатында кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу кызмат көрсөтүүлөрдү алуунун альтернативдүү формаларын камсыз кылат.
2. Кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу арыз ээсинен санариптик өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу алынышы мүмкүн болгон маалыматты же документтерди талап кылууга укуксуз.
3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү жана мамлекеттик жана муниципалдык функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн санариптик сервистер (мамлекеттик сервистер) Улуттук санарип экотутумунун алкагында берилет. Мамлекеттик сервистерди түзүү жана пайдалануу эрежелери Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси менен белгиленет.
4. Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык башка маалыматтык тутумдар аркылуу же болбосо мамлекеттик санарип сервистеринин тиркемелери жана сайты аркылуу санарип сервиси түрүндө көрсөтүлүүчү кызматтарды кошпогондо, Санариптик кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталы санариптик формада кызматтарды көрсөтүү үчүн жеткиликтүүлүктүн бирдиктүү терезеси катары чыгат.
3-глава. Кызматтарды көрсөтүү процессинин субъекттеринин милдеттери жана ыйгарым укуктары
7-берене. Кызмат көрсөтүүлөрдүн администратору
1. Кызматтарды көрсөтүүнүн администратору:
1) кызматтарды көрсөтүү процессин уюштурат жана координациялайт;
2) кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана коопсуздугун камсыз кылат;
3) кызматтарды санариптик жана проактивдүү формаларда көрсөтүү үчүн ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жана санариптик сервистер менен ресурстарды интеграциялоо үчүн шарттарды түзөт;
4) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын кызматтарды көрсөтүүнүн жол-жоболорун жана шарттарын жакшыртуу жөнүндө сунуштарын карайт;
5) өз компетенциясынын чегинде кызматтарды көрсөтүү процессин уюштуруу үчүн жоопкерчилик тартат.
2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн администратору айрым кызмат көрсөтүүлөр боюнча бир эле убакта кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу катары чыга алат.
8-берене. Кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу
1. Кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
1) кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын суроо-талаптарын кабыл алууну жана иштеп чыгууну;
2) кызматтарды санариптик, проактивдүү же башка формада көрсөтүүнү;
3) көрсөтүлгөн кызматтардын эсебин жүргүзүүнү жана мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторуна маалымат берүүнү;
4) кызматтарды көрсөтүүнүн шарттары, мөөнөттөрү жана натыйжалары жөнүндө алуучуларга маалымдоону.
2. Кызмат көрсөтүүнүн аткаруучусу көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты, коопсуздугу, өз убагында көрсөтүлүшү жана мыйзам ченемдүүлүгү үчүн административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарга жана укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат.
3. Кызмат көрсөтүүлөрдүн аткаруучулары кызматтарды көрсөтүүдө жеке маалыматтарды коргоо жана маалыматтык коопсуздук жөнүндө мыйзамдардын талаптарын сактоону камсыз кылат.
9-берене. Кызмат көрсөтүүлөрдүн аутсорсинги
1. Кызмат көрсөтүүлөрдүн администратору кызматтарды көрсөтүү процессин юридикалык жактарга жана жеке ишкерлерге кызмат көрсөтүүлөрдүн аутсорсинги алкагында өткөрүп берүүгө укуктуу.
2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн аутсорсинги кызматтарды көрсөтүү боюнча иш-аракеттерди аткаруу үчүн юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди тартуу максатында кызмат көрсөтүүлөрдүн администратору менен түзүлгөн келишимдин негизинде жүзөгө ашырылат.
3. Кызматтарды көрсөтүү процессин аутсорсингге өткөрүп берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
4. Юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди кызматтарды көрсөтүүгө тартуу кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторун аларды көрсөтүүнүн сапаты, өз убагында көрсөтүлүшү жана коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтен бошотпойт.
10-берене. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын укуктары жана милдеттери
Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
1) суроо-талаптардын негизинде кызмат көрсөтүүлөрдү проактивдүү, санариптик жана башка формаларда алууга;
2) кызмат көрсөтүүлөрдү алуу процессин жакшыртуу жана өркүндөтүү жөнүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторуна жана/же аткаруучусуна сунуштарды киргизүүгө;
3) тиешелүү кызмат көрсөтүүлөрдү алууда өз укуктарын коргоого.
11-берене. Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымдоо
1. Көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмектери жана кызмат көрсөтүүнү алуучуга зарыл болгон башка маалымат кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторлорунун жана аткаруучуларынын веб-сайттарында, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөргө жетүү пункттарында жайгаштырылууга тийиш.
2. Кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымдоо тартибине карата Бирдиктүү талаптар ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.
12-берене. Кызматтарды көрсөтүүнү контролдоо
1. Ыйгарым укуктуу орган Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү методикага ылайык төмөнкүлөргө контролду жүзөгө ашырат:
1) кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторлорунун жана аткаруучуларынын ушул Мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча ишине;
2) кызматтарды көрсөтүүнүн санариптик формасынын, анын ичинде санариптик кызмат көрсөтүүлөргө мониторинг жүргүзүүнүн мамлекеттик маалыматтык тутумдарын пайдалануу менен кызматтарды көрсөтүүнүн артыкчылыгынын сакталышына.
2. Кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторлору ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн методиканын негизинде кызматтарды көрсөтүүгө ички контролду жүзөгө ашырат.
13-берене. Кызматтарды көрсөтүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүү жана баалоо
1. Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тартиптин негизинде ыйгарым укуктуу орган жана кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторлору кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулардын алардын жеткиликтүүлүгүнө, сапатына жана өз убагында көрсөтүлүшүнө канааттануу даражасын аныктоо үчүн көрсөтүлүүчү кызматтарга бир жылда кеминде бир жолу баалоо жүргүзөт.
2. Кызмат көрсөтүүлөрдү алуучулар кызматтарды көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү, сапаты жана өз убагында көрсөтүлүшү боюнча коомдук мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону жүзөгө ашырууга укуктуу. Коомдук мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун натыйжасы боюнча ыйгарым укуктуу орган, кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторлору жана аткаруучулары кызматтарды көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн, сапатын жана өз убагында көрсөтүлүшүн жогорулатууга багытталган чараларды көрүшөт.
4-глава. Корутунду жоболор
14-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-июлундагы № 139 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 7, 715-ст.);
2) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-октябрындагы № 170 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 9, 947-ст.);
3) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 20-июлундагы № 130 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 732-ст.);
4) "Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө жана Жоруктар жөнүндө кодекстерине шайкеш келтирүү боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 23-мартындагы № 39 Мыйзамынын 4-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 30-марты, № 28);
5) "Кыргыз Республикасынын Баткен областына өзгөчө статус берилгенине байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 13-сентябрындагы № 118 Мыйзамынын 4-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 24-сентябры, № 99);
6) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 9-мартындагы № 51 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 14-марты, № 19);
7) "Билим берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 7-августундагы № 165 Мыйзамынын 5-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 11-августу, № 64);
8) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 17-июлундагы № 122 Мыйзамы ("Эркин-Тоо" гезити, 2024-жылдын 23-июлу, № 55);
9) "Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин кабыл алынышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамынын 5-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 5-августу, № 58);
10) "Билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 14-октябрындагы № 210 Мыйзамынын 2-беренеси ("Эркин-Тоо" гезити, 2025-жылдын 17-октябры, № 79).
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үч айлык мөөнөттө:
1) Ушул Мыйзамды ишке ашыруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
2) өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 21-июлундагы № 54 (3814) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |