Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-июлу № 504
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларына рыноктук бааларды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-1-беренесинин 2-пунктуна, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 249 "Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу максатында колдонулуучу нөл (0) пайыз ставкасы боюнча кошумча нарк салыгы салынуучу товарлар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) преамбулада "34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна" деген сөздөр "34-1-беренесинин 2-пунктуна" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) 1-пункттун 1 жана 2-пунктчалары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын аймагына төмөнкүлөр тарабынан ташылып келүүчү дандын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу импортуна:
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун (мындан ары - Фонд) максаттары же өзүнүн өндүрүшү үчүн ун өндүрүүчүнүн дарегине берүү үчүн Фонд тарабынан;
- өзүнүн өндүрүшү же Фонддун же башка ун өндүрүүчүнүн дарегине берүү үчүн ун өндүрүүчү тарабынан;
2) Фонддун жана/же ун өндүрүүчүнүн дарегине жүзөгө ашырылуучу данды (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 1001) салык салынуучу берүүлөргө;";
3) мамлекеттик тилдеги текстте 1-пункттун 3-пунктчасында, 1-1-пункттун 2-пунктчасында "жеткирүүлөргө" деген сөз "берүүлөргө" деген сөзгө алмаштырылсын;
4) 3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-сентябрындагы № 479 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 137 "Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана ата мекендик айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн жана дыйкан (фермер) чарбаларын колдоо боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-декабрындагы № 718 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана рыноктук бааларды турукташтыруу жаатындагы айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомунун 1-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-декабрындагы № 718 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 27-декабрындагы № 808 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |