Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 28-октябрындагы № 730
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-сентябры № 614
Кыргыз Республикасынын аймагына
курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн
ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну
киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн 1-тиркемеде көрсөтүлгөн курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн ташып келүүгө ушул токтом күчүнө киргенден үч күн өткөндөн кийин алты айлык мөөнөткө киргизилүүчү убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салуу төмөнкү товарларга жайылтылбайт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзит менен ташылуучу;
2) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан ташып келинүүчү;
3) аймагында бажы операциялары жүргүзүлүүчү бажы органына алардын стратегиялык жана инвестициялык объекттерди ишке ашырууга багытталгандыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тарабынан 2-тиркемеге ылайык форма боюнча таризделген ырастоо тиркелген расмий кат жөнөтүлгөн;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен жактырылган инвестициялык макулдашууларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ташып келинүүчү;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 119 «Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду тандоо регламенти жөнүндө» токтому менен каралган улуттук инвестициялык долбоорлордун жана мамлекеттик маанидеги долбоорлордун тизмегине киргизилген долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ташып келинүүчү, тиешелүү долбоорго бекитилген жооптуу куратордун товарлардын ушул долбоорду ишке ашыруу үчүн ташып келингендигин ырастоочу расмий каты болгон учурда;
6) тиешелүү товарды коштоочу документтер менен ырасталган, ушул токтомдун 1-пунктунда белгиленген убактылуу тыюу салуу колдонулуп баштаган датага чейин Кыргыз Республикасындагы алуучулардын дарегине жүктөлүп жөнөтүлгөн жана жолдогу, алар ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып эки айдын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинген шартта.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги бул токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуунун киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен жогоруда аталган тыюу салуунун киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы 1-тиркемеде көрсөтүлгөн курулуш материалдарынын айрым түрлөрүн мыйзамсыз ташып келүүгө жол бербөө боюнча чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө убактылуу тыюу салуу киргизилип жаткан курулуш материалдарынын айрым түрлөрүнүн тизмеги
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
ЕАЭБ ТЭИ ТН коду | ЕАЭБдин бирдиктүү бажы тарифи боюнча товардын расмий аталышы |
6810 11 100 0 | Жеңилдетилген бетондон (майдаланган пемзадан, майда тоголоктолгон күлдөн ж.б. жасалган негиз менен) курулуш блоктору жана кыштар, арматураланбаган же арматураланган |
6810 11 900 0 | Цементтен, бетондон же жасалма таштан башка курулуш блоктору жана кыштар, арматураланбаган же арматураланган |
6907 21 100 0, 6907 21 900 9, 6907 22 100 0, 6907 22 900 9, 6907 23 100 0, 6907 23 900 9, 6907 40 100 0, 6907 40 900 9дан | Төшөө үчүн плиталар, полдор, мештер, каминдер жана дубалдар үчүн каптоочу плиткалар, өлчөмү 58 × 58 см, 59 × 59 см, 60 × 60 см, 61 × 61 см, 62 × 62 см, 58 × 118 см, 59 × 119 см, 60 × 120 см, 61 × 121 см жана 62 × 122 см |
7005 29 250 0 | Термикалык жылтыратылган айнек жана жылмаланган же жылтыратылган бети бар айнек, калыңдыгы 3,5 мм ашык эмес |
7005 29 350 0 | Термикалык жылтыратылган айнек жана жылмаланган же жылтыратылган бети бар айнек, калыңдыгы 3,5 мм ашык, бирок 4,5 мм ашык эмес |
7005 29 800 0 | Термикалык жылтыратылган айнек жана жылмаланган же жылтыратылган бети бар айнек, калыңдыгы 4,5 мм ашык |
8544 49 950 9дан | Алюминий өзөктүү кабелдер (АВВГ/АВВГнг/АВВГнг-LS): – кесиги: 2,5 мм2 тартып 240 мм2 чейин; – өзөктүүлүгү: 1ден 5 өзөккө чейин. Жез өзөктүү кабелдер (ВВГ/ВВГнг/ВВГнг-LS): – кесиги: 1,5 мм2 тартып 240 мм2 чейин; – өзөктүүлүгү: 1ден 5 өзөккө чейин. Өзү көтөрүүчү изоляцияланган өткөргүчтөр (СИП-1, СИП-2, СИП-3, СИП-4, СИП-5): – кесиги: 16 мм2 тартып 150 мм2 чейин; – өзөктүүлүгү: 1ден 5 өзөккө чейин |
|
| 2-тиркеме |
Стратегиялык жана (же) инвестициялык объектти ишке ашыруу үчүн товарлардын багытталышын ырастоо
Стратегиялык жана (же) инвестициялык объекттин аталышы | |||
| |||
1. Жөнөтүүчү | |||
2. Алуучу | |||
3. Транспорт каражатынын номери | 4. Инвойс | 5. Транспорттук коштомо кагаз (CMR) | |
| көчүрмө тиркелет | көчүрмө тиркелет | |
№ | 6. Товарлар (аталышы, саны жана өлчөө бирдиги) | ||
1) |
| ||
2) |
| ||
|
|
|
|
Ыйгарым укуктуу кызматтык жак | __________________ | __________________________ |
М.О. | (колу) | (аты-жөнү) |