2010-жылдын 10-сентябрында Пекинде кол коюлган Эл аралык жарандык авиацияга карата мыйзамсыз актыларга каршы күрөшүү жөнүндө конвенцияга, 2010-жылдын 10-сентябрында Пекинде кол коюлган Аба кемелерин мыйзамсыз басып алууга каршы күрөшүү жөнүндө конвенцияны толуктоочу протоколго, 2014-жылдын 4-апрелинде Монреалда кол коюлган Аба кемелеринин бортунда жасалган кылмыштар жана айрым башка актылар жөнүндө конвенцияны өзгөртүүчү протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусу (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-ноябрындагы № 857-т тескемеси менен жактырылган)
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 16-ноябрындагы № 857-т тескемеси менен
жактырылган
2010-жылдын 10-сентябрында Пекинде кол коюлган Эл аралык жарандык авиацияга карата мыйзамсыз актыларга каршы күрөшүү жөнүндө конвенцияга, 2010-жылдын 10-сентябрында Пекинде кол коюлган Аба кемелерин мыйзамсыз басып алууга каршы күрөшүү жөнүндө конвенцияны толуктоочу протоколго, 2014-жылдын 4-апрелинде Монреалда кол коюлган Аба кемелеринин бортунда жасалган кылмыштар жана айрым башка актылар жөнүндө конвенцияны өзгөртүүчү протоколго Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
корутундусу
2010-жылдын 10-сентябрында Пекинде кол коюлган Эл аралык жарандык авиацияга карата мыйзамсыз актыларга каршы күрөшүү жөнүндө конвенция (мындан ары – Пекин конвенциясы), 2010-жылдын 10-сентябрында Пекинде кол коюлган Аба кемелерин мыйзамсыз басып алууга каршы күрөшүү жөнүндө конвенцияны толуктоочу протокол (мындан ары – Пекин протоколу), 2014-жылдын 4-апрелинде Монреалда кол коюлган Аба кемелеринин бортунда жасалган кылмыштар жана айрым башка актылар жөнүндө конвенцияны өзгөртүүчү протокол (мындан ары – Монреаль протоколу) жарандык авиациянын коопсуздугун камсыз кылуунун эл аралык-укуктук механизмдерин өркүндөтүүгө жана бул чөйрөдөгү заманбап коркунучтарга, анын ичинде аба кемелерин мыйзамсыз басып алууга, ошондой эле алардын бортунда жасалган кылмыштарга жана башка укукка каршы аракеттерге каршы аракеттенүүгө багытталган.
Пекин конвенциясы жарандык авиациянын коопсуздугуна каршы кылмыш катары таанылган жосундардын тизмесин кеңейтет. Атап айтканда, анын жоболору аба кемесинин жана жарандык авиация объекттеринин коопсуздугуна түздөн-түз каршы багытталган кылмыштарды гана эмес, ошондой эле адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна, мүлкүнө жана айлана-чөйрөгө зыян келтирүү максатында аба кемесин укукка каршы пайдаланууну да камтыйт.
Пекин протоколу аба кемесин мыйзамсыз басып алуу актыларынын тизмесин кеңейтет. Атап айтканда, мындай басып алуу зомбулук, аны колдонуу коркунучу же коркутуунун башка формалары аркылуу гана эмес, техникалык каражаттарды, анын ичинде аба кемесинин бортунда түздөн-түз болбогон адамдар тарабынан да жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Монреаль протоколу аба кемелеринин бортунда жасалган кылмыштарга жана башка укукка каршы аракеттерге, анын ичинде аба кемесинин, анын бортундагы адамдардын же мүлктүн коопсуздугуна коркунуч келтирген тартипсиз жүрүм-турум учурларына каршы күрөшүү маселелерин жөнгө салат. Протокол мындай жосундарга карата юрисдикцияны аба кемеси конуучу мамлекетке жана аба кемесин эксплуатациялоочу мамлекетке да жайылтат.
Кыргыз Республикасынын аталган эл аралык келишимдерге кошулуусу жарандык авиация чөйрөсүндөгү кылмыштардын алдын алуунун жана бөгөт коюунун укуктук механизмдерин күчөтүүгө, мындай кылмыштарды жасаган адамдарды кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууну камсыз кылууга, ошондой эле авиациялык коопсуздук жаатындагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Ошол эле учурда Пекин конвенциясында каралган кылмыштардын курамдарын жана болжолдонгон кылмышкер өткөрүлүп берилбеген учурда аны кылмыш жоопкерчилигине тартууну жүзөгө ашырууга мамлекеттин милдеттенмелерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарына тиешелүү ченемдерди киргизүү маселесин кароо талап кылынат.
Көрсөтүлгөн эл аралык келишимдерге кошулуу Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык келет жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге каршы келбейт.
«Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык «Эл аралык жарандык авиация жаатындагы конвенцияга жана протоколдорго Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизүү сунушталат.
Жогоруда белгиленген эл аралык келишимдердин жоболорун ишке ашыруу республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарга, ошондой эле финансы-экономикалык жана башка терс кесепеттерге алып келбейт.