Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы № 620 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 6-марты № 136
Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттык конкурстук документтерди бекитүү жөнүндө
"Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттык конкурстук документтер тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 24-мартындагы № 30 жарыяланды
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
|
| Тиркеме |
Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча СТАНДАРТТЫК КОНКУРСТУК ДОКУМЕНТТЕР
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул консультациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттык конкурстук документтер (мындан ары - стандарттык конкурстук документтер) конкурстарды өткөрүү шарттарын, тартибин (анын ичинде сатып алуу жөнүндө келишимдин (контракттын) долбоорун) камтыган конкурстук табыштаманы даярдоо үчүн сатып алуучу уюм тарабынан консультантка берилген документтердин пакети болуп саналат.
2. Ушул стандарттык конкурстук документтер консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү төмөнкү методдор аркылуу сатып алуу үчүн иштелип чыккан:
1) квалификация жана нарк боюнча тандоо;
2) квалификация боюнча тандоо;
3) белгиленген бюджеттин шарттарында тандоо;
4) эң төмөнкү баа боюнча тандоо.
3. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жобосу төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) техникалык тапшырманы даярдоо;
2) чыгымдар сметаларын (бюджет) даярдоо;
3) жарыяларды жайгаштыруу;
4) билдирилген жааттагы иш тажрыйбасы жөнүндө берилген маалыматтын негизинде консультанттардын кыскача тизмесин түзүү;
5) конкурстук документтерди даярдоо;
6) сунуштарды алуу;
7) техникалык сунуштарды баалоо;
8) финансылык сунуштарды баалоо;
9) сапатты жана наркты акыркы баалоо;
10) сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана келишимдерди түзүү.
2-глава. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү тандоо методдору
4. Квалификация жана нарк боюнча тандоо консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмдөрү аныкталган учурда (мисалы, техникалык-экономикалык негиздемени түзүү, долбоорлоо, дизайн ж.б.) жүргүзүлөт.
5. Квалификация боюнча тандоо сапат жогорку мааниге ээ болуп, иштин көлөмүн аныктоо татаал болгон (мисалы, татаал изилдөөлөр), татаал же адистештирилген тапшырмаларды аткарууда же эгер тапшырманы ар түрдүү ыкма менен аткарууга мүмкүн болсо же сатып алуучу уюм тарабынан так техникалык тапшырманы так аныктоо татаал болгон учурда жүргүзүлөт. Бул метод сатып алуучу уюмга финансылык сунуштарды ачпастан, компаниялардын техникалык сунуштары боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү тандоо укугун берет. Баалоонун натыйжалары боюнча мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында техникалык сунуштарды баалоонун жыйынтыгы боюнча эң жогорку баллды алган компаниянын финансылык сунушу ачылат.
6. Белгиленген бюджеттин шарттарында тандоо эгер сатып алуучу уюм тарабынан бюджет так аныкталган жана бөлүнгөн бюджеттин чегинде техникалык тапшырма аныкталган учурда колдонулат.
7. Эң төмөнкү баа боюнча тандоо белгиленген ченемдер болсо (аудит, бухгалтердик кызмат көрсөтүүлөр, IT-консультациялык кызмат көрсөтүүлөр, юридикалык консалтинг ж.б.) типтүү же стандарттык тапшырмалар үчүн максималдуу чектүү суммадан төмөн суммага консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууда колдонулат.
3-глава. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жол-жоболору
1-§. Техникалык тапшырманы даярдоо
8. Техникалык тапшырмада максаттар, милдеттер, тапшырманын көлөмү, талаптардын баяндалышы жана отчетторду берүү мөөнөттөрү, маалым каттык маалымат, анын ичинде тийиштүү изилдөөлөрдүн тизмеси көрсөтүлөт.
9. Эгер техникалык тапшырманын максаты билим берүү же кадрларды даярдоону жүргүзүү болсо, бул консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрдүн зарыл болгон көлөмүн баалоосу үчүн окутуудан өтүүгө тийиш кызматкерлердин саны жөнүндө толук маалымат менен өзүнчө көрсөтүлүүгө тийиш.
10. Техникалык тапшырмада аны аткаруу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөр жана изилдөөлөр, болжолдонгон жыйынтыктоочу документтер саналууга тийиш, ошондой эле сатып алуучу уюмдун жана консультанттардын милдеттери так аныкталууга тийиш.
2-§. Чыгымдар сметасын (бюджетти) даярдоо
11. Сатып алуучу уюм чыгымдар сметасын (бюджетти) түзөт, анда тапшырманы аткаруу үчүн зарыл болгон чыгымдар: кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн убактылуу мезгили, уюштуруу-техникалык колдоо жана баштапкы материалдык-техникалык ресурстар камтылат.
12. Чыгымдар сметасы (бюджет) үч бөлүмдөн турат:
1) кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө же сыйлоо;
2) төлөнүүчү чыгымдар (чет өлкөлүк жана жергиликтүү болуп бөлүнөт);
3) материалдык-техникалык колдоого чыгымдар.
3-§. Жарыяны жайгаштыруу
13. Потенциалдуу консультанттардан алардын кызыкчылыктары жөнүндө катты алуу үчүн сатып алуучу уюм мамлекеттик сатып алуулар порталына консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө жарыяны жайгаштырат. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу жөнүндө жарыя консультанттардан алардын кызыкчылыктары жөнүндө тастыктоону 10 (он) жумуш күндөн кем эмес мөөнөттө алуу үчүн мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жарыяланат.
14. Консультант мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу кат жиберүү менен катышууга кызыкдар экендигин билдирет.
4-§. Билдирилген жааттагы иш тажрыйбасы жөнүндө берилген маалыматтын негизинде консультанттардын кыскача тизмесин түзүү
15. Сатып алуучу уюм консультанттардын кыскача тизмесин түзүүгө милдеттүү, ага тийиштүү конкурстарга катышуу кызыкчылыгы жөнүндө кат жиберген консультанттар кирет. Кыскача тизмеге үчтөн кем эмес консультант кирүүгө тийиш.
16. Сатып алуучу уюм кызыкчылыгын билдирген консультанттардын маалыматын карайт жана билдирилген жаатта тийиштүү квалификацияга ээ болгон консультанттарды кыскача тизмеге киргизет.
17. Консультанттардын кыскача тизмеси түзүлгөндөн кийин бир жумуш күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жарыяланат.
18. Эгер 3төн (үч) аз консультант сатып алууга катышуу кызыкчылыгын билдирсе жарыя мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына кайрадан жайгаштырылат.
5-§. Конкурстук документтерди даярдоо
19. Сатып алуучу уюм конкурстук документтерди өз алдынча иштеп чыгат, анда төмөнкү маалыматтар милдеттүү түрдө камтылууга тийиш:
1) бул стандарттык конкурстук документтердин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча сатып алуулар, сунуштарды колдонуу мөөнөтү жөнүндө маалыматты камтыган чакыруу кат;
2) бул стандарттык конкурстук документтердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча консультанттар үчүн маалымат;
3) бул стандарттык конкурстук документтердин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча техникалык тапшырма;
4) бул стандарттык конкурстук документтердин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча конкурстук документтердин жалпы шарттары жана конкурстук документтердин өзгөчө шарттары;
5) бул стандарттык конкурстук документтердин 10-тиркемесине ылайык форма боюнча келишимдин (контракттын) долбоору.
20. Мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу сатып алуучу уюм кыскача тизмеге киргизилген консультанттарга чакыруу жиберет.
21. Чакыруу катта консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн предмети, каржылоо булагы, сатып алуучу уюм жөнүндө толук маалымат, ошондой эле сунуштарды берүү датасы, убактысы жана дареги көрсөтүлөт.
22. Консультанттар үчүн маалыматта төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) тапшырманын кыскача баяндалышы, техникалык жана финансылык сунуштардын типтүү формалары;
2) консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жооптуу сатып алуучу уюмдардын кызматкерлеринин аты-жөнү, координаттары;
3) техникалык баалоо критерийлерин саноону кошкондо тандоонун колдонулган жол-жоболорун толук баяндоо, финансылык баалоону толук баяндоо, сапат боюнча минималдуу өтмө балл жана финансылык сунуштарды ачуу жөнүндө маалымат;
4) негизги кызматкерлердин тапшырманы аткарууга сарптаган убактысын эсептөө чыгымдары;
5) сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү;
6) консультант же анын ишканаларынын бири кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө келишим түзүлгөндөн кийин "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык кызыкчылыктардын кагылышына байланыштуу сатып алуулар жол-жоболоруна катышууга укуксуз болгондугу жөнүндө арыз;
7) техникалык жана финансылык сунушту электрондук ыкма менен же чапталган конверттерде берүү жөнүндө талапты кошкондо сунуштарды берүү ыкмасы;
8) чакырууну алгандыгын тастыктоо зарылдыгы жана өз сунуштарын берүү жөнүндө сатып алуучу уюмга билдирүү тууралуу консультанттар үчүн маалымат;
9) сунуштарынын жарактуулук мөөнөтүндө консультанттардын негизги кызматкерлердин сунушталган курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу болбогондугу жана сунушталган ставкаларды жана жалпы бааны сактоого тийиш экендиги жөнүндө арыз;
10) консультант тапшырманы аткарууга киришүүчү болжолдуу дата;
11) сатып алуучу уюм тарабынан берилүүгө тийиш кызмат көрсөтүүлөр, жайлар, жабдуулар жана кызматкерлер жөнүндө толук маалымат;
12) эгер бул зарыл болсо, тапшырманын этаптарын баяндоо, тапшырманы улантуу ыктымалдуулугу;
13) чакырууда берилген маалыматты түшүндүрүү жөнүндө суроо-талапты берүү тартиби;
14) субподряддардын тапшырманын бөлүгүнө келишим түзүү шарттары.
23. Техникалык тапшырмада тапшырманы аткаруу үчүн зарыл болгон кызмат көрсөтүүлөр жана изилдөөлөр, ошондой эле болжолдуу жыйынды документтер саналат.
24. Техникалык тапшырмада төмөнкү маалыматтар камтылат:
1) жалпы маалымат;
2) максат жана милдеттер;
3) иштин көлөмү;
4) келишимди аткаруу отчеттуулугу жана координациялоо;
5) иштөө мезгили;
6) баа;
7) консультанттын квалификациясы.
25. Сатып алуучу уюм бул стандарттык конкурстук документтердин 10-тиркемесине ылайык форма боюнча келишимдин типтүү формасын пайдаланат.
6-§. Сунуштарды алуу
26.Сунуштар төрт жумадан кем эмес мөөнөттө алынат.
27. Консультант конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 5 (беш) календардык күндөн кечиктирбестен сатып алуучу уюмдан мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы тарабынан берилген тийиштүү функцияларды пайдалануу, кат жүзүндөгү суроо-талапты жиберүү менен конкурстук документтердин жоболоруна түшүндүрмөнү суроого укуктуу.
28. Сатып алуучу уюм мындай суроо-талапка конкурстук табышталарды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 (үч) календардык күндөн кечиктирбестен жооп берүүгө тийиш. Түшүндүрмөлөр мамлекеттик сатып алуулар порталына жайгаштырылууга тийиш.
29. Сатып алуучу уюм конкурстук документтер өзгөргөн учурда сунуштарды берүү мөөнөтүн 10 (он) календардык күндөн кем эмес мөөнөткө узартат.
30. Квалификация жана нарк боюнча тандоо методун колдонууда техникалык жана финансылык сунуштар мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына бир учурда берилет.
31. Сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганда техникалык жана/же финансылык сунуштарга оңдоп-түзөтүүлөр мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы тарабынан кабыл алынбайт.
7-§. Техникалык сунуштарды баалоо
32. Келип түшкөн техникалык сунуштарды ачуу мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында жүргүзүлөт.
33. Сатып алуучу уюм конкурстук документтерде көрсөтүлгөн төмөнкү критерийлердин жана баллдын негизинде консультанттардын техникалык сунуштарын баалайт:
1) консультанттын бул жааттагы тажрыйбасы;
2) кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнүн сунушталган методикасынын сапаты;
3) сунушталган негизги персоналдын квалификациясы;
4) билим берүү;
5) консультанттардын негизги персоналынын курамында Кыргыз Республикасынын жарандарынын болушу.
34. Сатып алуучу уюм ар бир сунуштун квалификациялык талаптарга жана техникалык тапшырмага шайкештигин баалайт. Табыштамаларды баалоо конкурстук комиссия тарабынан жүргүзүлөт, ал квалификациялык талаптарга жана техникалык тапшырмага шайкештикти жана тийиштүү баллды аныктайт.
35. Эгер сунуш конкурстук документте көрсөтүлгөн минималдуу өтмө баллды албаса, консультанттын сунушу четке кагылат.
36. Сатып алуучу уюм техникалык сунуштарды баалоонун натыйжалары жөнүндө баалоо отчетун түзөт.
37. Минималдуу балл албаган техникалык сунуштар четке кагылат. Финансылык сунуштар мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына техникалык сунуштар боюнча жыйынтыктар жарыяланганга чейин ачылбайт.
38. Финансылык сунуштар техникалык баалоону жүргүзүү аяктаганда ачылат. Ошол эле учурда сатып алуучу уюмдун бюджетинен жогорку сунуштар четке кагылат. Сатып алуучу уюмдун бюджетинен төмөн финансылык сунуштарды берген консультанттар техникалык сунуш үчүн баллдын саны боюнча классификацияланат.
39. Сунуштарды баалоо эки этапта жүргүзүлөт: биринчи сапат (техникалык сунуш), андан кийин - нарк (финансылык сунуш) бааланат. Техникалык сунуштарды баалоо аяктаганда мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы тарабынан финансылык сунуштар ачылат. Баалоо конкурстук документте баяндалган критерийлерге ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
40. Эң төмөн финансылык сунушту берген консультант жеңүүчү болуп саналат.
41. Техникалык сунуш боюнча 70 баллдан кем эмес жогорку баллды алган катышуучу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн чакырылат.
42. Техникалык сунуштар башка факторлор менен кошо алардын сапатынын негизинде, ушул сыяктуу тапшырмалар боюнча иш тажрыйбасы, Кыргыз Республикасындагы иш тажрыйбасы жана анын аймагында болуусу, бул тапшырма үчүн сунушталган негизги кызматкерлердин квалификациясы, иш планынын сапаты жана алгылыктуулугу боюнча бааланат.
43. Сатып алуучу уюм ар бир техникалык сунушту төмөнкү критерийлерди эске алуу менен баалайт:
1) тапшырманы аткаруу үчүн мааниге ээ консультанттын тажрыйбасы;
2) сунушталган методиканын сапаты;
3) негизги сунушталган персоналдын квалификациясы;
4) эгер бул талап техникалык тапшырмада көрсөтүлсө билим берүү;
5) жетектөөчү адистердин арасында жергиликтүү консультанттардын тапшырманы аткарууга катышуу деңгээли.
44. Бул критерийлердин ар бирине 1ден 100гө чейин балл ыйгарылат. Минимум 70 балл (максимум 100 балл) алган техникалык сунуштар финансылык сунушту баалоонун экинчи этабына өткөрүлөт.
45. Техникалык сунушту баалоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) Кыргыз Республикасындагы же ушул сыяктуу өлкөлөрдөгү тажрыйбасын конкреттүү көрсөтүү менен талап кылынган жааттарда компаниянын ушул сыяктуу тажрыйбасы (40 баллга чейин);
2) сунушталган иш пландын сапаты, ошондой эле конкурстук документтерди аткаруу үчүн сунушталган ыкма жана методология (30 баллга чейин);
3) тапшырманы аткаруу үчүн сунушталган негизги персоналдын квалификациясы жана тажрыйбасы (30 баллга чейин).
46. Жетектөөчү адистерге гана баалоо жүргүзүлөт, ал келишимди аткаруунун жүрүшүндө иштин сапатын аныктайт. Сатып алуучу уюм сунушталган жетектөөчү адистердин квалификациясын жана тажрыйбасын так, толук болууга жана консультанттын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлууга тийиш болгон биографиялык маалымкаттар (резюме) боюнча талдайт. Конкурстук документтерде көрсөтүлгөн адистерге гана баалоо жүргүзүлөт, эгер консультант кошумча маалыматты же кошумча адистерди көрсөтсө аларга баалоо жүргүзүлбөйт.
47. Бул адамдардын рейтинги тапшырмага ылайык төмөнкү үч субкритерий боюнча аныкталат:
1) жалпы квалификация: жалпы билими жана даярдыгы, иш стажы, ээлеген кызматтары, бул консалтинг компаниясындагы иш стажы ж.б.;
2) тапшырмага шайкештик: билими, конкреттүү тапшырма үчүн маанилүү кесиптик даярдыгы, конкреттүү сектордо, жаатта, бул тематика боюнча иш тажрыйбасы ж.б.;
3) бул региондогу иш тажрыйбасы: административдик системанын мамлекеттик жана/же расмий тилдерин билүүсү, мамлекеттик уюмдун түзүмү ж.б.
48. Сатып алуучу уюм ар бир сунушту конкурстук документке ылайык негизде баалайт. Эгер сунуш конкурстук документтердин талаптарына шайкеш келбесе же конкурстук документтерде көрсөтүлгөн минималдуу техникалык өтмө баллды албаса четке кагылууга тийиш.
49. Техникалык баалоонун натыйжасында консультанттын сунушунун конкурстук документтерге шайкештигине карата баалоо отчету түзүлөт. Отчетто баалоонун натыйжаларына негиздеме жана сунуштардын оң тарабы жана кемчиликтери баяндалат. Баалоо процессине тиешелүү бардык документтер сатып алуулар бөлүмүнө берилет жана үч жылга чейин сакталат. Ошол эле учурда баалоо процесси мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында белгиленет. Конкурстун натыйжалары аяктаганда сатып алуу жол-жоболорунун протоколу түзүлөт, ага конкурстук комиссия жана сатып алуулар бөлүмү кол коёт.
8-§. Финансылык сунуштарды баалоо
50. Белгиленген минималдуу баллды алган консультанттардын финансылык сунуштары мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы тарабынан ачылат.
51. Сатып алуучу уюм финансылык сунуштардын толуктугун жана анда арифметикалык каталардын болбогондугун текшерет, ал эми сунуштарды салыштыруу максатында алардын наркы финансылык сунушту ачуу күнүндөгү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча валюта үчүн сатуу (алмашуу) курстарын пайдалануу менен конкурстук документте көрсөтүлгөн бирдиктүү валютага которулат.
52. Эң төмөнкү баага ээ финансылык сунушка 100 балл ыйгарылат.
53. Финансылык баалоо төмөнкүдөй эсептелет:
Цф = 100 х Цmin / Ф,
мында:
Цmin - финансылык сунуштун эң төмөнкү баасы;
Ф - финансылык сунуштун баасы.
Ошол эле учурда Цmin жана Ф маанилери бирдиктүү валютада болууга тийиш.
54. Баалоо аяктагандан кийин сатып алуучу уюм өтмө баллды алган консультанттарга бир жумуш күндүн ичинде веб-портал аркылуу билдирүү жиберет. Билдирүүдө веб-портал тарабынан финансылык сунуштарды ачуу датасы, убактысы көрсөтүлөт.
9-§. Техникалык жана финансылык сунуштарды бирге баалоо
55. Жалпы баллды алуу максатында сатып алуучу уюм консультанттардын финансылык жана техникалык баалоодо алган баллын кошот.
56. Жүргүзүлгөн баалоонун негизинде сатып алуулар жол-жоболорунун протоколу түзүлөт, ал үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырылат.
57. Сатып алуулар жол-жоболорунун протоколу төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
1) сунуштарды берген бардык консультанттардын аталышы;
2) ар бир консультантка ыйгарылган балл;
3) ар бир консультанттын сунушунун наркын баалоо;
4) консультанттардын баллынын акыркы рейтинги;
5) конкурстук торуктун жеңүүчүсү болгон консультанттын аталышы;
6) келишимдин баасы, узактыгы жана жалпы көлөмү.
58. Эң көп баллды алган консультант сатып алуулар жөнүндө келишимди (контрактты) түзүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө чакырылат.
59. Сатып алуучу уюм эгер бардык сунуштар конкурстук документтердин коюлган талаптарына жооп бербеген же финансылык сунуштар сатып алуунун бюджетинен жогору болгон учурда гана бардык сунуштарды четке кагат.
10-§. Сүйлөшүүлөр жана келишимди ыйгаруу
60. Баалоо процесси аяктагандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде сатып алуучу уюм эң көп баллды алган консультантты келишимди түзүү үчүн сүйлөшүүлөргө чакырат.
61. Консультант менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө методикага, персоналга, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү мөөнөттөрүнө, сатып алуучу уюм тарабынан берилген материалдык-техникалык ресурстарга жана келишимдин шарттарына тиешелүү маселелер талкууланат.
62. Сүйлөшүүлөр техникалык тапшырманын алгачкы вариантын же келишимдин шарттарын олуттуу өзгөртпөөгө тийиш, бул кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына, алардын наркына жана алгачкы баалоонун маанисине таасир этпөөгө тийиш. Техникалык тапшырманын акыркы варианты жана макулдашылган методика келишимдин бир бөлүгүн түзгөн милдеттерге кирет.
63. Негизги персонал катары сунушталган алмаштыруу тажрыйбага жана квалификацияга шайкеш келбеген учурда, консультант сатып алуучу уюм тарабынан дисквалификацияланышы мүмкүн, ал эми тандоо процесси чоңдугу боюнча экинчи рейтингге ээ болгон консультантты ишке тартуу менен улантылышы мүмкүн же жаңы конкурс өткөрүлөт.
64. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар келишимди түзүү жөнүндө келишимге келе албаган учурда сатып алуучу уюм мындай сүйлөшүүлөрдү токтотот жана чоңдугу боюнча кийинки рейтингге ээ болгон консультантты сүйлөшүүлөргө чакырат же консультанттарды кайра тандайт.
65. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжалары боюнча жеңүүчү аныкталган күндөн тартып 10 (он) календардык күндөн эрте эмес жана отуз календардык күндөн кечиктирилбестен келишимге кол коюлат.
66. Сатып алуучу уюм түзүлгөн келишим жөнүндө маалыматты мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырууга тийиш.
67. Сунуштарды баалоого тиешелүү маалыматтар, ошондой эле келишимдерди ыйгаруу боюнча рекомендациялар торуктун жеңүүчүсү менен келишимди ыйгаруу жөнүндө билдирүү жарыяланганга чейин бул процесске расмий түрдө байланышпаган башка жактарга билдирилбейт.
4-глава. Конкурстук документтердин жалпы шарттары (консультанттар үчүн маалымат)
1-§. Консультанттын укугу
68. Бул маалымат ар түрдүү өлкөлөрдүн бардык консультанттары тарабынан колдонулат.
69. Консультант конкурстук документтерди, техникалык тапшырманы жана чакыруу катка ылайык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн пайдаланылуучу башка документтерди даярдоо этабында консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн сатып алуучу уюм тарабынан ишке тартылган кандайдыр бир уюм, филиал, анын уюмдары менен тикелей же кыйыр түрдө байланышпоого тийиш.
70. Конкурстун катышуучусунда "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык кызыкчылыктар кагылышы болбоого тийиш. Конкурстун кызыкчылыктар кагылышы болгон катышуучулары тарабынан берилген табыштамалар четке кагылат.
71.Сатып алуучу уюм менен конкурстун катышуучусунун ортосундагы кызыкчылыктар кагылышы төмөнкү учурларда келип чыгат:
1) консультант уюмдун ар кандай филиалын же бөлүмүн кошкондо, бул конкурстук документтердин техникалык тапшырмасын иштеп чыгуу боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн сатып алуучу уюм тарабынан анын кызматкерлери ишке тартылган уюм менен азыркы учурда же мурда байланышкан учурда;
2) консультант бул конкурстун алкагында бирден ашык конкурстук табыштаманы берсе же конкурстун башка катышуучусу же сатып алуучу уюм менен жалпы жетекчилери жана/же түзүүчүлөрү болсо;
3) консультант конкурстук табыштаманы берген датага чейин акыркы эки жылдын ичинде сатып алуучу уюмдун кызматкери болсо же жалданма персонал катары мындай кызматкерди пайдаланса.
2-§. Сунуштарды даярдоого чыгымдар
72. Сунуштарды даярдоо жана сатып алуучу уюмдун келүүлөрү боюнча чыгымдарды кошкондо келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү чыгымдары конкурстун катышуучусуна төлөнбөйт.
3-§. Конкурстук документке түшүндүрмө
73. Конкурстук документке түшүндүрмө үчүн суроо-талап конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 5 (беш) календардык күндө жиберилүүгө тийиш, сатып алуулар бөлүмү бул өтүнүчкө үч календардык күндөн кечиктирбестен жооп берүүгө тийиш. Түшүндүрмөлөр жана жооп мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырылууга тийиш.
74. Конкурстук табыштаманы берүүнүн акыркы датасына чейинки үч жумуш күнгө чейин сатып алуучу уюм конкурстук документтерге өзгөртүү киргизе алат. Бул өзгөртүүлөр мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталына жайгаштырылат. Киргизилген өзгөртүүлөр бардык чакырылган претенденттерге милдеттүү болот. Сатып алуучу уюм сунуштарды берүү мөөнөтүн төмөнкү мөөнөттөргө узарта алат:
- квалификация жана нарк боюнча тандоо методунда жана квалификация боюнча тандоо методунда - 10 (он) календардык күнгө;
- белгиленген бюджетти тандоо методунда жана эң төмөнкү баа боюнча тандоо методунда - 3 (үч) календардык күндөн кем эмес.
Ошол эле учурда мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы автоматтык түрдө мөөнөттөрдүн узартылгандыгы жөнүндө билдирүүнү бардык катышуучуларга жиберет.
4-§. Сунуштарды берүү
75. Консультант мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу техникалык сунуштун жана финансылык сунуштун түп нускасын, ошондой эле талап кылынган бардык документтердин сканерден өткөрүлгөн версиясын берет.
76. Сунуштардын ар бири бул стандарттык конкурстук документтердин 4, 5, 6, 7, 8 жана 9-тиркемелерине ылайык формалар боюнча өзүнчө формада толтурулууга жана жетекчи тарабынан кол коюлууга тийиш.
5-§. Техникалык сунуш
77. Техникалык сунушту даярдоо учурунда конкурстук документтерде камтылган бардык шарттарды жана нускамаларды изилдөө зарыл. Суралган кандайдыр бир маалымат болбогон учурда жоопкерчилик консультантка жүктөлөт жана конкурстук табыштаманы четтетүү үчүн негиз болуп саналат.
78. Эгер компания чет өлкөлүк компания болсо Кыргыз Республикасынын консультанттары менен келишимдерди түзүүгө тийиш (кайсы бөлүктө болгондугун көрсөтүңүз).
79. Кызматкерлердин негизги штатынын сунушталган персоналы консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган компаниянын штатынын мүчөлөрүнөн турууга тийиш.
80. Сунушталган штат өз өлкөсүнүн чегинен тышкарыда (эгер компания өлкөнүн резиденти болбосо), Кыргыз Республикасында болуусу артыкчылыктуу же Кыргыз Республикасында ушундай шарттарда иш тажрыйбасына ээ болууга тийиш.
81. Бааланган консультанттын квалификациясынан төмөн кызматкерлердин негизги штатына карата альтернативдик сунушка жол берилбейт.
82. Чет өлкөлүк консультанттар тартылган учурда персоналдын кыргыз жана (же) орус тилдерин билүүсү.
83. Компаниянын мындай мүнөздөгү иши боюнча акыркы учурдагы иш тажрыйбасы жөнүндө маалыматты берүү зарыл. Иш тажрыйбасы жөнүндө маалымат келишим расмий түрдө түзүлгөн жана келишимдик милдеттенмелерди берүү учурунда аткарылган иштер боюнча маалыматты камтууга тийиш.
84. Мурда жеке же башка компанияларда консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берген кызматкерлердин иш тажрыйбасы уюмдун иш тажрыйбасы катары киргизилбейт. Бирок бул маалымат кызматкердин жеке тажрыйбасы катары пайдаланылышы мүмкүн. Ар бир келишим боюнча маалымат кызматкерлердин сунушталган штатынын профилин, иштин узактыгын, келишимдин суммасын жана компания берген кызмат көрсөтүүлөрүнүн мүнөзүн чагылдырууга тийиш.
85. Келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө чейин же сүйлөшүүлөр учурунда сатып алуучу уюмдун талабы боюнча консультант келишим боюнча документтерди берүү тажрыйбасы жөнүндө маалыматты же башка документтик негиздемени тастыктайт.
86. Келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр учурунда сатып алуучу уюмдун талабына ылайык консультант келишим боюнча документтерди берүү тажрыйбасы жөнүндө маалыматты же башка документтик негиздемени (аты-жөнү, жашы, жалпы маалыматты, кызматы боюнча тизмени жана аталган кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн сунушталган кызматкерлердин ар биринин кесиптик тажрыйбасы жөнүндө деталдуу маалыматты) тастыктоого даяр болууга тийиш, ошол эле учурда иштин талап кылынган көлөмү боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн зарыл болгон тажрыйба жөнүндө маалыматты чагылдырууга тийиш. Кызматкерлердин ар бири өз автобиографиясындагы маалыматтардын аныктыгын кол коюу менен тастыктоого тийиш.
87. Консультант кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн жалпы ыкмаларды же методологияны көрсөтүүсү зарыл.
88. Болжолдонгон иш узактыгын так чагылдырууга тийиш болгон иш планы жана графиги (негизги иш жайгашкан жер жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жери боюнча өзүнчө), ошондой эле ар бир кызматкер (чет өлкөлүк жана жергиликтүү) үчүн иштин болжолдуу узактыгы.
89. Иштерди ийгиликтүү аткаруу максатында кызмат көрсөтүүлөрдү берүү тартибин жакшыртуу боюнча конкурстук табыштамага же техникалык тапшырмага комментарийлерди берүү.
90. Эгер конкурстук документтерде окутуу иштин талап кылынган көлөмүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналса, анда сунуш сунушталган методологияны, комплектацияланган штатты толук баяндоону камтууга тийиш.
91. Башка шарттар. Ошол эле учурда техникалык сунуш кандайдыр бир финансылык маалыматты камтыбоого тийиш.
6-§. Финансылык сунуштар
92. Финансылык сунушта техникалык тапшырманы аткарууга жана персоналга эмгек акы төлөөгө чыгымдар камтылууга тийиш.
93. Финансылык сунуштун негизин персоналдын ар бир мүчөсүнө (чет өлкөлүк жана жергиликтүү, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жеринде жана башка жерде) акы төлөө жана командировкалык (жашоого суткалык чыгымдар) чыгымдарды кошкондо компенсацияланган чыгымдардын (консультант үчүн өзгөчө шарттарда компенсацияланган чыгымдар) жалпы жайгашуусу, транспорттук чыгымдар (эл аралык жана ички), жабдууларга чыгымдар (транспорттук каражаттар, офистик жабдуулар жана материалдар), котормого чыгымдар ж.б. түзөт.
94. Финансылык сунушту түзүүдө салыктардын жана камсыздандыруулардын суммалары эске алынууга тийиш. Компания Кыргыз Республикасынын аймагында төлөнгөн бардык салыктарды төлөйт.
95. Сатып алуучу уюм тандалган компаниянын долбоорго тиешелүү баалоону жана чыгымдарды бөлүштүрүүнү текшерүүгө мүмкүндүк берген бухгалтердик документтерин кошкондо, кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү учур жана чыгымдар боюнча бухгалтердик документтерге аудит жүргүзүү (кызмат көрсөтүүнүн жүрүшүндө жана андан кийин) укугуна ээ болот.
7-§. Сунуштарды баалоо
96. Сунуш эки этапта бааланат. Биринчи этап техникалык сунуштарды баалоодон жана баллды бөлүштүрүүдөн башталат.
97. Минимум (консультанттар үчүн өзгөчө шарттардагы минималдуу баллды көрсөтүңүз) баллды алган техникалык сунуш экинчи этапка - финансылык сунушту баалоого берилет.
8-§. Техникалык сунушту баалоо
98.Техникалык сунушту баалоо:
1) талап кылынган жаатта компаниянын аналогдук тажрыйбасы Кыргыз Республикасындагы же аналогдук өлкөлөрдөгү тажрыйбасын конкреттүү көрсөтүү менен (максималдуу 40 балл);
2) сунушталган иш пландын сапаты, ошондой эле конкурстук табыштаманы же техникалык тапшырманы аткаруу үчүн сунушталган ыкма жана методология (максималдуу 30 балл);
3) тапшырманы аткаруу үчүн сунушталган негизги персоналдын квалификациясы жана тажрыйбасы (максималдуу 30 балл).
99. Тапшырманы аткаруу үчүн сунушталган консультанттын бардык персоналы үчүн резюме (CV) сунуштун курамында болууга тийиш. Персоналдын ар бир мүчөсү төмөндөгүлөрдүн жана орточо баллдын негизинде бааланууга тийиш:
1) академиялык жана кесиптик квалификация (максималдуу 10 балл);
2) тапшырмага шайкештик (максималдуу 10 балл) (консультанттар үчүн өзгөчө шарттарда өз баллыңызды белгилеңиз);
3) тилди жана алардын иши аткарылуучу өлкөнүн шарттарын билүү же аналогдук шарттардагы иш тажрыйбасы (максималдуу 10 балл) (консультанттар үчүн өзгөчө шарттарда өз баллыңызды белгилеңиз).
100. Эгер баалоо үчүн зарыл болгон жогоруда талап кылынган пункттардын бири көрсөтүлбөсө же консультант тарабынан берилбесе консультанттын сунушу талаптарга шайкеш эмес деп четке кагылат.
9-§. Финансылык сунушту баалоо
101. Минималдуу (консультанттар үчүн өзгөчө шарттарда минималдуу баллды көрсөтүңүз) өтмө баллды алган консультанттын сунушу мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы тарабынан ачылат. Эгер финансылык сунуш сунушту баалоо үчүн ар кандай валюталарда берилсе, баалар финансылык сунуштарды ачуу күнүнө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча валюталар үчүн сатуу (алмашуу) курсун пайдалануу менен бирдиктүү валютага которулууга тийиш.
102. Эң төмөнкү баадагы финансылык сунушка 100 балл берилүүгө тийиш. Финансылык баа үчүн сунуштарга берилген балл төмөнкүдөй эсептелет:
Цф = 100 х Цmin / Ф,
мында:
Цmin - финансылык сунуштун төмөнкү баасы;
Ф - финансылык сунуштун баасы.
Цmin жана Ф коэффициенттери бирдиктүү валютада берилүүгө тийиш.
103. Акыркы баалоо техникалык сунуш үчүн баллдын суммасын финансылык сунуш үчүн баллдын суммасы менен кошуу аркылуу жүргүзүлүүгө тийиш.
104. Техникалык жана финансылык сунуш үчүн жогорку балл алган консультант келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн чакырылат.
10-§. Келишим боюнча сүйлөшүүлөр
105. Конкурстук табыштаманы тандоо процесси аяктаганда конкурстук сунушту колдонуу мөөнөтүндө сатып алуучу уюм бир кыйла көп балл алган жеңүүчү компанияга маалымдайт жана жеңүүчүнү келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөргө чакырат.
106. Сүйлөшүүлөрдүн максаты келишимдин долбоорун даярдоодо бардык маселелер боюнча консультант менен келишимге жетишүү болуп саналат. Сүйлөшүүлөр техникалык тапшырманы жана сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүн, берилген материалдарды (корутунду түрүндө), арадагы отчетторду, сатып алуучу уюм тарабынан берилген каражаттарды, ошондой эле финансылык сунушту камтууга тийиш.
107. Консультант тарабынан сунушталган адистерди баалоону эске алуу менен сатып алуучу уюм келишим боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Эгер сунушталган персоналдын болбогондугу белгиленсе бул компания дисквалифицияланууга же компания персоналды алмаштырууга тийиш, алмаштыруу үчүн персонал алгачкы талапкерге салыштырмалуу эквиваленттик же мыкты квалификацияга жана тажрыйбага ээ болууга тийиш.
108. Макулдашылган өзгөртүүлөр финансылык сунушта да чагылдырылууга тийиш. Ошол эле учурда сунушталган ставка жана бирдикке карата баа колдонулууга тийиш (сүйлөшүүлөр "адам-ай ставкасынын өзгөрүү маселеси боюнча жүргүзүлбөөгө тийиш).
109. Консультантка акы макулдашылган болжолдуу графикке ылайык пландалган иштердин аткарылгандыгына жараша пландалгандай жана берилген счет-фактуралар боюнча, бекитүүгө өз убагында берилген тийиштүү тастыктоочу документтерге ылайык төлөнөт.
110. Сүйлөшүүлөр процессине келишимдин долбоорун кароо киргизилет. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында сатып алуучу уюм жана консультант келишимди даярдоону аяктоого тийиш.
111. Эгер келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликке жетишпесе, сатып алуучу уюм мындай сүйлөшүүлөргө жүргүзүлгөн баалоонун натыйжасында баллынын чоңдугу боюнча экинчи болгон сунушту берген жана сунуштун жарактуулук мөөнөтү өтпөгөн консультантты чакырат. Эгер сүйлөшүүлөр учурунда мөөнөт аяктаса, сатып алуучу уюм жеңген консультанттан жана рейтинг боюнча экинчи консультанттан өз сунушунун мөөнөтүн узартууну суранат.
11-§. Келишимди ыйгаруу
112. Келишим жеңген компания менен сүйлөшүүлөр аяктагандан кийин берилет. Сүйлөшүүлөр ийгиликтүү аяктагандан кийин сатып алуучу уюм башка катышуучуларга алардын сунушу жеңген сунуш катары тандалбагандыгы жөнүндө маалымдайт.
12-§. Келишимди өзгөртүү
113. Эгер келишимге кол коюлган датадан кийин консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн наркынын көбөйүшүнө же азайышына таасирин тийгизген салыктар, жыйымдар же милдеттүү төлөмдөр боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында кандайдыр бир өзгөртүүлөр болсо, сатып алуучу уюм жана консультант тараптардын макулдашуусу боюнча өзгөргөн салыктардын наркына келишимдин наркын көбөйтөт же азайтат.
13-§. Келишимди токтотуу
114. Эгер тараптардын бири келишимдин милдеттенмелеринин шарттарын бузса келишим мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
115. Келишимди олуттуу бузуулар төмөнкүлөрдү камтыйт жана алар менен гана чектелбейт:
1) эгер консультант сатып алуучу уюм тарабынан берилген тийиштүү билдирүүдөн кийин да келишим боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаса;
2) эгер консультант сатып алуучу уюмдун пикири боюнча келишимди аткаруу процессинде коррупциялык, алдамчылык актыларга жол берсе.
|
| Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттык конкурстук документтерге 1-тиркеме |
Форма
Чакыруу кат
Урматтуу Консультант,
______________________________________________________________________________________________
(Сатып алуучу уюмдун аталышы)
Сизди консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн конкурстук табыштаманы берүүгө чакырат.
Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү баяндоо: ___________________________________________________
Кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жери: ________________________________________________________________
Кызмат көрсөтүүлөрдү берүү мөөнөтү: _____________________________________________________________
Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн каралган бюджет: ________________________________
Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну тандоо методу: __________________________________
Бардык катышуучулар конкурска катышуу үчүн өзүнүн конкурстук табыштамаларын мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы (www.zakupki.gov.kg) аркылуу электрондук түрдө берүүгө тийиш.
Сиз сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүнө чейин 5 (беш) календардык күндө мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу конкурстук документтердин жоболорун түшүндүрүү үчүн кайрылсаңыз болот. Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга конкурс алкактык келишимге кол коюу үчүн жүргүзүлөт [эгер бул пункт колдонулбаса алып салыңыз].
Сиздин сунуш _________________________ тилинде даярдалууга тийиш.
Сиздин техникалык жана финансылык сунуштан турган конкурстук табыштама мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталында көрсөтүлгөн акыркы мөөнөткө чейин жиберилүүгө тийиш.
Сиздин конкурстук табыштама ________________________________ чейин жарактуу болууга тийиш.
(мөөнөттү көрсөтүңүз)
Конкурстук табыштаманы даярдоо үчүн төмөнкү документтерди тиркейбиз:
а) жалпы жана өзгөчө шарттар (консультанттар үчүн маалымат);
б) Техникалык тапшырма;
в) консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга типтүү келишим.
Конкурстук табыштамалар конкурстук документте көрсөтүлгөн мөөнөттө мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы тарабынан ачылат.
Урматтоо менен, ___________________________________________________________________________
(Сатып алуучу уюмдун жетекчисинин аты-жөнү, колу)
|
| Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттык конкурстук документтерге 2-тиркеме |
Форма
Конкурстук документтердин өзгөчө шарттары
№ | Өзгөчө шарттар |
1 | Сатып алуунун аталышы: _______________________________________________________ |
2 | Сатып алуучу уюмдун аталышы: _________________________________________________ Дареги: ______________________________________________________________________ Телефон номери: _________________________ /Факс номери: ________________________ Электрондук почтасынын дареги: _________________________________________________ Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууга жооптуу адамдын аты-жөнү: ____________________________________________________________________ Тандоо методу: Конкурстан мурдагы кеңешме _____________________________________________ болот (эгер каралса көрсөтүңүз) |
3 | Сатып алуу бюджети: ________________________________________________ түзөт (сумманы көрсөтүңүз) |
4 | Сунуш _________ формада жана _________________________ мөөнөттө (мөөнөттү көрсөтүңүз) конкурстук табыштаманы кепилдиктүү камсыздоонун ичинде жарактуу болууга тийиш |
5 | Сиздин табыштама ________________________________ тилинде берилүүгө тийиш (тилди көрсөтүңүз) |
6 | Түшүндүрмөлөр үчүн сунуштарды кабыл алуу аяктаган датага чейин 5 (беш) календардык күндөн кечиктирбестен кайрылыңыз |
7 | Эгер сиздин компания чет өлкөлүк компания болсо Кыргыз Республикасынын консультанттары менен келишим түзүүгө тийиш (эмне боюнча көрсөтүңүз) |
8 | Штаттын персоналы: ___________________________________________ болууга тийиш (сапаттык жана сандык курамды көрсөтүңүз) Сунушталган штат Кыргыз Республикасындагы шарттарга ылайык артыкчылыктуу иш тажрыйбасына ээ болууга тийиш (эгер талап кылынбаса алып салыңыз). Чет өлкөлүк консультанттар ишке тартылган учурда персоналдын кыргыз жана (же) орус тилдерин билүүсү (эгер талап кылынбаса алып салыңыз) |
9 | Тапшырманын узактыгы: __________________________________________________ (мезгилди же күндүн санын көрсөтүңүз) Ар бир персоналдын ишинин узактыгы: ______________________________________ Тапшырманы ийгиликтүү аткаруу үчүн кызмат көрсөтүүлөрдү берүү тартибин жакшыртуу боюнча конкурстук табыштамага же техникалык тапшырмага комментарийлерин берүү (эгер колдонулбаса алып салыңыз). Окутуу иштин талап кылынган көлөмүнүн маанилүү бөлүгү болуп саналат, сиздин сунушуңуз сунушталган методологияны, штатты комплекттөөнү толук баяндоону камтууга тийиш (эгер колдонулбаса алып салыңыз). Башка шарттар ___________ (тапшырманы аткаруу үчүн толук талаптарды көрсөтүңүз) |
10 | Болжолдуу тизме төмөндө берилген: (колдонулбаган пункттарды алып салыңыз): (1) тапшырманы аткаруу максаттары үчүн өлкөнүн регионунда болгон ар бир күн үчүн консультанттын персоналына суткалык; (2) персоналды көчүрүүнү кошкондо зарыл болгон которуулардын наркы; (3) тапшырманы аткаруу үчүн талап кылынган интернет, телефон жана факс сыяктуу пайдаланылган байланыштын наркы; (4) наркы, ижара акысы, тапшырманы аткаруу үчүн консультант тарабынан берүү үчүн зарыл болгон ар кандай приборлорду жана жабдуулардын ташуу наркы; (5) башка чыгымдар (көрсөтүңүз) |
11 | Келишим түзүлгөн учурда компания Кыргыз Республикасынын аймагында төлөнгөн бардык салыктарды төлөйт (эгер башка шарт болсо бул жерде көрсөтүңүз) |
12 | Минимум (минималдуу баллды көрсөтүңүз) баллды алган техникалык сунуш экинчи этапка - финансылык сунушту баалоого берилет. Техникалык сунушту баалоо: 1) компаниянын талап кылынган жаатта аналогдук тажрыйбасы Кыргыз Республикасындагы же аналогдук өлкөлөрдөгү тажрыйбаны конкреттүү көрсөтүү менен (максималдуу балл); 2) сунушталган иш пландын сапаты, ошондой эле конкурстук табыштаманы же техникалык тапшырманы аткаруу үчүн сунушталган ыкма жана методология (максималдуу балл); 3) тапшырманы аткаруу үчүн сунушталган негизги персоналдын квалификациясы жана тажрыйбасы (максималдуу балл). Тапшырманы аткаруу үчүн сунушталган консультанттын бардык персоналы үчүн резюме сунуштун курамында болууга тийиш. Персоналдын ар бир мүчөсү төмөнкү же орто баллдын негизинде бааланууга тийиш: а) академиялык жана кесиптик квалификация (максималдуу ______ балл); б) тапшырмага шайкештик (максималдуу ______ балл); в) тилди жана алардын иши аткарылуучу өлкөнүн шарттарын билүү же аналогдук шарттарда иш тажрыйбасы (максималдуу 10 балл) |
13 | Минималдуу өтмө баллды алган консультант (минималдуу ______ балл) финансылык сунушту ачуу үчүн чакырылат. Финансылык сунуштар ____________________________________________ ачылат: (ачуу датасы, сатып алуучу уюмдун дареги) |
14 | Сунуштарды баалоо _____________________________________________________ аяктайт (датаны көрсөтүңүз, мөөнөт конкурстук табыштаманы колдонуу мөөнөтүнөн ашпоого тийиш) |
15 | Келишим боюнча жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн күтүлгөн датасы жана дареги: ___________________________________________________________________________ |
16 | Консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүнү баштоонун күтүлгөн датасы: Дата: ______________________________ Жери: _______________________________ |
|
| Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттык конкурстук документтерге 3-тиркеме |
Форма
Техникалык тапшырма
1. Сатып алуучу уюм жана байланышуучу адам жөнүндө кыскача маалымат.
2. Максат (жана) милдеттер.
3. Консультациялык компаниядан (консультанттан) талап кылынган кызмат көрсөтүүлөр, консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн курамы, милдеттер (компоненттер) жана күтүлгөн натыйжалар.
4. Тапшырманы аткаруу мөөнөттөрү.
5. Зарыл болгон консультанттардын тизмеси. Эксперттер тобунун курамы жана негизги эксперттерге карата квалификациялык талаптар (жана негизги эксперттерди баалоо үчүн пайдаланылуучу ар кандай башка талаптар).
6. Компаниянын (консультанттын) тажрыйбасын, компетенттүүлүгүн тастыктаган зарыл болгон документтердин тизмеси.
7. Консультанттар жана сатып алуучу уюмдун ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү.
8. Тапшырманы аткаруу графиги.
9. Күтүлгөн натыйжалар.
10. Ресурстар жана персонал.
11. Отчеттуулукка карата талаптар жана натыйжаларды берүү мөөнөттөрү.
(эң аз төмөнкүлөрдү көрсөтүңүз:
(а) отчетторду берүү жана камтуу форматы, берүү жыштыгы жана мазмуну;
(б) нускалардын саны, ошондой эле электрондук түрдө отчетторду берүүгө талаптар. Жыйынтыктоочу отчеттор кагаз форматында берилген нускалардын көрсөтүлгөн санына карата кошумча түрдө электрондук түрдө берилүүгө тийиш;
(в) отчетторду берүү мөөнөттөрү;
(г) отчетторду алуучулар (аты-жөнүн, кызматын, жеткирүү дарегин көрсөтүңүз).
Эгер отчетторду берүү каралбаса "Колдонулбайт" бөлүмүндө көрсөтүңүз.
|
| Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттык конкурстук документтерге 4-тиркеме |
Форма
Конкурстук табыштама
Кимге: ____________________________________________________________________________________
(Сатып алуучу уюмдун аталышы жана дареги)
Конкурстук документтердин бардык тиркемелерин изилдеп, төмөнкүлөрдү тастыктайбыз, биз:
а) конкурстун укуктуу катышуучусу болуп саналабыз;
б) "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык кызыкчылыктардын кагылышына катышпайбыз;
в) "Ишенимсиз жана ак ниетсиз берүүчүлөрдүн (подрядчылар) маалыматтар базасында эмеспиз;
Биз, ____________________________________________________________________________ компаниясы
(компаниянын аталышын көрсөтүңүз)
______________________________________________________________________________ дареги боюнча
(компаниянын дарегин көрсөтүңүз)
___________________________________________________________________________________ катталган
(каттоо өлкөсүн көрсөтүңүз)
____________________________________________________________________________________________
(конкурстук табыштаманы баалоо жүргүзүлүүчү тапшырманын (долбоордун) аталышын көрсөтүңүз)
консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө даярбыз.
Эгер биздин сунуш кабыл алынса ______ мөөнөттө конкурстук документтерде аныкталган кызмат көрсөтүүлөрдү толук жана сапаттуу берүүгө кепилдик беребиз.
Биздин компания ____________________________________________________________________________
(мезгилди жыл менен көрсөтүңүз)
консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берет, биздин компанияда квалификациялуу кызматкерлер иштейт.
Берилген бардык маалыматтардын аныктыгын тастыктайбыз, эгер биз тараптан берилген маалыматтар бурмаланса биздин компанияны четтетүү жана Ишенимсиз берүүчүлөр жана подрядчылар маалыматтар базасына киргизүү үчүн негиз болуп саналаарын түшүнөбүз.
Биздин конкурстук табыштама ___________________________________________________ чейин жарактуу
(мөөнөттү күн менен көрсөтүңүз)
Биздин табыштама биз үчүн милдеттүү болуп саналат.
Консультанттын аты-жөнү ______________________________________________________________
(Кызматы, колу жана мөөр, дата)
|
| Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттык конкурстук документтерге 5-тиркеме |
Форма
Компаниянын тажрыйбасы жөнүндө МААЛЫМАТ
№ | Аталышы | Толтуруу боюнча комментарий |
1 | Долбоордун аталышы | Долбоордун толук аталышын көрсөтүңүз |
2 | Сатып алуучу уюмдун аталышы | Сатып алуучу уюмдун дарегин жана электрондук почтасын көрсөтүңүз |
3 | Долбоордун мазмуну | Долбоордун мазмунун жалпы баяндоо |
4 | Кызмат көрсөтүүлөрдүн болжолдуу наркы | Кызмат көрсөтүүлөрдүн наркын көрсөтүңүз |
5 | Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү |
|
5.1 | Баштоо | Долбоорду баштоо датасы |
5.2 | Аяктоо | Долбоорду аяктоо датасы |
5.3 | Узактыгы | Долбоордун узактыгы (ай) |
6 | Долбоордун милдети | Долбоорду аткаруунун алкагында кандай маселелер чечилди |
| Долбоордун натыйжалары | Долбоор аяктаганда жетишилген натыйжаларды көрсөтүңүз |
| Тапшырманы аткарууга катышкан кызматкерлердин саны | Маанилүү кызматкерлерди көрсөтүңүз |
| Долбоордогу статус | Долбоордогу компаниянын статусун көрсөтүңүз, эгер башкы аткаруучунун статусунда болбосо, анда кайсы компаниялар менен бирге иштер жүргүзүлгөндүгүн көрсөтүңүз |
| Кошумча маалымат |
|
Консультанттын аты-жөнү: | _______________________________________________________________ (Кызматы, колу жана мөөр, дата) |
|
| Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттык конкурстук документтерге 6-тиркеме |
Форма
Консультанттын маанилүү персоналы үчүн РЕЗЮМЕ (Резюменин бир формасы команданын дайындалган ар бир мүчөсү үчүн толтурулууга тийиш)
1. Консультанттын аты-жөнү ___________________________________________________________________
2. Кесиби: __________________________________________________________________________________
3. Туулган датасы: ___________________________________________________________________________
4. Жарандыгы: ______________________________________________________________________________
5. Консультанттын командасында дайындалган функциясы: ________________________________________
6. Негизги квалификация:
(Тажрыйбаны жана тапшырма боюнча милдеттерге тиешелүү даярдыктарды баяндаңыз. Мурдагы тапшырмалар боюнча жоопкерчилик даражасын баяндаңыз, датасын жана жайгашкан жерин көрсөтүңүз.)
7. Билими:
(Штаттык кызматкердин университеттеги же башка адистештирилген мекемедеги билимин жазыңыз, окуу жайдын аталышын, даражаны алган датаны көрсөтүңүз. Барактын төрттөн бир бөлүгүн пайдаланыңыз)
8. Иш стажы:
(Бул кызматтан баштап, сиз ээлеген кызматтарды артка карай санаңыз. Кызматкердин жогорку окуу жайды аяктаган учурдан баштап ээлеген бардык кызматтарын датасын, жалдоочу-уюмдардын аталышын, ээлеген кызматтардын аталышы жана тапшырмаларды аткаруунун жайгашкан ордун көрсөтүү менен санаңыз. Акыркы беш жылдагы тажрыйбаны, ошондой эле аткарылган иштердин түрлөрүн жана зарыл болгон учурда кардарлардын рекомендацияларын көрсөтүңүз. Эки баракты колдонуңуз).
9. Тилдер:
(Билүү деңгээлин көрсөтүңүз: эң мыкты, жакшы, канааттандыраарлык же начар; сүйлөйм, окуйм жана жазам).
10. Башкалар _______________________________________________________________________________
11. Конкурстук документтерде аныкталган кызмат көрсөтүүлөрдү берүүдө тастыктоо:
Мен, төмөндө кол койгондор, бул маалыматтардын менин квалификациямды жана менин тажрыйбамды туура баяндагандыгын ырастайм.
Консультанттын аты-жөнү __________________________________________________________________
(Кызматы, колу жана мөөр, дата)
|
| Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттык конкурстук документтерге 7-тиркеме |
Форма
Сунушталган негизги персоналдын ИШ ГРАФИГИ
Аты-жөнү | Кызматы | Иштин түрү(1) | Зарыл болгон отчеттор/ иш-чаралар(2) | Айлар | ||||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | Айлардын саны | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы (1) | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы (2) | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы (3) | ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Бардыгы (4) | ||||
Кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жери боюнча толук иш убактысы:
Кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жери боюнча иш убактысы:
Консультанттын аты-жөнү: ________________________________________________________
(Кызматы, колу жана мөөр, дата)
|
| Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттык конкурстук документтерге 8-тиркеме |
Форма
Финансылык сунуш
Биз ______________________________________________________________________________ компаниясы
(компаниянын аталышын көрсөтүңүз)
_____________________________________________________________________________________________
(тапшырманын (долбоордун) аталышын көрсөтүңүз)
консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө даярбыз.
Биздин финансылык сунуш _____________________________________________________________________
(сумманы жазуу жүзүндө көрсөтүңүз)
жалпы суммада түзүлгөн.
Биздин финансылык сунуш биз үчүн милдеттүү болуп саналат жана конкурстук табыштаманы колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн шартта сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында өзгөрүшү мүмкүн, ал ачылган учурдан тартып _____ күндү түзөт.
Урматтоо менен,
Ыйгарым укуктуу адамдын колу: ________________________________
Кол койгон адамдын аты-жөнү жана кызматы ___________________________
Компаниянын аталышы: _____________________________________________
Дареги: ___________________________________________________________
Датасы: ______-жылдын "__" ________________
|
| Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттык конкурстук документтерге 9-тиркеме |
Форма
Чыгымдардын жыйынды таблицасы
№ | Чыгымдар беренелери(3) | Кызматкерлердин саны | Айдагы акы төлөө | Төлөөгө жалпы сумма |
1 | Аткаруучулардын гонорарлары |
|
|
|
1.1 | Жетекчи |
|
|
|
2 | Негизги кызматкерлер (анын ичинде жергиликтүү консультанттар) |
|
|
|
2.1 | Эксперттер |
|
|
|
2.2. | Аналитиктер |
|
|
|
3 | Компенсацияланган чыгымдар |
|
|
|
3.1 | Командировкалык чыгымдар |
|
|
|
3.2 | Эки жакка транспорттук чыгымдар |
|
|
|
3.3 | Жашоо |
|
|
|
3.3 | Өлкө ичиндеги чыгымдар |
|
|
|
3.4 | Интернетти, байланышты, канцелярдык чыгымдарды кошкондо операциялык чыгымдар |
|
|
|
3.5 | Зарыл болгон материалдарды басууга байланышкан чыгымдар |
|
|
|
4 | Жабдууларга чыгымдар |
|
|
|
5 | Башка чыгымдар |
|
|
|
Консультанттын аты-жөнү: ____________________________________________________________
(Кызматы, колу жана мөөр, дата)
|
| Консультациялык кызмат көрсөтүүлөр боюнча стандарттык конкурстук документтерге 10-тиркеме |
Форма
Типтүү келишим
____________________________________________________________________________________________,
(сатып алуучу уюмдун аталышы)
_________________________________________________ атынан чыккан, "Сатып алуучу уюм" деп аталуучу,
(жетекчинин аты-жөнү)
Уставдын/Жобонун негизинде иштеген жана ______________________________________________________,
(Консультанттын аталышын көрсөтүңүз)
"Консультант" деп аталуучу төмөнкү Келишимди түздү.
1. Келишимдин предмети
1. Сатып алуучу уюм бул Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган техникалык тапшырмага жана графикке ылайык, ____________________________________________________________________________, (долбоордун аталышы)
долбоору боюнча консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу боюнча милдеттенмелерди тапшырат, ал эми консультант кабыл алат.
2. Консультант төмөнкүлөргө:
1) консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруу үчүн конкурстук табыштамада саналган персоналды берүүгө;
2) сатып алуучу уюмга графикте көрсөтүлгөн отчетторду берүүгө милдеттенет.
2. Мөөнөтү
3. Кызмат көрсөтүүлөрдү берүү мөөнөтү __________________________________________ (башталган дата) ______________ (аяктоо датасы) чейин же тараптардын жазуу жүзүндө макулдашуусуна жараша башка мезгил.
3. Акы төлөө формасы
4. Бул Келишим боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы:
_______________________________________________________________________________________ түзөт. (келишимдин суммасын көрсөтүңүз)
5. Аткарылган кызмат көрсөтүүлөр жана консультант тарабынан Келишим боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга кеткен убакыт белгиленет жана сатып алуучу уюмга отчет түрүндө берилет.
6. Ар бир ай же долбоор аяктаганда консультант аткарылган иштердин актысын түзөт, ага тараптар кол коёт.
7. Берилген кызмат көрсөтүүлөргө акы сатып алуучу уюм тарабынан төмөнкү тартипте төлөнөт: бул Келишимге кол коюлгандан кийинки күндүн (күндүн санын көрсөтүңүз) ичинде (сумманы көрсөтүңүз).
8. Кийин бул Келишим боюнча консультант тарабынан берилген кызмат көрсөтүүлөргө акы эсептер эки нускада берилген датадан тартып (күндүн санын көрсөтүңүз) кечиктирилбестен тиркелген графикке ылайык төлөнөт.
4. Долбоорду жетектөө
9. Сатып алуучу уюм координатор катары ____________________________________ (аты-жөнү) дайындайт.
10. Координатор бул Келишим боюнча ишти координациялоого, сатып алуучу уюмдун отчетторду жана берилген башка материалдарды алуусу жана бекитүүсү, ошондой эле төлөө үчүн эсептерди алуу жана бекитүү үчүн жооп берет.
11. Отчеттор тапшырманы аткаруу мөөнөтүндө берилүүгө тийиш жана төлөмдөр үчүн негиз болуп саналат.
5. Аткарылган кызмат көрсөтүүлөргө стандарттар
12. Консультант кызмат көрсөтүүлөрдү кесипкөйлүктүн, этикалык жана моралдык ченемдердин эң жогорку деңгээлинде аткарууга милдеттенет. Консультант бул Келишим боюнча ишке тартылган сатып алуучу уюм канааттандыраарлык эмес деп баалаган кызматкерлердин баарын оперативдүү түрдө алмаштырат.
6. Купуялуулук
13. Бул Келишим колдонулган учурда жана ал аяктагандан кийин эки жылдын ичинде консультант сатып алуучу уюмдун алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдашуусу болбостон менчик болуп саналган жана жашырын маалыматтарды камтыган жана кызмат көрсөтүүлөргө, бул Келишимге же ишкердик ишке жана сатып алуучу уюмдун операцияларына тиешелүү кандайдыр бир маалыматты ачыкка чыгарбайт.
7. Материалга менчик укугу
14. Бардык изилдөөлөр, отчеттор жана башка материал, графиктер, программалык камсыздоо жана бул Келишимдин алкагында сатып алуучу уюм үчүн консультант тарабынан даярдалган башка документтер сатып алуучу уюмга таандык болот жана анын менчигинде калат.
8. Кызыкчылыктар коллизиясы
15. Консультант бул Келишимди колдонуу мөөнөтүндө жана колдонуу токтотулгандан кийин консультант жана консультанттын ведомстволук башкаруусунда турган башка уюм бул долбоор же ага тыгыз байланышкан долбоорлор боюнча товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү берүү укугу болбогондугуна макулдук берет.
9. Камсыздандыруу
16. Консультант зарыл болгон камсыздандырууну камсыздоого жооп берет.
10. Милдеттенмелерди кайра өткөрүп берүү
17. Консультанттын ушул Келишим боюнча милдеттенмелерди кайра өткөрүп берүүгө укугу жок.
11. Келишимди жөнгө салуу укугу жана тил
18. Келишим Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат, ал эми Келишимдин тили расмий тил болуп саналат.
12.Талаш-тартыштарды жөнгө салуу
19. Ушул Келишимден келип чыгуучу жана ага байланышкан бардык кайчы пикирлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жалпы юрисдикция сотунда чечилет.
Сатып алуучу уюм: |
| Консультант: |
Аты-жөнү ___________________________ |
| Аты-жөнү ___________________________ |
Кызматы: ____________________________ |
| Кызматы: ____________________________ |
(1) Бул тапшырманы жүргүзүү үчүн иштин түрү.
(2) Баштапкы отчет, аралыктагы отчет, финалдык отчеттун долбоору, финалдык отчет.
(3) Тапшырманын ар бир түрүнө чыгымдар беренелери түзүлөт, чыгымдар таблицасында келтирилгендер болжолдуу болуп саналат.