Загрузка документа…
2008-жылдын 24-апрели N 435
ДЕПУТАТТАРДЫН БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2007-жылдын
27-мартындагы N 309 "Муниципалдык менчикти менчиктештирүү
шарттары жана тартиби, муниципалдык менчикти ижарага андан
ары сатып алуу менен өткөрүп берүү, тике сатуу, аукциондо,
сынакта сатуу ыкмалары аркылуу менчиктештирүү, муниципал
дык мүлктү андан ары сатып алуу менен башкарууга өткөрүп
берүү тартиби жана шарттары тууралуу жоболорду жана менчик
тештирүү объектилеринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча Усул
дук сунуштарды бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген
Бишкек шаарындагы муниципалдык менчикти менчиктештирүү
шарттары жана тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү кирги
зүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүн
дө" мыйзамга ылайык, ошондой эле муниципалдык менчикти на
тыйжалуу башкарууну жогорулатуу максатында, Депутаттардын
Бишкек шаардык Кеңеши
токтом кылат:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2007 - жылдын 27
-мартындагы N 309 "Муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарт
тары жана тартиби, муниципалдык менчикти ижарага андан ары
сатып алуу менен өткөрүп берүү, тике сатуу, аукциондо, сынак
та сатуу ыкмалары аркылуу менчиктештирүү, муниципалдык мүлктү
андан ары сатып алуу менен башкарууга өткөрүп берүү тартиби
жана шарттары тууралуу жоболорду жана менчиктештирүү объекти
леринин мүлкүнүн наркын баалоо боюнча Усулдук сунуштарды беки
түү жөнүндө" токтому менен бекитилген Бишкек шаарындагы муни
ципалдык менчикти менчиктештирүү шарттары жана тартиби жөнүн
дө Жобого төмөндөгүдөн өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Бишкек шаарындагы муниципалдык менчикти менчиктештирүү шарт
тары жана тартиби жөнүндө Жобонун 25-пункту алынып салынсын;
- 26-пункт 25-пункт болуп эсептелсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Депутаттардын Бишкек
шаардык Кеңешинин инвестициялар, муниципалдык менчик, ишкерлик
иш-аракет жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу
комиссиясына (А.Ю.Дебуля) жана Бишкек шаарынын вице-мэриА.В.
Филатовго жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаарды
Кеңешинин төрагасы А.Ш.Осмоналиев