Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдын 14-январындагы № 143 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 24-апрели № 434
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 22-майындагы № 127 токтому менен бекитилген "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген мүлктүк укуктарды берүү тартиби жөнүндө" Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Бишкек шаарынын жергиликтүү коомчулугунун кызыкчылыгына муниципалдык менчикти пайдалануунун максималдуу натыйжалуулугун камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жана алардын түзүмдүк подразделениелеринин Бишкек шаарынын муниципалдык менчигин башкаруу жана карамагына алуу чөйрөсүндөгү компетенциясын бөлүштүрүү максатында, Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерге чектелген мүлктүк укукутарды берүү тартиби жөнүндө" Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- бардык текст боюнча "комитет" деген сөз " башкармалык" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 8-пунктагы жана № 1 тиркемедеги "Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча комитет" деген сөз "Муниципалдык менчик башкармалыгы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 11-пункт төмөндөгүдөй маанидеги бөлүк менен толукталсын: "Муниципалдык имарат же курулма жайгашкан жер участогусуз өзүнчө мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга, чарбалык жүргүзүүгө же оперативдүү башкарууга берилиши мүмкүн. Ошону менен бирге Бишкек шаарынын Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарын каттоо боюнча мамлекеттик башкармалыгында жер участок кыймылсыз мүлктө объект катары кыймылсыз мүлккө бекитилген муниципалдык менчик укугу тиешелүү тартипте түзүлүүсү жана катталуусу керек. Жер участогунун аймактык чектери мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга, чарбалык жүргүзүүгө же оперативдүү башкарууга укугу бар жакка (жергиликтүү өзалдынча башкаруу) жер участогунун ээлерине берилүүчү документтердин негизинде аныкталат. Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурда имаратка же курулмага бекитилген жер участогуна мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу, чарбалык жүргүзүү же оперативдүү башкаруу тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан жол-жоболоштурулат";
- 12-пунктагы, 30-пунктагы "жайларды" деген сөз "жана аларга бекитилген жер участогу" деген сөздөр менен толукталсын;
- 13-пунктагы, 18-пунктагы, 64-пунктагы "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши" деген сөздөр "Бишкек шаарынын мэриясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 19-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы жаңы бөлүк менен толукталсын: "муниципалдык менчиктин карамаганда турган кыймылсыз мүлктү мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу, чарбалык жүргүзүү же оперативдүү башкаруу укугун алган уюмдар, мекемелер жана ишканалар ээсинин жазуу түрүндөгү макулдугусуз ээликтен ажыратууга же башка ыкма менен аларга бекитилген мүлктү карамагына алууга укугу жок. Мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга, чарбалык жүргүзүүгө же оперативдүү башкарууга берилген мүлк муниципалдык менчиктин карамагында турган кыймылсыз мүлккө бул укукту алган уюм, мекеме жана ишканалар банкрот болгон учурда ээликтен ажыратылбайт жана бул мүлк менчик укугун сактаган ээсине кайтарылып берилет"
- 26-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы жаңы бөлүк менен толукталсын: "Муниципалдык имарат же курулма жайгашкан жер участогусуз өзүнчө жеңилдетилген ижара акы менен ижарага берилүүсү мүмкүн эмес. Ошону менен бирге Бишкек шаарынын Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарын каттоо боюнча мамлекеттик башкармалыгында жер участок кыймылсыз мүлктө объект катары кыймылсыз мүлккө бекитилген муниципалдык менчик укугу тиешелүү тартипте түзүлүүсү жана катталуусу керек. Жер участогунун аймактык чектери мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга, чарбалык жүргүзүүгө же оперативдүү башкарууга укугу бар жакка (жергиликтүү өзалдынча башкаруу) жер участогунун ээлерине берилүүчү документтердин негизинде аныкталат. Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурда имаратка же курулмага бекитилген жер участогуна жеңилдетилген ижара акы менен ижаралоо тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан жол-жоболоштурулат";
- 30-пункт төмөндөгүдөй мазмундагы жаңы бөлүк менен толукталсын:
"Муниципалдык имарат же курулма жайгашкан жер участогусуз өзүнчө жеңилдетилген ижара акы менен ижарага берилүүсү мүмкүн эмес. Ошону менен бирге Бишкек шаарынын Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарын каттоо боюнча мамлекеттик башкармалыгында жер участок кыймылсыз мүлктө объект катары кыймылсыз мүлккө бекитилген муниципалдык менчик укугу тиешелүү тартипте түзүлүүсү жана катталуусу керек. Жер участогунун аймактык чектери мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга, чарбалык жүргүзүүгө же оперативдүү башкарууга укугу бар жакка (жергиликтүү өзалдынча башкаруу) жер участогунун ээлерине берилүүчү документтердин негизинде аныкталат. Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган учурда имаратка же курулмага бекитилген жер участогуна жеңилдетилген ижара акы менен ижаралоо тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан жол-жоболоштурулат";
- 36-пунктагы "жылына эки жолу" деген сөздөр "үч жылда бир жолу" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 39-пунктагы "Комиссия" деген сөз "Бишкек шаарынын мэриясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 40-пунктагы "Комиссия тарабынан киргизилет" деген сөздөрдөн кийин "Бишкек шаарынын мэрине" деген сөздөр менен толукталсын;
- 54-пунктагы "үч жыл" деген сөздөр "беш жыл" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 81-пунктагы "Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши" деген сөздөр "Бишкек шаарынын мэриясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 84-пунктагы жана 86-пунктун а) кичипунктундагы "бир жолу" деген сөз "үч жолу" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 86-пунктун в) кичипунктундагы "Ижара акыны төлөө мөөнөтүнүн бекитилген келишиминин аяктагандыгы боюнча башкармалыктын жазуу түрүндөгү рыноктук ижара акы менен ижара келишимин бузуу жөнүндө эскертүүсү боюнча эки жолудан ашык катар төлөнбөгөн учурда, ижарачы бул эскертүүнү алган учурдан тартып он күндүк мөөнөттө ээлеген кыймылсыз мүлктү бошотуусу жана аны башкармалыктын кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча өткөрүп берүүсү керек. Рыноктук ижара акы менен ижара келишимин кол коюуда ижарачы келишимдин шарттарын алат. Ижарачы баш тарткан учурда ижара келишими сотко жеткизилбеген тартипте бузулат. Эки айдан ашык ижара акы боюнча карызы пайда болгондугуна байланыштуу, башкармалык рыноктук ижара акы менен ижара келишимин бузуу жөнүндө доо арызы менен сотко кайрылуу укугуна ээ. Башкармалык сотко кайрылганда ижарачы карыздын такталган суммасын, бул суммага кошулуп эсептелген үстөк айыпты жана жазапулду, ошондой эле башкармалыктын сотко кайрылууда кетирген бардык чыгымдарын төлөөнү моюнга алат жана төлөөгө милдеттенет";
- 115-пунктун 3-абзацындагы ""Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши" деген сөздөр "Бишкек шаарынын мэриясы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 117-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Пайдалануучулар тарабынан субарендага берилүүчү объекттердин ижара акысынан Бишкек шаардык бюджетине чегерүүлөрдүн пайызы төмөндөгүлөрдү түзөт:
- социалдык инфраструктуранын объекттери үчүн - 50%;
- чарба жүргүзүүчү субъекттердин объекттери үчүн - 70%;
- 120-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Башкармалыктын фонду Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерди ижаралоодон жана сатуудан түшүүчү каражаттардан төмөнкү өлчөмдө түзүлөт:
- Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз объекттерди ижаралоонун бардык түрлөрү боюнча түшкөн ижара акы суммасынан 2%;
- Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган кыймылсыз
объекттерди юридикалык жана жеке жактарга менчикке сатуу
суммасынан 2%;
- Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторду юридикалык жана жеке жактарга менчикке сатуу суммасынан 2%;
- 121-пунктун 1-кичипунктундагы "алар боюнча документтер" деген
сөздөрдөн кийин төмөнкү маанидеги сөздөр менен толукталсын:
"ошондой эле муниципалдык менчиктин укуктарын коргоо боюнча сот
чыгымдары";
- 121-пункт төмөнкү маанидеги кичипункт менен толукталсын: "5. "ММ" тизмесине жана ага толуктоолорго ылайык Бишкек шаарынын кыймылсыз мүлккө муниципалдык менчиктин укугун мамлекеттик каттоо".
- 133-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын: "Башкармалык Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан № 3 тизмеги жана Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши тарабынан № 4 тизмеги бекитилген учурдан тартып эки жуманын ичинде жазуу жүзүндө № 3 же № 4 тизмекте көрсөтүлгөн кыймылсыз объекти пайдаланган жана ижарага алган жеке жана юридикалык жактарды бул жөнүндө кабарлоого милдеттүү".
Жобо төмөндөгү мазмундагы жаңы VII глава менен толукталсын:
"Бишкек шаарынын кыймылсыз мүлккө муниципалдык
менчик укугун мамлекеттик каттоо"
134. Кыргыз Республикасынын 2002-жылдын 15-мартындагы № 37 Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" мыйзамына ылайык, муниципалдык менчикке укук, ошондой эле бул укуктар боюнча чектөөлөр, алардын пайда болуусу, өткөрүп берилүүсү же токтотулуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан бекитилген тартипте тийиштүү аймактын мамлекеттик каттоо органдарында катталат.
Муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодо ээси катары тийиштүү жергиликтүү өзалдынча башкаруу органы көрсөтүлөт.
Жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган жеке же юридикалык жакка муниципалдык менчикте турган кыймылсыз мүлктү пайдалануу укугун берген учурда, каттоо карточканын тийиштүү бөлүктөрүндө пайдалануу укугун колдонуучунун аты көрсөтүлөт, ал эми жергиликтүү өзалдынча башкаруу орган ээси катары катталат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору, соттун чечимдери, келишимдер жана ар кандай бүтүмдөр, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамы тарабынан каралган мүлккө муниципалдык менчик укуктарын коюучу башка актылар муниципалдык менчиктин объекттерине укукту аныктоочу документтери болуп эсептелет.
Муниципалдык мүлккө менчиктин катталган укугу сот тартибинде гана бузулушу мүмкүн.
135. Мүлккө муниципалдык менчик укугун каттоо Бишкек шаарынын жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары үчүн артыкча милдети болуп саналат жана жергиликтүү бюджеттин бөлүнгөн каражаттарынын жана башка түшүүлөрдүн алкагында этап-этабы боюнча жүргүзүлөт.
136. Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган же өтүп жаткан кыймылсыз мүлктүн тизмеси (мындан ары "ММ"- тизмеси) Бишкек шаарынын мэриясынын башка кызыккан түзүмдүк подразделениелеринин катышуусу менен Муниципалдык менчик башкармалыгы (мындан ары - башкармалык) тарабынан түзүлөт жана Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин сессиясына бекитүүгө киргизилет.
137. Жаңы сатылып алынган мүлк "ММ"- тизмесине кошумча пункт менен киргизилет жана Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин сессиясына бекитүүгө берилет.
138. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши "ММ"- тизмесин бекитип, башкармалыкка бекитилген муниципалдык мүлктү Бишкек шаарынын мамлекеттик каттоо органында бул максаттарга жергиликтүү бюджеттин бөлүнгөн каражаттардын алкагында же башкармалыктын фонду статьясы боюнча башкармалыктын акча каражаттарынын эсебинен Мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү тапшырат.
Бишкек шаарынын муниципалдык менчик объекттеринин реестри "ММ"тизмеден жана "ММ"- тизменин кабыл алынган толуктоолорунан турат.
Башкармалык Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешине жылына бир жолудан көп эмес Бишкек шаарынын мамлекеттик каттоо органында мамлекеттик каттоодон өткөн кыймылсыз мүлктүн тизмеги жөнүндө отчет берет."
2. Бул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин инвестициялар, муниципалдык менчик, ишкерлик ишаракет жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына (А.Ю.Дебуля) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.В.Филатовго жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы |
А.Ш. Осмоналиев |