Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2011-жылдын 30-июну № 241
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө" Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын Топонимика жана эстелигин түбөлүккө калтыруу боюнча жумушчу комиссиясынын 2011-жылдын 13-апрелиндеги № 2 Шабдан баатыр көчөсүнөн тартып М.Ауэзов көчөсүнө чейинки Горький көчөсүнүн бөлүгү Түркия Республикасынын борбору - Анкара шаарынын урматына кайрадан атоо жөнүндө протоколду эске алып, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шабдан баатыр көчөсүнөн тартып М.Ауэзов көчөсүнө чейинки Горький көчөсүнүн бөлүгү тиркелген чиймеге ылайык Анкара көчөсү деп кайрадан аталсын (чийме тиркелет).
2. Бул көчөнү кайра атоо менен байланышкан чыгымдар Түркия Республикасынын эсебинен жүргүзүлсүн.
3. Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (М.Т.Тезекбаев), Архитектура жана шааркурулушу боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (А.А.Абдыкаров) эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин шаар курулушу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (В.А.Дашков) жана Бишкек шаарынын вице-мэри А.И.Усубакуновага жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы | М.А.Аманкулов |