Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы № 225 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 27-ноябры № 23
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 433 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту, такси - жеңил автомобиль жана жүк ташуучу автомобилдик транспорт менен жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнүн жана жүк ташуунун тарифтеринин жеңилдиктерин монетизациялоону киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Бишкек шаарынын жүргүнчүлөр муниципалдык ишканаларынын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу, борбордун тургундарын стабилдүү ташуу жана кээ бир категориядагы жарандарды бекер ташуу (акча төлөөнү эске алуу менен) үчүн, Бишкек шаардык кеңеши токтом кылат:
1. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 433 "Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту, такси жеңил автомобиль жана жүк ташуучу автомобилдик транспорт менен жүргүнчүлөрдүн жүрүүсүнүн жана жүк ташуунун тарифтеринин жеңилдиктерин монетизациялоону киргизүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- бул токтомдун 1-, 3-пункттары жана № 1, 3 тиркемелери күчүн жоготту деп табылсын;
- токтомдун 2-пункту тийиштүү 1-пункт болуп эсептелсин жана төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"1. 2009-жылдын 1-январынан тартып 31-декабрына чейин Бишкек шаарынын коомдук жүргүнчүлөр транспортунда (троллейбус, автобус, кичи автобустарда) жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.".
Бул пункт 2009-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет;
- токтомдун 4-пункту тийиштүү 2-пункт болуп эсептелсин жана төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Бишкек шаарынын мэриясы (Тюлеев Н.Т.) шаардык бюджетте Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгына жана Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасына жеңилдетилген категориядагы жарандарды ташуу үчүн түшүүчү кирешелердин ордун толтурууга байланышкан чыгымдарды карап чыксын.";
- бул токтом төмөнкү редакциядагы жаңы 3-пункт менен толукталсын:
"3. Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы (Малабаев А.Дж.):
- Менчиктин түрүнө карабастан Бишкек шаарынын жүргүнчүлөр муниципалдык ишканаларынын жана автотранспорт ишканаларынын жетекчилери тарабынан бул токтомдун аткарылышын камсыз кылсын;
- жүргүнчүлөр муниципалдык ишканаларындагы жүрүү билеттердин бардыгын текшерүү жүргүзсүн жана кайра баалоону жүргүзсүн;
- Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен бирдикте окуучунун инсандыгын аныктоочу документтердин жасалмалардан корголуусун иштеп чыксын жана ишке ашырсын.";
- 5-, 6-пункттар тийиштүү 4-, 5-пункттар болуп эсептелсин;
- токтомдун 7-пункту тийиштүү 6-пункт болуп эсептелсин жана төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэри Н.Т.Тюлеевге жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасы А.Э.Суракматовго жүктөлсүн.";
- бул токтомдун № 2 тиркемеси тийиштүү № 1 тиркеме болуп эсептелсин жана ал тиркемеге ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом Бишкек шаарынын адилет башкармалыгында каттоодон өткөрүлсүн жана массалык-маалымат каражаттарында жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэри Н.Т.Тюлеевге жүктөлсүн.
Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин төрагасы |
А.Суракматов |