Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2011-жылдын 17-майындагы № 225 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2008-жылдын 24-апрели № 433
Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууга тарифтер жөнүндө
(Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 23, 2009-жылдын 29-декабрындагы № 138, 2011-жылдын 11-мартындагы № 218 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2008-2010-жылдарга транспортту өнүктүрүү концепциясынын негизинде, жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз жана ырааттуу ташууну камсыздоо үчүн, жүргүнчүлөр транспорттун муниципалдык ишканаларынын экономикалык абалын жакшыртуу, Бишкек шаары боюнча такси - жеңил автомобиль жана жүк ташуучу автомобилдик транспорт тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын бааларын жөнгө салуу максатында, Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңеши токтом кылат:
1. 2011-жылдын 1-январынан 2011-жылдын 1-майына чейин Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдүн жүрүү жана коомдук транспортто (троллейбустарда, автобустарда, кичиавтобустарда) жүк ташуу тарифтери тиркемеге ылайык белгиленсин.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 138 токтомунун редакциясына ылайык )
Бишкек шаарынын мэриясы (Тюлеев Н.Т.) шаардык бюджетте Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгына жана Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасына жеңилдетилген категориядагы жарандарды ташуу үчүн түшүүчү кирешелердин ордун толтурууга байланышкан чыгымдарды карап чыксын.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы (Малабаев А.Дж.):
- Менчиктин түрүнө карабастан Бишкек шаарынын жүргүнчүлөр муниципалдык ишканаларынын жана автотранспорт ишканаларынын жетекчилери тарабынан бул токтомдун аткарылышын камсыз кылсын;
- жүргүнчүлөр муниципалдык ишканаларындагы жүрүү билеттердин бардыгын текшерүү жүргүзсүн жана кайра баалоону жүргүзсүн;
- Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгы менен бирдикте окуучунун инсандыгын аныктоочу документтердин жасалмалардан корголуусун иштеп чыксын жана ишке ашырсын.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Депутаттардын Бишкек шаардык Кеңешинин 2008-жылдын 15-январындагы № 392 "Муниципалдык каттамдарда жалпы пайдалануудагы шаардык жүргүнчүлөр транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууга тарифтер жөнүндө" токтому, Бишкек шаарынын мэриясынын 2001-жылдын 30-апрелиндеги № 323 "Кичиавтобус каттамдарында Бишкек шаарынын пенсионерлерине жеңилдетилген жүрүүнү берүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту табылсын.
5. Бул токтом массалык-маалымат каражаттарына жарыялансын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэри Н.Т.Тюлеевге жана Бишкек шаардык кеңештин төрагасы А.Э.Суракматовго жүктөлсүн.
(Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 27-ноябрындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
Депутаттардын Бишкек шаардык кеңештин төрагасы |
А. Осмоналиев |
| Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 24-апрелиндеги № 433 токтомуна тиркеме |
(Бишкек шаардык кеңешинин 2009-жылдын 29-декабрындагы № 138 Токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бир жүргүнчүнүн жол кире баасы:
- троллейбуста 5,00 сом;
- автобуста 6,00 сом;
- саат 6.00дөн 21.00гө чейин кичиавтобуста 8,00 сом;
- саат 21.00дөн 24.00гө чейин кичиавтобуста 10,00 сом;
- экспресстик кичиавтобустук каттамда:
№ 177 Ош базары-Дордой базары 10,00 сом;
№ 191 темир жол бекети - "Дордой" базары 10,00 сом;
№ 230 Дордой-Плаза соода борбору - Дордой базары 10,00 сом;
№ 233 Аламүдүн базары-Дордой базары 10,00 сом;
№ 234 Мадина соода борбору-Дордой базары 10,00 сом;
№ 226 6 кчр. - Дордой базары 15,00 сом;
№ 252 Асанбай кчр.-Дордой базары 15,00 сом;
№ 123 Аламүдүн 1-Дордой базары 15,00 сом;
№ 128 Асанбай кчр.-Кербен базары 15,00 сом;
№ 192 Киркомстром - Ак-Суу базары 15,00 сом;
№ 193 12 кичирайону - Ак-Суу базары 15,00 сом;
№ 203 Арча-Бешик - Дордой базары 15,00 сом.
2. Автобус, троллейбустарда жүк ташуу акысы:
- жүктүн салмагы 40 кг, көлөмү 50x60x100 см ашса 5,00 сом.
3. Бир айлык жүрүү билетинин баасы:
- троллейбуста 225,00 сом;
- автобуста 225,00 сом;
- автобус, троллейбус (бирдиктүү) 325,00 сом;
- мектептик (бирдиктүү) 150,00 сом.
Жүрүү билеттеринин бланктарын жасоо чыгымдары алардын нак өздүк наркы менен киргизилсин.
4. Муниципалдык коомдук транспортто акысыз жүрүү төмөнкү категориядагы жарандарга берилсин:
- Бишкек шаарынын жашы боюнча пенсионерлерине;
- жалпы оорулардын жана эмгектен жабыр тарткандардын 1-, 2-, 3-топтогу майыптарына;
- бала кезинен майыптарга;
- 7 жашка чейинки балдарга.
Муниципалдык коомдук жүргүнчүлөр транспортто акысыз жүрүүгө аты жазылган карточкасы болгондо, акысыз жүрүү укугу бар жарандардын категорияларына киргендигин тастыктоочу белгиленген үлгүдөгү документтери негиз боло алат.
Бишкек шаардык кеңештин аппарат жетекчиси |
Ю. Шкуропатов |